Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Журналисттер шайлоо мыйзамдары боюнча өз билимин сынашты
ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер жамааты шайлоо тутумуна жана шайлоо процессине арналган «Quiz Night» деп аталган интеллектуалдык оюнга катышты.
Оюн "Electoral Rights Fest" жумалыгы алкагында Шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) тарабынан АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮСАИД) көмөктөшүүсү алдында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун жана шайлоо мыйзамдарын, шайлоолордун тарыхын жана саясий коррупцияга каршы аракеттенүүдө дүйнөлүк тренддерди түшүнүүнү кеңейтүүгө багытталды.
Журналисттерден, блогерлер жана жарандык активисттерден түзүлгөн 10 команда шайлоо, шайлоо укугун ишке ашыруу, шайлоодогу гендерлик өкүлчүлүк маселелери боюнча билимин текшерип, мелдешти. Маселелердин өзүнчө топтому жаштардын шайлоодогу жана чечим кабыл алуу процессиндеги ролуна, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын өкүлчүлүгүнө, квоталарга тийиштүү болду.
Катышуучулар бул иш-чара алдыда өтүүчү парламенттик шайлоого байланыштуу жаңы шайлоо циклынын алдында актуалдуу экендигин белгилешти.
Көз карандысыз журналисттер бирлигинин төрага орун басары Семетей Аманбеков шайлоо процессин түшүнүүнү арттырууда бул сыяктуу иш-чаралардын ролун белгиледи:
“Жакында эле парламент «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Конституциялык мыйзамды кабыл алды. Ушул сыяктуу интеллектуалдык оюндар аркылуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу жаңы билим бекемделет. Ошондой эле ар бир катышуучу коңшу өлкөлөрдүн жана бүт дүйнөнүн шайлоо мыйзамдары тармагында өз билимин кеңейте алды. Мен кызыктуу көп билим алдым, бул биздин шайлоо тутумубузду өркүндөтүүгө өз салымымды кошуума мындан ары жардам берет”.
Оюндун алкагында жарандык коомду чыңдоодо, шайлоо процесси аркылуу келечектеги лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө IFES менен USAIDдин ролу белгиленди.
“Биз ушундай интеллектуалдык оюндарга катышып келаткан эски топтордун бирибиз. Ар бир жолкуда тема – ар түрдүү, маселелер азыркы учурда элге эң кызыктуу. Күзүндө шайлоо өтөт. Шайлоо деген эмне, жаштар, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар шайлоого кандай катышат – ушунун баары абдан кызыктуу. Биз башка өлкөлөрдүн билим, тажрыйбасын алгандыгыбыз менен дагы өзгөчө кызыктуу, анткени бул оюн Кыргызстандын чегинен небак эле чыгып кеткен. Биз өлкөбүздөгү эле гана эмес, бүт дүйнөдөгү шайлоолордун тажрыйбасын окуп-үйрөнөбүз”, - деп айтты Медиа коммуникациялардын республикалык окуу борборунун директору Аделя Лаишева.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттардын чыгып калгандыгына тиешелүү суроосу медиа жамаатынын өкүлдөрүнүн жандуу дискуссиясын пайда кылды.
“Оюн кызыктуу болду, маселелер учурда Кыргызстанга киргизилип жаткан аралаш шайлоо тутуму жөнүндө түшүнүк берди, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн квота жөнүндө билдик. Швейцариядагы, Ливандагы, башка өлкөлөрдөгү шайлоо процесси, аларда жаштардын шайлоо укуктары кандай ишке ашырылары жөнүндө билдик.”, - деп жыйынтыктады сөзүн “Politmer.kg” маалымат сайтынын редактору Наргиза Нанакеева.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акак Айболотова Токмок АШК төрагалыгына шайланды
2021-жылы 12-августта Токмок аймактык шайлоо комиссиясы биринчи жыйналышын өткөрдү.
Токмок АШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында (6 добуш) Айболотова Акак Айболотовна – төрага, Ишеналиева Минара Курманбековна – катчы болуп шайланды. Биринчи жыйналышка Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 8 мүчөсү катышты.
Мурда, 2021-жылы 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок АШКнын жаңы курамын түзгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык тийиштүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышы, эгерде анда тийиштүү шайлоо комиссиясынын белгиленген курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, укук ченемдүү болуп саналат. Биринчи жыйналышты тийиштүү шайлоо комиссиясынын курагы улуу мүчөсү ачат жана алып барат, шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо өткөрүлөт.
Добуш берүүгө катышкан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер аймактык шайлоо комиссиясынын шайланган төагасы деп эсептелет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө Кайрылуусу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын – Бишкек, Ош аймактары, Баткен облусунун Баткен шаардык, Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Лейлек Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Чаткал, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Тогуз-Торо, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Түп, Ысык-Көл, Тоң, Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын шаардык, Нарын, Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Араван
Талас облусунун Бакай-Ата, Манас, Кара-Буура, Талас шаардык, Талас, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Москва, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.
Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
-паспортунун көчүрмөсү;
-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);
-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.
Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 20-августунун саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 20-августунун саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат.
«Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.
Маалымат алуу телефону: (0312) 66-01-16, (0312) 66-01-18
Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлдү
2021-жылы 10-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамын бекитти.
Токмок АШКнын курамына саясий партиялардан төмөнкү талапкерлер киргизилди:
№
Фамилиясы, аты-жөнү
Сунуштаган субъект
1
Кудайбергенов Кыдыр Жаныбекович
“Патриот Ынтымагы” саясий партиясы
2
Айболотова Акак Айболотовна
“Бирге” саясий партиясы
3
Ишеналиева Минара Курманбековна
“Республика” саясий партиясы
4
Шамшидинов Эмир Рафаэльевич
“АК” саясий партиясы
5
Таштанбеков Нурмат Батырканович
“Эмгек” саясий партиясы
6
Карамурзаева Мээрим Татыбековна
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
Ошондой эле резервден Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан төмөнкү талапкерлер киргизилди:
№
Фамилиясы, аты-жөнү
Сунуштаган субъект
Карабаева Гавхар Кадыржановна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Аманданова Гулиза Авышкановна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Калчороев Арсен Доноевич
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Зибирова Мехригуль Олижановна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Качкынова Ишекан Кыдыралиевна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Касымов Фарухжон Махмутжанович
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизилген саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү:
№
Фамилиясы, аты-жөнү
Сунуштаган субъект
Кудайбергенов Кыдыр Жаныбекович
“Патриот Ынтымагы” саясий партиясы
Айболотова Акак Айболотовна
“Бирге” саясий партиясы
Ишеналиева Минара Курманбековна
“Республика” саясий партиясы
Шамшидинов Эмир Рафаэльевич
“АК” саясий партиясы
5
Таштанбеков Нурмат Батырканович
“Эмгек” саясий партиясы
6
Карамурзаева Мээрим Татыбековна
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы
7
Карабаева Гавхар Кадыржановна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
8
Аманданова Гулиза Авышкановна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
9
Калчороев Арсен Доноевич
представительным органом местного самоуправления
10
Зибирова Мехригуль Олижановна
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
11
Качкынова Ишекан Кыдыралиевна
представительным органом местного самоуправления
12
Касымов Фарухжон Махмутжанович
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы
Токтом «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындады.
Чүй облусунун жаңы шайланган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы 2021-жылы 9-августта болуп өттү.
Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Токмок аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилди
2021-жылы 10-августта КР БШК 2021-жылы 4-августта болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду карап, бекитти.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн 2 талапкер – Бакасов Максат Бекбосунович, Шакиров Рыскул Болотович катталган.
Добуш берүүгө Сары-Булак айылдык кеңешинин баардык 21 депутаты катышкан. Бакасов М. – 13 добуш, Шакиров Р. – 8 добуш алды, “баардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн 0 добуш берилген. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Бакасов Максат Бекбосунович Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
2021-жылы 10-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Токтогул, Чаткал, Базар-Коргон, Панфилов, Сокулук, Чүй, Жайыл, Каракол, Баткен жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Бактияров Элмурод Эркинбековичтин (№5, “КСДП” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Тууганбаев Байызбек Болотбековичке (№10, “КСДП” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды айылдык кеңешинин депутаты Кушубеков Нурслан Молдоясовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Тойчубеков Руслан Сманбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айылдык кеңешинин депутаты Оморов Чынгыз Ашырбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат чарба башчысы Батырканов Каим Сатыбалдиевичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Атакулов Талантбек Токторбаевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат жеке ишкер Абжапаров Асылбек Рахмановичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдык кеңешинин депутаты Жумаев Канатбек Атывалдиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Исаев Нурислам Садыкбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Узакбаев Нурлан Мансуровичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат «Альфа-Телеком» ЖАКтын кароолчусу Мамбеталиев Равиль Соорбековичке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Күрпүлдөк айылдык кеңешинин депутаты Шаршенов Бекжан Сталбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Орозалиев Бакыт Турарбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Тойгонбаев Камаль Мухамедовичтин (№1, “Социал-Демократтар” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Блавест Рифей ЖЧКнын сатуу боюнча менеджери Петручик Василий Васильевичке (№4, “Социал-Демократтар” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Кош жарандыгы болгодугуна байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаты Акматов Уларбектин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Талас уулу Замирбекке өткөрүп берилди.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына шайлангандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Шамшы айылдык кеңешинин депутаты Алышпаев Замир Тентишевичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат “Мегалайндын” адиси Суюмбаев Айбек Алмазбековичке өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Оскенов Акылбек Бозумовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Исакова Гүльмира Джолдошбековнага өткөрүп берилди.
Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдылдаева Какин Шакеновнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык кеңешинин депутаты Кунтубаев Рахат Эсенбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кара-Балта мэриясынын адиси Усубалиев Азат Эриковичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаты Азаматов Калыс Болотовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саадаков Алтынбек Абдыкапаровичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Өзүбеков Максат Кеңешбековичтин (№1, “Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Жанышев Жеңиш Жанышевичке (№8, “Эмгек” саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айылдык кеңешинин депутаты Дубанаев Бакытбек Зайнидиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Турганбаев Нурлан Токтосуновичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин депутаты Сатиева Аймира Акматжановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Умаралиев Абдималик Өмүрзаковичке өткөрүп берилди.
Мындан тышкары, БШК талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Каракол жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин карап, бекитти. Каза болгондугуна байланыштуу талапкер Иманакунов Ургазы Жолдошевич Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды. Талапкер Раджабов Кубанычбек Бекбутаевич өз арызынын негизинде Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 10-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 10-август 2021-ж.
Убактысы: 17:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2021-жылдын 4-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Токтогул, Чаткал, Базар-Коргон, Панфилов, Сокулук, Чүй, Жайыл, Каракол, Баткен жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
4. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү
2021-жылы 11-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 231 Жарлыгы менен дайындалган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 637 токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылып, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилген.
Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-августундагы № 157 чечими менен Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттары катталып, аларга күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилер берилген.
2021-жылдын 9-августунда Токмок шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү. Биринчи сессияга Токмок шаардык кеңешинин баардык 31 депутаты катышты. Сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат Ложаров С. Д. ачты.
Токмок шаардык кеңешинин төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлдү (Иманалиев М. С. жана Сансызбаев Т. М.). Депутаттардын жалпы санынан көпчүлүк (18) добуш алып, Сансызбаев Т. М. Токмок шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Маалымат үчүн:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет. Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык шаардын мэрин шайлоо жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаардын мэрин шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШКнын Бишкек шаардык кеңешинин фракцияларына, фракциялар коалицияларына, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасына КАЙРЫЛУУСУ
“Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-августундагы №643 токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Мыйзамдарга ылайык шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы укуктуу.
Каттоо үчүн Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 2021-жылдын 18-августунан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызын;
3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтарын;
4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү);
5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты;
7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген).
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтына жайгаштырылган “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жободон кеңири таанышса болот.
Маалымат алуу үчүн телефондор:
Бишкек АШК - (0312) 38 24 26,
Бишкек АШК катчысы - (0550) 65 54 45
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындады.
Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы 2021-жылы 30-июлда болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындады.
Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын биринчи сессиясы 2021-жылы 2-августта болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Ош аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 6-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 6-август 2021-ж.
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. Ар кандай маселелер
Төрага
Кененирээк билүү >>
БШК Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттады
2021-жылы 2-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүк, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди берүү чечимин кабыл алды.
Маалымат үчүн: Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы Жарлыгына ылайык 2021-жылдын 11-июлунда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп ѳттү.
Кайталап шайлоодо 7% босогодон ѳтүү менен, катталган 7 партиядан 5 саясий партия Токмок шардык кеңешине ѳткѳн, мандаттар тѳмѳндѳгүдөй бөлүштүрүлгөн:
- «Бирге-Вместе» - 28,28% (9 мандат);
- «Эмгек» - 24,83% (8 мандат);
- «Асыл Мурас-Жаштар» - 16,67% (5 мандат);
- «Патриот Ынтымагы» - 13,70% (5 мандат);
- «Эл Биримдиги» - 12,14% (4 мандат).
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-июлундагы токтому менен Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылган, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилген.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2021-жылдын 2-августунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы:02-август2021-ж.
Убактысы:18:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1.Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы –Кожокеева М. Д., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2.Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо тартиби жөнүндө
“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22, 23, 25-беренелери, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жобо менен жөнгө салынат.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо
Шаар мэри тиешелүү шаардык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.
Шаар мэри кызмат ордуна талапкерди (мындан ары – талапкер) көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри укуктуу.
Шаар мэрин шайлоо жаңы шайланган тиешелүү шаардык кеңештин биринчи сессиясы өткөн күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан дайындалат.
Шаар мэрин шайлоо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Эгерде шайлоого тиешелүү шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, шаар мэринин кызмат ордуна шайлоо өттү деп эсептелинет.
Тиешелүү шаардык кеңештеги депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу талаптар:
Жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта же билим берүү, саламаттык сактоо мамлекеттик мекемелеринде же жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана чарбакер субъекттердин жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик тилди билген, аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны Бишкек жана Ош шаарларынын мэри боло алат.
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары шаар мэри боло албайт:
- талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган;
- соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлгандыгына же жоюлбагандыгына карабастан, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон.
Бишкек жана Ош шаарларынын мэринин кызмат ордуна талапкер карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш, бул деңгээл Өкмөт бекиткен "Кыргызтест" мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "ортодон жогорку" деңгээл катары мүнөздөлөт. Тилди билүү деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат менен ырасталат.
Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мекеме тарабынан берилет.
Шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди каттоо тартиби
Талапкерди каттоо үчүн шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект шайлоо күнүнө чейин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен саат 18:00гө чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызын;
3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтарын;
4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди;
5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты;
7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук.
Тийиштүү шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3 календарлык күндүн ичинде ылайыктыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алат.
Талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди шаар мэринин кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүндө жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтердин берилбегендиги;
5) шаар мэринин кызмат ордуна талапкердин аймактык шайлоо комиссиясына мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты бербегендиги.
Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылышы мүмкүн.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
09.10.2026
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09.10.2026
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09.10.2026
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09.10.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
06.10.2026
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу