Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотту жана бошлогон депутаттык мандаттарды ѳткѳрүп берди

28-Июл, 2021

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-июлундагы жыйынында Сузак, Кара-Көл, Базар-Коргон, Өзгөн, Ноокат, Ат-Башы, Кемин жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Тугойбекова Нурсултана Тугойбековичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Абдымажит уулу Капарга – жеке ишкерге берилген.

Жалал-Абад облусунун Каракѳл шаарындагы Каракѳл шаардык кеңешинин депутаты Чокоев Мухамед Чокоевичтин (№4) («Ата-Журт Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын нрегизинде токтотулган. Мандат Токтомушев Эгемен Токтомушевичке (№7) (с/п «Ата-Журт Кыргызстан») - Токтогул ГЭСинин монтажчысына берилген.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаты Исаков Замирбек Тургуналиевичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Абдраимов Нурланбек Келдибековичке – жеке ишкерге берилген.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин депутаты Аманкулов Казыбек Жолдошбаевичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Шамшиев Рустамбек Асанбековичке – жеке ишкерге берилген.

Ош облусунун Өзгѳн районундагы Өзгѳн шаардык кеңешинин депутаты Атаджанов Рахман Садиковичтин (№4) («Аманат» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Маматкасимов Сарварбек Маматсадиковичке (№7) (с/п «Аманат») – Өзгѳн шаарындагы үй-бүлѳлүк врачка берилген.

Ош облусунун Ноокат районундагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Шарипова Инабат Абдиваповнанын ыйгарым укуктары берген арызынын нрегизинде токтотулган. Мандат Шамиев Раатка - «Улан-15» фермердик чабанын башчысына берилген.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты Жумалиев Адилет Жумалиевичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Исаев Турсунбек Жумабековичке - Ой-Терскен орто мектебинин мугалимине берилген.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылдык кеңешинин депутаты Стамакунов Талантбек Акматбековичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Туюкбаев Алмаз Мусаевичке –убактылуу иштебегенге берилген.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылдык кеңешинин депутаты Кермакунова Гулзаад Калыбековнанын ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Садылбекова Элвира Рысбековнага - заведующая детским садом «Сезим-Тал» балдар бакчасынын башчысына берилген.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Сулайманов Даниэл Бакировичтин ыйгарым укуктары депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Толубаев Эрмек Толубаевичке - РСК Банктын бухгалтерине берилген.

Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаардык кеңешинин депутаты Абдывалиев Кайрат Замирбековичтин (№2) («Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын нрегизинде токтотулган. Мандат Атамбеков Нурлан Асанкуловичке (№4) (с/п “Замандаш”) – фермерге берилген.

Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Иманбаев Турсунбек Нуркамиловичтин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Султаналиев Азизбек Таалайбековичке – жеке ишкерге берилген.

Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Асанов Бакытбектин ыйгарым укуктары айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Тургунбаев Талант Султашовичке – К. Чылыбаев атындагы орто мектептин мугалимине берилген.

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>