Башкы Жаңылыктар Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжалары аныкталды

27-Июл, 2021

2021-жылдын 11-июлунда Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо болуп ѳттү. Ош шаарында шайлоочулардын жалпы саны 152 718 шайлоочуну түзгѳн, добуш берүүгѳ 65 469 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 42,87% түзѳт. Ош шаардык кеңешинде мандаттардын саны 45ти түзѳт. Ош шаардык кеңешине шайлоону ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 78 шайлоо участкалары түзүлгүн.

Мурда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июлундагы чечими менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо № 5308 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респрубликасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Ош АШК 77 (78тин ичинен) участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ протколдорунун негизинде кайра шайлоону болуп ѳттү деп тааныды жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларын белгиледи.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ош АШКнын протоколдорунун маалыматтарына ылайык, тѳмѳндѳгү 4 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан кѳп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан:

- «Ата-Журт Кыргызстан» - 38,91% (19 мандат);

- «Биздин Кыргызстан» - 32,41% (15 мандат);

- «Улуттар Биримдиги элдик партиясы» - 15,51% (7 мандат),

- «Бир Бол» - 7,85% (4 мандат).

Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары – БШК), Ош аймактык шайлоо комиссиясына, укук коргоо органдарына бардыгы болуп шайлоо мыйзамдарын бузган учулар тууралуу 67 билдирүү, арыз жана даттануу келип түшкѳн. Алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар кабыл алынган.

Бирок шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча укук коргоо органадары берген бир катар материалдар боюнча Ош АШК тарабынан тийиштүү чаралар кабыл алынган эмес.

Укук коргоо органдарынын маалыматтарына ылайык, талапкерлер Н.А. Таджибаева («Биздин Кыргызстан» саясий партиясы), С.З. Патидинов («Бир бол» саясий партиясы), ошондой эле «Биздин Кыргызстан» саясий парнтиясынын бир катар адамдары боюнча материалдар сотко жѳнѳтүлгѳн.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жазаган «шайлоочуларды сатып алуу» боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык талапкерлер Н.А. Таджибаевага жана С.З. Патидиновго кылмыш жазагандыгына шектеүү жѳнүндѳ билдирме берилген.

Ошондой эле «Биздин Кыргызстан» партиясынын пайдасына сатып алууларды ишке ашырган бир катар адамдарга Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бѳлүгү боюнча эки иш сотко ѳткѳрүлгѳн.

Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергѳѳ кызматынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, БШК Борбордук комиссиясы «Бир бол» саясий партиясынан талапкер С.З. Патийдинов тарабынан бузуулар жана «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер жана ѳкүлдѳр тарабынан бир нече ирет бузуулар болгондугун белгилейт.

Ушуга байланыштуу БШК 2021-жылдын 15-июлундагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыктары жѳнүндѳ Ош АШКнын протоколун бекитти, мында «Бир бол» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер С.З. Патидиновду каттоону , «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу менен «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп тааныды.

 

КР БШК маалымат бѳлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>