Башкы Жаңылыктар Чолпон-Ата шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери парламенттик шайлоонун …

Чолпон-Ата шаарынын саясий партиялары жана талапкерлери парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты

02-Окт, 2021

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия БУУӨПтүн колдоосу менен 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн алкагында Чолпон-Ата шаарында депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн окутуу өткөрдү.

КР БШКнын мүчөсү Искендер Гайпкулов өткөргөн тренинг “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо” темасында болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө алдыдагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоо процессинин этаптары, бардык этаптарда шайлоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги тууралуу маалымат уюштурулду.

Катышуучулар аралаш шайлоо тутуму боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катоо жол-жобосун жана документтерди тапшыруу тартибин, бирдиктүү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча документтерди тапшыруу мөөнөтүн жана документтер пакетине болгон талаптарды изилдеп чыгышты. Талапкерлер жана саясий партиялар Жумушчу топ талапкерлердин тизмесине, талапкерлердин тизмелерине киргизилген талапкердин документтеринен талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоол болуп саналган ылайыктуулук эмес тапкан учурда, ал документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде саясий партияга ылайык келбөө маалыматтары жөнүндө кабарлоого милдеттүү.

Талапкер, саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу. Бир эле адамды бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесинде, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча же болбосо бир эле убакта талапкерлердин тизмеси жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык каттоого жол берилбейт.

Банктын кызматкерлерине шайлоо мыйзамына ылайык, саясий партиянын шайлоо фондуна мамлекеттик бюджеттин же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карызы бар укуктук жактардын, укуктук жак түзбөстөн ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке жактардын акча каражаттарын кошууларына жол берилбегендиги айтылды. Саясий партиянын шайлоо фондуна жогоруда көрсөтүлгөн жеке жана укуктук жактар которгон акча каражаттары келип түшкөн учурда, соттун чечими боюнча банк же башка мекеме, ал каражаттарды Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна(депозит эсеби) которууга милдеттүү, ал өз кезегинде бул каражаттарды мамлекеттик бюджетке же Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которот.

Шайлоо талаш-тартыштары боюнча компонентин изилдөө учурунда шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын жарандардын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) жогору турган шайлоо комиссиясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна чейин даттанылышы мүмкүн экендиги айтылды.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери тууралуу кийинкилер такталды: талапкер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үгүт үчүн берилген телеберүүнү жүргүзгөн уюмдардын каналдарында аларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн берилген эфирдик убакытты, басылма продукцияларды, аянттарды төмөнкү максаттарда колдонууга укугу жок: талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга; бул же тигил талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси шайланган учурда мүмкүн болуучу терс кесепеттерди сүрөттөөгө; кайсы-бир талапкер (кайсы-бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия жөнүндө маалыматтар терс баяндамалар менен ачык эле басымдуулук кылган маалыматты таратууга; талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочулардын терс мамилесин түзүүгө өбөлгө болгон маалыматты таратууга.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>