Башкы Жаңылыктар БШК Гүлчө айылында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн …

БШК Гүлчө айылында саясий партиялар жана талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү

02-Окт, 2021

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү алкагында Программасынын БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен депутаттыкка талапкерлерди,  саясий партиялардын өкүлдөрүн, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана банк кызматкерлерин окутуу өткөрдү.

Тренингдин темасы: “2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо: Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоосунун айкындуулугу. Үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштарын кароо”.

БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев алдыда өтүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр, ошондой эле шайлоо процессинин, добуш берүүнүн аныктыгына жана айкындуулугуна, шайлоонун атаандаштыгына багытталган Борбордук  шайлоо комиссиясынын чаралары жана ресурстары тууралуу чогулгандарга маалымат берди.

Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартиби, анын ичинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү мөөнөтү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда (2021-жылдын 13-октябрына чейин (кошуп алганда) аяктаары тууралуу айтылды. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим (2-форма) саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

Саясий партиянын съездинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүүдө  жашыруун добуш берүү жол-жоболорун камсыздоо жана сактоо саясий партияга жүктөлөр. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун катышууга укуктуу. Саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү: бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосу, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосу; 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосу, мында алардын ичинен кеминде 3 талапкер алгачкы 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек; кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусу, мында булардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

Катышуучулар талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартибин, шайлоо өнөктүгүн каржылоонун эрежелерин окуп-үйрөнүштү. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын чыгымдалыш тартибин бузуусу, шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүүсү, каржы отчетторун бербөөсү жана жарыялабоосу, талапкерлердин, саясий партиялардын  отчетторунда анык маалыматтарды берүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет. Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер, саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайыздан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланганда, же талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынан чыгымдарды шайлоо фондундагы каражаттардын бардык чыгымдарынын белгиленген суммасынын чегинен 0,5 пайыздан ашык чыгымдаганда талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо жокко чыгарылат. Бузуу фактысын аныктоо максатында БШК бийликтин мамлекеттик органдарына, фискалдык жана укук коргоо органдарына, ЖӨБ органдарына жардам сурап кайрылууга укуктуу.

Катышуучуларга шайлоо комиссияларына даттанууларды, арыздарды берүү мөөнөттөрү, аларды кароо мөөнөттөрү, арыз,  даттануу менен шайлоо комиссияларына ким кайрыла ала тургандыгы түшүндүрүлдү,  арызды кароонун натыйжасы боюнча конституциялык-укуктук (шайлоо) жоопкерчиликке же Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартууга мүмкүн экендиги белгиленди.

Саясий партиялардын, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөр боюнча кабардар болушту:  билип туруп анык эмес маалыматтарды, шайлоо мыйзамдарында каралган анык эмес документтерди, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгы болбогондугу жөнүндө  анык эмес документти берүү, ошондой эле көрсөтүү, каттоо жана шайлоо үчүн тоскоол болуп саналган маалыматтарды жашыруу 1-категориядагы айып пул (20 000 сомдон 30 000 сомго чейин) салууга алып келет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан жасалган ошол эле жосундар белгилүү бир кызмат орунун ээлөө же  белгилүү бир иш терди аткаруу укугунан ажыратылуу менен 1-категориядагы айып пул (20 000 сомдон 30 000 сомго чейин) салууга алып келет.

Тренингде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, дебаттарды өткөрүү,  шайлоочуларга маалымдоо эрежелери дагы каралды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>