Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
29.08.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-августунда өткөн жыйналышында Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Ош шаардык кеңешинин депутаты Аккулов Абдижапар Ураимовичтин (№1, «Улуттар биримдиги элдик партиясы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жээналиев Тынарбек Тайтокуровичке (№8, «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Аккулов Абдижапар Ураимовичтин (№10, «Эл үмүтү» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Жаркынбай уулу Исламбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турдумамбетов Замирбек Курманалиевичке өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Эркин Бактыбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Темиров Азимге өткөрүп берилди. Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Боронбаев Уранбек Дүйшөнбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шаршенбаев Бектурсун Торогелдиевичке өткөрүп берилди. Каза болгондугуна байланыштуу Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаты Такырбашова Венера Алымжановнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Токоева Эльмира Алымбековнага өткөрүп берилди. Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Марипова Максудахан Садировнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саткынова Гүлназ Мамануровнага өткөрүп берилди. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Буванова Маликехан Айдаралиевнанын (№3, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Галаматова Саадат Мухтаровнага (№9, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Дарипова Уулкан Мамазияевнанын (№2, «Ата-Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маманазарова Рашидахан Музураимовнага (№9, «Ата-Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаты Орозбаков Адилет Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Молдокабылова Үмүт Өмөшовнага өткөрүп берилди. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая-Поляна айылдык кеңешинин депутаты Абдраев Кубанычбек Турдубековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бараканов Айбек Нурдиновичке өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Тиленбаев Туралы Абдыкадыровичтин (№8, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдумаликов Абдулхак Абдусаламовичке (№20, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылдык кеңешинин депутаты Капар уулу Канаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Машаев Капарбек Байышовичке өткөрүп берилди. Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Ахметов Нурлан Фурхатовичти (№12, «Эл үмүтү» саясий партиясы) жана Балтабаев Азамжан Камиловичти (№13, «Эл үмүтү» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 29 - августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
26.08.2022

КР БШКнын 2022 - жылы 29 - августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бир катар жыйналыштарды өткөрөт
26.08.2022

Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бир катар жыйналыштарды өткөрөт

“Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча иштер жѳнүндѳ” КР БШКнын 2022-жылдын 30-июнундагы №224 чечими менен Шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ВАЖТ) түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышкан ВАЖТ жыйналышында ВАЖТтын иш багыттары, форматы жана иш графиги аныкталды. Макулдашылган багыттар боюнча ВАЖТта төмөнкүдөй 7 топчо түзүү чечилди: 1) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү маселелери боюнча; 2) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү маселелери боюнча; 3) каржылык айкындуулукту камсыздоо маселелери боюнча; 4) шайлоого шайлоочулардын айрым категорияларынын (мигранттардын ж.б.) катышуу шарттарын жакшыртуу маселелери боюнча; 5) шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн шайлоо талаш-тартыштарын жана укуктук жоопкерчиликти кароону ѳркүндѳтүү маселелери боюнча; 6) шайлоодо колдонулуучу электрондук технологияларды ѳркүндѳтүү маселелери боюнча; 7) маалымдоо маселелери жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча. Учурда мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ВАЖТтын алкагында шайлоо процессинин уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын тажрыйбасынын негизинде мурда өткөн шайлоо өнөктүктөрүнүн артыкчылыктарына жана кемчилдиктерине талдоо жүргүзүлүп, өткөн шайлоо өнөктүктөрүнүн жыйынтыктары боюнча коомдук жана эл аралык байкоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочуларынын сунуштары изилденүүдө. ВАЖТтын кезектеги жыйналыштарын сентябрда өткөрүү пландалууда: 1) 16-сентябрда – жумушчу топтун жыйналышы: - Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүү – Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинин жана «Инфоком» МИнин презентациясы; - шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн арттыруу жолдорун талкуулоо – ВАЖТтын катчылыгынын маалыматы; 2) 23-сентябрда – жумушчу топтун кеңейтилген жыйналышы – тегерек стол: шайлоо укугун жана процессин ѳркүндѳтүү боюнча эл аралык, коомдук байкоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочуларынын сунуштарын талкуулоо; 3) 27-сентябрда – шайлоодо колдонулуучу электрондук технологияларды ѳркүндѳтүү маселелери боюнча топчонун жыйналышы (ВАЖТтын каалаган мүчөлөрүнүн катышуусу үчүн ачык): Добуш берүүнүн дистанциялык жана электрондук түрлөрү. Алдыңкы эл аралык тажрыйбанын обзору – презентация. Коомчулук жана ЖМК үчүн ВАЖТтын жыйналыштарынын эшиги ачык.
Кененирээк билүү >>
АНОНС! БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча тегерек столго чакырат
23.08.2022

АНОНС! БШК шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча тегерек столго чакырат

КР БШКнын алдындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды талкуулоо боюнча тегерек столго чакырат. Тегерек столдун алкагында коомдук жана эл аралык байкоочулардын, саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочуларынын сунуштары, ведомстволор аралык жумушчу топко келип түшкөн сунуштамалар талкууланат. Тегерек стол 2022-жылдын 23-сентябрында саат 14.00дө Бишкек ш., Пушкин көчөсү 50 дарегинде   жайгашкан БШКнын имаратында өтөт. Катышуу маселеси боюнча, ошондой эле сунуштарды берүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топтун секретариатына кайрылсаңыздар болот:  - байланыш номерлери: 0312 620184, 0312 660143, 0553 858380; - эл.дарек kutberdieva@shailoo.gov.kg
Кененирээк билүү >>
БШК мекендештерибиздин Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан трагедиялуу каза болгонуна байланыштуу терең кайгырууда
22.08.2022

БШК мекендештерибиздин Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан трагедиялуу каза болгонуна байланыштуу терең кайгырууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мекендештерибиздин Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында трагедиялуу каза болгонуна байланыштуу терең кайгырууда. Курман болгондордун туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуудагы аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жабырлангандардын тез сакайып кетишин каалайбыз. Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери жөнүндө
18.08.2022

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ №280 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери жөнүндө маалымат берет жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзам ченемдерин сактоону жана шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ушул эрежелерин жетекчиликке алууну өтүнөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык талапкерлер Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт (2022-жылдын 8-сентябры шайлоо фондун түзүү жана шайлоо күрөөсүн төгүү үчүн акыркы мөөнөт болуп саналат). КР БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которуу үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1000 сомду түзөт. Айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн мыйзам менен белгиленген тыюу салууларды кошпогондо): - талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - саясий партиянын өз каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Мында айлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсеп өзүнүн акча каражаттарын акысыз кошуу ыктыярдуу кайрымдуулук берүү катары таанылат. Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук көрсөтүүсүнө тыюу салынат: - чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын; - жарандыгы жок адамдардын; - мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын; - мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын, укук коргоо органдарынын, соттордун ж.б.; - кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын; - диний уюмдардын; - атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын (атын атабай кайрымдуулук кылуучу дегенде, төмөнкү жаран түшүнүлөт, эгерде ал төмөнкү маалыматтардын кайсынысын болбосун көрсөтпөй койсо: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын, ошондой эле ал тарабынан өзү жөнүндө анык эмес маалыматтар көрсөтүлсө). Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттар боюнча атайын эсептерди ачуу, жүргүзүү, эсепке алуу жана отчёттуулук үчүн КР БШК аныктаган (КР БШКнын 10.08.2022-ж. №74 токтому) «РСК Банк» ААКтын жана «Айыл Банк» ААКтын банк мекемелериндеги атайын эсепке которулат. Шайлоо фондуларына түшкөн акча каражатар улуттук валютада кабыл алынат. Талапкер, саясий партия өз шайлоо фондун түзүү үчүн бир гана атайын эсеп ачууга укуктуу. Мында айылдык кеңешке талапкерлерди көрсөткөн саясий партия айылдык кеңешке ар бир талапкер үчүн белгиленген түшүүлөрдүн жана сарптоолордун чектик суммаларына карата талаптарды сактоого тийиш. Саясий партиялар тарабынан айылдык кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер өз шайлоо фондун түзүүгө укуксуз. Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн. Талапкер, саясий партия жарандар жана юридикалык жактар добуш берүү күнүнө чейин белгиленген тартипте которуп, берген кайрымдуулуктарды гана пайдаланууга укуктуу. Шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттардан тышкары, башка акча каражаттарын жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат. Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, жеке жактарга шайлоолор менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатып өткөрүүнү акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн талапкер, саясий партия 2022-жылдын 8-сентябрына чейин (кошуп алганда) ар бир талапкер үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорундагы каражаттардын эсебинен мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө (бир миң сом) жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу КР БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн төгөт. Банк мекемелери Борбордук шайлоо комиссиясына талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берип турат. Көрсөтүлгөн банк маалыматтары «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму (ЭВӨТ) аркылуу электрондук таризде берилет жана шайлоо фонддорун каржылоонун айкындуулугу жана ачыктыгы максатында КР БШКнын https://www.shailoo.gov.kg/ расмий сайтында (Башкы бет/Талапкерлер жана партиялар) көрсөтүлүп турат. Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору боюнча кыйла кеңири маалыматты жалпыга жеткиликтүү https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl шилтемеси боюнча алууга болот. Талапкерлер, саясий партиялар Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. 1) Биринчи финансылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирилбестен (2022-жылдын 28-сентябрына чейин (кошуп алганда). 2) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен (2022-жылдын 19-октябрына чейин (кошуп алганда). Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана сарптоо тартибине Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы контролдук жүргүзөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүү булактарына, ал каражаттарды туура эсепке алууга жана пайдаланууга, шайлоо күрөөсүн төгүүгө жана кайтарып берүүгө, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу контролдук жүргүзөт.
Кененирээк билүү >>
БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
17.08.2022

БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 17-августундагы жыйналышында 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Чечим шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин     1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 59-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгына ылайык кабыл алынды. Майдан айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 21 мандат, анын ичинен - 9 аялдар үчүн резерв) № 1 Кара-Жыгач   шайлоо округу (№ 8110 УШК) Борбору:  Кара-Жыгач айылы, Кара-Жыгач көчөсү - 51 Айылдык  клубунун имараты Шайлоочулардын саны: 2300 Мандаттардын саны: 6. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-2 мандат Чек арасы:  Кара-Жыгач айылы, Кара-Жыгач, Кошбаков Тешебай, Мамасыдыков Асан,  Жолдошов Шерикбек, Ташполотов Курсан, А.Галымбетов,  Акматов Баатыр, Максутов Абдивали, Молдо Тойкул, Шава сай, Сулайманов Ташбалта, Кудайбердиев Турду, Топчубаев Кудайкул, Эргешов Абдыкалык, А.Полотов, Нишанбаев Ташан, Шермаматов   Рахматилла, Мааназаров Г., Турдукулов Эрмек, М.Сарыбаев, А.Темирбаев көчөлөрү № 2 Майдан  шайлоо округу (№ 8111 УШК) Борбору:  Майдан айылы, Кудайназаров Амиракул көчөсү - 6, Исфайрам орто мектебинин имараты Шайлоочулардын саны: 1896 Мандаттардын саны: 5. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-2 мандат Чек арасы:   Майдан жана Пум айылдары, Кудайназаров Амиракул, Шамбы сай, Топчубаев Жамшит, Исаков Катан, Байматов Тургунбай, Примов Абдурасул, Садыков Эшман, Ж.Дамашов,  Примов Абдурасул, Ташмат Амин, Койчиев Талас, Токторов Дурсунали, Молдобаев Закир, Сатыбалдыев Абдималик, Адаев Акматали, Таиров Орунбай, Айылчиев Шамши, Маатов Таир, Жолдошов Камчыбек, Манас Ажы, Молдо Малик, Абдираимов Абдыкадыр, Сексенбаев Эшманбет көчөлөрү № 3 Кароол  шайлоо округу (№ 8112 УШК) Борбору: Кароол айылы, Ашуров Тилебалды көчөсү – 12, М.Таиров атындагы орто мектебинин имараты Шайлоочулардын саны: 608 Мандаттардын саны: 2. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-1 мандат Чек арасы: Кароол айылы, Майдан, Аустан, Кароол, Кереге-Таш айылдары  (Козуев Мусакул, Бийжанов Анарбай, Мамашукуров Абдилла, №1 көчөсү,  №2 көчөсү, №3 көчөсү, Кароол айылы, Жоошов Каразак, Чокоев Эдилбай,  Истамов Чила,  Нишанов Таштан, Уста Садир, Ашуров Тилебалды көчөлөрү) № 4 Сары-Алтын шайлоо округу (№ 8153 УШК) Борбору: Сары-Алтын айылы, Сары-Алтын көчөсү - 4, Сары-Алтын орто мектебинин имараты Шайлоочулардын саны: 1742 Мандаттардын саны: 4. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-2 мандат  Чек арасы: Сары-Алтын, Бак, Акимбек,  Жаны-Абад айылдары, Сары-Алтын-1,Сары-Алтын -2,  Сары-Алтын-3, Сары-Алтын-4, Сары- Алтын-5, Сары-Алтын-6,   Сары-Алтын -7, Сары-Алтын -8, Сары-Алтын -9, Сары-Алтын -10,  Бак-1,  Бак-2, Бак-3, Бак-4, Бак-5, Бак-6, Бак-7, Бак-8,   Акимбек -1,  Акимбек-2 көчө,  Акимбек-3, Акимбек-4, Акимбек-5,  Жаңы-Абад -1, Жаны-Абад-2, Жаны-Абад-3,  Жаны-Абад-4, Жаны-Абад-5, М.Турдалиев көчөлөрү № 5 Исамариям шайлоо округу (№8195 УШК) Борбору: Кара-Дөбө айылы, Кара-Дөбө көчөсү-5, А.Темирбаев атындагы орто мектебинин имараты    Шайлоочулардын саны: 1536 Мандаттардын саны: 4. Анын ичинен аял талапкерлери үчун резерв-2 мандат Чек арасы:  Кара- Дөбө, Исфайрам айылдары, Кара-Дөбө -1,  Кара-Дөбө -2, Кара-Дөбө-3, Кара-Дөбө-4, Кара-Дөбө-5, Кара-Дөбө -6, Кара-Дөбө -7, Кара-Дөбө -8, Кара-Дөбө -9, Кара-Дөбө -10, Кара-Дөбө-11, Кара-Дөбө-12, Кара-Дөбө-13, Кара-Дөбө-14,  Келечек-1, Келечек-2,  Келечек-3,  Келечек-4,   Келечек-5, Келечек-6,   Келечек-7, Исфайрам-1,  Исфайрам -2, Исфайрам -3, Исфайрам-4, Исфайрам-5, Исфайрам -6, Исфайрам -7, Исфайрам-8, Исфайрам -9, Кара-Дөбө-15, Кара-Дөбө-16, Кара-Дөбө-17, Келечек-8 , Келечек- 9 көчөлөрү
Кененирээк билүү >>
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
17.08.2022

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 17-августундагы жыйналышында Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди: - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдиева Айзада Чалайбековна, «Биримдик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Табалдиева Эльмира Асанбековна комиссиянын курамынан чыгарылсын; - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кожогелдиева Майрамбубу Жумакадыровна, Сыдыгалиева Тамара Рысбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин. Токтом Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.Ч. Абдиеванын жана Э.А. Табалдиеванын Ю.К. Тиллабаевдин Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 17 - августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
17.08.2022

КР БШКнын 2022 - жылы 17 - августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 17 августу Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   3. Ар түрдүү маселелер.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү
15.08.2022

КР БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү

КР БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын алдын ала тизмесин түздү. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлгөн, КР БШК шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылган - https://tizme.gov.kg/             Шайлоочулардын кагазга басып чыгарылгын тизмелери 5 шайлоо участкасында 2022-жылдын 20-августуна чейин илинет. Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо күн сайын, шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта жүргүзүлөт. Урматтуу шайлоочулар! 2022-жылдын 20-августунан тартып 23-сентябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; «tizme.gov.kg» сайтында; 2022-жылдын 10-августунан тартып шайлоо участогунда; Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2022-жылдын 23-сентябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт. Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат. Маалыматка: Майдан айылдык кеңеши 8 082 шайлоочуну түздү. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмеси түзүлүп, 2022-жылдын 9-сентябрына чейин шайлоо участкаларында илинет. Шайлоочулардын биротоло тизмеси түзүлүп, 2022-жылдын 6-октябрына чейин шайлоо участкаларында илинет.   2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 15-августуна карата шайлоочулардын саны тууралуу маалымат № п/п аймактык шайлоо комиссиясы УШК саны УШКнын номуру жана жайгашкан жери   Округдун аталышы 2022-жылдын 15- августуна карата шайлоочулардын саны.   айылдык кеңеш   Жалпы 5     8082   Кадамжай АШК           1 Майдан айылдык кеңеш 1 8110 Кара-Жыгач айылы, Маданият үйүнүн имараты, Кара-Жыгач көчөсү, 51 Кара-Жыгач 2300   2 1 8111 Майдан айылы, "Исфайрам" атындагы орто мектеп, А.Кудайназаров көчөсү, 6 М Майдан 1896   3 1 8112 Кароол айылы, М.Таиров атындагы орто мектеп, Т.Ашуров көчөсү, 12 Кароол 608   4 1 8153 Сары-Алтын айылы, "Сары-Алтын" атындагы орто мектеп, Сары-Алтын көчөсү, 4 Сары-Алтын 1742   5 1 8195 Кара-Дөбө айылы, Темирбаев атындагы орто мектеп, Кара-Дөбө көчөсү, 5 Исамариям 1536    
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын  КАЙРЫЛУУСУ
11.08.2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!  «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ №280 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо  2022-жылдын 9-октябрына дайындалды. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулары! Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнү жигердүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын бардык жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жалпы кызыкчылыктары байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү туруктуу жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы белги менен аныкталат. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси шайлоочуларды тааныштыруу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тактоо үчүн www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында 2022-жылдын 10-августунда (добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күн калганда) участкалар боюнча жайгаштырылды. Добуш берүүнү уюштуруу үчүн 5 шайлоо участогу – №8110, 8111, 8112, 8153, 8195 УШКлары түзүлдү. 5 УШКда шайлоочулардын жалпы саны 8076 болду. Мыйзамдарга ылайык шайлоочулардын тизмеси 2022-жылдын 20-августуна чейин шайлоо участокторунда илинет. Сиз өзүңүз тууралуу маалыматтарды тактай аласыз: 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында; шайлоо участогунда; өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС-билдирүү жөнөтүп, өзүңүздүн шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана чалуу акысыз). Кандай гана каталар же так эместиктер табылган учурда, ошондой эле         Сиз шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 23-сентябрына чейин (кошуп алганда) жергиликтүү жамаатка таандыгыңызды ырастаган КР жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Шайлоо участогунда арыз берген учурда жаран биометрикалык идентификациядан өтөт. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) (Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Орозбеков көч., 200 дареги боюнча КТБ) жана жарандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарында (Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволордун түзүмдөрүндө) бул жол-жободон өтсө болот. Ошондой эле белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, www.tizme.gov.kg сайтында “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу арыздарды электрондук форматта берүүгө болот. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана шайлоодо добуш берүү күнү добуш берүүгө укуктуу экендигин эске салабыз. Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партиялардын өкүлдөрү! Майдан айылдык кеңешинде жалпы саны 21 мандат бар. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү Майдан айылдык кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок. Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Майдан айылдык кеңештин депутаттыгына шайланууга укугу жок. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо мажоритардык тутум боюнча өткөрүлөт. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 20-августуна чейин шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн КР БШКга киргизет. Көп мандаттуу шайлоо округдары бир мандатка шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңчилик менен (шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен) түзүлөт. Маалымат катары: 2018-жылдын август айындагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 5 шайлоо округу түзүлгөн. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген ченемдерге ылайык, ар бир шайлоо округу боюнча мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан аз эмеси ар бир шайлоо округу боюнча аялдар үчүн резервге калтырылат. Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары жөнүндө маалымат жана ар бир округ боюнча аялдар үчүн резервге калтырылган мандаттардын саны менен КР БШКнын www. shailoo.gov.kg расмий сайтында тааныша аласыздар (Башкы бет/шайлоочулар/шайлоо округу жана чек аралар). “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Майдан айылдык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү укугу – саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. Шайлоого катышуу боюнча талапкерлерге жана саясий партияларга көмөктөшүү тартибинде КР БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында арыздардын тариздери жана талапкерлерге талаптар тууралуу эскертме, үгүт жүргүзүү, шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери тууралуу маалымат жайгаштырылган (https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-mestnyh-keneshej-oktyabr-2022-g/). Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана керектүү документтерди кабыл алуу шайлоо дайындалган күндөн (2022-жылдын 9-августунан) тартып башталат жана шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин аяктайт.   Документтер кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта кабыл алынат. Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын                           19-сентябрына чейин аяктайт. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү 2022-жылдын 19-сентябрынан тартып башталат жана 2022-жылдын 8-октябрында саат 8.00дө токтотулат. 2022-жылдын 9-октябры – добуш берүү күнү. Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары  2022-жылдын 30-октябрына чейин (добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирилбестен) аныкталат. Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо резервке калтырылган мандаттар алгач башка аял-талапкерлерге караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон аял-талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Эгерде шайлоо округунда аял-талапкерлердин саны резервге калтырылган мандаттардын санынан аз болсо, анда жогоруда көрсөтүлгөн мандаттар бөлүштүрүлгөндөн кийин калган мандаттар башка талапкерлер ортосунда бөлүштүрүлөт. Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү! Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү деңгээлде чечүүчү ролду аткарат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе сиздердин иш-аракеттериңиздерден көз каранды. Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык – бул бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын негизги иш принциптери. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт, ал Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо процессинен баштап, Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо аяктаганга чейин шайлоочулар, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз иштерди уюштуруусу керек. Шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды камсыздоо – бул процесстеги башкы талаптардан болуп калууга тийиш! Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүүгө милдеттүү: - керектүү жабдууларды, транспорт каражаттарын берүү; - жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин орун-жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (такта, добуш берүү үчүн үкөк, кабиналар ж.б.), шайлоо өткөрүү боюнча документтерди сактоо үчүн орун-жайларды берүү, ошондой эле аларды кайтарууну камсыздоо; - үзгүлтүксүз телефон, интернет байланышы, электр (ошондой эле электр аркылуу азыктандыруунун альтернативалуу булагы менен камсыздоо зарыл), жылуулук менен камсыздоо; - керектүү маалыматтарды жана материалдарды берүү; - шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссияларынын кайрылууларына – дароо, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгон учурда – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 6-пунктуна ылайык, добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда добуш берүүсүн, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышын же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөр, тактилдик көрсөткүчтөр, жетиштүү жарыктандыруу менен камсыздалууга тийиш. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин тактоо маселелери боюнча көмөктөшүүгө милдеттүү. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө жана жабдууга милдеттүү. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары тарабынан ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору түзүлөт, анын курамына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет. Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - шайлоо мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү; - көрүлүүчү чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо. Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын өкүлдөрү! Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар КР БШКдан аккредитациядан өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган ЖМК, интернет-басылмалар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 19-августуна чейин обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары же интернет-басылмага жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды КР БШКга берет. КР БШК аймактардагы жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет. Урматтуу талапкерлер, шайлоо процессинин катышуучулары! Шайлоонун укуктук нукта өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин талаптары бекем сакталууга тийиш, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүү зарыл. КР БШК тарабынан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн эшик ачык, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын, айкындуулукту, калыстыкты кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу  маанайда өтүшүнө болгон күч-аракетин жумшайт, талапкерлердин жана шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук баалуу ишке ашыруу үчүн бардык зарыл жана бирдей шарттарды түзөт. БШКнын маалымат ресурстары www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн. БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде · (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/)  атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, АШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз. БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары: 1255 – кыска номери; 0990 02-12-55; 0502 00-12-55 WhatsApp номерлери; 0312 62-62-46 – ишеним телефону; kgor_cec@shailoo.gov.kg – электрондук дарек. 0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.   Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы менен байланышуу үчүн маалыматтар: Кадамжай АШК төрагасы – Жакипов Абдибахап Мамасалиевич, 0772 145 191; БШКнын Кадамжай АШКсындагы атайын өкүлү – Арыков Тайкара Кудайбердиевич, 0772 944 770, 0508 201 960.
Кененирээк билүү >>
БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады
11.08.2022

БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

БШК «РСК Банк» ААКты жана «Айыл Банк» ААКты 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык БШК төмөнкүлөрдү эске салат: - жарандар айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн учурдан тартып, өздөрү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу каттоого шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзөт; Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттарын банк же башка мекемедеги атайын эсепке которот. Ал эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат. Каттоо үчүн айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которот. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн – 1000 сом. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондун түзүү жана атайын эсептерин ачуу жөнүндө кыйла кененирээк маалымат БШКнын расмий сайтында «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясый партиянын шайлоо фондунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө» Жободо камтылган. Талапкерлердин шайлоо фонддорунан келип түшүүсү жана чыгымдалышы боюнча маалыматты Талапкер (Кандидат) порталынан таанышсаңыз болот. Маалымат алуу үчүн телефон: 0 (312) 66 02 61. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК 2022-жылдын 9 - октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти
11.08.2022

БШК 2022-жылдын 9 - октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы № 280 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1341 миң сом жалпы суммасында бекитти, анын ичинде: - Борбордук шайлоо комиссиясы Кадамжай шайлоо комиссиясынын, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгым 685.4 миң сом суммасында; - Кадамжай шайлоо комиссиясынын жана 5 участкалык шайлоо комиссиянын чыгымдарынын жалпы суммасы 655,6 миң сом,   ал чыгымдардын сметасына ылайык бөлүштүрүлөт. Маалымат үчүн: Смета төмөн турган шайлоо комиссияларын ачуу, техникалык жактан жабдуу жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон бардык чыгымдарды эске алуу менен түзүлөт. АШК жана УШК мүчөлөрүнүн жалпы саны 75 адамды түзөт. АШКда – 12 адам, 5 УШКда – 63 адам. Ошондой эле, автоматтык эсептөөчү урналарды тейлөөгө ишке тартылган 5 операторго эмгек акы төлөнөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
10.08.2022

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 10-августунда өткөн жыйналышында Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Дуйшенов Канат Райымбековичтин (№1 «Ынтымак» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумаев Асылбек Султаналиевичке (№19 «Ынтымак»  саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Ормонов Райымбек Базарбековичтин (№4 «Ынтымак» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кыдыралиев Жапар Джакыпбековичке (№22 «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Чынтемиров Бакыт Чынтемировичтин (№2 «Эл-Үмүтү» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Эгембердиев Эрлан Карыпбаевичке (№4 «Эл-Умуту» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Тургунбаев Эркин Эсенбаевичтин (№1 «Ата-Журт Кыргызстан» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шайлообеков Шахмурат Сыргаковичке (№7 «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди. Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Жыртакова Астра Сүйүнбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Капарова Айгүл Арпачиевнага өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК 2022-жылдын 9-октябрына  дайындалган КР Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планын бекитти
10.08.2022

БШК 2022-жылдын 9-октябрына  дайындалган КР Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин  депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы № 280 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун  Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти. Планга ылайык депутаттарды шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары: 1. Шайлоочулардын тизмелери - Калктын бирдиктүү мамлекеттик tizme.gov.kg порталынан шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү реестринен чыгарып алуу  – 2022-жылдын 10-августуна чейин; - шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоочуларга тааныштыруу үчүн илүү – 2022-жылдын 20-августуна чейин; - шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2022-жылдын 9-сентябрына чейин;- шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү – 2022-жылдын 29-сентябрына чейин. - шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана каталарды же жазуулардагы так эместиктерди иштеп чыгуу – 2022-жылдын 20-августунан 23-сентябрына  чейин (кошуп алганда); 2. Шайлоо округдарын түзүү - шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2022-жылдын 20-августуна чейин. 3. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо -  Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү аралыгы –– добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин); - Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда (2022-жылдын 19-сентябрына чейин). 4. Шайлоо алдындагы үгүт  жүргүзүү – 2022-жылдын 19-сентябрынан  башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2022-жылдын 8-октябрында, саат 8.00дө) токтотулат. 5. Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү: - шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү – 2022-жылдын 19-сентябрына  чейин; даярдап чыгаруу- 29-сентябрына чейин, АШКга берүү –29-сентябрына чейин, УШКга берүү- 7- октябрга чейин. 6. Добуш берүү жана жыйынтыктарын чыгаруу: - добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу – 2022-жылдын 6-октябрына чейин; - добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда -2022-жылдын 8-октябры; - добуш берүүнү өткөрүү – 2022-жылдын 9-октябры, саат 8.00дөн 20.00гө чейин; - Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2022-жылдын 30-октябрына чейин. 7. Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо Шайлоого тийиштүү маалыматтарды ЖМК, интернет басылмаларына жайгаштыруу үчүн БШКнын акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү - 2022 - жылдын 19 - августуна чейин. Байланышуу үчүн телефон 0(312)  665452 КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 10-августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
10.08.2022

КР БШКнын 2022 - жылы 10-августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 10 августу Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   2. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)   3. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө (баяндамачы – Дюшембаева Г.К., пландоо, эсепке алуу жана отчеттулук бөлүмдүн башчысы)   4. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳ жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   5. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Таш-Көмүр, Токтогул жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)   7. Ар түрдүү маселелер.  
Кененирээк билүү >>
1 … 141 143 … 485