Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мекендештерибиздин Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында трагедиялуу каза болгонуна байланыштуу терең кайгырууда.
Курман болгондордун туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуудагы аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жабырлангандардын тез сакайып кетишин каалайбыз.
Борбордук шайлоо комиссиясы