Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 4-августунда өткөн жыйналышында Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Маматкадир уулу Абайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Атеков Муратали Ураимовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбекайылдык кеңешинин депутаты Кадыров Асилбек Абдуллажановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Калилов Сылыкбек Урустамовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Т.Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Алимжан Уулу Нуралибектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдибаитов Саитбек Аязовичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Араван районунун А.Анаров айылдык кеңешинин депутаты Худайбердиев Розали Ниязовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Момунов Эркинжон Абдуманановичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Матраимова Толоналинин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Каримов Алишер Мамашеровичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Кожакматов Жаңыбай Кожоназаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Султанов Салимбек Маканбековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Төлөк уулу Бекболдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Токтомушев Марат Токтобековичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык шаардык кеңешинин депутаты Чапкынчиев Адыл Турарбековичтин (№2, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алымкулов Шайлообек Аписовичке (№7, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык шаардык кеңешинин депутаты Абдиева Айнура Жолдошбековнанын (№5, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асанова Жазгүл Ишенбековнага (№30, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылдык кеңешинин депутаты Исаков Бакир Шарапатиновичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Каркеев Мирбек Рыскульбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Сокеева Айжан Кадыркуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абденову Нурланбеку Бейшебековичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Шайбырова Галина Доолотбековнаны жана Туркебеков Эркинбек Тууганбековичти Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 4 - августта өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 04 август 2022-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сузак, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Баткен, Ат-Башы, Нарын шаардык, Балыкчы, Панфилов жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., Шайлоо процессин уюштуруу боюнча башкармалыгынын начальниги)
2. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК жамааты атасы мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Мирлан Коңурбаевге көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын мурдагы жетекчиси Мирлан Коңурбаевге атасы Алиаскар Кемелович Коңурбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
КР БШК административдик кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнү жарыялайт
Кененирээк маалымат менен Конкурстар бөлүмүнөн тааныша аласыздар.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-июлунда өткөн жыйналышында Талас, Талас шаардык, Жалал-Абад, Өзгөн, Алай, Баткен, Жумгал жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык кеңешинин депутаты Аманов Муратбек Турарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бейшеналиев Нуркул Маратовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Умарахунов Исакжан Адыловичтин (№2, «Ыйман Нуру» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тургунбаев Муктарбек Азимовичке (№5, «Ыйман Нуру» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Адамбаев Мавлянбек Адилбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кожоев Турсунбайга өткөрүп берилди.
Ош облусунун Алай районунун Үч-Төбө айылдык кеңешинин депутаты Маматалиев Талантбек Сайитмаматовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Арапбаев Омаркул Жээнбековичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Тилеков Искендербек Каттабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Улукбеков Сайипжан Турдуевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Садир Уулу Нуржигиттин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кенжебаев Чынгызбек Суюнчуматовичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Шакиров Тимур Макеналиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шаршеке уулу Автандилге өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаты Турганов Жылдызбек Момунжановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Чынтемир уулу Азаматка өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Мурзажанов Алтынбек Саматовичти (№28, «Асыл Мурас Жаштар» с/п) Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин жана Бакиров Сыпар Болотовичти Нарын облусунун Жумгал районунун Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-июлундагы жыйналышында Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тиллабаев Юлдашбай Кочкорович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Советбек Аскарович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ю.К. Тиллабаевдин Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 22-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 22 июль 2022-ж.
Убактысы: 11:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас, Талас шаардык, Жалал-Абад, Өзгөн, Алай, Баткен, Жумгал жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы).
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
БШКда БШК төрагасы жана Швейцариянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер шайлоолордун аралыгындагы мезгилде мындан ары кызматташууну талкуулашты
Боршайкомдун башчысы БУУӨПтүн “Кыргызстандагы 2020-2021-жылдардагы шайлоолорду колдоо” программасынын долбоорунун алкагында КРге натыйжалуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Швейцария Өкмөтүнө жана өзүнө – Швейцариянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисине терең ыраазычылык билдирди.
Шайлоо өнөктүктөрүнүн жана референдумдардын алкагында шайлоо өнөктүктөрүнүн каржылык айкындуулугу, саясий партиялар жана талапкерлер, ЖМК, жарандык коом үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Жарандык билим берүү борборунун ишине көмөктөшүү, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгү сыяктуу багыттарда, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн шайлоочулар үчүн маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүдө маанилүү колдоо көрсөтүлдү.
Швейцариянын КРдеги Элчиси Кыргызстан чыныгы демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча үлгү болоорун жана Швейцария Өкмөтү Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууга дилгир экендигин билдирди.
Шайлоону уюштурууну жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды, мындан ары реформалоонун милдеттерин жана принциптерин талкуулап, БШК төрагасы шайлоолордун аралыгындагы мезгилде жарандык билим берүү артыкчылыктуу милдет болуп саналат жана Боршайком республиканын аймактарында жарандык жана санариптик билим берүү түйүнүн түзүүнүн үстүндө иштөөдө.
Жарандардын шайлоо тутумуна ишенимин жана шайлоого катышуудагы жигердүүлүгүн арттыруу жарандык билим берүүнүн башкы максаты болуп саналат. Бул милдеттер ак ниет башкарууга жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө таасир этүүчү коомдогу эң маанилүү коомдук-саясий процесс катары шайлоону жарандардын түшүнүүсүн жана алар тууралуу кабардар болуусун жакшыртуу боюнча чаралар менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жакын арада эле өлкөнүн бардык аймактарында китепканаларынын жана жаштар борборлорунун базасында борборлорду ишке киргизүү мерчемделүүдө. Окутуу программалары Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун программаларынан (онлайн, офф-лайн), ошондой эле мамлекеттик органдар, жарандык коомдун уюмдары жана бизнес-коомчулук тарабынан иштелип чыккан жана сунушталган жарандык жана санариптик билим берүү боюнча окутуу программаларынан болушу мүмкүн. Швейцариянын Элчиси жалпы максаттарга жетүү үчүн бардык кызыкдар тараптар менен өнөктөшүүгө даяр болууну кубаттады.
Жолугушууга БШК аппаратынын жетекчиси М.К. Мамбеталиев, ЖББжШТ директору М. Сарымсаков, ЖББжШТтын жарандык билим берүү боюнча координатору А. Букамбаева, ЖББжШТтын санариптик билим берүү боюнча координатору Т. Шахин-Байло жана аппараттын бөлүм башчысы Б. Дюшенбиева катышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-июлунда өткөн жыйналышында Аламүдүн, Аксы, Ноокат, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгальской, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Нижняя-Аларча айылдык кеңешинин депутаты Сооронкулов Мелисбек Сейдимухамбетовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абышкаева Айдай Джумакадыровнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты области Солтонкулова Райма Асановнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нармырзаев Алтынбек Өмүралиевичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Батырова Арзыкан Шарабидиновнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Аширов Иманбек Доороновичтин (№5, «Өнүгүү-Прогресс» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Муминов Асылбек Жаныбаевичке (№11, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Алиев Мурадил Жолдубаевичтин (№2, «Ата Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тушаев Айдар Жигиталиевичке (№4, «Ата Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Айтемиров Мурат Камчыбековичтин (№1, «Жаңы Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хамбаров Руслан Хамдамалиевичке (№4, «Жаңы Доор» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Кусормамбетова Ырыскүл Эмилбековнанын (№3, «Улуу Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Асыпбаева Нуркүл Бейшенакуновнага (№6, «Улуу Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутаты Жумабек уулу Талгартбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамаева Айнур Акылбековнага өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Жусубалиева Майрамкүл Токтомамбетовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамырбеков Асылбек Асантуровичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айылдык кеңешинин депутаты Абдыразакова Салкын Жантаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамытова Гүлзат Исраиловнага өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Мажиюн Фарида Багиевнанын (№3, «Эмгек» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Атагельдиева Ибарат Касеновнага (№6, «Эмгек» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Сойкоева Гүлзат Кудайбергеновнанын (№3, «Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Иманалиева Дилнара Малдышевнага (№6, «Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тоң айылдык кеңешинин депутаты Жумашев Азат Ургазиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Атамбаев Талантбек Макеновичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаты Бекбо уулу Замирбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джумабаева Венера Шаршебаевнага өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-июлундагы жыйналышында Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамазунуев Калил Абсаматович, Жуманова Айнагүл Маразыковна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыкадыров Асылбек Ашимбекович, Ажыбаева Жайлоокан Шарабидиновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү К. А. Мамазунуевдин жана А.М. Жуманованын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгуу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 15-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 15 июль 2022-ж.
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Аламүдүн, Аксы, Ноокат, Сүлүктү, Кадамжай, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ысык-Көл, Каракол, Тоң жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(баяндамачы – Э. Мырзакматова, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы).
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктайт!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктайт!
Бүгүнкү майрам сиздерди асыл иштерге жана аруу мамилеге шыктандырып, үмүт жана көңүл тынчтыгын тартууласын.
КР БШК ар бириңизге бекем ден соолук жана бакубат турмуш, элге биримдик, ал эми Кыргызстанга өнүгүү жана гүлдөп-өсүү каалайт!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 1-июлунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 1-июль 2022-ж.
Убактысы: 16.30
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Жарандык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу
(баяндамачы –М.Б. Сарымсаков, Жарандк билим берүү борборунун директору)
2. Ар кандай маселелер
(Өзгөн шаардык кеңешиндеги “Ата-Журт Кыргызстан”, “Нур”, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партияларынын арыздарын кароо боюнча Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун маалыматы
(баяндамачы – У.К. Жылкыбаев, Кыргыз Республикасында шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси)
Кененирээк билүү >>
БШКда шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү
Борбордук шайлоо комиссиясы 30-июнда өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамын жактырды.
Көрсөтүлгөн чечим “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык “Мыйзамынын 4-беренесине ылайык кабыл алынды, анда минтип жазылган: “Борбордук шайлоо комиссиясы:
- шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт;
- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү тажрыйбаларын иликтейт жана шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуштарды берет”.
Шайлоо циклы 2025-жылы жергиликтүү кеңештерге жапырт шайлоо өткөрүүдөн башталарын, 2026-жылы – кезектеги парламенттик шайлоо мөөнөтү экендигин, 2027-жылы – президентти шайлоо өтөөрүн эске алып, шайлоолордун аралыгындагы мезгилде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү абдан маанилүү.
Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирди: КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана шайлоо мыйзамдары тармагындагы эксперттер.
Кабыл алынган чечимге ылайык Ведомстволор аралык жумушчу топ колдонуудагы мыйзамдарды, шайлоо өткөрүү тажрыйбасын талдоонун негизинде, кеңири коомдук талкуу уюштуруу жолу менен шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуусу керек.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу жагынан камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жүктөлдү.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-июнунда өткөн жыйналышында Ат-Башы, Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо, Жайыл, Ак-Суу жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Кыргызбаев Адылбек Өмүркановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Максүтова Гулжан Токтомамбетовнага өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Акылбек уулу Бакайдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Муратбек уулу Азаматка өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айылдык кеңешинин депутаты Абдымажит уулу Капардын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Алимбетов Аслан Шамшиевичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин депутаты Ташматов Замирбек Кыязбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омурбек уулу Таалайга өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Рыскулбек уулу Нурматтын (№6, «Ишеним» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Тохтыев Нурмухамат Элахуновичке (№9, «Ишеним» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Искаков Медербек Жумабековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омукеев Данияр Абдыкалыковичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Гаипова Асылкан Камалидиновнанын (№11, «Ала-Тоо Кыргыз жери» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Омурбекова Минавар Кубатбековнага (№14, «Ала-Тоо Кыргыз жери» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Апызалы кызы Жылдыздын (№3, «Жаңы Доор» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Олжобаева Бегимай Олжобаевнага (№6, «Жаңы Доор» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022-жылдын 30-июнунда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 30-июнь 2022-ж.
Убактысы: 11.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ат-Башы, Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо, Жайыл, Ак-Суу жана Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы - Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү боюнча иштер жѳнүндѳ
(баяндамачы – М. Кутбердиева, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчыс)
3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү