Башкы Жаңылыктар БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн …

БШК Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

17-Авг, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 17-августундагы жыйналышында 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Чечим шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин     1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 59-1-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ № 280 Жарлыгына ылайык кабыл алынды.

Майдан айылдык кеңеши (Мандаттардын саны - 21 мандат, анын ичинен - 9 аялдар үчүн резерв)

№ 1 Кара-Жыгач   шайлоо округу (№ 8110 УШК)

Борбору:  Кара-Жыгач айылы, Кара-Жыгач көчөсү - 51 Айылдык  клубунун имараты

Шайлоочулардын саны: 2300

Мандаттардын саны: 6. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-2 мандат

Чек арасы:  Кара-Жыгач айылы, Кара-Жыгач, Кошбаков Тешебай, Мамасыдыков Асан,  Жолдошов Шерикбек, Ташполотов Курсан, А.Галымбетов,  Акматов Баатыр, Максутов Абдивали, Молдо Тойкул, Шава сай, Сулайманов Ташбалта, Кудайбердиев Турду, Топчубаев Кудайкул, Эргешов Абдыкалык, А.Полотов, Нишанбаев Ташан, Шермаматов   Рахматилла, Мааназаров Г., Турдукулов Эрмек, М.Сарыбаев, А.Темирбаев көчөлөрү

№ 2 Майдан  шайлоо округу (№ 8111 УШК)

Борбору:  Майдан айылы, Кудайназаров Амиракул көчөсү - 6, Исфайрам орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны: 1896

Мандаттардын саны: 5. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-2 мандат

Чек арасы:   Майдан жана Пум айылдары, Кудайназаров Амиракул, Шамбы сай, Топчубаев Жамшит, Исаков Катан, Байматов Тургунбай, Примов Абдурасул, Садыков Эшман, Ж.Дамашов,  Примов Абдурасул, Ташмат Амин, Койчиев Талас, Токторов Дурсунали, Молдобаев Закир, Сатыбалдыев Абдималик, Адаев Акматали, Таиров Орунбай, Айылчиев Шамши, Маатов Таир, Жолдошов Камчыбек, Манас Ажы, Молдо Малик, Абдираимов Абдыкадыр, Сексенбаев Эшманбет көчөлөрү

№ 3 Кароол  шайлоо округу (№ 8112 УШК)

Борбору: Кароол айылы, Ашуров Тилебалды көчөсү – 12, М.Таиров атындагы орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны: 608

Мандаттардын саны: 2. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-1 мандат

Чек арасы: Кароол айылы, Майдан, Аустан, Кароол, Кереге-Таш айылдары  (Козуев Мусакул, Бийжанов Анарбай, Мамашукуров Абдилла, №1 көчөсү,  №2 көчөсү, №3 көчөсү, Кароол айылы, Жоошов Каразак, Чокоев Эдилбай,  Истамов Чила,  Нишанов Таштан, Уста Садир, Ашуров Тилебалды көчөлөрү)

№ 4 Сары-Алтын шайлоо округу (№ 8153 УШК)

Борбору: Сары-Алтын айылы, Сары-Алтын көчөсү - 4, Сары-Алтын орто мектебинин имараты

Шайлоочулардын саны: 1742

Мандаттардын саны: 4. Анын ичинен аял талапкерлери үчүн резерв-2 мандат

 Чек арасы: Сары-Алтын, Бак, Акимбек,  Жаны-Абад айылдары, Сары-Алтын-1,Сары-Алтын -2,  Сары-Алтын-3, Сары-Алтын-4, Сары- Алтын-5, Сары-Алтын-6,   Сары-Алтын -7, Сары-Алтын -8, Сары-Алтын -9, Сары-Алтын -10,  Бак-1,  Бак-2, Бак-3, Бак-4, Бак-5, Бак-6, Бак-7, Бак-8,   Акимбек -1,  Акимбек-2 көчө,  Акимбек-3, Акимбек-4, Акимбек-5,  Жаңы-Абад -1, Жаны-Абад-2, Жаны-Абад-3,  Жаны-Абад-4, Жаны-Абад-5, М.Турдалиев көчөлөрү

№ 5 Исамариям шайлоо округу (№8195 УШК)

Борбору: Кара-Дөбө айылы, Кара-Дөбө көчөсү-5, А.Темирбаев атындагы орто мектебинин имараты   

Шайлоочулардын саны: 1536

Мандаттардын саны: 4. Анын ичинен аял талапкерлери үчун резерв-2 мандат

Чек арасы:  Кара- Дөбө, Исфайрам айылдары, Кара-Дөбө -1,  Кара-Дөбө -2, Кара-Дөбө-3, Кара-Дөбө-4, Кара-Дөбө-5, Кара-Дөбө -6, Кара-Дөбө -7, Кара-Дөбө -8, Кара-Дөбө -9, Кара-Дөбө -10, Кара-Дөбө-11, Кара-Дөбө-12, Кара-Дөбө-13, Кара-Дөбө-14,  Келечек-1, Келечек-2,  Келечек-3,  Келечек-4,   Келечек-5, Келечек-6,   Келечек-7, Исфайрам-1,  Исфайрам -2, Исфайрам -3, Исфайрам-4, Исфайрам-5, Исфайрам -6, Исфайрам -7, Исфайрам-8, Исфайрам -9, Кара-Дөбө-15, Кара-Дөбө-16, Кара-Дөбө-17, Келечек-8 , Келечек- 9 көчөлөрү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>