Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

29-Авг, 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-августунда өткөн жыйналышында Ош, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кочкор, Баткен, Кызыл-Кыя, Жети-Өгүз, Базар-Коргон жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Аккулов Абдижапар Ураимовичтин (№1, «Улуттар биримдиги элдик партиясы» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жээналиев Тынарбек Тайтокуровичке (№8, «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Аккулов Абдижапар Ураимовичтин (№10, «Эл үмүтү» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары токтотулду.

Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Жаркынбай уулу Исламбектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Турдумамбетов Замирбек Курманалиевичке өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылдык кеңешинин депутаты Жумабаев Эркин Бактыбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Темиров Азимге өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Боронбаев Уранбек Дүйшөнбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шаршенбаев Бектурсун Торогелдиевичке өткөрүп берилди.

Каза болгондугуна байланыштуу Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаты Такырбашова Венера Алымжановнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Токоева Эльмира Алымбековнага өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айылдык кеңешинин депутаты Марипова Максудахан Садировнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Саткынова Гүлназ Мамануровнага өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Буванова Маликехан Айдаралиевнанын (№3, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Галаматова Саадат Мухтаровнага (№9, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Дарипова Уулкан Мамазияевнанын (№2, «Ата-Журт» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Маманазарова Рашидахан Музураимовнага (№9, «Ата-Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаты Орозбаков Адилет Эсенгуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Молдокабылова Үмүт Өмөшовнага өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая-Поляна айылдык кеңешинин депутаты Абдраев Кубанычбек Турдубековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Бараканов Айбек Нурдиновичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Тиленбаев Туралы Абдыкадыровичтин (№8, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдумаликов Абдулхак Абдусаламовичке (№20, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айылдык кеңешинин депутаты Капар уулу Канаттын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Машаев Капарбек Байышовичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арызынын негизинде Ахметов Нурлан Фурхатовичти (№12, «Эл үмүтү» саясий партиясы) жана Балтабаев Азамжан Камиловичти (№13, «Эл үмүтү» саясий партиясы) Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>