Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын 2022 - жылы 21 - сентябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 21 сентябрь
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Нарын жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2022-жылы 18-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 5 округда 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 18-сентябрындагы №3 чечими менен 45 талапкер катталды, анын ичинен 11и – аял талапкер.
Шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастаган документти тапшырбагандыгы үчүн №5 Исамариям шайлоо округу боюнча бир талапкерди каттоодон баш тартылды.
Шайлоо округдары боюнча Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо жөнүндө маалымат:
1) №1 Кара-Жыгач шайлоо округу, 11 талапкер катталды, анын ичинен экөө – аял:
1. Амизаев Жеңишбек Юсупович
2. Амираев Нургазы Авазович
3. Анарбаев Самат Турдалиевич
4. Жаналиев Шайбек Жолдошбаевич
5. Жунусалиев Галмамат Абсаматович
6. Кудайкулов Ренат Паязович
7. Муратова Латифа
8. Насиров Абдижамил Жусупович
9. Полотов Нурбек Боркошович
10. Тагаев Мирзаакмат Абдиразакович
11. Темирова Мөтавархан Таштемировна
2) №2 Майдан шайлоо округу, 10 талапкер катталды, анын ичинен экөө – аял:
1. Анипаев Бурканидин Айтмаматович
2. Асанов Исматилла Абытович
3. Бакиров Каныбек Садылович
4. Заиров Бакытбек Осмоналиевич
5. Маматалиев Каныбек Калдарович
6. Мамбет уулу Сражидин
7. Садирова Тамара Сатвалдиевна
8. Салиев Абдиназар Урайымович
9. Топчубаева Турсунай Жамшитовна
10. Турсунов Ысак Сайфутдинович
3) №3 Кароол шайлоо округу, 4 талапкер катталды, анын ичинен бирөө – аял:
1. Абдукаримов Токтобай Чакабаевич
2. Албекова Мавлудахон Жолдошовна
3. Бегалиев Талантбек Абдирашитович
4. Нишанов Айдарали Таштанович
4) №4 Сары-Алтын шайлоо округу, 9 талапкер катталды, анын ичинен үчөө – аял:
1. Аширова Алмакан Тилековна
2. Джусупалиев Абдижамбил Насирович
3. Ибрагимов Асраридин Абдумажитович
4. Каримов Авазбек Абдувафович
5. Кутбаева Назгул Шамшиевна
6. Тагаев Жолдошали Ажикулович
7. Токтосунов Келдибек Каримкулович
8. Хайиткулова Ойжамол Исмоиловна
9. Шерматов Эркинбай Таштанович
5) №5 Исамариям шайлоо округу, 11 талапкер катталды, анын ичинен үчөө – аял:
1. Давлятов Сапарали Эргашович
2. Калыкова Саадат Асанбаевна
3. Маматалиева Назира Абдиллаевна
4. Муса уулу Бекзат
5. Нурматов Апсамат Саитович
6. Отонбаев Рахман Абибиллаевич
7. Сатарова Абиба Сайпидиновна
8. Сулайманов Алмазбек Бегалиевич
9. Тагаев Бейшен Абдилатович
10. Ташполотов Уланбек Дыйканович
11. Эрматов Азатбек Эргешович
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер тарабынан каттоо үчүн анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин кандай гана баскычы болбосун каттоону жокко чыгарууга алып келет.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК бир күндүк маянасын Баткендеги чек ара айылдарда жапа чеккен жашоочуларды колдоого которот
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана аппараты кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен тургундарга колдоо көрсөтүү үчүн бир күндүк эмгек акысын которуп берет.
Каражаттар Баткен облусунун тургундарына жардам берүү максатында Министрлер Кабинети ачкан бирдиктүү атайын эсепке которулат.
Маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-сентябрында өткөн жыйналышында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:
- «Тилектештик» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Исаков Элдияр Болотович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мурзакулова Чолпон Алимжановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ош аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.Б. Исаковдин Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 15-сентябрында өткөн жыйналышында Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Курманбаев Ибраим Шамшиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абыев Расул Мыктыбековичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаты Ашимова Канышай Абылкасымовнанын (№6, «Ынтымак» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жороева Каныгүл Саматовнага (№12, «Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Шаравидинов Маратбек Салайдиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Суюнов Сражидин Мусаевичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты Джетыбаева Мээрим Токторбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мусуралиев Чалкарбек Сулаймановичке өткөрүп берилди.
Каза болгондугуна байланыштуу Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айылдык кеңешинин депутаты Камалиев Куралбек Кадырбековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат Джапралиев Алмасбек Кадырбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Орловка шаардык кеңешинин депутаты Тентиев Талгарбек Алманбетовичтин (№4, «Социал-Демократтар» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абираев Азизбек Александровичке (№7, «Социал-Демократтар» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты Сатыбеков Сатылган Ыстамалиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хасанбаев Жолдошбай Тургунбаевичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Адылов Айтбек Ырысбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду.
Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутатынын бош калган мандаты Алиев Бексултан Таштемировичке (№16, «Эл үмүтү» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Полотов Кудратилло Гапиржановичти Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин (№15, «Эл үмүтү» саясий партиясы), Иманалиев Тилек Джаныбековичти (№5, «Социал-Демократтар» саясий партиясы) жана Турсуналиева Аида Алмасбековнаны (№6, «Социал-Демократтар» саясий партиясы) Чүй облусунун Орловка шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2022 - жылы 15 - сентябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 15 сентябрь
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Суу, Кара-Кулжа, Баткен шаардык, Жайыл, Панфилов, Ала-Бука, Кемин, Тоң жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Зазаза З.Б. чыгаруу жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
4. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
5. «Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссиялары үчүн жеке маалыматтарды коргоо боюнча усулдук колдонмо» жөнүндө
(баяндамачы – Акимбаев А., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 224 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси)
7. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровдун төрагалыгы менен Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча координациялык кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.Туллаев, Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими К. Шакиров, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Абдилатов, КР БШК аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Т.Айтикеев, Кадамжай АШК төрагасы А. Жакипов, КР БШКнын Кадамжай АШКдагы атайын өкүлү Т.Арыков, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу, прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыздоо, талапкерлердин жана шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, ДМЧАлар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоо, шайлоо участокторунун аймагында мыйзамдуулукту, коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо маселелери талкууланды.
БШК төрагасынын орун басары Т. Шайназаров Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо мыйзамдарын ар кандай бузуулардан баш тартып, ачык-айкын жана анык шайлоо өткөрүүгө салым кошууга чакырды.
Шайлоо комиссиялары, мамлекеттик жана ЖӨБ органдары шайлоочулардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү жана шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү үчүн укуктук тең шарттарды түзүү максатында бардык чараларды көрүүгө тийиш.
Шайлоону уюштурууга ар тараптан көмөктөшүү менен катар башкаруу органдары комиссиялардын ишине кийлигишүүгө жол бербеши керек.
Т. Шайназаров талапкерлердин кызыкчылыгына администрациялык ресурсту укук ченемсиз колдонууга жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы натыйжалуу чараларды көрүү жана ага жол бербөө укук коргоо органдарынын маанилүү жана артыкчылыктуу милдети катары белгиледи.
Шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо максатында Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясында Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу (ЫЧКТ) түзүлдү.
Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча ЫЧКТга жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү даректер аркылуу кайрылсаңыз болот:
- WhatsApp номуру: 0990 02- 12- 55; 0(502) 00-12-55;
- ишеним телефону: 0312 62-63-24;
- электрондук дарек: kgor_cec@shailoo.gov.kg.
Кадамжай АШКдагы ЫЧКТ төрагасы А. Жакипов – 0772145191.
Алдыдагы шайлоого карата 5 шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу түзүлгөн. Мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 41 адам, анын ичинен 11 аял талапкер катары көрсөтүлдү.
Учурда Майдан айылдык кеңеши боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 8 118 адамды түзүүдө, алдын ала тизмеге салыштырганда өсүш 42 шайлоочуну түздү. 2018-жылы өткөн шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны 1511 адамга көбөйдү.
2022-жылдын 19-сентябрына чейин Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо улантылып жаткандыгы белгиленди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер үчүн тренинг өткөрдү
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде анык жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкерлер үчүн шайлоо процессинин негизги маселелери боюнча окутуу өткөрдү.
Талапкерлер жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу эрежелери жана учурдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен тааныштырылды.
Талапкерлерди каттоо эрежелери, шайлоо өнөктүгүн каржылоо, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүү эрежелери тууралуу маалымат берилди.
Талапкерлер катталгандан кийин талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар www.talapker.shailoo.gov.kg сайтына чагылдырылат (талапкерлер тууралуу маалыматтар, талапкерлердин шайлоо алдындагы программалары, шайлоо фонддору).
Шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерине, арыздарга (даттанууларга), аларды кароо жана чечүү тартибине жана КР мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликке айрыкча көңүл бурулду.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык, шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү - токтоосуз каралууга жатат.
Даттануулар, аларды кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу тартиби БШКнын Даттануулар жана бузуулардын реестри (https://shailoo.gov.kg/ru/registry/) деген атайын электрондук ресурсунда ачык жарыяланат.
www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында шайлоочулардын контролдук тизмелери жайгаштырылган, ал тизмелер шайлоочуларга тааныштыруу жана тиешелүү маалыматтарды тактоо үчүн шайлоо участокторунда дагы илинген.
Кандайдыр бир ката же так эместик табылган учурда өзүн шайлоочулардын тизмелеринен тактоо жана буга байланыштуу арыздарды кабыл алуу 2022-жылдын 23-сентябрына (кошо алганда) чейин жүргүзүлөт.
Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмелерин жаңылоо, тактоо күн сайын (ал эми шайлоолордун аралыгында айына 1 жолу) жүргүзүлөт.
Добуш берүү күнүнөн кийин www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталында жана шайлоо участокторунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын тизмелери жайгаштырылат.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча маалымат менен (http://ess.shailoo.gov.kg) Маалыматтык шайлоо тутуму сайтынан тааныша аласыз.
УШКда кол менен саноонун протоколдорунун, АШКнын протоколдорунун көчүрмөлөрү жана идентификациялоо жөнүндө отчеттор менен (http://protocol.shailoo.gov.kg/) Кол менен саноонун протоколдорунун жана идентификациялоонун жыйынтык отчетунун графикалык чагылдырылуусу сайтынан тааныша аласыз.
Шайлоо процессинин жүрүшүнө жана шайлоо мыйзамдарына байланыштуу келип чыккан бардык маселелер боюнча 1255 кыска номери аркылуу маалымат берүү кызматына кайрылсаңыз болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2022-жылы 8-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны – 41 адам, анын ичинен 11 аял талапкер катары көрсөтүлдү.
Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күн ичинде – 2022-жылдын 19-сентябрына чейин Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерет.
Паспорттук маалыматтарды, жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүн (каттоо), КР жарандыгын (КР СӨМ), жоюлбаган соттолгондугунун жоктугун (ИИМ) ж.б. маалыматтарды текшерүү “Түндүк” Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутумун пайдалануу аркылуу дагы жүргүзүлөөрүн белгилей кетүү керек. Ошондой эле мыйзамдын шайлоодо талапкерлердин жалпы орто билиминин бардыгы, шайлоо күрөөсү тууралуу ж.б. талаптар бөлүгүнүн ченемдери колдонулат.
Ар бир шайлоо округу боюнча мандаттардын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу айылдык кеңештерге шайлоонун маанилүү өзгөчөлүгү болуп саналат.
Майдан айылдык кеңешин шайлоодо түзүлгөн 5 шайлоо округу боюнча 9 мандат мыйзамга ылайык аялдар үчүн резервге калтырылды.
Округдар боюнча айылдык кеңешке талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө маалымат:
№
Айылдык кеңештин аталышы
Округ-
дардын
аталышы
УШК саны
Шайлоо-чулардын саны
Мандат-тардын саны
Аялдар үчүн резерв
Көрсө-
түлгөн талапкер-лердин
саны
анын ичинен:
Өзүн-өзү көрсөтүү
Саясий партиядан
аялдар
Баткен облусу
Кадамжай АШК
Бардыгы:
5
5
8118
21
9
46
46
0
11
1
Майдан
№1 Кара-Жыгач шайлоо округу (№8110 УШК)
1
2311
6
2
11
11
0
2
№2 Майдан шайлоо округу (№8111 УШК)
1
1899
5
2
10
10
0
2
№3 Кароол шайлоо округу (№8112 УШК)
1
610
2
1
4
4
0
1
№4 Сары-Алтын шайлоо округу (№8153 УШК)
1
1750
4
2
9
9
0
3
№5 Исамариям шайлоо округу (№8195 УШК)
1
1548
4
2
12
12
0
3
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргызстанда жарандык жана санариптик билим берүү долбоору ишке кирди
Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен КР Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу коом үчүн маанилүү “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору расмий түрдө ишке кирди. Долбоордун уникалдуулугу аны ишке ашыруу моделинде - мамлекет бүткүл өлкө боюнча жайгашкан жана жабдылган 70 борбордун базасында кызыкдар тараптардын күч-аракетин жана потенциалын бириктирүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү, ал эми долбоордун өнөктөштөрү тутумдуу билим берүү жана маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ресурстарды бириктирди. Ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында 30дан ашык ири өнөктөш уюмдар долбоорго кошулду. Булар мамлекеттик органдар гана эмес, жарандык коом уюмдары, бизнес сектору, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө лидер болгон белгилүү жарандар.
Долбоор төмөнкүдөй бир нече негизги багыттардан турат: жарандык билим берүү, санариптик билим берүү, мамлекеттик санариптик кызматтарды көрсөтүүдө калкты колдоого алуу боюнча багыт жана тегерек столдорду, дебат клубдарын өткөрүү, ийгиликтүү эксперттер менен жолугушуулар үчүн жана аялдардын лидерлигин илгерилетүү боюнча коммуникация аянтчасы (коворкинг). Билим берүү жана маалыматтык агартуу иштери ар кандай форматтарда (онлайн, оффлайн, шыктандыруучу жолугушуулар ж.б.) жүргүзүлөт.
Борборлордун иши жарандардын бардык категорияларына багытталган, анын ичинде улгайган адамдар, жаштар, аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын программалар бар. Долбоор жарандык жана санариптик чөйрөлөрдөгү кеңири темаларга, анын ичинде КР Президентинин жарлыктарын жана стратегиялык өнүктүрүү программаларын, атап айтканда, жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн “Кыргыз жараны” концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында иш алып барууга багытталган. Улуттук каада-салттарды сактоо жана өнүктүрүүнүн 2022-2027-жылдарга улуттук программасын ишке ашырууга ылайык, руханий, адеп-ахлак багыты дагы борборлордун ишинин маанилүү өңүтү болуп эсептелет. Программаларды ишке ашырууда заманбап демократиялык принциптер жана адам укуктарынын жана эркиндигинин жалпы адамзаттык баалуулуктары менен бирге, “Манас” эпосу боюнча элдин эң мыкты тарыхый салттары эске алынат.
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун катышуусунда КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун расмий ачылуусу долбоордун алгачкы өнөктөштөрүн чакыруу менен Бишкек шаарындагы борборлордун биринде болуп өттү. Салтанаттуу иш-чаранын алкагында өлкөнүн ар кайсы аймактарында өткөрүлүп жаткан билим берүү программаларынан түз байланыш уюштурулду. Түз байланыштардын биринде Борбордук Азиянын IT форумунун Америка Кошмо Штаттарында жайгашкан Кыргызстандын IT делегациясы байланышка чыкты, ал жакта биздин мекендештер Кыргызстандын IT имиджин илгерилетип, өлкөнүн IT тармагына инвестиция тартууда. Ошондой эле иш-чарада 20га жакын билим берүү жана агартуу программалары менен шыктандыруучу жолугушууларды (жарандык багыт жана санариптик багыт боюнча) камтыган борборлордун өнөктөштөр менен биринчи биргелешкен программасы көрсөтүлдү. Катышуучуларга «Манас» эпосу боюнча тартылган алгачкы видеороликтер да тартууланды.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз билим берүү академиясы, УИАнын мамлекет жана укук институту, УИАнын А. Алтымышбаев атындагы философия институту, УИАнын Б. Жамгырчинов атындагы тарых, археология жана этнология институту, КР Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши, “Манас” жана Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук академия, Озон борбору, Кыргызстан калкынын тарыхый жана маданий “Мурас” фонду, руханий маданиятты өнүктүрүүчү “Ыйман” фонду, КР Улуттук тарых музейи, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Борбор Азиядагы жаштардын IDEA дебат клубу, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы – жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу жарандык билим берүү боюнча долбоордун өнөктөштөрү болуп калды.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик, IT компаниялардын КАРПОУ бирикмеси жана IT академия, Жогорку технологиялар паркы, Электрондук соода ассоциациясы, Digital академиясы, Кыргызстан банктарынын бирлиги, “Түндүк” мамлекеттик мекемеси, “Инфоком” мамлекеттик ишканасы жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Digital CASA-КР” долбоору, Креативдүү индустриялар ассоциациясы, Jyldyz Academy жана Тимур Мон, Namba Group жана Аман Тентиев, КР Улуттук банкы, “Санарип 50+”, КР Киберспорт коомчулугу, “Альфа телеком” ЖАК санариптик билим берүү долбоорунун өнөктөштөрү болуп саналат.
Долбоордун эл аралык өнөктөштөрү – Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы, “БУУ – аялдар” түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси, Кореянын эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) жана Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.
Долбоор КР Президенти жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун мамлекеттик сектордогу негизги өнөктөштөрү болуп эсептелет.
Долбоор жаңы программаларды түзүү жана аларды тутумдуу ишке ашыруу аркылуу акырындык менен өнүгүп, ошондой эле өнөктөштөрдүн өлкөдөгү тармактары аркылуу эң алыскы райондордо жана айылдарда борборлордун саны көбөйө берет.
Билим берүү жана заманбап Кыргыз жаранын калыптандыруу аркылуу күч-аракеттерди бириктирүүгө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошууга бардык кызыкдар жактарды чакырабыз!
Өнөктөштүктү калыптандыруу жана программаларга жазылуу үчүн байланышуу – 0312 620171, bilim@shailoo.gov.kg
Кененирээк билүү >>
КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча ири IT бизнес ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер жана агенттиктер менен меморандумдарга кол коюлду
КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүүнүн алкагында, КР БШК менен ири IT жана бизнес ассоциациялар, мамлекеттик мекемелер жана агенттиктер, санариптик долбоорлор жана башка кызыкдар уюмдардын ортосунда аймактарда биргелешкен билим берүүчү жана агартуучулук иштерди алып баруу боюнча келишимдерге жетишилди.
Долбоордун санариптик билим берүү багытынын негизги максаты – жарандардын санариптик тейлөөлөрдү, электрондук кызматтарды колдонуу боюнча санариптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жакшыртуу жана заманбап санариптик технологияларга ишенимин жогорулатуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасында ар түрдүү тармактарда санариптештирүүнү өнүктүрүүнү колдоо үчүн жаштарды IT чөйрөсүнө тартууну көздөйт.
Өлкө боюнча жайгаштырылган жана жабдылган 70 борбордун базасында ар кандай форматтагы биргелешкен окуу программаларын, конок лекцияларын, тегерек столдорду, санариптик лидерлер жана эксперттер менен жолугушууларды өткөрүү жана кызматташуу боюнча ниеттерин буга чейин төмөнкүлөр билдиришкен:
Алдыңкы мамлекеттик орган – санарип билим берүү боюнча өнөктөш КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Персоналдуу маалыматтарды коргоо боюнча агеттик (жекече маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук, кибертазалык);
IT компаниялардын КАРПОУ бирикмеси жана IT академиясы (базалык ИТ компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүү программасы);
Жогорку технологиялар паркы (дата-аналитика боюнча окутуу программасы);
Электрондук соода ассоциациясы (санариптик сабаттуулук);
Digital Академиясы (популярдуу санарип кесиптерге санарип көндүмдөр боюнча базалык курс);
Кыргызстандын банктарынын союзу (санарип финансылык сабаттуулук);
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси (мамлекеттик санарип кызматтар жана сервистер);
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы (санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталын пайдалануу жана электрондук кол тамганы ЖСБББда (жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда) каттоо менен электрондук тейлөөлөрдү ЭКТ коштоосу аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү менен);
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Digital CASA- КР» долбоору (базалык санариптик компетенттүүлүктөр, санарип эксперттердин тренингдери);
Креативдүү индустриялар ассоциациясы (санарип дизайн);
Jyldyz Academy (HackIT курсунун программасы жана Тимур Мон менен шыктандыруучу жолугушуулар);
Namba Group (Мобилдүү санарип технологиялар жана сервистер, Аман Тентиев менен шыктандыруучу жолугушуулар);
КР Улуттук банкы (мектеп окуучулары, студенттер жана эл үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери, “Топтоо” ишкер оюну);
“Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондусу (чоңдор үчүн “Санарип 50+” санарип билим берүүнүн негиздери);
КР киберспорттук коомчулугу (шыктандыруучу лекциялар жана фестивалдарды өткөрүү).
«Альфа телеком» ЖАК (санарип мобилдүү сабаттуулук).
Долбоор санариптик жана жарандык билим берүү жагынан мамлекеттик, жеке секторлордун, донорлордун жана бизнес-коомчулуктардын жана бардык кызыкдар тараптардын ресурстарын жана күч-аракеттерин консолидациялоо үчүн туруктуу бириктирүүчү платформа максатында иштелип чыккан. Ошондой эле коммуникация аянтчасы (коворкинг) катары тегерек столдорду, ийгиликтүү лидерлер менен жолугушууларды, жаштардын дебат клубдарын өткөрүү жана аймактарда аялдардын лидерлигин жайылтууга да кызмат кылат.
Долбоор КР Президенти жана Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун мамлекеттик сектордогу негизги өнөктөштөрү - КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКга караштуу жарандык жана санариптик билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча жарандык коом институттары, коомдук уюмдар менен меморандумдарга кол коюлду
КР БШКга караштуу “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүүгө даярдык көрүү алкагында аймактарда биргелешкен билим берүү-агартуу тууралуу КР БШК менен ар түрдүү жарандык институттар, коомдук уюмдар жана башка кызыкдар тараптардын ортосунда келишимге жетишилди.
Жарандык билим берүү боюнча долбоордун багытынын негизги максаты – Кыргызстан элинин бай мурастарына, заманбап демократиялык принциптерге жана мекенчилдикке негизделген билимдерди, көндүмдөрдү жана жарандык жалпы баалуулуктар тутумун үйрөтүүнүн негизинде компетенциялуулукту жана жарандык жигердүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүү, укук маданиятын жогорулатуу.
Кызматташуу жана өлкө боюнча жайылтылган жана жабдуулары бар 70 борбордун базасында ар түрдүү форматтарда биргелешкен окутуу программаларын, лекция, тегерек стол, лидерлер жана эксперттер менен жолугушуу өткөрүү ниетин 10дон ашык өнөктөш билдирди. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:
Жарандык билим берүү боюнча жетектөөчү мамлекеттик органдар – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
“Жаран. Мамлекет. Шайлоо” багыты боюнча – Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү
“Тарых. Бабалардын мурасы (даанышмандыгы). “Манас” эпосу укук маданиятынын булагы катары” багыты боюнча – “«Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы”;
“Туруктуу өнүктүрүү үчүн экологиялык билим берүү” багыты боюнча – Озон борбору;
“Жаштардын дебаты” багыты боюнча – Жаштардын IDEA дебат клубу;
“Кыз-келиндердин лидерлиги” багыты боюнча – Борбордук Азиянын жергиликтүү башкармалыгынын академиясы жана Депутат аялдардын клубу.
Долбоор мамлекеттик жана жеке секторлордун, донор жана бизнес-уюмдардын, бардык кызыкдар тараптардын жарандык жана санариптик билим берүү жаатында ресурстарын жана күч-аракеттерин баш коштуруу үчүн бириктирүүчү туруктуу аянтча болуп калууга, ошондой эле тегерек столдор, ийгилик жараткан лидерлер менен жолугушуу үчүн коммуникациялык аянтча (коворкинг), жаштардын дебат клубдарын өткөрүү, аймактардагы кыз-келиндердин лидерлигин илгерилетүү үчүн орун катары кызмат кылууга тийиш.
Долбоор КР Президентинин Администрациясынын жана КР Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Мамлекеттик жана жеке сектор тараптан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Санариптик ѳнүктүрүү министрлиги жана КР Билим берүү жана илим министрлиги долбоордун негизги өнөктөштөрү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмеси түзүлдү
Шайлоочулардын контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мындан ары – КР СӨМ) маалыматтарынын негизинде түзүлгөн, КР БШК шайлоочулардын "Тизме" мамлекеттик порталына жайгаштырылган - https://tizme.gov.kg/.
Майдан айылдык кеңеши боюнча контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 8118 шайлоочуну түздү, алдын ала тизмелерге салыштырмалуу шайлоочулардын саны 42 адамга өстү. Шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоочулардын тизмелери шайлоо участокторуна илинген.
Шайлоо мезгилинде шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу жана тактоо күн сайын, шайлоочулардын кайрылуусу боюнча жана КР СӨМ менен өз ара байланышта жүргүзүлөт.
Урматтуу шайлоочулар!
2022-жылдын 20-августунан тартып 23-сентябрына чейинки (кошуп алганда) мезгилде шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:
1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
«tizme.gov.kg» сайтында;
2022-жылдын 10-августунан тартып шайлоо участогунда;
Же өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Маанилүү! Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2022-жылдын 23-сентябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ – ЦОН) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.
Маалымдама: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык каттоодон өткөн, добуш берүү күнүнө карата жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон КР бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү жарандын паспортунда жашаган жерин каттоо жөнүндө белги менен аныкталат.
("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-бер. 41-абз.; 12-бер. 1-бөлүгү.).
2022-жылдын 4-сентябрына карата Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын саны жөнүндө маалымат
№ к/н
№ УШКнын номери жана жайгашкан жери
Округдун аталышы
Жалпы саны 8118
18-29
30-39
40-49
50-59
60-69
70-
1
8110 Кара-Жыгач айылы, Маданият үйүнүн имараты, Кара-Жыгач көчөсү, 51
Кара-Жыгач
2311
747
527
393
308
234
102
2
8111 Майдан айылы, "Исфайрам" атындагы орто мектеп, А.Кудайназаров көчөсү, 6 М
Майдан
1899
560
480
306
240
202
111
3
8112 Кароол айылы, М.Таиров атындагы орто мектеп, Т.Ашуров көчөсү, 12
Кароол
610
177
151
88
81
79
34
4
8153 Сары-Алтын айылы, "Сары-Алтын" атындагы орто мектеп, Сары-Алтын көчөсү, 4
Сары-Алтын
1750
550
466
338
218
149
29
5
8195 Кара-Дөбө айылы, Темирбаев атындагы орто мектеп, Кара-Дөбө көчөсү, 5
Исамариям
1548
489
376
315
236
92
40
Кененирээк билүү >>
КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайт
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!
Көз карандысыздык күнү ар бир кыргызстандык үчүн өлкөбүздүн бүгүнкүсү жана келечеги үчүн улуттук биригүүнүн, ынтымактын жана жоопкерчиликтин символу болуп саналат. Бул көрүнүктүү күнү сиздерге алдыга койгон бардык пландарыңыздын ийгиликтүү ишке ашуусун, жаңы жеңиштерди жана жетишкендиктерди, туруктуу келечекке жана бакубат жашоого ишенүүнү каалайбыз! Өлкөбүздө тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү болсун!
Бул майрам Мекенибизди сүйгөн, анын тарыхын жана кылымдарды карыткан каада-салтын урматтаган, татыктуу келечеги үчүн эмгектенген бардык адамдарды бириктире берсин.
КР Борбордук шайлоо комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы үчүн онлайн-окутуу өткөрдү
КР БШК Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2022-жылдын 30-августунда бекитилген графикке ылайык Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы үчүн онлайн-окутуу болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ №280 Жарлыгына ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоону 2022-жылдын 9-октябрына – жекшембиге дайындалды.
Окутууда шайлоодо жана шайланма органдарда аялдарды колдоо максатында шайлоо округдарында мандаттардын жалпы санынын 30 пайыздан аз эмесин аялдар үчүн резервге калтыруу жөнүндө түшүндүрүлдү. Атап айтканда, мандаттардын саны шайлоо округдары менен бирге жарыяланат. Шайлоонун жыйынтыктарын аныктоодо ушул резервге калтырылган мандаттар башка талапкер аялдарга караганда көбүрөөк добуштардын санына ээ болгон талапкер аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт, андан кийин калган мандаттар рейтинг боюнча башка талапкерлер арасында бөлүштүрүлөт.
Учурда Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрүүдө. Талапкерлерден документтерди кабыл алуу шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин аяктайт. Депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө 20 календардык күн калганда б.а. 2022-жылдын 19-сентябрына чейин аяктайт.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо участокторуна кирүүсүн камсыздоо боюнча ченемдер түшүндүрүлдү. Атап айтканда, Майдан айыл аймагынын 5 шайлоо участогунун 3өө – мектеп имаратында, 1өө - бала бакча имаратында, 1өө – клуб имаратында жайгашкан. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. Бул маселе прокурордук көзөмөлдүн предмети болуп саналат.
Ошондой эле Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо тартибине, «Электрондук талапкер» программасынын иштөөсүнө, талапкерлердин шайлоо фонддорун түзүүгө, ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишине, маалымдоого жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө, арыздарды, даттанууларды кароо тартибине, КР БШКнын маалыматтык ресурстарына, жаңы шайлоо технологияларын пайдаланууга байланыштуу маалымат берилди жана комиссия практикалык көндүмдөргө ээ болду.
Маалымат үчүн: 2022-жылдын 5, 6-сентябрында Майдан айылдык кеңешинин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу пландалууда.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн ЖМКларды аккредитациядан өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-августундагы жыйналышында 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн 4 (төрт) жалпыга маалымдоо каражатын аккредитациялоого токтом кылды.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси:
№
ЖМКнын түрү
Саны
ЖМКнын аталышы
1
Теле көрсөтүү
2 (эки)
1. Баткен облусунун медиа борбору
2. “ЮТС” телеканалы
2
Радио
1 (бир)
“Салам Медиа” радиосу
3
Басылма
1 (бир)
«Баткен таңы»
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.10.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
21.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
19.10.2026
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19.10.2026
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19.10.2026
Байкоочунун шайлоодогу укуктары жана милдеттери
16.10.2026
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү