Башкы Жаңылыктар Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо …

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери жөнүндө

18-Авг, 2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы ПЖ №280 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелери жөнүндө маалымат берет жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзам ченемдерин сактоону жана шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ушул эрежелерин жетекчиликке алууну өтүнөт.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык талапкерлер Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, саясий партиялар талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт (2022-жылдын 8-сентябры шайлоо фондун түзүү жана шайлоо күрөөсүн төгүү үчүн акыркы мөөнөт болуп саналат).

КР БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которуу үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1000 сомду түзөт.

Айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн мыйзам менен белгиленген тыюу салууларды кошпогондо):

- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- саясий партиянын өз каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;

- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Мында айлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдардын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондунун атайын эсеп өзүнүн акча каражаттарын акысыз кошуу ыктыярдуу кайрымдуулук берүү катары таанылат.

Шайлоо фонддоруна төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук көрсөтүүсүнө тыюу салынат:

- чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын;

- жарандыгы жок адамдардын;

- мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын, укук коргоо органдарынын, соттордун ж.б.;

- кайрымдуулук менен алектенген уюмдардын;

- диний уюмдардын;

- атын атабай кайрымдуулук кылуучулардын (атын атабай кайрымдуулук кылуучу дегенде, төмөнкү жаран түшүнүлөт, эгерде ал төмөнкү маалыматтардын кайсынысын болбосун көрсөтпөй койсо: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган жеринин дарегин, паспорттук маалыматтарын, ошондой эле ал тарабынан өзү жөнүндө анык эмес маалыматтар көрсөтүлсө).

Шайлоо фондун түзгөн бардык акча каражаттары талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттар боюнча атайын эсептерди ачуу, жүргүзүү, эсепке алуу жана отчёттуулук үчүн КР БШК аныктаган (КР БШКнын 10.08.2022-ж. №74 токтому) «РСК Банк» ААКтын жана «Айыл Банк» ААКтын банк мекемелериндеги атайын эсепке которулат.

Шайлоо фондуларына түшкөн акча каражатар улуттук валютада кабыл алынат.

Талапкер, саясий партия өз шайлоо фондун түзүү үчүн бир гана атайын эсеп ачууга укуктуу. Мында айылдык кеңешке талапкерлерди көрсөткөн саясий партия айылдык кеңешке ар бир талапкер үчүн белгиленген түшүүлөрдүн жана сарптоолордун чектик суммаларына карата талаптарды сактоого тийиш. Саясий партиялар тарабынан айылдык кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер өз шайлоо фондун түзүүгө укуксуз.

Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу багытка ээ. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга гана пайдаланылышы мүмкүн.

Талапкер, саясий партия жарандар жана юридикалык жактар добуш берүү күнүнө чейин белгиленген тартипте которуп, берген кайрымдуулуктарды гана пайдаланууга укуктуу.

Шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттардан тышкары, башка акча каражаттарын жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

Юридикалык жактарга, алардын филиалдарына, өкүлчүлүктөрүнө, жеке жактарга шайлоолор менен түздөн-түз же кыйыр байланышкан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, товарларды сатып өткөрүүнү акысыз аткарууга же негизсиз төмөндөтүлгөн баалар боюнча аткарууга тыюу салынат.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөткөн талапкер, саясий партия 2022-жылдын 8-сентябрына чейин (кошуп алганда) ар бир талапкер үчүн өздөрүнүн шайлоо фонддорундагы каражаттардын эсебинен мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он эсе өлчөмүндө (бир миң сом) жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу КР БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн төгөт.

Банк мекемелери Борбордук шайлоо комиссиясына талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берип турат.

Көрсөтүлгөн банк маалыматтары «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму (ЭВӨТ) аркылуу электрондук таризде берилет жана шайлоо фонддорун каржылоонун айкындуулугу жана ачыктыгы максатында КР БШКнын https://www.shailoo.gov.kg/ расмий сайтында (Башкы бет/Талапкерлер жана партиялар) көрсөтүлүп турат. Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору боюнча кыйла кеңири маалыматты жалпыга жеткиликтүү https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_aiyl шилтемеси боюнча алууга болот.

Талапкерлер, саясий партиялар Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына өз фондунун өлчөмдөрү жана аны түзгөн бардык булактар жөнүндө, ошондой эле бардык сарпталган чыгымдар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

1) Биринчи финансылык отчет – добуш берүү күнүнө чейин 10 күн калгандан кечиктирилбестен (2022-жылдын 28-сентябрына чейин (кошуп алганда).

2) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет (жыйынды маалыматтар) – добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен (2022-жылдын 19-октябрына чейин (кошуп алганда).

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана сарптоо тартибине Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы контролдук жүргүзөт.

Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна каражаттардын түшүү булактарына, ал каражаттарды туура эсепке алууга жана пайдаланууга, шайлоо күрөөсүн төгүүгө жана кайтарып берүүгө, талапкерлердин, саясий партиялардын финансылык отчетторун текшерүүгө Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Көзөмөлдөө-текшерүү тобу контролдук жүргүзөт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>