10.04.2026 №75 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө
№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин 2026-жылдын 10-апрелиндеги (кириш № 12/669) каттосун жокко чыгаруу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Джунусалиев Рамис Майрамбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 1042 “Джунусалиев Рамис Майрамбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө” чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
- Ушул чечим Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Б.А. Конуровго жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. А. Жупуева
Бишкек ш., 2026-жылдын 10-апрели
№ 75
