31.03.2026 №74 “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда катталган укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча чараларды көрүү тууралуу
“Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда катталган укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча чараларды көрүү тууралуу
2021-жылдан тартып 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан салынган “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда айып пул салуу боюнча ыктыярдуу төлөө мөөнөттөрү (21 күндөн 1448 күнгө чейин) өтүп кеткен 15 административдик жаза чараларын көрүү жөнүндө протоколдор катталган.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин (мындан ары – Кодекс) 555-беренесине ылайык жаза чарасын көрүү жөнүндө токтом бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат жана мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып аткарылууга тийиш.
Ушул чечимдин № 1 жана № 2 тиркемелеринде көрсөтүлгөн жактар айып пулду өз ыктыяры менен төлөө боюнча милдеттенмени Кодекстин 563-беренесинде каралган мөөнөттөрдө аткарышкан эмес.
Буга байланыштуу, ушул чечимдин № 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн материалдарга карата токтомдор белгиленген тартипте аткарылбагандыгы жана аларды аткаруунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгы аныкталды. Кодекстин 558 жана 559-беренелеринин талаптарына ылайык, эгерде токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын ичинде аткарылбаса, анда ал аткарууга жатпайт.
Ошону менен бирге ушул чечимдин № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн материалдар боюнча, токтомдор да ыктыярдуу тартипте аткарылбагандыгы, бирок аларды аткаруунун эскирүү мөөнөтү аяктабагандыгы аныкталды, бул Кодекстин талаптарына ылайык аларды мажбурлап аткартуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылат.
Жогорудагы баяндалгандарды эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 555, 558, 559, 563, 568-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 803 токтому менен бекитилген Укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 50 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароосунун тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына төмөнкүлөр жүктөлсүн:
- “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда ушул чечимдин № 1 тиркемесине ылайык токтомдорду аткаруунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтомдорду түзсүн;
- “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда ушул чечимдин №2 тиркемеге ылайык аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматына материалдарды жөнөтүү менен туум чегерилген айып пулдарды мажбурлап өндүрүү жөнүндө токтомдорду түзсүн.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жарыялансын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиянын жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-ж. 31-март
№ 74
