Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

17-ноябрь шайлоо: шайлоо участкаларын 2ГИС тиркемеси аркылуу табууга болот
12.11.2024

17-ноябрь шайлоо: шайлоо участкаларын 2ГИС тиркемеси аркылуу табууга болот

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы шайлоо участкаларын, ошондой эле башка шаарлардагы аралыктан добуш берүү үчүн түзүлгөн шайлоо участкаларын 2ГИС тиркемеси аркылуу табууга болоорун маалымдайт. Эске сала кетсек, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен жана Талас шаарларында бирден аралыктан добуш берүү үчүн атайын шайлоо участкалары ачылган. 2ГИС тиркемеси шайлоо участкаларынын жайгашкан жерин гана эмес, ага бара турган ыңгайлуу маршруттарды да көрсөтөт. Бул шайлоо участкаларын табууга жана жайгашкан жерди туура багыттоого оңой жана ыңгайлуу болот. Өзүнө ыңгайлуу участканы табуу үчүн, шайлоочу 2ГИС тиркемесинде «шайлоо участкалары» деген сөздү же белгилүү бир участоктун номерин жазып, керектүү участоктун жайгашкан жерин жана ага баруу жолун көрө алат. Мындан тышкары, тиркеме жөө же автоунаа менен бара турган эң ыңгайлуу маршрутту дагы сунуштайт. КР БШК ошондой эле шайлоо участкаларынын картасын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан https://shailoo.gov.kg/ru/map/ шилтемеси аркылуу табууга болорун билдирет.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республикалык жана облустук телеканалдарда теледебаттарды ѳткѳрүүнүн  графиги тууралуу маалымдайт
11.11.2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республикалык жана облустук телеканалдарда теледебаттарды ѳткѳрүүнүн графиги тууралуу маалымдайт

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик телекөрсөтүү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо саясий партияларга бекер эфир убактысын берүүгө милдеттүү. Бул убакыт иш күндөрү кечки саат 20:00дөн 24:00гө чейин кеминде бир саатка бөлүнөт. Бул убакыттын жарымын биргелешкен дебаттарга бөлүү керек, анда бардык партиялар бирдей шартта катыша алат. Дебат төмөнкүлөрдү ѳзүнѳ камтыйт: 1. Партиянын программасын презентациялоо. 2. Алдын ала даярдалган жана түз эфирде ачылып жарыя кылынган суроолорго жооптор. 3. Катышуучулардын бири-бирине суроолору. 4. Шайлоочуларга кайрылуу. КР БШК «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык дебаттар эки же андан ашык талапкерлердин, саясий партиялардын талапкерлеринин тизмесиндеги талапкерлердин ар кандай социалдык маанилүү маселелер, анын ичинде жарыяланган шайлоо программаларына тийиштүү маселелер боюнча ачык пикир алмашуулары болуп саналат. Алып баруучу катышуучулар менен мурда макулдашылган тартипти сактоого, дебаттын жүрүшүнө кийлигишпөөгө жана эч кимге артыкчылык бербөөгө милдеттүү. Катышуучулар эрежелерди сактоого, мазактоого жана жалган билдирүүлөргө жол бербестен этикалык нормалардын алкагында талкуу жүргүзүүсү керек. Тартипти бузууга, башкалардын оюнун үзгүлтүккө учуратууга же комментарий берүүгө тыюу салынат. УТРКда Бишкек шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги: Датасы: 14 ноябрь, Бишкек ш. Убактысы: 22:15 - «Жаңы күч — Новая сила» - «Эл Үмүтү» - «Эмгек» - «Улуу-Журт Датасы: 15 ноябрь, Бишкек ш. Убактысы: 22:15 - «Ынтымак» - «Адилет» - «Социал-демократтар» “Ош” УТРКда Ош шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги: Датасы: 14 ноябрь, Ош ш. Убактысы: 20:30 - «Жаңы Кыргызстан» - «Ынтымак» - «Мурас» - «Милдет» - «Бир Бол» “Жалал-Абад” УТРКда Жалал-Абад шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги: Датасы: 15 ноябрь, Жалал-Абад ш. Убактысы: 20:30 - «Жаңы Кыргызстан» - «Эмгек» - «Адилет» «Нарын» УТРКда Нарын шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги: Датасы: 14 ноябрь, Нарын ш. Убактысы: 21:00 - «Жаңы Кыргызстан» - «Ынтымак» - «Социал-демократтар» Датасы: 15 ноябрь, Нарын ш. Убактысы: 21:00 - «Эл Үмүтү» - «Ишеним» - «Адилет» “Талас” УТРКда Талас шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги: Датасы: 13 ноябрь, Талас ш. Убактысы: 19:30 - «Эл Үмүтү» - «Аманат» - «Социал-Демократтар» Датасы: 14 ноябрбь, Талас ш. Убактысы: 19:30 - «Ынтымак» - «Бирге-Вместе» - «Жаңы Кыргызстан» “Чүй” УТРКда Токмок шаардык кеңешине саясий партияларынын теледебаттарынын графиги: Датасы: 13 ноябрь, Бишкек ш. Убактысы: 19:20 - «Адилет» - «Жаңы Нур» - «Ынтымак» Датасы: 14 ноябрь, Бишкек ш. Убактысы: 19:20 - «Ыйман Нуру» - «Эл Биримдиги» - «Бирге-Вместе» Датасы: 15 ноябрь, Бишкек ш. Убактысы: 19:20 - «Ордо» - «Ишеним» - «Кыргызстан Коммунистик Партиясы» Теледебаттарды УТРК түз алып көрсөтөт. Эң маанилүү маселелер боюнча партиялардын пикирин угуп, туура чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык боюнча Нарын облустук штабынын кеңешмеси
11.11.2024

Шайлоо 17-ноябрь: жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык боюнча Нарын облустук штабынын кеңешмеси

17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануу жана өткөрүү маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгын аткаруу максатында алдыда болуучу шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык комиссияларга көмөк көрсөтүү боюнча 11-ноябрда Нарын шаарында облустук штабдын кеңешмесинде талкууланды. Кеңешменин ишине КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын орун басары Т.Шайназаров, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешов, Нарын шаарынын мэри К.Тутуев, райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз аллдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура, укук коргоо органдарынын, шаардык инфратүзүмдөрдүн жана билим берүүнүн өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты. Кеңешменин катышуучулары алдыда болуучу шайлоого материалдык-техникалык даярдыктын жүрүшүн талкуулады. Кеңешменин жыйынтыктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо күнүндө шайлоо комиссияларынын ишке толук даярдыгын камсыз кылуу тапшырылды. Өзгөчө бул Нарын облусунун аба-ырайынын катаал шарттарын эске алуу менен участкаларды жылытууга тиешелүү: - аймактык шайлоо комиссияларына резервдик жабдууларды сактоо үчүн жай берилсин ; - шайлоо участкалары мамлекеттик желектер менен камсыз кылынсын; - шайлоо комиссиялары көчүрмөлөөчү аппараттар менен камсыз кылынсын; - добуш берүү үчүн жай үзгүлтүксүз электрэнергиясы, байланыш менен камсыз кылынсын, ошондой эле генераторлор менен жабдылсын; - онлайн трансляциялоо жана видео тартып алуу үчүн видеокамераларды орнотууга көмөк көрсөтсүн. Т.Шайназаровдун сунушу боюнча шайлоо күнүндө 169 шайлоо участкасында шайлоо техникасынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө ыкчам режимде көз салуучу техникалык жардам көрсөтүүчү 49 атайын топту транспорт менен камсыз кылуу маселеси чечилди. Ошондой эле ДСМЧ шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн шарттар да талкууланды, облус боюнча – 505 адам. ДСМЧ керектөөлөрүнүн картасына ылайык 160 шайлоо участкасында пандустар, чакыруу кнопкалары орнотулду. Бардык жерде ири шрифт менен жана/же Брайль шрифтин колдонуу менен шайлоо жөнүндө маалыматтар бар такталар жайгаштырылды. Т.Шайназаров белгилегендей, Кыргызстанда шайлоонун эволюциясы азыркы убакта административдик ресурсту колдонуу, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу сыяктуу бузуулардын сезилээрлик азайышына алып келди. Алсак, бүгүнкү күндө Нарын облсунун ыкчам чара көрүү тобунда (ЫЧККТ) болгону 2 бузуу катталган, алар боюнча тиешелүү ыкчам чаралар көрүлдү. Облустун укук коргоо органдарына шайлоо убагында коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо жабдууларын ташуунун, жеткирүүнүн жана кайтаруунун коопсуздугу; шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга, мыйзамдарды башка бузууларга өз убагында жана натыйжалуу каршы аракеттенүү тапшырылды. Мында ЫЧККТга кирген бардык органдар өзүлөрүнүн компетенциясынын чектеринде аракеттенүүгө тийиш. Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Нарын облусунда жергиликтүү кеңештердин саны 64төн 28ге чейин кыскарды, алардын ичинен 1 – шаардык. 122 шайлоо округу боюнча талапкерлер 558 депутаттык мандат үчүн күрөшөт, алардын ичинен 214ү аялдар үчүн резервделген. Нарын обласусунун Нарын шаарында Ленин көчөсү №76 дареги боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имаратында аралыктан добуш берүү үчүн участок ачылган. Нарын шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө катышууга 111 арыз берилген, алардын ичинен 21 — аскер кызматчыларынан. Бардыгы облус боюнча шайлоочулардын саны 221082 адам, шайлоо процессин 6 аймактык жана 169 участкалык шайлоо комиссиясы камсыз кылат, аларда 1733 адам иштейт.    
Кененирээк билүү >>
17-ноябрдагы шайлоолор: Талас шаарында  жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды
11.11.2024

17-ноябрдагы шайлоолор: Талас шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды

Талас шаарында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп, ага Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жумаев, Талас шаарынын мэри Б.Астанакулов, прокуратура, укук коргоо органдары, ЖМКнын, шаардык инфраструктуранын жана билим берүүнүн ишканаларынын ѳкүлдѳрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү катышты. Э.Жумаев алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Белгиленгендей, Талас облусунда административдик-аймактык реформадан кийин жергиликтүү кеңештердин саны эки эсеге кыскарды: 38ден 95 шайлоо округундары 17ден 88 округга чейин, анын ичинен - 1 шаардык, 16 - айылдык кеңештер. Демек, депутаттык мандаттардын саны азайып, азыр 377 (2021-жылы 628) болуп, анын 147си аялдардын квотасына берилди. . Ар бир район шайлоого даярдык көрүү боюнча өзүнүн штабын түзгѳн. Жалпысынан шайлоо участкалары шайлоого даяр. Жыйындын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына облустук штабдын тапшырмасына ылайык шайлоого даярдыктарды аяктоо тапшырмасы берилди. Ошентип, бардык шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун (облуста алардын 117си бар), анын ичинде жылуулук, үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш, интернет менен камсыз болушун текшерүү зарыл. Бул жагдайлар шайлоого карата КР БШК т арабынан бардык шайлоо участкалары жаңыланган көп функционалдуу аппараттар жана видеобайкоо камералары менен жабдылганына байланыштуу маанилүү. Өз кезегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бардык шайлоо жабдууларын тейлөөгө жооптуу болгон техникалык колдоо топторуна техникалык колдоо кѳрсѳтүүнү камсыз кылууга тийиш. Облус боюнча мындай 35 топ түзүлгѳн. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы боюнча облус боюнча карта түзүлүп, ага ылайык 698 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочунун муктаждыктары аныкталган: 110 шайлоо участкасы пандустар, стенддер менен жабдылган, бардык жерде чоң тамгалар жана/же Брайль шрифти менен шайлоо жөнүндө маалымат орнотулган, жарык жетиштүү. Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга жана даттанууларга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ (ЫЧКТ) иштейт. Бүгүнкү күндө 5 кайрылуу түшүп, бардыгы мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралып, тиешелүү чараларды көрүү үчүн компетенттүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Аралыктан добуш берүү үчүн Талас шаарындагы Ч.Айтматов кѳч,, 353, А. Токтогулов атындагы областтык китепканада шайлоо учаскасы жайгашкан. Облус боюнча аралыктан добуш берүүгө 349 адам арыз беришсе, алардын 247си - “Жерүй Альянс Алтын” ишканасынын кызматкерлери, 24 адам - аскер кызматкерлери, калгандары - студенттер. Талас облусунда жалпы шайлоочулардын саны 178157 адамды түзөт.  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын жаштар Күнүндө Бишкектин студенттери дебаттарды киргизүү боюнча мелдеш өткөрүштү
10.11.2024

Кыргызстандын жаштар Күнүндө Бишкектин студенттери дебаттарды киргизүү боюнча мелдеш өткөрүштү

10-ноябрда Кыргызстандын Жаштар кыймылы тарабынан КР Борбордук шайлоо комиссиясы жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштурулган «Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясынын алкагында «Zhashtar CUP» дебаттык турнириөткөрүлдү. Кыргызстандын жаштар Күнүнө арналган иш-чара 70ке жакын адамды чогултту.   КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жаш дебаттарды майрамы менен куттуктады жана жаштар – добуш берүүнүн натыйжаларына таасир этүүчү зор күч экендигин белгилөө менен, аларды 2024-жылдын 17-ноябрында болуучу жергиликтүү кеңештерге депуттарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.    2024-жылда жаштардын курагы 28 жаштан 35 жашты кошуп алганга чейин жогорулаганына байланыштуу азыркы убакта бүткүл республика боюнча жаш шайлоочулардын үлүшү 43%ды же республика боюнча – 4 131 995 адамдын жалпы санынында 1 774 188 адамды түзөт.   Турнирде Бишкектин жогорку окуу жайларынан турган 28 команда актуалдуу социалдык жана саясий темалар боюнча дебаттарды жүргүзүү искуствосунда мелдешишти.   Дебаттар жана дебаттык технологиялар шайлоо процессинде маанилүү роль ойнойт. Алар саясий маселелерди, талапкерлердин көз карашын талкуулоого,  алардын ортосундагы айырмачылыктарды түшүндүрүүгө жана табууга өбөлгө түзөт.  Дебаттар шайлоочуларга талапкерлердин сунуштарын кыйла терең түшүнүүгө жана аң-сезимдүү тандоого жардам берет. Дебаттар коомдук тиричиликтин маанилүү маселелерин талкуулоого дем берет жана коомдук пикирди түзүүгө өбөлгө түзүт, бул аларды демократиялык процесстин ажырагыс бөлүгү катары бекемдейт.  Шайлануучу органдар ар бир кыргызстандык үчүн өтө маанилүү жана анын жашоосуна чоң таасир көрсөтөт.  Мисалы, Президент – мамлекеттин башчысы катары жогорку кызмат адамы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, Жогорку Кеңеш мыйзамдуу бийликти жана контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат, ал эми жергиликтүү кеңештер жергиликтүү  бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт; социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттын калкын социалдык коргоо программаларын бекитет; мыйзамдарда кралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. Ошондуктан шайлануучу органдардын өкүлдөрүнө канчалык маанилүү милдеттер жүктөлгөндүгүн эске алуу менен, аларда кыйла татыктууларды тандоо өтө маанилүү.   Дебаттык турнир британдык парламенттик дебаттардын принциби боюнча түзүлгөн. Бир нече раунддардын жыйынтыктары боюнча өзүлөрүн мыкты дебаттар катары көрсөтүшкөн командалар аныкталды. Аларга эстелик байгелер тапшырылды. Ошондой эле дебаттардын катышуучулары  “Мыкты спикер” жана “Мыкты судья” номинацияларына татыктуу болушту.  10-ноябрда Демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясынын түзүлүшүнүн урматына белгиленген Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет.   Мамлекетти өнүктүрүүдө жана жаштар саясатын ишке ашырууда жаш муундун өсүп жаткан ролун эске алуу менен, Кыргызстандын Өкмөтү 2002-жылы Кыргызтандын жаштар күнүн расмий бекитти.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жаштар жана кымбаттуу достор!   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди - Жаштар күнү майрамыңыздар менен куттуктайт!
10.11.2024

Урматтуу жаштар жана кымбаттуу достор! Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди - Жаштар күнү майрамыңыздар менен куттуктайт!

  10-ноябрь — дүйнө жүзүндө Жаштар күнү катары, Дүйнөлүк демократиялык жаштар федерациясынын негизделген күнүнө арналып белгиленет. Кыргыз Республикасынын демократиялык курсун ишке ашырууда өсүп келе жаткан муундун ролу жогорулап жаткандыгын эске алуу менен 2002-жылы бул күн Кыргыз Өкмөтү тарабынан расмий түрдө Жаштар күнү катары белгиленген.  Жаштар – бул коомубузду жаңылоонун, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү. Кыргызстаныбыздын келечеги билимдүү, таланттуу жана ар тараптуу ийгиликтерге жетишкен, заман талабына ылайык жаңы технологияларды өздөштүргөн жаштардан көз каранды.  Сиздердин демилгелериңиздер, креативдүүлүгүңүздөр жана өзгөрүүгө болгон жигердүүлүгүңүздөр бизге чоң натыйжаларга жетүүгө жардам берет жана өлкөбүздүн өнүгүүсүн камсыз кылат.  Мамлекетибиздин маданият, билим чөйрөлөрүнүн кадыр-баркын көтөргөндөр, коомдук иш чараларга активдүү катышып жетекчилик кызматтарда, бизнесте дагы ийгиликтерди жаратып жатышкандар, мекенибизге чеп болуп турган жана спорт тармагында жеңиштерге жетип желегибизди бийик желбиреткендер дагы жаштарыбыз экендиги баарыбыз үчүн кубанычтуу.  Жаштар – өлкө тиреги, элибиздин ишеничи. Ошондуктан, өз жашооңор менен байланышкан мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү багытын дагы иштерде маанилүү чечимдерди кабыл алууга жана аны жүзөгө ашырууда бар күчүңөрдү жумшай беришиңерге тилектешпиз.   Биз сиздерден эгемен элибиздин эртеңкисине бийик карап, жакшы максаттарда алдыда боло турган маанилүү шайлоого активдүү катышып, татыктууларды тандайсыздар деген ишенимдебиз.   Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, бакубат турмуш жана Кыргызстандын жаркын келечеги жолунда сапарыңардын байсалдуу болушун каалайбыз! Терең урматтоо менен, КР БШКнын төрагасы Н.К.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
КР БШК көзөмөл-текшерүү тобу талапкерлердин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
10.11.2024

КР БШК көзөмөл-текшерүү тобу талапкерлердин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берет. Шайлоого 38 саясий партия катышып, 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин 187 партиялык тизмесин көрсөтүшүүдө. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык, шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо үчүн «Элдик Банк» ААКсында (мурдагы «РСК Банк») жана «Айыл Банк» ААКсында* саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептери ачылган. *Бул эки банк 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесине киргизилген. (2024-жылдын 23-сентябрындагы № 134 токтому). Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун 191 атайын эсеби ачылган (алардын ичинен 3 атайын эсептин – акча каражаттары кыймылсыз турат, анткени 3 саясий партиянын талапкерлеринин 3 тизмеси каттоодон ѳткѳн эмес, жана ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин чакыртып алган саясий партиянын 1 атайын эсеби). Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар жогоруда аталган банк мекемелеринен автоматтык түрдө БШКнын «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалымат системасына келип түшөт, «Тундук» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеке маалымат жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын сайтында «Талапкерлер жана партиялар» бетинде көрсөтүлөт жана шайлоочулар үчүн 24/7 мезгилинде жеткиликтүү болот. Банк мекемелеринен алынган маалымат боюнча, 2024-жылдын 7-ноябрына карата шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы болуп 72 521 979,00 сом келип түшкөн: Шаардык кеңештердин аталыштары Келип түшкѳнү % Айдаркен шаардык кенеши 331 055,00 0,46% Базар-Коргон шаардык кенеши 914 010,00 1,26% Балыкчы шаардык кенеши 1 574 884,00 2,17% Баткен шаардык кенеши 600 700,00 0,83% Бишкек шаардык кенеши 32 449 994,00 44,75% Жалал-Абад шаардык кенеши 1 948 000,00 2,69% Кадамжай шаардык кенеши 376 600,00 0,52% Кайынды шаардык кенеши 1 045 420,00 1,44% Кант шаардык кенеши 1 640 435,00 2,26% Каракол шаардык кенеши 1 955 440,00 2,70% Кара-Суу шаардык кенеши 736 850,00 1,02% Кара-Балта шаардык кенеши 1 491 490,00 2,06% Кемин шаардык кенеши 771 500,00 1,06% Кызыл-Кыя шаардык кенеши 1 515 680,00 2,09% Кочкор-Ата шаардык кенеши 551 230,00 0,76% Кара-Кѳл шаардык кенеши 624 825,00 0,86% Орловка шаардык кенеши 156 100,00 0,22% Кербен шаардык кенеши 624 300,00 0,86% Майлуу-Суу шаардык кенеши 710 550,00 0,98% Ош шаардык кенеши 10 238 589,00 14,12% Таш-Кѳмүр шаардык кенеши 627 580,00 0,87% Ноокат шаардык кенеши 595 350,00 0,82% Нарын шаардык кенеши 1 282 870,00 1,77% Токмок шаардык кенеши 1 890 170,00 2,61% Ѳзгѳн шаардык кенеши 460 900,00 0,64% Талас шаардык кенеши 2 959 750,00 4,08% Сүлүктү шаардык кенеши 1 198 310,00 1,65% Разаков шаардык кенеши 840 775,00 1,16% Чолпон-Ата шаардык кенеши 741 140,00 1,02% Шопоков шаардык кенеши 431 410,00 0,59% Шамалды-Сай шаардык кенеши 467 532,00 0,64% Токтогул шаардык кенеши 636 170,00 0,88% Кѳк-Жаңгак шаардык кенеши 132 370,00 0,18% Бардыгы 72 521 979,00 100% Кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине келип түшкөндѳрдүн жалпы суммасы (анын ичинде кирешелер жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Кайрымдуулуктун түрлѳрү Суммасы %% 55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары 16 983 072,00 23,4% 55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары 7 888 447,00 10,9% 55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары 32 330 952,00 44,6% 55224000 – юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары 40 200,00 0,1% Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору 14 189 578,00 19,6% Кайтарып берүүлѳр (банкттык реквизиттерди туура эмес кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу ж.б.) 1 089 730,00 1,5% Бардыгы 72 521 979,00 100% Шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунан 65 753 363,31 сом сарпталды: Чыгашалардын беренелери Суммасы %% 10000000 – Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча тѳлѳмдѳр 43 661,00 0,07% 14511900 – Салыктык эмес башка кирешелер (Шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ) 4 100 000,00 6,24% 41000000 – Товарлар үчүн тѳлѳмдѳр 1 193 408,00 1,81% 42000000 – Кызмат кѳрсѳтүү үчүн тѳлѳмдѳр, анын ичинде 6 710 594,03 10,21% 42120000 – Коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жана байланыш кызматы 953 479,53   42131000 – Ижара акысы 4 941 536,20   42151000 – Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳр (маалыматтык жана консультативдик мүнѳздѳгү кызмат кѳрсѳтүүлѳр) 262 779,20   44000000 – Кызматкердин эмгек акысына тѳлѳѳлѳр (агитаторлордун, ыйгарым укуктуулардын жана ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын, ѳкүлдѳрдүн ж.б. кызматына акы тѳлѳѳлѳр) 9 877 500,00 15,02% 46000000 – жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматтары 31 413 831,08 47,78% Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору жана кайтаруулар 12 414 369,20 18,88% Бардыгы 65 753 363,31 100,00% Саясий партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 6 768 615,69 сомду түздү. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катары бардыгы болуп 4 миллион 100 миң сом түшкөн. Маалымат иретинде. Мыйзамдык ченемдерге ылайык айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин 50 000 сомдон ашпаган өздүк каражаттары; - 100 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары; - ар бири 50 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары; - юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпайт. Мында алардын шайлоо фондунун чыгашаларынын эң жогорку суммасы 500 000 сомдон ашпашы керек. Шайлоо күрөөсү БШКнын депозиттик эсебине салынбайт («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык жокко чыгарылган). Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; - саясий партиянын өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес. Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашышы мүмкүн эмес. БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 50 000 сомду түзѳт. Шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын албаганда) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес; - саясий партиянын өз каражаттарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес. Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес. БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 20 000 сомду түзѳт. Шайлоо фонддору «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тыюу салууларга жатпаган жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Шайлоо фонддору атайын максатка ээ жана алар шайлоо өнөктүгүнө байланышкан чыгымдарды жабууга гана жумшалышы керек. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо боюнча кененирээк маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан тапса болот («Талапкерлер жана партиялар» маалымат ресурсу/«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» (же “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо”/ Шайлоо фонду https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын жаштарынын Күнүнө карата иш-чаралардын жана акциялардын анонсу
09.11.2024

Кыргызстандын жаштарынын Күнүнө карата иш-чаралардын жана акциялардын анонсу

«Катыш! Танда! Шайла!» кампаниясынын алкагында, КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, ошондой эле өнөктөш жаштар уюмдары менен биргеликте Кыргызстандын жаштарынын Күнүнө арналган жаштар иш-чараларынын сериясын жүргүзүүдө. Акциялар алдыда турган шайлоого катышууга жаштарды тартууга жана жарандык кабардар болуусун жогорулатууга багытталат. «Zhashtar CUP» жаштар арасындагы дебаттык турнир Өткөрүү датасы: 2024-жылдын 10-ноябры Катышуучулар: Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттеринин 28 командасы актуалдуу социалдык жана саясий темадагы дискуссияга жаштарды тартууга багытталган. КР БШКнын жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу алдында Кыргызстандын Жаштар Кыймылы уюштуруучулардан болуп саналат. жана сыйлоо салтанатына төмөнкү ардактуу меймандардын: КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин жана КР БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованын катышуусу пландаштырылууда. 2. Quiz Night «Катыш! Танда! Шайла!» интеллектуалдык оюну 3. Өткөрүү датасы: 2024-жылдын 14-ноябры Катышуучулар: Бишкек шаарынын ири ЖОЖдорунун студенттеринен түзүлгөн командаалар 4төн 5 адамга чейин Quiz Night – бул интерактивдүү интеллектуалдык мелдеш, анын жүрүшүндө жаштар жергиликтүү кеңештерге шайлоо, анын коомчулук үчүн мааниси жөнүндө билимдерин тереңдетишет, ошондой эле шайлоочулардын укуктарын окуп үйрөнүшөт. Бишкек шаарынын университеттеринен 4-5 адамдан турган 20 команданын катышуусу күтүлүүдө, бул 100гө жакын катышуучуларды жана 20 конокту камсыз кылат. Quiz Night максаты жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жаштарды тартууну, командалык иштин жана критикалык ой жүгүртүүнүн көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт. Катышуучуларды гаджеттерди сатып алууга сертификаттарды кошуп алганда, баалуу байгелер, ошондой эле «Мыкты креатив» жана «Командалык духтун лидери» сыяктуу ар түрдүү номинациялардагы эстелик сертификаттар жана кызыктыруучу сыйлыктар күтөт. Урматтуу жаштар! Эгерде силерге бул тема кызыктуу болсо же силер көптү билүүнү кааласаңар, силер зарыл маалыматтар үчүн төмөнкү телефон боюнча кайрыла аласыңар: 0552 566 544 (Кыргызстандын Жаштар Кыймылы).  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: аралыктан добуш берүү участкаларында иштей турган 10 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу болуп өттү
09.11.2024

Шайлоо 17-ноябрь: аралыктан добуш берүү участкаларында иштей турган 10 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу болуп өттү

9-ноябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында аралыктан добуш берүү шайлоо участкаларында иштей турган 10 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутууну өткөрдү. Окутуучу тренинг республиканын бардык региондорунан бардыгы 90дон ашык адамды чогултту. Окутуу ар түрдүү форматтарда өттү: Бишкекте КР БШКнын конференц-залында бищкектик 4 шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү чогулушту, онлайн-режиминде Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Каракол шаарларынан участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кошулушту. Окутууну КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Т. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы М. Кожокеева, маалыматтык-шайлоо системасын башкаруу жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы К. Абдилатов өткөрдү. Тренингдин катышуучуларына биометрикалык идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) аркылуу добуштарды эсепке алуу жана БШКнын борбордук серверинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жыйындылоо боюнча жабдуу кандай иштээри көрсөтүлдү. Алдыда турган шайлоодо колдонулуучу идентификациялоонун жаңы комбинирленген түзүлүшүнүн аркасында бир нече аппараттарды пайдалануу кыскарат жана биометрикалык маалыматтар – бети жана манжалардын тактары боюнча идентификациялоо мүмкүнчүлүгү келип чыгат. Түзүлүш электрондук документтерди кошуп алганда, паспорттордон маалыматтарды окууга жана идентификацияланган шайлоочулар үчүн гана бюллетендерди басып чыгарууга да мүмкүнчүлүк түзөт, бул басып чыгарууга жана жеткирип берүүгө каражаттарды жана ресурстарды олуттуу үнөмдөйт. Тренингдин катышуучулары участкалык шайлоо комиссиясынын иштөөсү үчүн зарыл болгон так базалык маалыматты да алышты, анын ичинде: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү, шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоочулардан, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуунун тартиби, шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу, шайлоо участкасын ыраттоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү процессин уюштуруу, шайлоочулардын тизмелери менен иштөө, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларынын иши, жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө. Шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү канцелярдык товарлар, укуктук жана методикалык адабияттардын толук пакети («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамы, АШК жана УШК үчүн колдонмо жана журнал, АШК жана УШК үчүн иш журналдары) менен жабдылган.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 9 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
09.11.2024

КР БШКнын 2024-жылы 9 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2024-ж. 9-ноябры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйындар залы     1. «Социал-демократтар» саясий партиясынын 2024-жылдын 4-ноябрындагы №31/2 БТИКтин чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызы жөнүндө. (баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формасы жөнүндө. (баяндамачы – Айтикеев Т.О. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)  
Кененирээк билүү >>
17-ноябрдагы шайлоолор: Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктады
08.11.2024

17-ноябрдагы шайлоолор: Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу аяктагандыгын билдирет. Республика боюнча аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түшкөн. Арыздардын 72 пайызы 18-35 курактагы жаш шайлоочулардан келген. Арыз бергендердин арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматкерлери, вахталык нөөмөттө иштегендер бар. Эң көп арыз Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында жайгашкан 2134 кабыл алуу пунктунда болду. Каракол шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 1547 адам арыз берген, алардын көбү «Кумтөр» ишканасынын жумушчулары, алар шайлоо күнү нөөмөт менен иштеп, шайлоо участкаларынан алыс жайгашкан өз жумуш орундарында болушат. КР БШК аралыктан добуш берүүгө арыз берген бардык жарандарды төмөнкү даректер боюнча шайлоо участкаларында күтө турганын эскертет: •€Бишкек ш., Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М. Фрунзе көч., 547); •€Бишкек ш., Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын имараты (Байтик Баатыра көч., 17); •€Бишкек ш., К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы. (А.Огонбаев көч., 242); •€Бишкек ш. , А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. (Ю.Абдрахманов көч., 167); •€Ош ш., А.Навои атындагы орто мектеби (А.Масалиев көч., 37); •€Жалал-Абад ш., Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көч., 25); •€Каракол ш., К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети. (К. Тыныстанова көч., 26); •€Нарын ш., Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты (Ленин көч., 76); •€Баткен ш., Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби. (Ж.Момунова көч., 16); •€Талас ш., А.Токтогулов атындагы облустук китепканасы. (Ч.Айтматов көч., 353).   Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: +996 550 350 650 же кыска ишеним телефонуна – 1255.   Республика боюнча аралыктан добуш берүүгө арыздардын саны       Шаар Арыздардын жалпы саны Бишкек 4879 Каракол 1547 Баткен 1074 Ош 809 Талас 349 Жалал-Абад 281 Нарын 111     Бардыгы 9050    
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады
08.11.2024

КР БШК 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын биротоло тизмесин жарыялады

Шайлоочулардын биротоло тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан түзүлүп (СӨМ), Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоочулардын мамлекеттик “Тизме" порталында жайгаштырылды - https://tizme.gov.kg/. Шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы СӨМ менен (калкты катоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) КБМРиндеги маалыматтардын тактыгын камсыздоо максатында өз ара аракеттешип, шайлоочулардын тизмесин актуалдаштырууну күн сайын жүргүзөт. Биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны 4 135 039, анын ичинен 2 000 528 эркектер жана 2 134 511  аялдар же 48,38% жана 51,62%  . Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2024-жылдын 14-ноябрына чейин 2437 шайлоо участокторунда илинет. Урматтуу шайлоочулар! Өзүңүздүн шайлоо участогуңузду тактаңыз: - 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен; - «tizme.gov.kg» сайтында; - өзүңүздүн паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп, Сиздин шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).
Кененирээк билүү >>
Бишкекте журналисттер шайлоо тууралуу өз билимдерин интеллектуалдык оюнда сынап көрүштү
08.11.2024

Бишкекте журналисттер шайлоо тууралуу өз билимдерин интеллектуалдык оюнда сынап көрүштү

  Бишкекте Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү комиссиясы Эл аралык шайлоо системалары фонду (IFES) менен биргеликте уюштурган «Шайлоо тууралуу эмне билесиң?» аттуу интеллектуалдык оюн өттү. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Журналисттер күнүнүн алдында уюштурулган иш-чарага шайлоо тууралуу билимдерин текшерип жана кеңейтүүнү каалаган ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматкерлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Оюн бир нече темалык раунддардан туруп, катышуучулардын шайлоо мыйзамдары жана добуш берүү процесстери боюнча билимдерин текшерүүгө багытталган. Айрыкча кызыгуу жараткан суроолордун бири Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине жаңы мыйзамдарга ылайык канча депутат шайлана тургандыгы тууралуу болду. Бул суроо катышуучуларга акыркы өзгөртүүлөр тууралуу билимдерин жаңылоого жана алардын жергиликтүү башкарууга тийгизген таасирин түшүнүүгө жардам берди. Кээ бир суроолор инклюзия темасын камтыды, мисалы, талапкерлердин тизмесине майыптыгы бар адамдарды кошуу зарылдыгы. Бул кыргыз шайлоо системасынын бардык топтор үчүн теңдикти жана жеткиликтүүлүктү камсыздоого болгон умтулушун белгилейт. Шайлоодогу мыйзам бузууларга каршы чараларга, анын ичинде административдик ресурсту пайдалануу жана шайлоочуларды сатып алуу үчүн жазалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар мыйзам бузуучуларга карата каралган жазалар тууралуу билимдерин текшерип, шайлоо мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгүн эске салышты. Жаштар жана алардын шайлоого катышуусу, мисалы, акыркы шайлоодо жаш шайлоочулардын пайыздык үлүшү сыяктуу суроолор жаш муунду өлкөнүн саясий жашоосуна жигердүү тартуунун маанилүүлүгүнө басым жасады. Ошондой эле үгүт эрежелери, мисалы, белгилүү объектилерге үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салуу жана алардын мазмунуна коюлган талаптар каралды. Иш-чара кызыктуу квиз форматында өтүп, катышуучуларга өз билимдерин текшерүүгө жана шайлоо мыйзамдарын жаңы кесиптик көз караш менен карап чыгууга мүмкүндүк берди. Финалда мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, шайлоо тууралуу жогорку деңгээлде маалымдуулук көрсөткөн командалар сыйланды. КР БШК иш-чарага көңүл бурган жана тыгыз графигине карабай катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирет. ММК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап жана Кыргызстандагы ачык жана адилеттүү шайлоо үчүн мындан ары да кызматташууга чакырып кетет.  
Кененирээк билүү >>
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктоо!
07.11.2024

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктоо!

Урматтуу  кыргызстандыктар! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамаатынын атынан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз! Ата-бабаларыбыздын баскан ыйык  жолу - өзүнө миң деген жылдарды камтып, түрдүү окуяларга бай болуп, нечен деген каарман баатырлары менен даңазалуу экендигин карт тарыхыбыз айкын далилдеп келет. Айкөл Манас атабыз баштаган көрөгөч, акылман, баатыр жана өз Мекенин ыйык тутуп,  ал үчүн жанын берген чыныгы бабаларыбыз аркасында улутубуздун уңгусу – тилибиз-дилибиз, маданиятыбыз жана салт-санаабыз сакталып, көз карандызысыз өлкө катары түптөлдүк жана дүйнө элине таанылдык.  Биз мына ошол тарыхыбыз жана тарыхый инсандарыбыз менен башыбызды бийик көтөрүп сыймыктанабыз. Ата - Журт тарыхында улуттук мамлекеттүүлүк идеясынын калыптанышына, бышып жетилишине жана анын өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, аны бизге мурас кылып калтырган мына ошол бабалар изин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Тарыхынын тамыры терең, өзөгү күчтүү кыргыз  элинин урпактары катары, күнөстүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактап, ата-бабалар аздектеп бизге тапшырган дөөлөттөрүбүзгө аяр мамиле жасап, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү вазийпабызды уланта берели. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, элибизге бейпил жашоо, бакубат турмуш каалайбыз! КР БШКнын жалпы жамааты!
Кененирээк билүү >>
Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо!
07.11.2024

Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоо!

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер!       Кыргыз республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан  Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —Маалымат жана басма сөз күнү, ошону менен бирге кыргыз журналисткасынын 100 жылдыгы мааракеңиздер менен  чын дилибизден куттуктайбыз. Мамлекетибиздин коомдук жана саясий турмуштагы жолунда массалык маалымат каражаттарынын ордун баалабай коюуга мүмкүн эмес. Басма сөз кызматкерлери - коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы катары коомдук пикирди түзүүдө ар дайым негизги ролду ойноп келет. Баарыбыздын алдыдагы максатыбыз жана милдеттерибиз -  мамлекеттин демократиялык принциптерин алдыга жылдыруу, жалпы жарандык биримдикти бекемдөө жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү колдоо. Мына ушул багыттарда алып барып жаткан эмгегиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр аркылуу өлкөбүздө кеңири урмат-сыйга ээ болдуңуздар. Сиздер менен тыгыз кызматташууну жүргүзүп, өз ишин ар-намыс менен аткарган кесипкөй адистердин талыкпас  эмгеги аркасында Кыргызстандагы шайлоо системасынын өнүгүүсүн камсыздап келе жатабыз. Мындай тыгыз кызматташтыгыңыздар үчүн чоң ыраазычылгымды билдиремин. Алдыбызда аткара турган иштерибизди жүзөгө ашырууда - кылдат ой жүгүрткөн, кырдаалга калыс баа берген жана маалыматты терең талдаган басылмалар менен  биримдик жолубузду  уланта беребиз. Маалымат майданында элибиздин биримдигин туу тутуп, ынтымагыбызды арттырып, чындыктан тайбай, мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн ак эмгегиңиздерди арнап жүрө беришиңиздерге тилектешпиз.   Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, маалымат жеткирүүдөгү маанилүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Терең урматтоо менен, КР БШКнын төрагасы Н.К.Шайлдабекова        
Кененирээк билүү >>
17-ноябрдагы шайлоолор: Караколдо жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү
06.11.2024

17-ноябрдагы шайлоолор: Караколдо жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү

Каракол шаарында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды. 6-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгын аткаруу боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына алдыдагы шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча Ысык-Көл облустук штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Арпачиев, Каракол шаарынын мэри Ф.Алжанбаев жана Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат, райондук мамлекеттик администрация башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура, укук коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, шаардык инфраструктура жана билим берүү ишканаларынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунда жүргүзүлүп жаткан шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Жыйында алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды. Бардык шайлоо участкалары бардык керектүү нерселер менен камсыздалганы жана шайлоого даяр экени белгиленди. Облустун ар бир районунда түзүлгөн штабдарга облустук штабдын жыйынында берилген тапшырмага ылайык шайлоого даярдыктарды аяктоо тапшырылды. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жоопкерчилик зоналары бөлүштүрүлгѳн, ага ылайык аткарылышы көзөмөлдөнөт. Биринчи кезекте шайлоо комиссияларына шайлоочулардын акыркы тизмелерин түзүүдө, тактоодо көмөк көрсөтүү керек. Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу бүгүн - 6-ноябрда аяктады. Ысык-Көл облусу боюнча аралыктан добуш берүүгө 1547 адам арыз беришти, алардын көбү «Кумтөр» ишканасынын кызматкерлери. Ошондуктан, жумушчуларга аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн № 9301 Каракол шайлоо комиссиясынын «Кумтөр» кен ишканасына баруусуна шарттарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары тарабынан колдоого алынган КР БШКнын төрагасынын сунушу жыйындын чечимдеринин бири болду. Ошондой эле алдыдагы шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан бардык уюштуруу, материалдык-техникалык маселелерди: шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүү, аба ырайынын шарттарын эске алуу менен жылуулук, электр менен жабдууну жана байланышты камсыз кылуу, транспортту, анын ичинде атайын ыкчам-техникалык жардам топтору үчүн унаалар менен камсыз кылуу тапшырылды. Добуш берүүчү жайлар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн шарттар менен, атап айтканда шайлоо жөнүндө маалымат жайгаштырылган чоң жана/же Брайл шрифтинде илинген стенд; ыңгайлуу кирип-чыгуу жолчолору, пандустардын болушу, жетиштүү жарык камсыз кылынууга тийиш. Облустук жалпыга маалымдоо каражаттарына телеканалдарда социалдык түйүндөрдөгү роликтерди прокатка берүүнү, маалыматтык материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик органдардын маалыматтык ресурстарында жайгаштырууну камсыз кылуу тапшырылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирдей шарттарды сактоо менен үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жерлерди бөлүүгѳ тийиш. Шайлоо процессинин коопсуздугу жана мыйзамдуулуктун сакталышы маселеси боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген ыкчам чара кѳрүүнүн координациялык топтору (ЫЧКТ) арыздарга жана даттанууларга ыкчам чара кѳрүү боюнча иш алып барып жаткандыгы белгиленди. ЫЧКТ мүчөлөрү шайлоо учурунда мыйзам бузууларга каршы ѳз ара аракеттенүү жана чара кѳрүүнүн алгоритмдери боюнча окуудан өтүшкѳн. «Алдыдагы шайлоолор таза жана ачык-айкын өтөт деп ишенебиз, анткени биздин артыкчылыктуу ишибиз - шайлоочуларга добуш берүү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды камсыз кылуу. Алдыдагы шайлоого Ысык-Көлдүн ар бир тургунунун катышуусу облусубуздун келечеги үчүн маанилүү. Бардык участкалар даяр жана бардык керектүү нерселер менен камсыздалган”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев. Аралыктан добуш берүүгө арыз бергендердин баарын Каракол шаарындагы К.Тыныстанов кѳч., 26, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратында жайгашкан шайлоо участогунда күтүшөт. Ысык-Көл облусунда административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча 36 айыл аймагы башкалар менен бириктирилген, 3 аймак шаарларга кошулган. Алсак: - Ак-Суу районунан Челпек айыл аймагы Каракол шаарына кирген; - Тоң районунан Көк-Мойнок айыл аймагы Балыкчы шаарына кирген, -Бостери айыл аймагы Ысык-Көл облусунан Чолпон-Ата шаарынын курамына киргизилген. Натыйжада облустун 3 шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын саны 103 миң адамга чейин көбөйгөн, 2021-жылы 78,5 миң адам болгон эле. Айылдык кеңештерди шайлоочуларынын саны да көбөйдү: азыр алардын саны дээрлик 244 миң адам болду, 2021-жылы 226 миңден ашык эле. Реформадан кийин айылдык кеңештердин саны 61ден 22ге кыскарганына карабастан. Жалпысынан 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун 128 шайлоо округунда 625 депутаттык мандат үчүн талапкерлер ат салышат: анын 103ү - шаардык кеңештерге, 522си - айылдык кеңештерге. Айта кетсек, республика боюнча бир эле Жети-Өгүз районунан айылдык кеңештерге талапкерликке партиялык тизме боюнча 97 адам сунушталды. Мандаттардын жалпы санынын 41,6%, б.а. 217 орун аялдар үчүн бөлүнгөн. Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча шайлоо процессин 7 аймактык жана 249 участкалык комиссия камсыз кылат, аларда 2597 адам иштейт.
Кененирээк билүү >>
1 … 64 66 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти