Башкы Жаңылыктар КР БШК туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин …

КР БШК туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу боюнча борбордогу ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуу өткөрдү

20-Янв, 2025

КР БШКда Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасы Н.Шайлдабекова менен борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин жолугушуусу болуп, анда “Кыргызстандын жаштарын ТѲМ боюнча билим берүү” программасынын алкагында “Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө шайлоо процесстеринин ролу” деген тема талкууланды.

 

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирип, 45-орунду ээледи. 2030-жылга карата Кыргызстан ТӨМдү ишке ашыруу боюнча БУУнун алдыңкы 30 өлкөсүнө кирүүнү максат кылууда.

​Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) жакырчылыкты жоюуга, социалдык инклюзивдүүлүккө жетишүүгө, климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө жана кийинкимуундардын туруктуу келечегин камсыз кылууга багытталган 17 глобалдык максаттарды кѳздѳйт.

​ТӨМдү ишке ашырууга таасир эте ала турган ѳбѳлгѳлѳрдүн бири бул шайлоо болуп саналат. Шайлоо – бул жөн гана лидерлерди жана эл өкүлдөрүн шайлоо процесси эмес, бул ошондой эле Туруктуу өнүгүү максаттарынын көптөгөн аспектилерин ишке ашыруунун маанилүү механизми болуп саналат.

​Шайлоо натыйжалуу институттарды калыптандырууга, ресурстарды адилет бөлүштүрүүгө, инклюзивдүүлүккө, жарандардын коомго катышуусуна жана туруктуу өнүгүүгө багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизет.

​Иш-чаранын катышуучулары өздөрүнүн шайлоо укуктары, Кыргызстандагы шайлоо укуктарынын негиздери жана процесстери, колдонулуп жаткан шайлоо технологиялары менен таанышты.

​КР БШК бардык деңгээлде таасирдүү, отчеттуу институттарды түзүүгө жана гендердик теңчиликти камсыз кылууга багытталган 16 ТӨМ жана 5 ТӨМ алкагында активдүү иш алып барууда.

​ 16 ТѲМ: Шайлоо реформасынын алкагында маалыматтык технологияларды киргизүүнүн аркасында биометрикалык идентификация аркылуушайлоочуларды каттоонун тактыгы, автоматтык эсептөө (АЭУ) жана сайтта ыкчам көрсөтүү аркылуу добуштарды эсептөөнүн тактыгы камсыз кылынды. Ошону менен добуш берүүнүн натыйжаларынын ишенимдүүлүгү камсыз кылды.

​5 ТѲМ: Жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын жана шайлоонун жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында Жогорку Кеңешке 20 аял (депутаттардын жалпы санынын 22%), ал эми жергиликтүү кеңештерге 2538 (39,75%) аял депутаттар шайланды, бул жергиликтүү шайлануучу органдарга аялдардынкатышуусунун өсүп жаткандыгын чагылдырат.

​ТѲМ биз күн сайын туш болуп жаткан маселелер экенин эстен чыгарбоо керек. Ал эми бул максаттарды ишке ашыруу бардык жарандардын, анын ичинде жаштардын шайлоодогу активдүүлүгүнө жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусуна көз каранды. Жаштар - туруктуу өнүгүү маселелери мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп калышына жардам берүүчү күч.

​Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо шайлоочулардын тизмесинде 4 135 039 адам катталса, анын 42% жаш шайлоочулар (18 жаштан 35 жашка чейинки) болуп саналат, бул 1 735 417 адамды түзөт. Жергиликтүү кеңештерге шайланган 6384 депутаттын ичинен 561 депутат -жаштар, анын ичинен 96сы шаардык кеңештерге, 465и айылдык кеңештерге шайланышкан.

​Жолугушуунун жүрүшүндө анын жаш катышуучулар шайлоого катышуу босогосун киргизүү, чет өлкөдөгү мигранттардын, этностордун шайлоо укуктарын ишке ашыруунуншарттары, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу сыяктуу өздөрүн кызыктырган суроолорун беришти.

​Жолугушуу жаштарды жарандык тарбиялоодо, алардын шайлоо процессине активдүү катышуусуна дем берүүдѳ жана шайлоочулардын укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болду.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>