Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин …

КР БШКнын төрагасы КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешинин жыйынына катышты

26-Янв, 2025

2025-жылдын 24-январында Минск шаарында БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Беларусь Республикасынын БШКсынын төрагалыгы астында КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын башчыларынын консультативдик кеңешинин төртүнчү жыйынына катышты.

Жыйынга Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы И.Карпенко, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Абдиров, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Е. Памфилова, Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы З. Низамходжаев катышты.

Ошондой эле Консультативдик кеңештин жыйынына КМШнын Башкы катчысы С.Лебедев жана КМШ ПААнын Башкы катчысы - Катчылыгынын жетекчиси Д.Кобицкий, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары, МИМРДнын директору И. Мушкет катышты.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы «Кыргыз Республикасында шайлоонун жаңы циклинин башталышы. Административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” баяндама менен чыгып сүйлѳдү.

Төрага өз сөзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде шайлоонун инклюзивдүүлүгүн, шайлоо процессинин ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган адаптациялык чараларды кабыл алуу менен жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын аспектилери тууралуу маалымат берди.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо колдонулган инновациялар, атап айтканда, мыйзамдык өзгөртүүлөр, аралыктан добуш берүү жабдууларын колдонуу жана шайлоо жабдууларын модернизациялоо 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жогорку деңгээлде ачык жана айкын болушуна кѳмѳктѳшүп, шайлоочулардын шайлоо процессине кеңири катышуусун жана жарандардын шайлоонун жыйынтыгына болгон ишенимин жогорулатууну камсыз кыла алды.

Шайлоо боюнча талкуунун алкагында Консультативдик кеңештин мүчөлөрү Казакстанда 2024-жылдагы шайлоо окуялары боюнча баяндаманы; тренддер жана жыйынтыктар; 2024-жылдын 27-октябрында Өзбекстандын мамлекеттик бийлигинин өкүлчүлүктүү органдарына болгон шайлоонун айрым өзгөчөлүктөрү жөнүндө баяндамадалрды угушту.

Е.Памфилова КМШга мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешке мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы аймактык кызматташуусунун келечеги жөнүндө сунуш киргизди. Ошондой эле КМШ ПАА тарабынан шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык мониторингдин отуз жылдыгы, тажрыйба жана перспективалар боюнча И.Мушкеттин баяндамасы угулду.

Консультативдик кеңештин жыйынында курамына КМШ ѳлкѳлѳрүнүн жаштарынын ѳкүлдѳрү кирген шайлоо чөйрөсүндөгү жаштар саясаты боюнча жумушчу топ түзүү жѳнүндѳ чечим кабыл алынды жана жогоруда аталган топтун алкагында Кыргызстанда жаштардын иш-чараларын ѳткѳрүү жѳнүндѳ алдын ала маалымдалды.

Маалымат иретинде:

КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешин (Консультативдик кеңеш) түзүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 14-октябрында Астанада КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынында кол коюлган.

Консультативдик кеңештин курамына Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын борбордук шайлоо органдарынын жетекчилери кирет.

2024-жылдын 6-майынан баштап Казакстан Республикасы КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кошулган.

Алгачкы эки жыйын Ташкентте (экинчи жыйын онлайн форматта) Өзбекстан Республикасынын төрагалыгы алдында, үчүнчү жыйын Минск шаарында болуп, төрагалык Өзбекстан Республикасынан Беларусь Республикасына өткөрүлүп берилди.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>