Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын ЫЧКТ Бишкек жана Талас облусунун арыздарды жана   бузууларды карап чыкты
15.11.2024

КР БШКнын ЫЧКТ Бишкек жана Талас облусунун арыздарды жана бузууларды карап чыкты

15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобу (ЫЧКТ) 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо шайлоо мыйзамдарын айрым бузуулар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө Бишкек шаары жана Талас облусу боюнча аймактык ЫЧКТнын маалыматын эске алды. КР БШКнын ЫЧКТ жыйыны КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекованын төрагалыгы астында КР БШКнын тѳрагасынын орун басары, КР БШК ЫЧКТнын жетекчиси Т. Шайназаровдун, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ѳткѳрүлдү. Кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна оперативдүү жооп кайтарууну жана мониторинг жүргүзүүнү талап кылган айрым иштер каралды. Талас облусу жана Бишкек шаары боюнча ЫЧКТ маалыматын уккандан кийин, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы азыркы этапта, б.а. добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда даттанууларды жана арыздарды кароодо тез арада, б.а. мыйзамда каралган эң кыска мөөнөттө чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ЫЧКТнын иши ачык жана айкын болушу зарыл – шайлоочулар кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүнөн күмөн санабашы керек. Мыйзам бузуунун олуттуулугунун жана ага карата көрүлгөн чаралардын пропорционалдуулугун эске алуу, бузуулар боюнча чогултулган материалдарды 100 пайыз тастыктоо практикасы өткөн шайлоо өнөктүктүгүндѳ КР БШКда калыптанып калган. Мыйзамдын талаптарына ылайык, ар бир мыйзам бузуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестринде ыкчам түрдө көрсөтүлүп турат. Бүгүнкү күндө реестрге 35 факты боюнча маалымат: Бишкек шаарында - 13, Чүйдө - 9, Таласта - 5, Ошто - 4, Нарында - 2 жана Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында – 1ден маалымат киргизилди. Бул мыйзам бузуулардын бардыгына мыйзам чегинде чара көрүлгөн. Арыздардын басымдуу бөлүгү шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузууга байланыштуу. Административдик ресурстун колдонулушу же шайлоо комиссияларынын мыйзамсыз аракеттери, добуштарды сатып алуу, каржылык мыйзам бузуулар боюнча даттануулар кыйла азыраак, бул тийиштүү мыйзам ченемдүүлүктөрдүн жоктугунан кабар берет. Добуш берүү күнүнүн алдында Н.Шайлдабекова КР БШК ЫЧКТ мүчөлөрүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана өз алдынча чечим кабыл алган көз карандысыз шайлоо органдары катары аймактык комиссиялар менен координацияда жана тыгыз байланышта иштөөнү улантууга чакырды. Жарандардан келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароодо бардык талапкерлерге, саясий партияларга бирдей мамиле кылуу, шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, шайлоочулардын укуктарын коргоо жана ѳз каалоосун эркин билдирүүнү камсыз кылуу сыяктуу демократиялык принциптерди жетекчиликке алуу зарыл. Шайлоону ѳткѳрүү учурунда КР БШКда ЫЧКТ Катчылыгы күчөтүлгөн режимде иштейт, алар менен төмөнкү байланыш каналдары аркылуу байланышууга болот: Ыкчам байланыш телефону: 1255, WhatsApp: 0 (221) 85-12-55, 0 (707) 01-12-55 Ишеним телефону:0(312) 62-62-46, Коомдук кабылдама: 0(312) 66-02-40, Электрондук дарек: кgor_cec@shailoo.gov.kg  
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаштар үчүн шайлоого арналган “Катыш! Танда! Шайла!” интеллектуалдык оюну болду
15.11.2024

Бишкекте жаштар үчүн шайлоого арналган “Катыш! Танда! Шайла!” интеллектуалдык оюну болду

2024-жылдын 14-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан (КР БШК) Өнүктүрүү саясаты институту, “Жарандык катышуу” КФ жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин катышуусунда Кыргызстандын жаштар кыймылы менен биргеликте уюштурулган “Катыш! Танда! Шайла!” интеллектуалдык оюну Quiz Night форматында өттү. Иш-чара жарандык жоопкерчиликтин жана шайлоо процессинин маселелерин талкуулоого катышууну энтузиазм менен кабыл алышкан студенттерди жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрүн кошуп алганда, 100дөн ашык катышуучуларды чогултту. Кече эки айдын аралыгында “Катыш! Танда! Шайла!” кампаниясынын алкагында өткөн «Сенин добушуң — сенин күчүң» («Твой голос — твоя сила») видеороликтердин сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты менен ачылды. Көптөгөн жумуштардын ичинен калыстар 10 жакшысын тандап алган. Башкы байге – iPhone 16ны жогорку бааны алган видеоролик үчүн Жыргалбеков Тагай алды. Калган финалистер жаштар арасында активдүү, жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандыруудагы салымы үчүн ыраазычылык грамоталар жана эстелик байгелер менен сыйланышты. Сыйлоо салтанатынан кийин иш-чаранын негизги бөлүгү – кызыктыруучу жана мыкты Quiz Night башталды. Жаштар шайлоонун тарыхы, шайлоо укуктары жана жергиликтүү кеңештердин ролу тууралуу өзүлөрүнүн билимин даңазалашты. Оюндун негизги милдети 2024-жылдын 17-ноябрында болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө жаштардын кабардар болуусун жогорулатуу болгон. Катышуучулар шайлоочулардын укуктары, коомдун турмушунда жергиликтүү кеңештердин мааниси жана демократиялык процесске жеке катышуунун маанилүүлүгү жөнүндө көп нерселерди билишти. Андан тышкары оюн командалык иштин көндүмдөрүн, критикалык ой-жүгүртүүлөрдү өнүктүрүүгө жана жарандык милдеттерге жооптуу мамиле жасоону калыптандырууга өбөлгө түздү. Уюштуруучулар ушул сыяктуу демилгелер жаштарда шайлоого болгон кызыгууну ойготууга, шайлоо системасына ишенүүнү бекмдөөгө жардам берээрине жана жаштардын коомдун жашоосуна кыйла активдүү катышуусуна дем берээрине ишенгендигин билдиришти. «Биз, бүгүнкү иш-чара жаштардын арасында шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу жолунда маанилүү кадам болооруна ишенебиз. Ар бир добуш мааниге ээ!» – деп белгилешти КР БШКнын өкүлдөрү. Оюн катышуучуларда тунук пикирлерди жаратуу жана өлкөнүн келечегин калыптандыруудагы алардын ролунун маанилүүлүгүн түшүнүүсүн арттыруу менен позитивдүү нотада аяктады.
Кененирээк билүү >>
Журналисттер үчүн пресс-анонс
15.11.2024

Журналисттер үчүн пресс-анонс

2024-жылдын 16-ноябрында саат 10:00дө Hyatt Regency Bishkek мейманканасында («Shayr») залында ) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрүнө арналган эл аралык байкоочулар үчүн презентация болот. Иш-чарада шайлоону уюштуруунун негизги аспектилери, анын ичинде добуш берүүгө мониторинг жүргүзүү, добуштарды саноо жана Коомдук мониторинг борборунун иши көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн эл аралык эксперттердин жигердүү катышуусуна кызыкдар жана алардын миссиясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн аталган иш-чараны чагылдырууга чакырат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 15 -ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15.11.2024

КР БШКнын 2025-жылдын 15 -ноябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

-
Кененирээк билүү >>
КР БШК эскертет: шайлоочулардын тизмесинен өзүңөрдүн маалыматтарыңарды кантип тактоого жана өзүңөрдүн шайлоо участкаңарды кантип табууга болот
15.11.2024

КР БШК эскертет: шайлоочулардын тизмесинен өзүңөрдүн маалыматтарыңарды кантип тактоого жана өзүңөрдүн шайлоо участкаңарды кантип табууга болот

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын тизмелеринен өзүңөрдүн маалыматтарыңарды текшерүүнүн, ошондой эле 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоо участкасынын даректерин тактоонун жеткиликтүү ыкмалары жөнүндө жарандарга маалымдайт. Жарандар төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат: 1255 акысыз кыска номери боюнча КР БШКнын колл-борборуна чалуу. 119 акысыз кыска номерине чалуу. Эгерде участканын дарегин гана билүү керек болсо, ушул номерге SMS форматында өзүңдүн ИННди жөнөтүү жетиштүү болот. Кандай гана болбосун шайлоо участкасына жеке кайрылуу.  tizme.gov.kg/ сайтында маалыматтарды текшерүү.  КР БШКнын shailoo.gov.kg расмий сайтын пайдалануу. Жашоочулар шайлоо участкаларынын даректерин кошумча 2ГИС тиркемесинен тактай алышат: Бишкек үчүн бардык участкалардын даректери жеткиликтүү, аралыктан добуш берүү үчүн — Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен жана Таласшаарларындагы участкалар. КР БШК добуш берүү күнүндө мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктардан качуу үчүн жарандарды өзүлөрүнүн маалыматтарын алдын ала текшерүүгө чакырат. Роликти шилтеме боюнча көрүүгө болот.
Кененирээк билүү >>
Республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата даярдыктын финалдык текшерүүсүн өткөрдү
15.11.2024

Республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата даярдыктын финалдык текшерүүсүн өткөрдү

15-ноябрда 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб болуп өттү. Жолугушуу КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н. Шайлдабекованын катышуусунда онлайн-форматта өттү. Кеңешменин ишине министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты. Н.Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар менен биргеликте аткарылган иштер жөнүндө, атап айтканда бардык облустарда Республикалык штаб өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат берди жана жакшы координацияга карабастан, чечилбеген маселелер калып жаткандыгын белгиледи. Тактап айтканда, бул участкалык шайлоо комиссияларын төмөнкүлөр менен камсыз кылуу: үзгүлтүксүз электрэнергия жана резервдик генераторлор; туруктуу байланыш жана жеткиликтүү интернет; транспорт жана күйүүчү-майлоочу материалдар. КР БШКнын төрагасы бул шайлоо өтө технологиялуу болгондуктан, жеткирип берүүгө жана 2437 шайлоо участкасында адистештирилген шайлоо жабдууларын жөнгө салуу иштери менен байланышкан уюштуруучулук иш-чаралар көп экендигин белгиледи. Аны жөнгө салууда бүткүл республика боюнча техникалык колдоо топторунун курамында 600 адис иш жүргүзүүдө. Бирок көпчүлүк топтор транспортсуз калууда, бул алардын ишин татаалдаштырып жатат. Андан тышкары аба-ырайынын ыңгайсыз шарттарынан жана айрым райондордун жетүүгө татаалдыгынан улам жабдууларды жеткирип берүүдө кыйынчылыктар келип чыгууда. КР БШКнын төрагасы бул тоскоолдуктарды четтетүү үчүн жолдорду өз убагында тазалоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы А Жапаров кеңешменин катышуучуларына бардык милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликтүү экендиги жөнүндө эскертти. Ал белгиленген бардык көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө чечүүнү жана кечке карата натыйжалар жөнүндө баяндама кылууну тапшырды. «Эгерде шайлоо участкаларында толук өлчөмдө шарттар түзүлбөсө, адамдар жөн гана шайлоого келбей коюшат. Ал эми биз үчүн ар бир добуш маанилүү!» - деп билдирди Министрлер Кабинетинин башчысы. Акылбек Жапаров жаңы шайлоо саясаты кайсы-бир партиянын пайдасына административдик ресурсту пайдаланууну жокко чыгараарын баса белгиледи. Таза жана ачык-айкын шайлоо процессин уюштуруу үчүн мамлекеттик түзүмдөрдөн өзүлөрүнүн иш-милдеттерин так аткарууну талап кылат. Ички иштер министри У.Ниязбеков коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын 15 миң кызматкери кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөндүгү тууралуу билдирди. Өлкөдө кырдаал ушул учурга туруктуу бойдон калууда. Республикалык штаб 17-ноябрда шайлоо уюшкандыкта, ачык-айкын жана бардык нормаларды сактоо менен өтүүсү үчүн калган маселелерди ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.  
Кененирээк билүү >>
Эртең - жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү”
15.11.2024

Эртең - жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү”

​16-ноябрда саат 8:00дөн баштап шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салуу күчүнө кирерин Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет. «Жымжырттык күнү» деп аталган бул мөөнөт добуш берүү башталганга чейин 24 саатка созулат жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган. ​Мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди жана алардын тизмелерин каттоо аяктаган күндөн тартып башталып, добуш берүү күнүнө бир күн калганда аяктайт. “Жымжырттык күнүнүн” негизги максаты – шайлоочуларга тышкы таасирсиз өз тандоолорун бейкапар карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү болуп саналат. ​Бул күнү саясий партияларга жана талапкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат: • кайсы бир талапкерди же партияны колдогон же ага каршы үгүттөө; • шайлоо программаларын талкуулоо; • жаңы жарнамалык материалдарды жайгаштыруу. ​Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте ар кандай үгүт иштерине тыюу салынат. Мурда жайгаштырылганүгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, көрнөк-жарнактар), эгерде алар шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жерде жайгашса, ордунда тура берет. ​«Жымжырттык күнүнүн» эрежелерин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт. Бул саясий партияларга жана талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет-басылмаларга жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына тиешелүү. ​Ошол эле учурда “жымжырттык күн” шайлоо комиссияларынын маалыматтык иштеринежайылтылбайт. Алар алдыдагы шайлоолор тууралуу маалымат таратууну улантып, шайлоо мыйзамдарын жана добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, жарандарды добуш берүүгѳ үндөй беришет. ​Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин бардык катышуучуларын мыйзамдын талаптарын так сактоого жана шайлоочулардын эркин жана аң-сезимдүү түрдѳ негизделген тандоо укуктарын сактоого чакырат.    
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мониторинги үчүн Кыргызстанга эл аралык байкоочулар келүүдө
15.11.2024

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мониторинги үчүн Кыргызстанга эл аралык байкоочулар келүүдө

Кыргызстанга эл аралык байкоочулар келүүдө, алар 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мониторингин жүзөгө ашырат. КР Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтары боюнча 51 эл аралык байкоочу аккредитация алды. Өзүлөрүнүн эл аралык байкоочуларын жиберүүнү каалагандыгын төмөнкү 10 өлкөнүн: Азербайджандын, Беларусиянын, Грузиянын, Индиянын, Казакстандын, Молдованын, Монголиянын, Россиянын, Түркиянын, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиялары билдирди. Азербайджанды, Беларусияны, Грузияны, Индияны, Казакстанды, Молдованы, Монголияны, Россияны, Түркияны жана Өзбекстанды кошуп алганда, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн он өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиялары жиберди. Байкоого Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы (A-WEB), Ханнс Зайдел атындагы Фонд, Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ), Ислам кызматташтык уюму (ИКУ) сыяктуу эл аралык уюмдардын, ошондой эле Улуу британиянын, Ирандын, Кытайдын, АКШнын, Швейцариянын жана Япониянын элчиликтеринин өкүлдөрү да катышат. Шайлоо убагында эл аралык байкоочулар бүткүл өлкө боюнча бир катар шайлоо участкаларына барышат, анда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт, добуштарды эсептөө мониторингине катышышат жана Коомдук мониторинг борборунун ишине байкоо жүргүзүшөт. КР БШК шайлоо процессинин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн эл аралык эксперттердин кеңири катышуусуна кызыкдар жана алардын миссияларынын натыйжалуу аткарылышы үчүн бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет. Чакыруу жана эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жол-жоболору Кыргызстанда «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы, ошондой эле «КР шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө» жобо менен жөнгө салынат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдѳѳ-текшерүү тобу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди
15.11.2024

КР БШКнын Көзөмөлдѳѳ-текшерүү тобу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди

КР БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу 2022-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин каржылоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды берет. Шайлоого 38 саясий партия катышып, 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин 187 партиялык тизмесин көрсөтүшүүдө. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына ылайык, шайлоо ѳнѳктүгүн каржылоо үчүн «Элдик Банк» ААКсында (мурдагы «РСК Банк») жана «Айыл Банк» ААКсында* саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептери ачылган. *Бул эки банк 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген банк мекемелеринин тизмесине киргизилген. (2024-жылдын 23-сентябрындагы № 134 токтому). Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун 191 атайын эсеби ачылган (алардын ичинен 3 атайын эсептин – акча каражаттары кыймылсыз турат, анткени 3 саясий партиянын талапкерлеринин 3 тизмеси каттоодон ѳткѳн эмес, жана ѳздѳрүнүн талапкерлеринин тизмесин чакыртып алган саясий партиянын 1 атайын эсеби). Шайлоо фонддорунун атайын эсептерине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар жогоруда аталган банк мекемелеринен автоматтык түрдө БШКнын «Финансылык ачыктык» автоматташтырылган маалымат системасына келип түшөт, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеке маалымат жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен БШКнын сайтында «Талапкерлер жана партиялар» бетинде көрсөтүлөт жана шайлоочулар үчүн 24/7 мезгилинде жеткиликтүү болот. “Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу банк мекемелеринен алынган маалымат боюнча, 2024-жылдын 14-ноябрына карата шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине бардыгы болуп 88 092 743,00 сом келип түшкөн: Шаардык кеңештин аталыштары Түшкѳнү % Айдаркен шаардык кенеши 331 055,00 0,38% Базар-Коргон шаардык кенеши 1 010 160,00 1,15% Балыкчы шаардык кенеши 1 872 984,00 2,13% Баткен шаардык кенеши 1 064 064,00 1,21% Бишкек шаардык кенеши 40 214 365,00 45,65% Жалал-Абад шаардык кенеши 2 038 100,00 2,31% Кадамжай шаардык кенеши 376 600,00 0,43% Кайынды шаардык кенеши 1 104 820,00 1,25% Кант шаардык кенеши 2 328 150,00 2,64% Каракол шаардык кенеши 2 055 851,00 2,33% Кара-Суу шаардык кенеши 1 030 520,00 1,17% Кара-Балта шаардык кенеши 2 135 990,00 2,42% Кемин шаардык кенеши 872 500,00 0,99% Кызыл-Кыя шаардык кенеши 1 923 860,00 2,18% Кочкор-Ата шаардык кенеши 619 230,00 0,70% Кара-Кѳл шаардык кенеши 710 825,00 0,81% Орловка шаардык кенеши 170 000,00 0,19% Кербен шаардык кенеши 671 000,00 0,76% Майлуу-Суу шаардык кенеши 718 550,00 0,82% Ош шаардык кенеши 12 223 727,00 13,88% Таш-Кѳмүр шаардык кенеши 658 880,00 0,75% Ноокат шаардык кенеши 618 220,00 0,70% Нарын шаардык кенеши 1 400 970,00 1,59% Токмок шаардык кенеши 2 847 170,00 3,23% Ѳзгѳн шаардык кенеши 660 900,00 0,75% Талас шаардык кенеши 3 371 345,00 3,83% Сүлүктү шаардык кенеши 1 569 760,00 1,78% Разаков шаардык кенеши 969 775,00 1,10% Чолпон-Ата шаардык кенеши 775 740,00 0,88% Шопоков шаардык кенеши 431 610,00 0,49% Шамалды-Сай шаардык кенеши 484 282,00 0,55% Токтогул шаардык кенеши 683 170,00 0,78% Кѳк-Жаңгак шаардык кеңеши 148 570,00 0,17% Бардыгы 88 092 743,00 100% Кайрымдуулуктун түрлөрү боюнча саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине келип түшкөндѳрдүн жалпы суммасы (анын ичинде кайтарып берүүлѳрдү жана туура эмес көрсөтүлгөн төлөм коддорун эке алганда) төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: Кайрымдуулуктун түрлѳрү Суммасы %%       55221000 – Талапкердин ѳздүк каражаттары 22 326 826,00 25,3% 55222000 – Саясий партиянын ѳздүк каражаттары 9 833 183,00 11,2% 55223000 – Жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары 42 830 345,00 48,6% 55224000 – Юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары 220 200,00 0,2% Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору 11 727 464,00 13,3% Кайтарып берүүлѳр (банкттык реквизиттерди туура эмес кѳрсѳтүүгѳ байланыштуу ж.б.) 1 374 925,00 1,6% Бардыгы 88 092 743,00 100% Шайлоо ѳнѳктүгүн ѳткѳрүүгѳ байланыштуу чыгымдарды жабууга саясий партиялардын шайлоо фонддорунан 82 489 071,39 сом сарпталды: Чыгашалардын беренелери Суммасы %% 10000000 – Мамлекеттик бюджетке кирешелер боюнча тѳлѳмдѳр 53 329,00 0,1% 14511900 – Салыктык эмес башка кирешелер (Шайлоо күрѳѳсүн тѳлѳѳ) 4 100 000,00 5,0% 41000000 – Товарлар үчүн тѳлѳмдѳр 1 221 229,00 1,5% 42000000 – Кызмат кѳрсѳтүү үчүн тѳлѳмдѳр, анын ичинде 8 115 446,39 9,8% 42120000 – Коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳр жана байланыш кызматы 1 020 729,53   42131000 – Ижара акысы 6 093 887,66   42151000 – Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳр (маалыматтык жана консультативдик мүнѳздѳгү кызмат кѳрсѳтүүлѳр) 448 029,20   44000000 – Кызматкердин эмгек акысына тѳлѳѳлѳр (агитаторлордун, ыйгарым укуктуулардын жана ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын, ѳкүлдѳрдүн ж.б. кызматына акы тѳлѳѳлѳр) 18 160 528,00 22,0% 46000000 – жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматтары 37 257 432,70 45,2% Тѳлѳмдѳрдүн туура эмес коддору жана кайтаруулар 12 414 369,20 16,5% Бардыгы 82 489 071,39 100,00% Саясий партиялардын атайын эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 5 603 671,61 сомду түздү. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган саясий партиялардан Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине шайлоо күрөөсү катары бардыгы болуп 4 100 000 сом түшкөн. Маалымат иретинде. Мыйзамдык нормаларга ылайык айылдык кеңештерге талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкүдөй акча каражаттарынан түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин 50 000 сомдон ашпаган өздүк каражаттары; - 100 000 сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары; - ар бири 50 000 сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары; - юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 50 000 сомдон ашпайт. Мында алардын шайлоо фондунун чыгашаларынын эң жогорку суммасы 500 000 сомдон ашпашы керек. Шайлоо күрөөсү БШКнын депозиттик эсебине салынбайт («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык жокко чыгарылган). Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин өз каражаттарынан, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - саясий партиянын өз каражаттарынан, алар 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 300 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 15 000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 50 000 сомду түзѳт. Шаардык кеңештерге (Бишкек жана Ош шаарларын албаганда) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн: - талапкердин өз каражаттарынан, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - саясий партиянын өз каражаттарынан, алар 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - жеке жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес; - юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынан, алардын ар бири 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. Мында шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы 5 000 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес. БШКнын депозиттик эсебине чегерүү үчүн шайлоо күрѳѳсүнүн суммасы 20 000 сомду түзѳт. Шайлоо фонддорун «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тыюу салууларга жатпаган жеке жана юридикалык жактар ​​түзѳ алышат. Шайлоо фонддору атайын максатка ээ жана алар шайлоо өнөктүгүнө байланышкан чыгымдарды жабууга гана жумшалышы керек. Саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо боюнча кененирээк маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан тапса болот («Талапкерлер жана партиялар» маалымат ресурсу/«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» (же “Айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо”/ Шайлоо фонду) https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor БШКнын Кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун коомдук мониторинги боюнча байкоочулар үчүн семинар
14.11.2024

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун коомдук мониторинги боюнча байкоочулар үчүн семинар

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болот. Ушул окуянын босогосунда 2024-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы Эл аралык республикалык институттун көмөктөшүсүүнүн алдында коомдук байкоочулар жана саясий партиялардын жана талапкерлердин байкоочулары үчүн семинар өткөрдү. Семинарга КР БШКнын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев жана КР БШКнын мүчөлөрү У. Жылкыбаев, А. Жумалиева, И. Гайпкулов, А. Бекматов, М. Абдалиев катышты. ​ Кыргыз Республикасындагы Эл аралык республикалык институттун директору Димитар Стойков бул жыл бүткүл дүйнө боюнча шайлоолордун санынын көптүгү менен белгилүү деп белгиледи. Кыргызстан демократиялык институттарды жана практиканы чыңдоого өз салымын кошуу менен бул чоң глобалдуу процесстин бир бөлүгү болуп саналат. Байкоочулар шайлоолордо шайлоо нормаларынын сакталышына көз карандысыз контролду камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, ошондой эле жарандардын эрк-ниетин билдирүүсүнүн эркиндигин жана тазалыгын камсыз кылуу жолу аркылуу демократиялык процесске өбөлгө түзүү менен шайлоонун натыйжаларына коомдун ишенимин бекемдөөдө чечүүчү роль ойнойт. Семинардын катышуучулары жергиликтүүкеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты, аларга байкоочулардын укуктары жана милдеттери, даттанууларды жана арыздарды кароонун тартиби түшүндүрүлдү. Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун ишинин алкагында укук коргоо органдары менен координациялоодо мыйзамдуулукту, шайлоо процессинин коопсуздугун жана айкындуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду. ​Шайлоо технологияларына жана алардын мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелер катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Быйылкы жылы биринчи жолу бардык шайлоо участкаларында видеобайкоо колдонулат. Аралыктан добуш берүү жана айрым шайлоо участкаларында видеобайкоо онлайн режиминде, калгандары видеотартып алуу режиминде жүргүзүлөт. ​Ошондой эле маалымат иретинде катышуучулар шайлоо мезгилинде социалдык тарамдардын мониторинги боюнча Советтин иши менен таанышты. ​​Аягында КР БШКнын мүчөлөрү катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
17-ноябрдагы шайлоолор: орун-жайдан тышкары   добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктады
14.11.2024

17-ноябрдагы шайлоолор: орун-жайдан тышкары добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу аяктады

КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча ѳлкѳнүн шайлоо комиссияларына 9538 арыз түшкөнүн билдирди. Улгайган курагына байланыштуу шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулардан - 3746 арыз, майыптыгы боюнча – 1979 арыз, оорусуна байланыштуу – 3145 арыз жана 668 арыз айрым категориялардын өкүлдөрүнөн, б.а. үзгүлтүксүз иштөө (вахта жумуштарында) цикли бар ишканаларда, стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелерде, шектүү жана айыпкер катары камакта кармоо жайларында турган жарандардан, ошондой эле аскер кызматчыларынан жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнѳн, аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдардан, мѳѳнѳттүү аскер кызматчыларынан келип түшкѳн. 2437 участкалык шайлоо комиссияларынын ичинен 1129 комиссия орун-жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууга тийиш.   Аймак Участкалык шайлоо комиссияларынын жалпы саны Арыз келип түшкѳн участкалык шайлоо комиссияларынын саны Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ арыздардын саны Бишкек ш. 268 179 1907 Ош ш. 102 69 982 Баткен облусу 219 89 664 Ош облусу 492 217 1522 Чуй облусу 369 136 1225 Нарын облусу 169 110 664 Жалал-Абад облусу 452 190 1878 Талас облусу 117 53 324 Ысык-Кѳл облусу 249 86 372         Баары: 2437 1129 9538  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 14 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
14.11.2024

КР БШКнын 2024-жылы 14 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 14-ноябры 2024-ж. Убактысы: 16:40 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Сулюкта аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүрүнү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Темирканова Т.Э., Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы); 2. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (баяндамачы – Дюшенбиева Б.Н., Эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы); 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: шайлоого карата шаардын даярдыгын Бишкекте талкуулашты
14.11.2024

Шайлоо 17-ноябрь: шайлоого карата шаардын даярдыгын Бишкекте талкуулашты

Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоого карата даярдык боюнча иш-чаралар аяктасын – 17-ноябрга дайындалган шайлоону уюштуруу маселелерин жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Бишкек шаардык штабынын чечими так ушундай болду. Штабдын жыйыны 12-ноябрда Бишкек аймактык комиссиясынын төрагасы Б. Конуровдун, райондук администрациялардын акимдеринин, мамлекеттик органдардын, шаардык инфратүзүмдүн ишканаларынын жана билим берүүнүн жетекчилеринин катышуусу менен Бишкек шаарынын мэри А.Джунушалиевдин төрагалыгынын астында болуп өттү. Штабдын жыйынында райадминистрациялардын башчылары алдыда болуучу шайлоону даярдоо боюнча иш-чаралардын планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет беришти. Бишкектин мэри аларга шайлоо участкаларынын шайлоого даярдыгын, анын ичинде алардын материалдык-техникалык жабдылышын жеке көзөмөлгө алууну тапшырды. Административик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарынын курамына бир катар айыл аймактары кирди. Бүгүнкү күндө шайлоочулардын саны 642 адамды түздү. 51 депутаттык мандат үчүн 7 саясий партиядан 320 талапкер күрөшөт, алардын ичинен 112си – аялдар. Добуш берүү күнүндө Бишкекте 268 шайлоо участкасы иштейт. Алардын баары шайлоо бюллетендери үчүн автоматтык эсептөөчү урналар менен жабдылган, операторлор жаңыланган жабдуулар менен иштөөгө окутулган. Бишкек – аралыктан добуш берүүгө арыздардын кыйла көп саны – дээрлик 5 миң арыз катталган шаар. Добуш берүү күнүндө аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдирген шайлоочулар үчүн төмөнкү даректер боюнча 4 шайлоо участкасы ачылат: Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу (М.Фрунзе көчөсү, 547); Октябрь райондук мамлекеттик администрацисынын имараты (Байтик Баатыр көчөсү, 17); К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепкана (А.Огонбаев көчөсү, 242); А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театры (Ю.Абдрахманов көчөсү, 167). Ошондой эле 16 жана 18-ноябрда УШК жайгашкан балдар бакчаларында жана мектептерде санитардык тазалоо жумуштарын жүргүзүү үчүн окуу сабактары онлайн форматта өтөт.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын бардык шайлоо участкаларына Брайль арибиндеги бюллетендер жеткирилди
14.11.2024

Кыргызстандын бардык шайлоо участкаларына Брайль арибиндеги бюллетендер жеткирилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо көрүүсү начар шайлоочулардын укуктарын камсыз кылуу максатында Брайл арибинде басылган атайын бюллетендерди даярдоо жана жеткирүү иштери аяктады. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, бардык шайлоо участкалары шайлоо бюллетендерин өз алдынча толтуруу үчүн атайын трафареттер, ошондой эле Брайль арибиндеги шайлоо бюллетендери менен жабдылган. Бул норма ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга (ДМЧА) бирдей шарттарды түзүүгө багытталган. Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шаарлардагы жана айылдардагы бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль арибиндеги бирден бюллетень жана толтурууда ыңгайлуу жана купуялуулукту сактоо үчүн трафарет берилет. Брайль арибинде жалпысынан 983 бюллетень чыгарылган, анын ичинен: 749 бюллетень - шаардык шайлоо участкалары үчүн; 234 бюллетень - алдын ала түзүлгөн керектѳѳ карталарына ылайык айылдык шайлоо участкалары үчүн. Бюллетендерди жана трафареттерди даярдоо сапаты жана колдонууга ыңгайлуулугу боюнча бардык талаптарды эске алуу менен «Учкун» ААКда даярдалды. Борбордук шайлоо комиссиясы өзгөчө муктаждыктары бар шайлоочулар үчүн жеткиликтүү шайлоо чөйрөсүн, анын ичинде атайын материалдарды жана жабдууларды түзүү боюнча ырааттуу иштерди улантууда. Бүгүнкү күндө бардык шайлоо бюллетендери жана трафареттер аймактарга жеткирилип бүттү, ошентип шайлоо участкалары бардык шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болушу үчүн толук даяр болот.  
Кененирээк билүү >>
-
13.11.2024

-

-
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктардын жүрүшү
12.11.2024

Чүй облусунда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктардын жүрүшү

12-ноябрда Чүй облустук штабынын жыйынында 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери каралды. Штабдын жыйынына Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын тең төрагасы Н.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, шаардык жана райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратуранын, укук коргоо органдарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, шаардык инфраструктура ишканаларынын жана окуу жайларынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты. Жыйында алдыдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү талкууланды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы боюнча облустун бардык шаарларында жана райондорунда штабдар түзүлгѳн, алар шайлоо комиссиялары менен дайыма байланышта болуп, аларга алдыдагы шайлоого даярдануу боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүүгө тийиш. Аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт. Алсак, жергиликтүү штабдарга шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан бардык уюштуруучулук жана материалдык-техникалык техникалык маселелерди чечүү, анын ичинде шайлоо комиссияларын имараттар, үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш, интернет, оргтехника, транспорт менен камсыздоо тапшырылды. Бардык шайлоо участкаларында өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралар текшерилип, жакындап келе жаткан кыш мезгилинин шартында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга добуш берүү үчүн шарттар түзүлүүгө тийиш, алар учурда облус боюнча 11302 адамды түзѳт. Алардын керектөөлөрүнүн алдын ала картасы боюнча 542 шайлоо участогуна пандустар орнотулган, дагы 24 шайлоо тилкесинде пандустар орнотулушу керек. Алардын керектөөлөрүнүн алдын ала түзүлгѳн картасы боюнча 542 шайлоо участогуна пандустар орнотулган, дагы 24 шайлоо участкаларына пандустар орнотулушу керек. Бардык жерде чоң тамгалар жана/же Брайль шрифтинде шайлоо жөнүндө маалымат жазылган стенддер бар. Облустук штаб укук коргоо органдарына шайлоо учурунда облустун бардык аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтарууга жана шайлоо бюллетендерин ташып жеткирүүгѳ өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле мыйзам бузууларга өз убагында жана натыйжалуу чара көрүү боюнча тапшырмалдарды берди. Маалым болгондой, курамына аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген Ыкчам чара кѳрүү координациялык тобуна (ЫЧКТ) учурда 5 арыз келип түшкөн. Ар бири боюнча ыкчам түрдө шайлоо мыйзамдарында белгиленген чектерде тиешелүү чаралар көрүлгөн. Облустук жалпыга маалымдоо каражаттарына телеканалдарда социалдык тармактардагы роликтерди жайылтууну, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана мамлекеттик органдардын маалымат ресурстарында маалыматтык материалдарды жайгаштырууну камсыз кылуу тапшырылды. ЖӨБ органдары бирдей шарттарды сактоо менен үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды бөлүп бериши керек. Чүй облусу административдик-аймактык реформанын натыйжасында чоң өзгөрүүлөргө учурады. Ошентип Кара-Балта жана Кант шаарлары облустук макамга ээ болуп, ондон ашык айыл аймактары Аламүдүн жана Сокулук райондорунан Бишкек шаарына өткөрүлүп берилди. Натыйжада шайлоочулардын саны 2021-жылдагы 645,4 миң адамдан 2024-жылы 600 миңге чейин азайган. Ошол эле учурда шаардык кеңештерде шайлоочулардын саны өсүп, айылдык кеңештерде шайлоочулардын саны бир аз кыскарган. Жергиликтүү кеңештердин өздөрүнүн саны да кыскарды: азыр алардын 56сы 1266 депутаттык мандатка ээ болсо, анын 433ү аялдарга берилет.  Шайлоонун алдында Чүй облусундагы бардык штабдарга шайлоочулардын акыркы тизмелерин тактоого шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын шайлоого максималдуу катышуусун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды күчөтүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
1 … 63 65 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти