Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Тоң АШКнын системалык администратору Жолдошбек уулу Нурматка апасынын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат
06.11.2024

КР БШК Тоң АШКнын системалык администратору Жолдошбек уулу Нурматка апасынын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын системалык администратору Жолдошбек уулу Нурматка апасы Кыдыева Жүрсүн Баркаловнанын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөбүз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.
Кененирээк билүү >>
Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу
06.11.2024

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу

4-ноябрда Кыргызстандын борбордук шайлоо комиссиясында мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, тоо-кендерин казып чыгаруучу компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен вахталык жумуштарда, аскер бөлүктөрүндө, дарылоо мекемелеринде, камакта кармоо жайларында жүргөн шайлоочулар үчүн добуш берүү шарттарын түзүү үчүн шайлоо комиссиялары менен өз аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууну жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, добуш берүүгө катышууга укуктарды ишке ашыруу үчүн чаралар талкууланды. Кеңешменин ишине КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова, КР Саламаттык сактоо министринин орун басары К. Байдавлетов, КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабынын Тарбиялоо иштеринин башкы башкармалыгынын начальниги М. Мурзаканов, КР УКМК караштуу Чек ара кызматынын тарбиялоо иштери башкармалыгынын начальниги Р. Турдалиев, КР УКМК эксперти Р. Алышбаев, КР ИИМ Ички аскерлеринин кадрлар бөлүмүнүн начальниги Ж. Байлочев, КР ИИМ Тергөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги С. Макилов, КР ИИМ Кадрлар боюнча башкы башкармалыгынын инспектору М. Ажыгулов, КР Улуттук Гвардиясынын Командачысынын орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу М. Кыпчаков, КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинин начальнигинин орун басары М. Дюшеналиев, КР ЮМ караштуу Кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча кызматтын кадрлар башкармалыгынын начальниги У. Раимбеков, КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин башкы адиси Ч.Мамбетаипова, «КазМинералзБозумчак» ЖЧК Тышкы байланыштар департаментинин директору У.Изабаев, «ФулдГолдМайнинг» ЖЧК башкы инженеринин орун басары А. Стамбеков, «МакмалГолд Компани» ЖЧК директорунун орун басары А. Кожалиев катышты. Кеңешмеде айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле аралыктан добуш берүүнү колдонуу боюнча «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык чечимдер кабыл алынды. Алсак, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 12-беренесинин 2-1-бөлүгүнө ылайык 6-ноябрга чейин, башкача айтканда добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөр тапшырылды: - КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилерине социалдык стационардык мекемелерден майыптыгы бар шайлоочулардын жана улгайган жарандардын, ошондой эле добуш берүү күнүндө стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, башкача айтканда ооруканаларда, психо-неврологиялык диспансерлерде жүргөндөрдүн тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына берүү; - мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын мекемелеринин жетекчилерине аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына берүү; - мамлекеттик органдардын убактылуу кармоочу изоляторлорунун, тергөө изоляторлорунун мекемелеринин жетекчилерине добуш берүү күнүндө шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларда жүргөн адамдардын тизмелерин берүү жана добуш берүү күнү – 17-ноябрда алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу. Бардык алынган тизмелер боюнча КР БШК жайдан тышкары добуш берүү процессин уюштурат. Аралыктан добуш берүүнү каалагандыгын билдиргендер үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана тоо-кендерин казып чыгаруучу компаниялар менен өз ара аракеттенүүдө аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу маселесин иштеп чыгуу аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: Ош облусунун айылдарында жаштар менен маалыматтык жолугушуулар өтүп жатат
06.11.2024

Шайлоо 17-ноябрь: Ош облусунун айылдарында жаштар менен маалыматтык жолугушуулар өтүп жатат

Ош облусунда 2024-жылдын 4-ноябрынан тартып 6-ноябрын кошуп алганда БШКнын мүчөсү А. Жумалиеванын катышуусу менен бир катар маалыматтык жолугушуулар өткөрүлүп жатат, алардын максаты – 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө жаштардын маалыматтуулугун жогорулатуу жана аларга катышуусун активдештирүү. Шайлоочулар менен ар түрдүү формадагы жолугушуулар Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында, Алай районунун Гүлчө айылында болуп өттү. Бул маалыматтык жолугушуулар Кыргызстан элдеринин Ассамблеясы, Саясий өнүктүрүү институту жана анын өнөктөштөрү, жаштардын «Кыргызстан Жаштар кыймылы» менен биргеликте КР БШК тарабынан уюштурулду. Мындай жолугушууларды уюштурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери активдүү көмөк көрсөтүштү. Маалыматтык жолугушууларга региондо жашаган этникалык коомдоордун өкүлдөрү да катышты. Жолугушууларда өткөрүлгөн административдик-аймактык реформанын максаты жана жыйынтыктары, регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн алдыда турган шайлоонун маанилүүлүгү түшүндүрүлдү. Шайлануучу органдар ар бир жаран үчүн маанилүү жана анын жашоосуна таасир этет. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү бюджеттерди жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү программаларын бекитет, жергиликутүү жамааттардын жашоосунун сапатына таасир этет. Жогоруда көрсөтүлгөн функцияларды ким жана кандай аткараары – шайлоо аркылуу чечилет. Шайлоого активдүү катышуу мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттын өнүгүшүнө таасир этет. А. Жумалиева жергиликтүү депутаттардын ролун күчөтүүгө, ошондой эле катталган жеринен алыста жашаган шайлоочулар үчүн киргизилген аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө да өзгөчө көңүл бурду.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 6 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
06.11.2024

КР БШКнын 2024-жылы 6 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 6-ноябры 2024-ж.                                                          Убактысы: 11:00                                                          Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Ош жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө   (баяндамачы – Темирканова Т.Э., Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы); 2. Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө. (баяндамачы –А. Дамир кызы., Адам ресурстарын башкаруу секторунун башчысы); 3. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
КР БШК жана Meta: Фейсбукта үгүт иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу
05.11.2024

КР БШК жана Meta: Фейсбукта үгүт иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу

2024-жылдын 4-ноябрында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси менен Борбордук Азиядагы программаларды ишке ашырууга жооптуу Facebook өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу болуп өттү. Жолугушуу Гуманитардык диалог борборунун көмөгү менен “Жарандык интернет саясаты” коомдук фонду тарабынан уюштурулду. Куттуктоо сөзүндө КР БШКнын тѳрагасы Н.Шайлдабекова социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоого көмөктөшүү боюнча натыйжалуу кызматташуусу үчүн Facebook жамаатына ыраазычылык билдирди. КР БШК бир катар жылдардан бери шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин жөнөтүү менен мыйзамдын талаптарына ылайык Facebook социалдык тармагындагы саясий жарнактарды каржылоонун ачык-айкындуулугуна мониторинг жүргүзүп келет. «Биз жарнак таркатылып жаткан аккаунттардын аныктыгын текшерүү жана аларды Meta тарабынан авторлоштуруу эрежелерди сактоо боюнча кыйла таасирдүү чаралар экенине ынандык. Алдыдагы шайлоого катыша турган бардык талапкерлердин жана партиялардын тизмесин Фейсбукка жөнөттүк», - деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова. Фейсбук менен өз ара аракеттенүү аркылуу партиялар жана талапкерлер саясий жарнак таратуучу катары аныкталышы мүмкүн жана алар белгиленген эрежелерди сактоого милдеттүү. Бул жалган маалыматтарды, башка талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген материалдарды, ошондой эле социалдык жана этникалык кастыкты козутууга багытталган же экстремисттик билдирүүлөрдү камтыган материалдарды жайылтууга тыюу салууну ѳзүнѳ камтыйт. Социалдык тармактарда партиялар жана талапкерлер тарабынан үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүүнү БШКнын маалымат жана үгүт иштери боюнча жумушчу тобу, ошондой эле жакында түзүлгөн Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду даярдоо жана ѳткѳрүү учурунда социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү боюнча коомдук кеңеш жүргүзөрү белгиленди, анын курамына медиа уюмдарынын, журналисттик бирикмелердин, ЖМКлардын, блоггерлердин жана медиа-эксперттердин өкүлдөрү кирген. Meta (Facebook) Борбор Азия жана Шри-Ланка боюнча коомдук саясат бөлүмүнүн башчысы Сенура Абейварден Meta Кыргызстан жана Борбордук шайлоо комиссиясы менен кызматташууга кубанычта экенин белгиледи. «Айкындуулук чаралары – биз дайыма жаңылап туруучу ѳтѳ маанилүү инструмент», - деди ал. Meta Facebook платформасында таза шайлоону камсыз кылууда шайлоо кызматкерлерин колдоого багытталган ички саясатты жүргүзүп келет. Бул үчүн жарнак китепканасы түзүлүп, анда ​​талапкерлердин жана саясий партиялардын аккаунттары авторлоштурулган саясий жарнактар жайгаштырылат, ошондой эле каражат булактарын кошуу менен каржылоо жѳнүндѳ маалыматтар жазылат. Meta санариптик китепкана КР БШК үчүн маанилүү инструмент болуп саналат, ал Facebook колдонуучуларынын катталган аккаунттарынан келип түшкөн саясий жарнактарга мониторинг жүргүзүү үчүн бардык зарыл маалыматтарга жетүүнү камсыз кылат. Шайлоо ѳнѳктүгүнүн кыска мөөнөттүү мүнөзүн эске алуу менен, суроо-талаптар ыкчам, күнү-түнү, ал эми кээ бир учурларда андан да кыска мөөнөттө каралат. «Биз БШК сыяктуу ыйгарым укуктуу органдын билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузган, бурмалоого алып келген же шайлоочуларды адаштырган жана шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирген бардык контентти карап чыга алабыз. Эгерде биз фактылар тастыкталган расмий катты алсак, биздин Facebook корпоративджик эрежелерин текшерүү боюнча комитет ар бир ишти жекече карап чыгат. Биз шайлоонун тазалыгы жана ачык-айкындыгы маселелерине өтө олуттуу мамиле жасайбыз», - деди Meta өкүлү. КР БШКнын төрагасы Meta өкүлдөрүнө арыздарды жеке негизде кароого даяр экендиктерине ыраазычылык билдирди. «Бүгүнкү жолугушуунун өзү ѳтѳ маанилүү, ал шайлоонун бардык катышуучуларына маалыматтык каражаттарды мыйзамдуу жана акыйкат колдонуу зарылдыгын эскертет», - деп баса белгиледи сөзүнүн соңунда Н.Шайлдабекова. Маалымат иретинде: Бардык саясий жарнактар Жарнама китепканасына кошулган, ​​ага www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жетүүгѳ болот, анын жогорку бетинен Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек.    
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 5 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
05.11.2024

КР БШКнын 2024-жылы 5 - ноябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2024-ж. 5-ноябры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 2. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Кыргызстан жаштар кыймылы” коомдук бирикмесинин билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө (баяндамачы – Аскарбекова А.А. Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө (баяндамачы – Океев С.К. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу) 4. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү кеңештин депутаты Б.С. Дүйшеналиев тууралуу Токтогул АШКнын маалыматы жөнундө
04.11.2024

Жергиликтүү кеңештин депутаты Б.С. Дүйшеналиев тууралуу Токтогул АШКнын маалыматы жөнундө

2024-жылдын 4-ноябрында Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Жалал-Абад ОИИБ тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата мурда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган (соттун 2024-жылдын 2-ноябрындагы токтомунун негизинде). Жалал-Абад ОИИБнын маалыматына ылайык, Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан бөгөт коюу чарасын башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу менен өзгөртүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык сотуна өтүнүч келтирген. 2024-жылдын 4-ноябрында кечки убакта келип түшкөн кошумча маалыматка ылайык Жалал-Абад шаардык соту Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаттандырып, мурда коюлган камакка алуу чарасы өзгөртүлгөн жана сот залынан камактан бошоткон. Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуу Токтогул АШК тарабынан каралууда.
Кененирээк билүү >>
Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевдин статусу жөнүндө
04.11.2024

Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшеналиевдин статусу жөнүндө

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.С. Дүйшөналиевдин кармалгандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет. Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын 2024-жылдын 3 ноябрындагы маалыматына ылайык, “Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2024-жылдын 2-ноябрында 16.10.1988-ж.т. Дүйшеналиев Болотбек Согушбековичке Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айып угузулуп, кылмыш иш боюнча кармалган. Жалал-Абад шаардык сотунун токтому менен бөгөт коюу чарасы аныкталып 2024-жылдын 22-ноябрына чейин камакка алынган”. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 14-октябрындагы № 25 чечими менен Б.С. Дүйшеналиев “Эркин Эл” саясий партиясынын тизмеси менен Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп каттаган. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, катталган талапкер шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланган күнгө чейин аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугусуз, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт, камакка алынбайт же сот тартибинде берилүүчү чараларга дуушар кылынбайт. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан талапкер Б.С. Дүйшеналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук берүү тууралуу кайрылуу түшкөн эмес. Ушуга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин укуктарын камсыздоо жаатында жогорудагы Мыйзамдын талаптары бузулгандыгы жөнүндө маалымдайт жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин так аткаруу боюнча эскертет. КР БШКнын Маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: студенттер үчүн – аралыктан добуш берүү
04.11.2024

Шайлоо 17-ноябрь: студенттер үчүн – аралыктан добуш берүү

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова жана КР Билим берүү жана илим министри Д. Кендирбаева республиканын бардык жогорку окуу жайларынын, билим берүүнүн райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде билим берүү кызматкерлеринин жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине катышуу жана Президенттин Жарлыгын аткаруу маселеси талкууланды, анда 5-пункт менен 2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруу тапшырылган. КР БШКнын төрагасы билим берүү системасы өлкөнүн саясий турмушундагы бардык ири жана маанилүү окуяларды даярдоого салттуу чоң салым кошот, шайлоо ошондойлордон болуп саналат деп баса белгиледи. Атап айтканда, бул шайлоодо 2438 шайлоо участкаларынын ичинен 1730у окуу жайларынын имараттарында жайгаштырылган, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн 60% жакыны алардын кыйла компетенттүү уюткусун түзгөн билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери болуп саналат. Ошентип, 84% жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук иш-чаралар билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Жогорку жоопкерчиликти жана чоң психологиялык жүктү эске алуу менен, КР БШК жетекчилери өзүлөрүнүн кызматкерлерин колдоорун, негизги функцияларын шайлоо участкаларындагы иш менен айкалыштырууга аларга мүмкүнчүлүктү камсыз кылаарын, шайлоону өткөрүү үчүн – шайлоочулар сыяктуу эле шайлоо процессин уюштуруучулар үчүн да комфорттук атмосфера түзөөрүн күтөт. Аларды чечүүдө окуу жайларынын жетекчилеринин олуттуу жардамын талап кылган дагы бир милдет – бул аралыктан добуш берүүнү активдештирүү. Аралыктан добуш берүүнү киргизүү бир катар факторлорду, алардын ичинде – тышкы жана ички миграцияны, ошондой эле жаштардын көпчүлүгү окуу жайларынын окуучулары болуп саналышаарын, окууга байланыштуу үйүнөн алыста болушаарын жана жашаган жери боюнча шайлоого катыша алышпастыгын эске алуу менен КР Президентинин Жарлыгы менен бекемделген. Статистикалык маалыматтар боюнча азыркы убакта 318 миң кыргызстандык жаштар – студенттер, алардын ичинен 80%ы, башкача айтканда 215 миңге жакыны окуу үчүн туулган жерлеринен шаарларга кетишкен. Иш жүзүндө бардык студенттер шайлоо курагына жетишкен жана туулган шаарларынын жана айылдарынын өнүгүшү ошого жараша болгон тандоону жасай алышмак. Алыста туруп добуш берүү мүмкүнчүлүгүн мамлекет дал ушул жаштар өлкөнүн саясий турмушунан сыртта калбашы жана өлкөнүн келечегин көрө билгендигин билдирүү үчүн уюштурду. Кеңешменин катышуучулары аралыктан добуш берүү үчүн КР БШК тарабынан түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалыматтарды алышты. Каалоочулар кабыл алуу пункттарында арыздарды калтырууга тийиш – азырынча республика боюнча алар 27, эгерде аралыктан добуш берүүнүн каалагандардын саны өссө, КР БШК кошумча пункттарды ачууга даяр. Көпчүлүк пункттар дал ошол жогорку окуу жайларында жайгаштырылган. Аралыктан добуш берүү үчүн көптөгөн шайлоочулардын болушу күтүлүүдө, арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү узартылды – эми арыздарды кабыл алуу пунтуна паспорту менен 6-ноябрга чейин келсе болот. Жаштарды арыздарды берүүнүн экинчи мүмкүнчүлүгү да кызыктырат – «tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» аркылуу. Аралыктан добуш берүү боюнча бардык суроолорго тез линия – 1255 телефону боюнча жооп берүүгө даяр. Кеңешменин катышуучуларына аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана тартиби жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды. Д. Кендирбаева жаштардын жарандык көз карашын калыптандырууда билим берүү чөйрөсү канчалык маанилүү роль ойноорун Билим берүү жана илим министрлиги менен КР БШК терең түшүнөөрүн белгиледи. Жаш шайлоочулардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү менен, жогорку окуу жайлары КР Президентинин алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге активдүү катышуу тууралуу жакында шайлоочуларга кайрылган чакырыгын колдоорун белгиледи.    
Кененирээк билүү >>
БШК аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды жеринде кабыл алууну уюштурду
03.11.2024

БШК аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды жеринде кабыл алууну уюштурду

3-ноябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды жеринде кабыл алууну уюштурду. Арыздар Чүй облусунун Сокулук районундагы Прогресс дача айылында кабыл алынды. Прогресс айылында аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу өлкөнүн ар кайсы облустарынан көчүп келген тургундардын өздөрүнүн өтүнүчү менен уюштурулган. Кичи мекенине барып, катталган жериндеги урнага шайлоо бюллетенин салуу оорчулук жаратары түшүнүктүү. Ошондуктан алар өздөрүнүн тандоосу аркылуу туулган аймагынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизерин түшүнүшөт. Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү аларга жергиликтүү кеңештерге татыктуу жана компетенттүү депутатты тандоого катышууга мүмкүндүк берет. Алардын бири Баткен облусундагы Лейлек районунун тургуну Соулбек Кумарбаев ар бир жаран шайлоого катышуусу керек деп эсептейт: “Ар бирибиз патриот болушубуз керек, өзүбүздүн кичи мекенибизге, бүткүл Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошушуубуз керек. Мурда добуш бере алчу эмесмин, анткени менин айылыма чейин 1200 км. аралык жатат, ал жерге жетүү үчүн убакыт да, жол кире да керек эле, жумуштан да бошонуу зарыл. Эми болсо аралыктан добуш берүүгө болот. Бул ыңгайлуу, мен өзүмдүн талапкеримди – эл үчүн иштей турган, мен ишенген, келечектен үмүттѳндүргѳн адамды ушул жерден эле тандайм”, - дейт. Нарын облусундагы Ат-Башы районунан Бакыт Молдобаев жергиликтүү кеңештерге аралыктан добуш берүүгѳ сөзсүз барарын билдирди: «Мурда мен, албетте, патриоттук сезимим менен добуш бергим келчү, бирок шайлоого катыша алган жокмун. Аткени ал үчүн атайын айылыма баруу кыйын болду. Бирок биздин добушубузду пайдаланып кеткенин да кѳрдүк. Эми өнүгүү үчүн иштей турган, өзүң жактыргандарды тандоого шарт түзүлдү. Ким эмнеге жөндөмдүү, ким кандай иштей ала турганын эл билет. Татыктууларды тандабасак, өнүгүү болбойт – мурдагыдай болот. Ал эми укугубузду колдонсок, жакшы адамдар келет, өнүгүү болот”. Айылдын төрагасы Нургүл Ысамамбетованын айтымында, бүгүнкү күндө айылда 200гө жакын кожолук бар, алардын ар биринде 3-5тен шайлоо жашына жеткендер бар. «Ички миграцияга байланыштуу баарыбыз бул жакка ар кайсы аймактардан келгенбиз. Анан канча жылдан бери шайлоого катыша албай, жарандык позициябызды билдире албай жүрдүк. Биринчиден, туулуп-өскөн жерлерине барууга убакыт жок, экинчиден жол киреге акча жок. Ошондуктан биз бүткүл айылыбыз менен ушундайча чечип, КР БШКга кайрылдык“ - дейт ал. КР БШК кыргызстандыктардын айылдык жана шаардык кеңештерге өздөрүнүн татыктуу талапкерлерин колдоо укугун камсыз кылууну маанилүү деп эсептейт. Добуш берүү процессине катышууну каалагандардын баарына жеткиликтүү болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. КР БШК Прогресс айылына 4 адисин жөнөтүп, арыздарды кабыл алуу үчүн бардык керектүү жабдыктар менен жабдылды. Би күндүн ичинде эле бир нече ондогон адамдардан арыз келип тушту. Иштелип чыккандан кийин алардын маалыматтары аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкасында иштеген шайлоо комиссиясынын тизмесине киргизилет. 17-ноябрда шайлоо комиссиясы алардын баарын Бишкек шаарындагы Фрунзе кѳч., 547, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы имаратында күтүп алат.      
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: дем алышта 7 шаардагы КТБ аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алат
01.11.2024

Шайлоо 17-ноябрь: дем алышта 7 шаардагы КТБ аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алат

​КР Борбордук шайлоо комиссиясы аралыктандобуш берүүнү каалашкан шайлоочуларданарыздарды кабыл алууга тартылган Калкты тейлөө борборлору дем алыш күндөрү – 2 жана 3-ноябрда саат 9.00дөн тартып саат 18.00гө чейин иштээринкабарлайт. Сөз төмөнкү даректер боюнча жайгашкан 7 шаардагы КТБ жөнүндө жүрүп жатат: • Бишкек ш., Ч.Валиханов көчөсү, 2; • Ош ш.,Т.Касымбеков көчөсү, 8г/1; • Нарын ш., В.Ленин көчөсү, 39; • Джалал-Абад ш., Барпы Алыкулов көчөсү, 1; • Каракол ш., Гебзе көчөсү, 124; • Баткен ш., Мурат Салихов көчөсү, 33/1; • Талас ш., Дзержинский көчөсү, 28. Бул КТБ ишин алдыда келе жаткан дем алыштажумушчу режимге которуу жөнүндө чечим «КР жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарыншайлоону дайындоо жөнүндө» КР Президентинин2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгынаткаруу максатында КР БШК жана КР Санариптикөнүктүрүү министрлиги менен биргеликте кабылалынган. Аралыктан добуш берүүгө байланышкан бардыксуроолор боюнча тез линия – 1255 телефону боюнча чалууга болот.  
Кененирээк билүү >>
17-ноябрдагы шайлоолор: Ысык-Көлдүн шаарларында жана айылдарында маалыматтык жолугушуулар болуп өттү
01.11.2024

17-ноябрдагы шайлоолор: Ысык-Көлдүн шаарларында жана айылдарында маалыматтык жолугушуулар болуп өттү

Ысык-Көл облусунда БШКнын мүчөсү И.Гайпкуловдун катышуусунда бир катар маалыматтык жолугушуулар болуп өттү, анын максаты - 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана аларга катышууну активдештирүү. Каракол жана Балыкчы шаарларында, Бостери, Түп, Ак-Суу, Бөкөнбаев айылдарында шайлоочулар менен түрдүү форматта жолугушуулар өтүп, ага 300дөн ашык адам катышты. Бул маалыматтык жолугушууларды КР БШК Кыргызстан элинин ассамблеясы, Саясий өнүгүү институту жана анын өнөктөштөрү, “Кыргызстан Жаштар Кыймылы” менен биргеликте уюштурган. Мындай жолугушууларды уюштурууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери активдүү көмөк көрсөтүштү. Ысык-Көл облусунун тургундары менен болгон жолугушууларда алдыдагы шайлоонун облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Өзгөчө көңүл жергиликтүү депутаттардын ролун күчөтүүгө багытталган шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө, ошондой эле катталган жеринен алыс жашаган шайлоочулардын ыңгайлуулугу үчүн киргизилген аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду. Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушуулардын өзгөчөлүгү облуста жашаган диаспоралардын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу болду. Бул шайлоо процессинин туруктуулугун жана айкындуулугун чыңдоого багытталган шайлоо жөнүндө калкты маалымдоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү жөнүндө КР БШК менен Кыргызстан элинин ассамблеясынын ортосундагы макулдашуунун натыйжасында болду. Каракол шаарында И.Гаипкулов К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту. Кеңири жана түшүнүшүү кырдаалында ал жалпысынан Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу жаштардын бардык суроолоруна жооп берди. Студенттердин атынан университеттин проректору Н.Сулайманова КР БШКнын мүчѳсүнө ыраазычылык билдирди. Студенттерге К.Тыныстанов атындагы университетте аралыктан добуш берүүнү каалагандар үчүн 6-ноябрга чейин арыздарды кабыл алуу пункттарынын бири бар экени айтылды. Жалпысынан Каракол шаарында мындай үч пункт бар, алар: К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети. (К. Тыныстанов көч., 26); Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институту (К. Тыныстанов көч., 46); КТБ - калкты тейлөө борбору (Гебзе көч., 124) Жаштарды ошондой эле “tizme.gov.kg” сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” аркылуу электрондук түрдө арыз берүү мүмкүнчүлүгү кызыктырды.    
Кененирээк билүү >>
«Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясы Жалал-Абад жана Баткен мамлекеттик университеттеринде болуп өттү
01.11.2024

«Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясы Жалал-Абад жана Баткен мамлекеттик университеттеринде болуп өттү

«Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясынын алкагында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова жаштардын «Жаштар Кыймылы» менен биргеликте Жалал-Абад жана Баткен мамлекеттик университеттеринин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуулардын максаты – 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун босогосунда жаштардын шайлоочулук активдүүлүгүн жогорулатуу. Баткен жана Жалал-Абад облустарынын студенттерине жаңы жабдуу – шайлоо процесстерин кыйла натыйжалуу жана айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан системаны беришти. Бул система 17-ноябрга дайындалган шайлоодо пайдаланылат. Студенттерге автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) жардамы менен биометрикалык идентификациялоо жана добуштарды эсепке алуу үчүн, ошондой эле БШКнын борбордук серверинде добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жыйындысы үчүн 2015-жылдан бери пайдаланылуучу жаңыланган жабдуунун ишин көрсөттү. Алдыда болуучу шайлоодо жаңы комбинирленген түзүлүштү киргизүү пландаштырылууда, ал биометрикалык маалыматтарды – беттин жана манжалардын тактары боюнча идентификациялоону камсыз кылуу менен бир нече аппараттарды алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Түзүлүш ошондой эле электрондук документтерди кошуп алганда, паспорттордон маалыматтарды окуйт жана идентификацияланган шайлоочулар үчүн гана бюллетендерди басып чыгарат, бул басып чыгарууга жана логистикага чыгашаларды оптимизациялайт. Жаңылоо 2024 - 2028-жылдарга Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун алкагында шайлоону электрондук башкаруу үчүн бирдиктүү программалык-техникалык комплексти түзүүгө багытталгандыгын белгилөө керек. Жаштар шайлоо процессинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатуу үчүн участкалар жаңыланган АЭУ жана видеокамералар менен жабдыла тургандыгын да билишти. Бардык участкалардыгы видеобайкоолор шайлоочуларга реалдуу убакыттын режиминде добуш берүүнүн жүрүшүн байкоого, эгерде алар келип чыкса, талаш-тартыш кырдаалдарды объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк түзөт. Видеокамералар гранттык негизде берилген жана ишенимди чыңдоого жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө багытталган. Студенттер менен жолугушууларда жаштардын шайлоолорго активдүү катышуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Шайлоочулардын 45%га жакынын жаш жарандар түзгөндүгүнө карабасан, ушул учурга алардын анча көп эмес бөлүгү гана шайлоо активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Ушуга байланыштуу маалымдоого жана жаштарды шайлоо процессине тартууга багытталган кампаниялар өтө маанилүү. Жаш шайлоочулардын ыңгайлуулуктары үчүн, алардын олуттуу бөлүгү – туруктуу жашаган жеринен алыста окуган студенттер болгондуктан, Кыргызстандын БШКсы аралыктан добуш берүүгө арыздарды берүү мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты. Бул жаштардын туулган региондорун социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турган депутаттарды шайлоого алардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Жолугушуулардын катышуучуларына жергиликтүү кеңештердин талапкерлерине карата олуттуу талаптарды да түшүндүрүштү, бул алыда болуучу шайлоонун алдында өзгөчө маанилүү. Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашык адам 18ден 35 жашка чейинки жаш шайлоочулардын армиясын түзөт. Аларды өз кучагына алуу менен «Катыш! Танда! Шайла!» долбоору жарандык жоопкерчиликти кеңейтүүгө өбөлгө болот, бул келечектеги ийгиликтүү жана туруктуу Кыргызстандын залогу болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2024-жылы 31 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
31.10.2024

КР БШКнын 2024-жылы 31 - октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 31-октябры 2024-ж. Убактысы: 17:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. Бишкек шаарындагы №1315 жана №1374 шайлоо участкаларынын дарекетерин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы) 2. Чүй облусунун Москва районундагы №7302 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагына караштуу №2273 Кызыл-Ата шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №5 токтому менен бекитилген Ош шаардык кеңешинин жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка, Манас жана Мады айылдык кеңештериндеги шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы) 5. Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамын өзгөртүү киргизүү жөнүндө. (баяндамачы – Темирканова Т.Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы) 6. Ар кандай маселелер
Кененирээк билүү >>
17-ноябрдагы шайлоолор: Баткенде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү
31.10.2024

17-ноябрдагы шайлоолор: Баткенде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны өттү

31-октябрда Баткен облусунда 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктын жүрүшү талкууланды. Облустук штабдын жыйынына КР БШКнын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы Н.Шайлдабекова, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев, шаардык, райондук администрациялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиери, айыл өкмөттѳрүнүн башчылары, прокуратуранын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана мүчөлөрү, КР БШКнын адистери катышты. КР БШКнын жетекчиси облустун жетекчилигине алдыдагы шайлоого байланыштуу материалдык-техникалык маселелерди өз убагында чечип жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Чек ара аймагынын ѳтѳ узундугуна байланыштуу Баткен облусунда аралыктан добуш берүү маселеси актуалдуу болууда. Облуста чек ара бекеттери жана заставалары жетишээрлик көп, демек аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жеринен чыкпай добуш берүүгө шарт түзүп берүү зарыл. Ошондой эле ички жана тышкы миграцияны эске алуу менен аралыктан добуш берүүнү киргизүү мыйзам менен бекитилди. Учурда Баткен шаарында арыздарды кабыл алуу боюнча 3 пункт бар, тѳмѳндѳгү даректер боюнча аларга аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин кайрыла алышат: • Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеп. (Ж.Момунов көч., 16); • Баткен мамлекеттик университети (И. Жусупов көч., 21); • КТБ калкты тейлөө борбору (М. Салихов көч., 33/1). Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 306 миңге жакын адам болсо, быйыл 344 миңден ашты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына административдик-аймактык реформанын натыйжасында өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон шайлоочулардын тизмелерин тактоо жана түзүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди. Реформангын жыйынтыгында 9 айыл аймагы башкаларга бириктирилди. Шайлоочулар өздөрүнүн маалыматын 2-ноябрга чейин тактаса болот, шайлоо комиссияларында 17-ноябрга чейин контролдук тизмени актуалдаштырып алса болот. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алдыдагы депутаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, шайлоо участкалары үчүн жылуулук жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалган жайларды бөлүп берүү, шайлоо комиссияларын транспорт, оргтехника жана байланыш каражаттары менен жабдуу, үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жерлерди бөлүп, бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу, шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн башка шарттарды камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүп, кѳмѳк кѳрсѳтүү талап кылынат. Шайлоо участкаларынын басымдуу бөлүгү билим берүү мекемелеринде жайгашкандыктан, облустук билим берүү башкармалыгына шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иштөөсүнө керектүү шарттарды түзүп берүү жана алардын сакталышын көзөмөлдөө сунушталды. КР БШКнын мүчөлөрү тарабынан республикалык деңгээлдеги укук коргоо органдарынын адистери менен биргеликте өткөрүлгөн тренингдерден кийин Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтордун (ЫЧКТ) даярдыгы белгиленди. А.Алимбаев облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн шайлоо процессине кийлигишүүсүнө же айрым талапкерлердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурсту колдонуусуна жол берилбей турганын баса белгиледи. Шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга (добуштарды сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, шайлоо өнөктүгүнүн эрежелерин бузуу ж.б.) чара көрүү оперативдүү жыйындарда жүргүзүлөт. БШКнын тренингдеринде ЫЧКТ мүчөлөрүнө тиешелүү көрсөтмөлөр, шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби, мыйзам бузууларга чара көрүү алгоритмдери берилди. Жолугушуунун катышуучулары шайлоо процессинин бардык катышуучулары үгүт жүргүзүү эрежелерин, ошондой эле моралдык-этикалык нормаларды сактап, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылат деген ишенимин билдиришти. ЖӨБ органдары бирдей шарттарды камсыз кылуу менен үгүт материалдарын илип коюу үчүн атайын жерлерди бөлүп бериши керек. Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 136 шайлоо округу бар, административдик-аймактык реформага чейин алардын саны -142ни түзгѳн. Облустун шаарларында 8 партия 166 мандат үчүн өз талапкерлигин көрсөткөн. 22 айылдык кеңеште 552 мандаттын ар бирине өзүн-өзү көрсөткөн 2 талапкер ат салышууда, бул шайлоочуларга эң татыктуусун тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Жалпысынан 229 мандат аялдар үчүн сакталган, алардын жер-жерлердеги өкүлчүлүктүү бийилкке катышуусунун натыйжалуулугу социалдык долбоорлордун, балдар жана жаштар үчүн долбоорлордун санынын көбөйүшү менен шартталган. 17-ноябрда 582 миңден ашык калкы бар Баткен облусунда шайлоочулардын саны 344 миңден ашуун адамды түздү. Облуста 6 аймактык жана 219 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп, анда 2369 адам эмгектенет.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо 17-ноябрь: Жалал-Абадда алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча штабдын жыйыны болуп ѳттү
30.10.2024

Шайлоо 17-ноябрь: Жалал-Абадда алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча штабдын жыйыны болуп ѳттү

30-октябрда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. ​Жыйынга КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, республикалык штабдын теңтөрагасы, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты. ​Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, тиешелүү органдардын милдеттери тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат берилди. ​Учурда шайлоочулардын тизмелери такталып, шайлоочулар аралыктан добуш берүүгө катталууда. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КМБМР) маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте күн сайын жаңыланып турат. ​Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 680 миңге жакын адам болсо, быйылкы жылы 771 миңден ашты. Жалал-Абад шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп, административдик-аймактык реформадан кийин 8 айыл аймагын камтыды жана ошого жараша шайлоочулардын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү. ​​Административдик-аймактык реформанын натыйжасында аларда өзгөртүүлөр болушу мүмкүн болгон шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө, тактоого жана жазууга көмөк көрсөтүү ЖӨБ органдарына тапшырылды. Шайлоочулар өзүлөрү өздөрүнүн маалыматтарын 2-ноябрга чейин, участкалык шайлоо комиссияларында контролдук тизмелерди актуализациялоону 17-ноябрга чейинки убакытта тактай алышат. Жыйында шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымдалды: шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар, баарынан мурда участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, аларды үзгүлттүксүз электр менен жабдуу, ошондой эле генераторлор, жылытуу, байланыш, техникалык жактан колдоо топтору үчүн автотранспорт менен камсыз кылуу жана башка маселелер көңүлдүн чордонунда болду. Шайлоо участкаларында ДМЧА үчүн шарттарды түзүүнү белгилешти: көпчүлүк участкалар пандустар менен жабдылган, Брайль шрифти менен даярдалган маалыматтык материалдар бар. Ошондой эле ЫЧККТ алкагында шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат берилди, ал бул округда аймактык шайлоо комиссиясынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн. Мурда ЫЧККТ мүчөлөрү өз ара аракеттенүүгө жана шайлоодо бузуулардын ар кандай түрлөрүнө, баарынан мурда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурска каршы чара көрүү алгоритмдерине окутуу боюнча тренингден өтүштү. Аралыктан добуш берүүнү активдештирүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтуу менен, ушул убакта Жалал-Абад шаарында арыздарды кабыл алуучу 3 пункт иштеп жаткандыгы, аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин төмөнкү дарекке кайрыла алышаары белгиленди: •​Б. Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көчөсү, 25); •​К.Токтомаматов атындагы эл аралык университет (Спутник кичи району, Тарсус көчөсү, 1а); •​КТБ Калкты тейлөө борбору (Барпы Алыкулов көчөсү, 1). 17-ноябрда Жалал-Абад облусунда 47 жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат: 10 – шаардык жана 37 – айылдык. Административдик-аймактык реформадан кийин, анын жүрүшүндө 29 айылдык аймак башкаларга кошулду, жергиликтүү кеңештердин саны кыскарды: мурда алардын саны 76 болгон. Тиешелүүлүгүнө жараша депутаттык мандаттардын саны да кыскарды. Азыр Жалал-Абад облусу боюнча мандаттардын жалпы саны – 1197, алардын ичинен 290 – шаардык кеңеш, 907 – айылдык кенеш. Аялдар үчүн 29,7% резервделди, б.а. 356 мандат.  
Кененирээк билүү >>
1 … 65 67 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти