Башкы Жаңылыктар Президент Садыр Жапаровдун Жаңы 2025-жыл менен куттуктоосу

Президент Садыр Жапаровдун Жаңы 2025-жыл менен куттуктоосу

07-Янв, 2025

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 2025-жаңы жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын жаңы жылдык куттуктоосу:

“Ардактуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Алыс-жакында жүргөн кадырлуу журтташтар!

Биз саналуу мүнөттөрдөн кийин эски жылыбызды узатып, жаңы дем, жаңы маанай менен жаңы 2025-жылга аяк басабыз.

Мезгил деген закым куш экен, узап бараткан жылыбызга аста көз чаптырсак, өлкөбүздө бир далай натыйжалуу иштерди аткарууга жетишиптирбиз.

Эсиңиздерде болсо, биз кызматка келгендеги алгачкы жылдарыбызда бар аракетибиз коом турмушун бир нукка салып, мамлекеттик башкарууну элдин кызыкчылыгына иштетүү, уюштуруу иштери менен алек болдук эле.

Бара-бара элдин бийликке болгон ишеними өсүп, нааразычылык акциялар, тынымы жок митингдер артта калды.

Эл аралык коомчулукка Кыргызстан өз алдынча өнүгүп кете алаарын жар салып, дүйнө өлкөлөрү менен алакаларыбызды жолго коюуга жетиштик.

Натыйжада тең салмактуу, көп векторлуу тышкы саясий курс менен Кыргызстандын эл аралык айдыңдагы позициясын бекемдей алдык.

Элибизди көп жылдардан бери түйшүккө салып, жүрөк үшүн алган кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен чечилсе, кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Албетте, сиздердин колдоп-коштооңуздарсыз бул ийгиликтерге жетүү мүмкүн эмес эле.

Ак ниет, адал иш-аракеттерибиздин акыбети кайтып, анын негизинде дүйнө өлкөлөрү Кыргызстан демилгелеген ири долбоорлорго кол суна баштады. Мынакей ошол далалаттарыбыз өз жемишин берип, мурда кандай шарттары болсо да эптеп инвестиция тартсак деген ойдон арылып, инвесторлорду тандоого өттүк.

Кечээ Борбор Азия чөлкөмүнүн транспорттук инфратүзүмүнүн өнүгүшүндө жаңы доорду баштай турган “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” курулушунун алгачкы ташын койдук.

Кудай буюрса, бул жол бүтүндөй региондун өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, экономиканы чыңдап, миллиондогон адамдардын жашоосун жакшыртат. Чыгыш жана Батыш элдеринин ортосунда карым-катнаш түзүлүп, кадимки Улуу Жибек жолунун жаңы тарыхый деми калыбына келет.

Ал ортодо, өлкөнүн кан тамыры саналган миңдеген чакырым жолдорубуз оңдолуп, 800 чакырым жолго асфальт басылды.

Ал эми кылым долбоору атанган “Камбар- Ата 1” ГЭСинин курулушу азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын катышуусунда жана Дүйнөлүк банктын колдоосунда активдүү кадам менен алдыга жылууда.

Бул ГЭСтин курулушу – Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол экенин жакшы билесиздер. Ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин мааниси зор.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири - жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу долбоорубуз четинен ишке аша баштады. Борбор калаабыз Бишкекте турак жай комплекстери курулуп, миңден ашуун жарандарыбыз жаңы жылдын алдында батирлүү болушту.

Келерки жылдан тарта дагы бир топ турак жай комплекстер курулуп, кийинки кезекте турган жарандарга четинен бериле баштайт.

2024-жыл эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук иш-чараларга жык болду. Алардын эң ириси – ушул жылдын жайында Парижде өткөн Олимп оюндарында Манас атабыздын урпактары өзгөчө намыстуу эл экендигибизди далилдеп, чакан өлкө болсок да чоң жеңиштерге жете алаарыбызды бүткүл дүйнөгө даңазалай алышты.

Мындай жетишкендиктер келечекке карай чаап жаткан жолубуздун башаты гана. Кийинки Олимп оюндарында да чоң ийгиликтерге жетүү үчүн азыртадан даярдыктарды баштайбыз.

Бизди мамлекеттин демографиялык маселелери дагы ойлондурбай койгон жок. Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстандын калкы улгаюу тенденциясына өткөндүгү – биз үчүн чоң коңгуроо!

Бул багытта “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала – береке” төлөмү жөнүндө” Жарлыкка кол койдум.

Биз мындай аракеттерибиз менен калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, барууга кыйын аймактарда жашаган көп балалуу энелерди колдоого алабыз.

Өтүп бараткан жылда саламаттык сактоо тармагында тарыхый жетишкендиктер жаралды: бөйрөк, боор, жилик чучугун алмаштырууга кадам ташталды.

Биз бардык ийгиликтердин башатында билим менен илим турарын, ансыз Кыргызстандын бакубат келечегин элестетүү мүмкүн эместигин жакшы түшүнөбүз.

Мындан улам, билим берүүнүн мазмуну менен сапатына көңүл бурууга тыкыр киришип жатабыз.

Бул багытта мектептерде “Алтын казык” мамлекеттик программасы ишке ашырылууда. Ал эми өнүгүүгө аракет кылган жогорку окуу жайларына өзгөчө макам берүүдөбүз.

Кыргызстандын илимий очогу болгон Улуттук илимдер академиябыздын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Кудай буюрса, мамлекеттин интеллектуалдык флагманы боло турган бул жайда иштеген кызматкерлердин айлыгы жаңы жылдан тарта 100 пайызга чейин көтөрүлөт.

Урматтуу замандаштар!

Көчмөндөр цивилизациясынын алтын бешиги аталган ажайып кооз кыргыз жери – улуттук деми акырындап артып бараткан нарктуу, айкөл элдин Мекени.

Мына ошол ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө жарлыкка кол койгон элем.

Кыргызстаныбыздын кайталангыс табиятын коргоо максатында аска тоолорубуздун символу болгон ак илбирсти эл аралык күн катары белгилөө демилгебизди быйыл Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы колдоп, тийиштүү резолюция менен 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары жарыялады.

Мунун өзү биз үчүн узап бара жаткан жылдагы жагымдуу көрүнүш болду.

Байыртадан эле элибиз ак илбирсти сыпаттап келишкендей, уул-кыздарыбыз айбат-сүрдүү, кайрат-күчтүү, аруу-айкөл, максатына жете билген өжөр болуп чыгышына төлгө кылалы.

Ушу жылы азыркы Кыргызстаныбыз башат алган Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп, тарыхый бурулуш жасоого өмүрүн арнаган аталарыбызды эскерип, аларга таазим кылдык.

“Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы” дегендей, 100 жылдыктын алкагында ондогон өнөр жай имараттары, ондогон социалдык-экономикалык мекемелер ачылды.

Эл кызматындагы бийлик бутактарынын бир максатты көздөө менен ынтымактуу иш алпаруусунун натыйжасында узап бараткан жылда бажы жана салыктан түшкөн кирешелер эселеп өстү.

Натыйжада ички дүң продукциянын көлөмү 9,4%га өсүп, бир жарым триллион сомдук чектен ашырдык, 2025-жылы анын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда. Быйыл өлкө бюджетин 687 млрд сомго чыгардык. 2025-жылы 700 млрд сомдон ашыруу менен мамлекеттин каржылык өзөгүн дагы чыңдайбыз.

Кымбаттуу кыргыз элим!

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы өзүнүн көп этностуу, ынтымакта жашаган, нарктуу жана жаратман эли менен бирге ылдам жана ырааттуу өнүгүүнүн туура багытына түштү. Мына ушундай учурда маани бере турган дагы бир жагдай – кийинки мезгилдерде кылымдап тутунуп келген уңгужолубузга түшүүгө мезгил жетти деп ойлойм.

Кыргыз Республикасынын мамлекет катары ыкчам жана туруктуу өнүгүүсү үчүн адегенде соңку он жылдыктарда пайда болгон зыяндуу адаттардан, өнөкөткө айланган терс көрүнүштөрдөн, түрдүү идеологиялык түркөйлүктөн, жагымсыз таасирлерден биротоло арылып, андан соң ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана каражаттарыбызды акылмандык менен колдонууга өтүүбүз кажет.

Биз кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан көз карандысыз мамлекетке ээ болушуна нукура, өзүнө гана таандык баалуулуктары жана нарк принциптери, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы өзөк болуп бергендигин эгерим эсибизден чыгарбайлы.

Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири – кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү! Мына ушул максатта “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлык кабыл алдым.

Биз бул Жарлыктын негизинде Кыргызстанды бардык жагынан жапырт өнүккөн, эли байгер жашап, өз өлкөсү менен сыймыктанган, элдик нарк баалуулуктары бекем сакталган мамлекет катары дүйнөлүк деңгээлге чыгууга багыт алабыз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ошентип 2024-жылы алдыга койгон пландарыбызды ишке ашыруудагы аракеттерибиздин акыбети кайтты, жемиши мол болду десек болот. Мунун баары албетте, элибиздин бекем ынтымагынын, бир максатты көздөгөн биримдигинин натыйжасы. Мындай жетишкендиктердин жыйынтыгында өлкөбүздө туруктуулук орноду, өнүгүүгө багыт алдык, жаңы Кыргызстанды куруу жолуна түштүк деп сыймыктануу менен айтууга толук негиз бар.

Жаңы жыл ар дайым жаңы милдеттер менен жаңы максаттарды алдыбызга коет. Биз 2025-жылы талбаган эмгектин аркасында гана жаңы-жаңы жетишкендиктерди багындырабыз деген ишеничим чоң. Жаңы жылда чет элдик инвестицияларды тартуу жана ишкерликке кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иштерин арттырабыз. Илим менен билимди, инновацияны, IT секторун, “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө жана санарип технологияларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Өнөр жай ишканаларын ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга басым жасалат. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге көтөрөбүз.

Ошентип, биз сиздер менен бирге күчтүү Кыргызстанды курабыз. Эң башкысы бир түндүктүн астындагы биримдигибизди, ырыс-кешик тартуулаган ынтымагыбызды барктай билели.

Ардактуу мекендештер, кирип келген жаңы жылыбыз баарыбызга кут болсун!

Жаңы жылыбыз жаңылануунун, өзгөрүүлөрдүн, жаңы бийиктиктердин жылы болсун!

Төрт түлүгүбүз түгөл болуп, ар бир үйдө бакыт-таалай, ынтымак, ырыс уяласын!

Жаңы жылыңыздар менен!”

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>