Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди
28.06.2011

БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Япондук эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)  эки автомобиль («Тойота Лэндкрузер») берди.  Автомобилдерди тапшыруу жана эки тараптуу макулдашууга кол коюу салтанаты бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын БШКнын короосунда БШК төрагасы Акылбек Сариевдин жана ЛСАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Хидэаки Маруяманын катышуусу менен  өттү.    Салтанатта КР БШК төрагасы А.Сариев аталган техникалык жардам БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна бериле тургандыгын, Борбор шайлоо процессинин бардык катышуучуларын - комиссия мүчөлөрүн да, президентикке талапкерлерди да окутуу менен  алектенээрин белгиледи. Ал Япония Өкмөтүнө, КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруямага берилген жардамга ыраазычылык билдирүү менен БШК шайлоо процессинин республика боюнча бардык катышуучуларын окутууну өз убагында аткаруу маселесин ишке ашырат деп билдирди. А.Сариев ЛСА Боршайлооком менен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2010-жылдын октябрында шайлоодо да активдүү кызматташкандыгын эскертти. Анда япондук тараптан участкалык комиссияларга протоколдорду тапшыруу үчүн сейф-пакеттер берилген, бир участкада - Бишкек шаарынын №13 орто мектебинде электрондук добуш берүү уюштурулган. Өз кезегинде КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруяма алдыда турган Кыргызстандын Президентин шайлоо БШКнын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү мезгил экендигин жана япондук тарап бул жооптуу учурда комиссияны колдой тургандыгын белгиледи. Ал Кыргызстан эли Японияга эң татаал, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуу учурунда биринчилерден болуп жардам берүүгө кол сунгандыгын белгиледи. “Биз дагы кыргызстандыктарды ар тараптан колдоону каалайбыз”-деди ал. Ошону менен бирге Х.Маруяма өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордогудай эле президенттик шайлоолорго да япондук тарап байкоочу катары катыша турган ниетин белгиледи.  Салтанаттын акырында А.Сариев жана Х.Маруяма журналисттердин суроолоруна жооп беришти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери боюнча түшүндүрмөсү
23.06.2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери боюнча түшүндүрмөсү

Айрым массалык мааылмат каражаттарында жана маалымат булактарында КР БШК төрагасы Акылбек Сариевге шилтеме жасоо менен боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен чыгымдардын суммасына  тиешелүү ар кандай билдирүүлөр келтириле баштагандыгына байланыштуу төмөндөгү түшүндүрмөнү таратабыз:   - “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзам долбоорлорун иштелип чыккандыгы жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандыгы белгилүү. Аталган мыйзам долбоорлору күчүнө киргенде боло турган президенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн алдын ала эсеп боюнча 795 млн. сом талап кылынмак. Мындайча айтканда 2011-жылдын республикалык бюджетинде боло турган президенттик шайлоолорго 179 млн. сом каралгандыгын эсепке алганда, бюджеттен кошумча дагы 616 млн. сом табуу талап кылынмак. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдар көбөйүү каралган мыйзам долбоорлору КР Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш кабыл ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Жогоруда кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун чыгымдары мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла тургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзам долбоорлоруна карата  каршы пикирин парламентке билдирип, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен кайтарган. Жогорку Кеңештин профилдик комитети, парламенттеги Президенттин, Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү менен бирдикте мыйзам долбоорлорунун демилгечилери  мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча макулдашылган вариантты иштеп чыгышкан. Макулдашылган мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоону өткөрүүгө 319 млн. сом талап кылынат, анын ичинен 210 млн. сому - биринчи турга. Жогоруда белгиленгендей алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 179 млн. сом өлчөмүндөгү сумма каралган, сунушталган макулдашылган вариант боюнча 620 млн. сомдун ордуна кошумча 130 млн. сом талап кылынат. Өлкөнүн Президентин шайлоо датасын ушул жылдын ноябрь айына которуу жөнүндө маалымат тууралу айтсак, КР БШК төрагасы Акылбек Сариведин бул сунушу макулдашуу комиссиясына бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүү үчүн белгилүү убакыт керектегинен, божомол боюнча бир айдан кем эмес убакыт талап кылынаарынан келип чыккан. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү
22.06.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү

2011-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун (депутаттын жарандыгы жөнүндө маселе каралган бул жыйналышка ал өзү катыша алган жок), Кыргыз Республикасынын ТИМинин, “Жаңы Агым” газетасынын өкүлдөрү катышты.  Жыйналышта белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын тийиштүү мамлекеттик органдары КР БШКнын депутат Ж.Саматовдун россиянын жарандыгына тиешелүү маселе боюнча суроо-талабына документтердин толук базасын сунуштай элек. Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин депутаты  Ж.Саматовдун жарандыгына тиешелүү маселе БШКнын 2011-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышында каралган. Ал жыйналышта БШКнын төрагасы Акылбек Сариев бул маселе Кыргыз Республикасынын да, Россия Федерациясынын да тийиштүү ведомстволорунан расмий документтерди алганга чейин ачык турарлыгын билдирген. Ошентип, россиялык тарап Ж.Саматовдун жарандыгы жөнүндө маалыматты эл аралык ченемдерге шилтеме жасап, форс-мажорлук абалдардан тышкаркы башка учурларда  инсан тууралу маалымат жарандын өзүнүн суроосу жок берилбестигин белгиледи. КР ТИМи Ж.Саматовдун паспортунун көчүрмөсү жок экендигин билдирет. Ж.Саматовдун россиянын паспортунун көчүрмөсүн “Жаңы Агым” газетасы жарыялаган. Ж.Саматовдун өкүлдөрү, алардын пикири боюнча депутаттын жарандыгы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган газетанын редакциясы менен соттошууга депутат даяр экендигин билдиришти. Жыйынтыгында аталган маселени кароо депутат Ж.Саматовдун катышуусунда КР БШКнын кийинки жыйналышында улантуу чечими кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Билдирүүсү
25.04.2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Билдирүүсү

Биз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү айрым саясатчылардын  жана депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүндө азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын  орунсуз күнөөлөөлөр камтылгандыгына  байланыштуу билдиребиз.             Жыйынтыктарын биздин өлкөнүн гана жарандары эмес, коңшу өлкөлөр, биздин мамлекеттин стабилдүү өнүгүүсүнө кызыкдар эл аралык коомчулук да үн катпай күткөн парламенттик шайлоолордун аяктагынан бери аз убакыт өттү. Өлкөнүн тагдыры менен ойнобой, биз өзүбүзгө тапшырылган ишенимди татыктуу актоого, шайлоолордун тынч жана максималдуу легитимдүү өтүшүнө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшадык. Муну менен өлкөнүн ичиндеги гана эмес мамлекеттин дүйнөлүк коомчулуктагы укуктук абалы, укуктук стабилдүүлүгү байланышкан. Курч кырдаалда түрдүү саясый күчтөрдүн кысымынын алдында, өзгөчө уттурган, ал түгүл жеңип чыккан бир нече партиялар да бардык участкалар боюнча добуштарды кайрадан саноону талап кылып жатышканда чечим кабыл алуу, кыйынга турду. Бирок, мындай аракеттерди аткаруу үчүн ошол учурда, да азыр да укуктук негиз болгон эмес.             Бүгүн ошондогудай эле айрым саясатчылар башкаларды күнөөлөп, өздөрүн таза жана чынчыл деп көрсөткөн жолго түшүүдөн башка жаңы жол табышпады. Ал түгүл, шайлоо системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда бизди “партизандык” позицияда турат дешип айыпташып, этикага жатпаган кемсинткен сөздөрдү айтуудан баш тартпай, Боршайкомго “легитимсиз” деген диагноз коюшуп, анын “анатомиялык кемчиликтерин, башка кеселдерин” чукушуп, бүгүн республиканын мамлекеттик органдарынын бардыгынын легитимдүүлүгү саясый фундаментке негизделгендигин “эстеринен чыгарышып”, бүгүнкү иштеп жаткан Боршайкомдун легитимдүүлүгү акыркы орунда турбастыгын унутта калтырышууда.             Шайлоо мыйзамын жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу деген түрдө шайлоо системасын реформалоо, иш жүзүндө азыр колдонуудагыга карама каршы келген, таптакыр башка администрациялык, техникалык, укуктук, экономикалык жана саясый принциптерде түзүлө турган жаңы шайлоо системасы жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакеттерин жылдыруу болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы башынан тартып өзүнүн позициясында бекем туруп анын орундуулугуна толук ишенет, учурдагы бардык кырдаалды, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясый абалын эске алган сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга зарыл убакыт бизде жок экендигин, болгон күндө да ал убакытты өткөрүп жибергенибизди жоопкерчилик менен билдирет. Ушул тапта, мамлекетте стабилдүүлүк жана тынчтык башкы приоритет болуп эсептелип, ал эми мамлекеттик башкаруу системасы интенсивдүү кайра өзгөрүү абалында турганда жаңы мыйзамдарды кабыл алууну тездетүү өзүн актамак турсун жагымсыз кесепеттерге да алып келиши мүмкүн. Азыркы учур эксперименттерди, тобокелге салган жана ойлонуштурулбаган реформаларды өткөрүүнүн мезгили эмес. Сунушталган реформалар кесипкөйлүк менен иштелип чыгылбаган, Президентти шайлоого чейинки мөөнөттө алардын ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына,  дегеле качандыр бир жүзөгө ашырылышына ишеним жок. Шайлоо системасын таптакыр башка принциптердин, кадрлык, техникалык жана финансалык камсыз кылуу керектөөлөрүнүн жогорулашынын негизинде кыска мөөнөттө түп тамыранан бери жана фундаменталдык реформалоо жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдарды шашылыш кабыл алуу азыркы кыйын кырдаалды татаалдатып, оорчулукка алып келиши гана мүмкүн деп эсептейбиз.             Өлкөнүн негизги мыйзамында аны алгач колдонууда ачылган кемчиликтер, алалыктар жана карама каршылыктар биздин позицияны толугу менен тастыктоодо. Атап айтканда, акыркы референдумда кабыл алынган Конституция жана аны ишке киргизүү тууралу Мыйзам биринчи эле сынактан өткөндө - Жогорку Кеңешти шайлоодо мүдүрүлдү.             Ушуга байланыштуу, биз азыркы кырдаалда алдыдагы Президентти шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн колдонуудагы шайлоо Кодексин негиз кылуу, азыркы шайлоо комиссияларынын системасын сактоо, аны КР Конституциясы менен төп келтирүү менен Конституциялык мыйзам катары кабыл алуу, ал эми радикалдык реформаларды президенттик шайлоодон кийин өткөрүү чечими эң оптималдуу жана туура болот деп эсептейбиз.             Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын чыгарууну эки айга создуктурду, партиялардын бирин парламентке өткөрбөй коюу үчүн тандалган айрым участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүздү деген айыптар тууралуу Жогорку Кеңешке белгиленген беш пайыздык чекти багындырган бардык партиялар өткөндүгүн, шайлоолор 10-октябрда болуп, жыйынтыктары 1-ноябрда туура үч жумадан кийин чыгарылгандыгын эскерте кетмекчибиз. Биз ишибизге жана чечимдерибизге кандай гана ревизия жүргүзүлбөсүн жыйынтыгына ишенебиз. Эгерде Боршайкомдун легитимдүүлүгү, анын айрым же парламенттик шайлоолордун жалпы жыйынтыгын чыгаруу боюнча чечимдери күмөн саноону туудурса, Жогорку Кеңеш бүгүн да Боршайкомдун кандай гана чечими болбосун кайрадан карап чыгууга укуктук негиздерди түзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ экендигин билдирмекчибиз. Биз болсо Боршайкомдун наамына карата, мунун ичинде өткөн парламенттик шайлоолордогу добуштарды өлкөнүн бардык участкалары боюнча да, айрым участкалар боюнча да кайрадан санап чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин ар бир чечимин аткарууга даярбыз, ал түгүл жүзөгө ашырууга милдеттүүбүз. Акырында айтарыбыз, айрым саясатчылар жарыя салып жүрүшкөндөй биздин “легитимсиз, анатомиялык кемчиликтерибиз жана башка кеселдерибиз” бар экендигине карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы Боршайкомдун азыркы курамын жалпысынан жаңы мөөнөткө, ошондой эле келе жаткан шайлоолорго сактап калуу үчүн эч кандай аракеттерди көрүү ниети жок экендигин белгилей кетмекчибиз, ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруу органынын өз дайыны боюнча бирдей мыйзам долбоорлорун түрдүү варианттарда кабыл алуусунун актуалдуулугу тууралу сөз бүтөт деп үмүттөнөбүз.               Бардыгыңыздарга сак-саламаттыкты жана сабырдуулукту каалайбыз. КР Борбордук шайлоо комиссиясы: Сариев А.А., Абдыкалыкова А.Ж., Акматов Ж.А., Бапанова Ж.Б., Баялинов А.Ж., Бекбасаров Р.Б., Джанжалбеков М.Ж., Ирискулбеков Э.Б. Корсунский М.А., Ли А.С., Мамараимов А.М.
Кененирээк билүү >>
Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жөнүндө маалымат
21.04.2011

Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жөнүндө маалымат

2011-жылдын 17-апрелинде Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунун 13 жергиликтүү кеңештерине шайлоо болуп өттү. Аймактык комиссиялардын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына берген маалыматы боюнча 35 округдан 171 мандат түчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Шайлоо боло турганына эки күн калаганда 5 талапкер өздөрүнүн талапкерлигин алып салдышты. Ар бир мандат үчүн орточо эсеп менен 2,16 талапкер атаандашты. Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, анын ичинен 192 өзүн-өзү көрсөткөндөр, саясий партиялардан көрсөтүлгөндөр 14 талапкер. Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен өзүн-өзү көрсөткөндөр 68, саясий партиялардан 8, баткен облусу боюнча 94 талапкер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 65 өзүн-өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлдү. Шайлоо күнү бардык 42 шайлоо участкасы өз учурунда б.а. 8.00дө ачылды. Шайлоочулардын активдүүлүгү Талас облусунда 59,45%, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32% болду. Талас облусунун Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңештерине депутаттардын сапаттык курамы № К/Н УШКнын, РШКнын аталышы Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны жынысы курагы улуту билими     Жарандардын чогулушунан Саясий партиялардан эркек аял 30  жашка чейин 30-45 жаш 45 жана андан жогору кыргыз орус казак өзбек жана башкалар орто Толук бүтпөгөн жогорку жогорку   6024 3   3     2 1 3         2   1   6025 5 3 8     3 5 8         3 5     6046 2   2     1 1 2         2       6047 2 1 3     2 1 3         2   1   6048 6   5 1 2 2 2 6         3 1 2   6049 11   9 2   7 4 11         5 3 3 Район боюнча жалпы  29 4 30 3 2 17 14 33 0 0 0 0 17 9 7 Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайланган 4 депутат, “КСДП” партиясынан көрсөтүлгөн. Талас  облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы                                                            Г.Исбасарова   Ош облусу боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка шайланган талапкерлердин сапаттык курамы жөнүндө маалымат Шайлоо күнү 2011-жылдын 17-апрели. Айылдык кеңештин аталышы Көп мандаттуу округдун аталышы Мандаттардын саны   Алардын ичинен Жынысы Курагы Билими Националь ность Катталган талапкерлердин саны Каттоодон баш тартылган с/п Өзүн-өзү көр. э а 30 жашка чейин  30 жаштан 45 жашка чейин 45 жаштан жогору Жогорку Атайын орто орто кыргыз орус өзбек Башкалар Алай                                   Коңур-Дөбө №1 Боз-Караган 9   9 8 1 1 5 3 4 3 2 9       22     №2 Арпа-Тектир 6 1 5 4 2 2   4 2 1 3 6       11   Каблан-Көл №1 Кабылан-Көл 8 1 7 4 4 1 2 5 5 3   8       16     №2 Күнгөй 3   3 3     1 2   2 1 3       3   Кара-Кулжа                                   Кеңеш №1 Ат-Келтир 7   7 6 1   3 4   4 3 7       14     №2 Пор 4   4 3 1 1 1 2   4   4       8   Ноокат                                   Көк-Бел №1 Көк-Бел 7 1 6 7   1 1 5 1 2 4 7       12     №2 Н.Исанов 4 1 3 4   1   3 4     4       9   Н.Исанов №1 Чеч-Дөбө 3 1 2 3     1 2 1 1 1 3       5 1   №2 Жар-Коргон 3   3 3     1 2 2   1 3       8 1   №3 Тескей-Кожоке 5   5 4 1 1 2 2 4   1 5       6     №4 Жаңы-Базар 2 1 1 1 1   2   1   1 2       3     №5 Күнгөй-Кожоке 4 1 3 3 1 1 1 2 2 1 1 4       9   Кара-Суу                                   Отуз-Адыр №1 Отуз-Адыр 7   7 6 1   2 5 6 1   7       27     №2 Кара-Дөбө 3   3 3       3 1 1 1 3       11     №3 Кыш-Абад 5   5 4 1   2 3 3 1 1 5       13   Сары-Колот №1 Сары-Колот 4   4 4     3 1 2   2 4       6     №2 Тынчтык 4   4 4   3   1 2   2 4       7 1   №3 Шерали 3   3 2 1   2 1 1   2 3       4   Бардыгы  91 7 84 76 15 12 29 50 41 24 26 91       194 3 Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайлангшан 7 депутат, “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн. Ош  облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы                                         С.Карымшакова   Баткеноблусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапаттык курамы № К/Н УШкнын, РШКнын аталышы Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны    жынысы    курагы    улуту билими     Жарандардын чогулушунан Саясий партиялардан эркек аял  30 жашкы чейин 30-45 жаштагылар 45 андан жогору кыргыз орус казак өзбек башкалар орто Толук бүтпөгөн жогорку жогорку     Аксайс кий а/к 8   7 15    -    2 9 4 15                 5   4   6      Актатырский а/к 12     1 12    1    3 6 4 13                 4         7 2     Самаркандекский а/к 12   7 18 1 1  11 7 19                 6 5 8   ИТОГО   32 15 45 2 6 26 15 47 0 0 0 0 15 16 16 Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайланганы 15 депутат, “Ата-Журт” партиясынан 11, “Бүтүн Кыргызстандан” 3, “Республикадан” 1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы                                                            А.Мадалиев Белгилей кетүүчү нерсе, биринчи жолу кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого байкоочу катары Демократия жана адам укуктары боюнча бюросунан ЕККУ (ДИАУБ) жана АКШнын Улуттук демократиялык институту (NDI) катышты.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты К.Асановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
21.04.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты К.Асановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктарын депутататтык ыйгарым укуктарды аткарууга мүмкүн болбогон кызматка өткөндүгүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мурда белгилүү болгондой К.Асанов КР Премьер-министринин буйрутмасы менен КР ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Боршайкомдун бүгүнкү жыйналышында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына “Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан” (СДПК) партиянын тизмесинде кезектеги Иманкожоева Эркингүл Бекбабачаевна катталды. Боршайкомдун жыйналышында Э.Иманкожоевага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылды. Мындан тышкары Боршайкомдун жыйналышында 2011-жылдын 17-апрелинде мыйзам чегинде өткөн Ош, Баткен жана Талас областарынын 6 райондорундагы 13 жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Добуш берүү күнүнө чейин депутаттыкка 5 талапкер өзүлөрүнүн кандидатураларын алып салышкан. Натыйжада ар бир орунга орточо 2,16 талапкер ат салышкан. Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өзүн өзү көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн, Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлгөн, алардын 68и өзүн өзү көрсөткөн, саясый партиялардан-8, Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, алардын 65и өзүн өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясый партиялардан көрсөтүлгөн. Шайлоочулардын эң активдүүлүгү Талас облусунда-59,45% байкалган, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32%. Талас облусунда шайланган депутаттардын 4 “СДПК” партиясынан көрсөтүлгөн, Ош облусу боюнча 7 депутат “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн, Баткен облусу боюнча 15 депутат шайланып, 11и “Ата Журт” партиясынан, 3 “Бүтүн Кыргызстан” жана 1 “Республика” партиясынан». Жыйналышта БШК төрагасы Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин жарандуулугу тууралу маселени айтты. БШК төрагасы белгилегендей тийиштүү ведомстволордон расмий документтерди алганга чейин маселе ачык бойдон калат.
Кененирээк билүү >>
«Шайлоо»  МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат
18.04.2011

«Шайлоо» МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат

2011-жылдын 17-апрелинде Баткен, Талас жана Ош облустарынын 13 айылдык кеңешине 35 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарды шайлоо болуп өттү.   «Шайлоо» МАС аркылуу алынган УШКнын протоколдорунун маалыматтары боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого шайлоочулардын катышуусу жөнүндө алдынала маалымат "Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо КР БШК Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат   Облустар Шайлоочулардын саны Добуш бергени Негизги тизме Кошумча тизме Жалпы Саны % Баткен 13673 314 13987 5499 39,32% Талас 6624 352 6976 4147 59,45% Ошя 30540 1522 32062 15094 47,08% Бардыгы 50837 2188 53025 24740 46,66%   "Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо Баткен облусу Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат Округ Шайлоочулардын саны Добуш бергени Негизги тизме Кошумча тизме Жалпы Саны % Баткен - Аксай 1150 14 1164 563 48,37% Баткен - Үч-Дөбө 1276 17 1293 499 38,59% Баткен - Көк-Таш 1590 32 1622 589 36,31% Баткен - Ак-Татыр 1638 46 1684 736 43,71% Баткен - Орто-Боз 500 14 514 291 56,61% Баткен - Рават 1197 9 1206 520 43,12% Баткен - Самаркандек 1846 61 1907 675 35,40% Баткен - Орто-Сай 1890 48 1938 573 29,57% Баткен - Жаңы-Бак 899 21 920 377 40,98% Баткен - Паскы-Арык 1687 52 1739 676 38,87% Бардыгы 13673 314 13987 5499 39,32%   "Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо Ош облусу Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат Округ Шайлоочулардын саны Добуш бергени Негизги тизме Кошумча тизме Жалпы Саны % Кара-Кулжа- Ат-Келтир 1162 0 1162 800 68,85% Кара-Кулжа - Пор 673 55 728 317 43,54% Алай - Боз-Караган 1751 18 1769 668 37,76% Алай -Арпа-Тектир 1217 23 1240 544 43,87% Алай - Кабылан-Көл 1125 44 1169 591 50,56% Алай - Күнгөй 390 7 397 276 69,52% Ноокат - Көк-Бел 1966 127 2093 844 40,32% Ноокат - Исанов 1152 67 1219 552 45,28% Ноокат - Чеч-Дөбө 1225 80 1305 808 61,92% Ноокат - Жар-Коргон 1412 115 1527 863 56,52% Ноокат – Кошчан 2267 76 2343 1058 45,16% Ноокат - Жаңы-Базар 743 29 772 494 63,99% Ноокат - Күнгөй-Кожеке 2262 179 2441 1073 43,96% Кара-Суу - Сары-Колот 1716 61 1777 820 46,15% Кара-Суу – Тынчтык 1486 98 1584 570 35,98% Кара-Суу - Шерали 927 75 1002 495 49,40% Кара-Суу - Отуз-Адыр 3928 244 4172 1564 37,49% Кара-Суу - Кара-Дөбө 1999 75 2074 1025 49,42% Кара-Суу - Кыш-Абад 3139 149 3288 1732 52,68% Бардыгы 30540 1522 32062 15094 47,08%   "Шайлоо" Мамлекеттик Автоматташтырылган Системасы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо Талас облусу Шайлоочулардын шайлоого катышуусу жөнүндө маалымат Округ Шайлоочулардын саны Добуш бергени Негизги тизме Кошумча тизме Жалпы Саны % Кара-Буура - Арчагул 603 28 631 409 64,82% Кара-Буура - Шекер 1704 56 1760 1012 57,50% Кара-Буура - Кара-Буура 594 43 637 394 61,85% Кара-Буура - Бейшеке 836 27 863 548 63,50% Кара-Буура - Кара-Суу 1296 35 1331 666 50,04% Кара-Буура - Бакыян 1591 163 1754 1118 63,74% Бардыгы 6624 352 6976 4147 59,45%
Кененирээк билүү >>
 Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу "Шайлоо" МАТтын алдын ала маалыматтары
17.04.2011

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу "Шайлоо" МАТтын алдын ала маалыматтары

2011-жылдын 17-апрелинде Баткен, Талас жана Ош областтарындагы  көп мандаттуу 35 шайлоо округу боюнча13 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өттү. Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган  тутумунун саат 20.00 гө карата алдын ала маалыматтары… «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган  тутуму   Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР  БШК Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат      9:00 13:00 17:00 20:00 Катталган шайлоочулардын саны 50 837 50 837 50 837 50 837 Добуш берген шайлоочулардын саны 1 781 11 693 18 749 23 927 Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата % 3,5% 23% 36,88% 47,07%   Областтык шайлоо комиссиясы Убакыт Шайлоочулардын саны Добуш бергендер Саны % Баткен областы 20:00 13 673 5 120 37,45% Ош областы 20:00 30 540 14 685 48,08% Талас областы 20:00 6 624 4 122 62,23% Жыйынтыгы   50 837 23 927 47,07%   «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган  тутуму Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР  БШК Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат     9:00 13:00 17:00 20:00 Катталган шайлоочулардын саны 13 673 13 673 13 673 13 673 Добуш берген шайлоочулардын саны 332 2 841 4 241 5 120 Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата % 2,43% 20,78% 31,02% 37,45%   Округ Убакыт Шайлоочулардын саны Добуш бергендер Саны % Баткен - Аксай 20:00 1 150 538 46,78% Баткен - Уч-Добо 20:00 1 276 450 35,27% Баткен - Кок-Таш 20:00 1 590 550 34,59% Баткен - Ак-Татыр 20:00 1 638 677 41,33% Баткен - Орто-Боз 20:00 500 291 58,2% Баткен - Рават 20:00 1 197 500 41,77% Баткен - Самаркандек 20:00 1 846 610 33,04% Баткен - Орто-Сай 20:00 1 890 525 27,78% Баткен - Жаны-Бак 20:00 899 374 41,6% Баткен - Паскы-Арык 20:00 1 687 605 35,86% Жыйынтыгы   13 673 5 120 37,45%   «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган  тутуму Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР  БШК Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат     9:00 13:00 17:00 20:00 Катталган шайлоочулардын саны 30 540 30 540 30 540 30 540 Добуш берген шайлоочулардын саны 1 168 6 433 11 044 14 685 Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата % 3,82% 21,06% 36,16% 48,08%   Округ Убакыт Шайлоочулардын саны Добуш бергендер Саны % Кара-Кулжа- Ат-Келтир 20:00 1 162 650 55,94% Кара-Кулжа - Пор 20:00 673 316 46,95% Алай - Боз-Караган 20:00 1 751 621 35,47% Алай -Арпа-Тектир 20:00 1 217 550 45,19% Алай - Кабылан-Кол 20:00 1 125 592 52,62% Алай - Кунгой 20:00 390 260 66,67% Ноокат - Кок-Бел 20:00 1 966 819 41,66% Ноокат - Исанов 20:00 1 152 548 47,57% Ноокат - Чеч-Добо 20:00 1 225 822 67,1% Ноокат - Жар-Коргон 20:00 1 412 792 56,09% Ноокат - Кошчан 20:00 2 267 1 043 46,01% Ноокат - Жаны-Базар 20:00 743 494 66,49% Ноокат - Кунгой-Кожеке 20:00 2 262 1 043 46,11% Кара-Суу - Сары-Колот 20:00 1 716 815 47,49% Кара-Суу - Тынчтык 20:00 1 486 570 38,36% Кара-Суу - Шерали 20:00 927 495 53,4% Кара-Суу - Отуз-Адыр 20:00 3 928 1 541 39,23% Кара-Суу - Кара-Добо 20:00 1 999 981 49,07% Кара-Суу - Кыш-Абад 20:00 3 139 1 733 55,21% Жыйынтыгы   30 540 14 685 48,08%   «Шайлоо» Мамлекеттик автоматташтырылган  тутуму Жергиликтүү кенештерге депутаттарды шайлоо КР  БШК Шайлоодо шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат     9:00 13:00 17:00 20:00 Катталган шайлоочулардын саны 6 624 6 624 6 624 6 624 Добуш берген шайлоочулардын саны 281 2 419 3 464 4 122 Добуш бергендердин шайлоочулардын санына карата % 4,24% 36,52% 52,29% 62,23%   Округ Убакыт Шайлоочулардын саны Добуш бергендер Саны % Кара-Буура - Арчагул 20:00 603 390 64,68% Кара-Буура - Шекер 20:00 1 704 1 034 60,68% Кара-Буура - Кара-Буура 20:00 594 394 66,33% Кара-Буура - Бейшеке 20:00 836 547 65,43% Кара-Буура - Кара-Суу 20:00 1 296 653 50,39% Кара-Буура - Бакыян 20:00 1 591 1 104 69,39% Жыйынтыгы   6 624 4 122 62,23%
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын шайлоого 12 эларалык байкоочуларды акредиттеген
13.04.2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын шайлоого 12 эларалык байкоочуларды акредиттеген

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоого акредиттөө тууралуу берилген арыздарга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 12 эларалык байкоочуларды: БДИПЧ/ОБСЕ миссиясынан 4 байкоочуну; Эларалык республикалык институттан (IRI) 2 байкоочуну; Америка Кошмо Штаттарынан 4 байкоочуну; Улуттук демократиялык институттан (НДИ) 2 байкоочуну акредиттеген.        
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү Кеңештердин депуттарын шайлоодо өлкөнүн үч облусунда жогорку активдүүлүк байкалууда
29.03.2011

Жергиликтүү Кеңештердин депуттарын шайлоодо өлкөнүн үч облусунда жогорку активдүүлүк байкалууда

Кечээ, 2011-жылдын 28-мартында Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунда жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Ушул аймактардагы 13 жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо 2011-жылдын 17-апрелине белгиленген. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык комиссиялардын берген маалыматтары боюнча 171 мандатка 35 округдан жергиликтүү Кеңештердин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлүүдө. Ар бир мандатка орточо 2,1 талапкер көрсөтүлгөн. Мында саясый партиялар талапкерлердин жарымынан азын көрсөтүшкөн. Талапкерлерди көрсөтүүдө эң активдүүлүк Талас облусунда байкалган: үч мандаттуу Шекер шайлоо округунда 19 талапкер көрсөтүлгөн (бир мандатка орточо 6,3 талапкер). Ош облусунда Отуз-Адыр айыл Кеңешинин Ош шайлоо округунда 7 мандатка 27 талапкер көрсөтүлгөн. Баткен облусунун Ак-Сай айылдык кеңешинде 3 мандатка 13 талапкер күрөшмөкчү. Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, алардын 192си өз алдынча көрсөткөндөр, саясый партиялардан болгону 14 талапкер көрсөтүлгөн; Талас облусу боюнча 76 талапкер, анын ичинен өз алдынча көрсөтүү боюнча 20 талапкер, саясый партиялардан-8, шайлоочулардан 46 жана эмгек коллективдеринен 2 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер болуп катталган; Баткен облусу боюнча 94 талапкер катталган, анын 65и өз алдынча көрсөтүлгөндөр, 29у саясый партиялардан көрсөтүлгөндөр. Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү Кеңештерге шайлоону байкоону эл аралык байкоочулар биринчи жолу изилдөөнү каалагандыгын билдиришкен. Кыргызстанга өзүнүн байкоочуларын демократия жана адам укуктары боюнча Бюро (БДИПЧ) ОБСЕ жана АКШ Улуттук демократиялык институту (NDI) байкоочуларын жиберүүлөрү күтүлүүдө. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодекстин 84-беренесинин 3-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын каттоо шайлоо күнүнө 20 календарлык күн калган чейин аяктайт. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
08.02.2011

Шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

2011-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун себебинен улам түзүлгөн бош мандаттын ордун ээлөөдө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин ченемдерин колдонорлугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы № 130-V токтому менен аныкталган. Бирок көрсөтүлгөн кодекс эгерде саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкер бошогон мандаттан баш тартса же такыр эле аны кабыл алууну четке какса, б.а. ага күбөлүктү жана төш белгини тапшырууга жана депутаттык ант берүүгө келбеген учурда, тизме боюнча кийинки кезектеги тартипте бош депутаттык мандатты берүү тартибин жөнгө салбайт. Мындан тышкары талапкер өз ыктыяры менен депутаттык мандаттан баш тарткандыгы жөнүндө арызын берет, андан соң аны кайра чакыртып алган учурлар практикада кездешет, мындай кырдаал ошондой эле укуктук регламентке ээ эмес. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, бош депутаттык мандаттарды ээлөө жөнүндө маселени чечүүдө талаш-тартыш кырдаалдарга жол бербөө жана келечекте түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 33-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктун,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин жетекчиликке алып, саясий партиянын тизмеси боюнча шайлангандан кийинки депутаттыкка талапкердин бош мандатты алууда өз ыктыяры менен баш тарткан же аны КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттаган учурга чейин аны алууну четке кагуусуна тийиштүү шайлоо мыйзамындагы кемтикти калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууну чечти.     КР БШКнын 2011-жылдын 7-февралындагы бул Чечими КР Жогорку Кеңешине жөнөтүлдү.  
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун расмий натыйжалары бардык даттануулар жана кайрылуулар боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жарыяланат
18.10.2010

Шайлоонун расмий натыйжалары бардык даттануулар жана кайрылуулар боюнча чечим кабыл алынгандан кийин жарыяланат

Шайлоонун расмий жыйынтыктарын аныктоо мөөнөттөрү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип жаткан кайрылууларга байланыштуу, БШК тийиштүү токтом Боршайкомдун дерегине келип түшкөн  арыздарда жана даттанууларда коюлган  бардык маселелер чечилгенден кийин кабыл алынаарын жана  жарыяланаарын билдирет. Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясына бардык облустук шайлоо комиссияларынан (Бишкек, Ош шаарлары) протоколдор келип түштү.  Шайлоо участкалары уюштурулган кээ бир алыскы чет өлкөлөрдөн протоколдор али алынып келине элек.    Шайлоо жөнүндө  кодекске ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн чектеринен сырткары уюштурулган шайлоо участкаларынан акыркы протоколу келип түшөөрү менен жана БШКга келип түшкөн бардык даттануулар жана арыздар боюнча чечимдер кабыл алынгандан кийин  добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоого өтөт .    Азыркы учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды кароодо, алар боюнча кээ бир материалдар укук коргоо жана сот органдарына өткөрүлүп берилди. Шайлоо жөнүндө кодекске ылайык, Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоону Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары аныкталган кундон тартып эки жумалык мооното жузого ашырылат.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынды
18.10.2010

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо документтерин жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алынды

Кечээ,  17-октябрда, саясий партиялардын өкүлдөрү менен  консультациялардан кийин, Борбордук шайлоо комиссиясы райондук жана шаардык шайлоо комиссияларында сактоодо турган шайлоо документтерин БШКга жеткирүү жөнүндө чечим кабыл алды.   Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунда көп каталар табылгандыгына байланыштуу чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында кабыл алынды.  Шайлоочулардын тизмеси изилдегенден кийин БШК негизги жана кошумча тизмеге киргизилген шайлоочулардын так санын  жана тийиштүү түрдө саясий партиялар үчүн беш пайыздык босогону аныктаган шайлоочулардын санын расмий жарыялайт. Шайлоо документтерин жеткирүү кечээ, БШК чечим кабыл алгандан кийин башталды. Бишкекке жеткирүүдө бул документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары тарабынан күчөтүлгөн кайтаруу камсыз кылынат.  Документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн чаралардын ачык-айкындуулугу үчүн, күчөтүлгөн кайтаруудан тышкары БШКнын мүчөлөрүнөн жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн нөөмөт уюштурулду.    Шайлоочулардын тизмелерин текшерүү бардык райондордон жана шаарлардан шайлоо документтери жеткирилгенден кийин  жана саясий партиялардын жана өкмөттүк эмес сектордон байкоочулардын милдеттүү катышуусунда жүргүзүлөт.     
Кененирээк билүү >>
БШК саясий партияларга “Шайлоо” МАС маалыматтарын талдоо жүргүзүүнү сунуш кылды
15.10.2010

БШК саясий партияларга “Шайлоо” МАС маалыматтарын талдоо жүргүзүүнү сунуш кылды

Участкалык шайлоо комиссияларынан алынган протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарынын “Шайлоо” (МАС) Мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматтары менен кээ бир шайкеш келишпестикке байланыштуу саясий партиялардан келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы бул маалыматтарды талдоо жүргүзүүнү чечти. Бул максатта, бүгүн,  15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын демилгеси боюнча БШК мүчөлөрүнүн 2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга аларда болгон протоколдордун  көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтар менен салыштыруу жүргүзүүнү сунуш кылды. Саясий партиялардын өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча алар БШКга шайлоо комиссияларынан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөсүн беришет.        Протоколдордун көчүрмөлөрүн алган соң, Борбордук шайлоо комиссиясы бул протоколдорго киргизилген маалыматтарды “Шайлоо” МАСтын маалыматтары менен салыштырууну жүргүзөт. Мында, БШК партиялардын жана шайлоочулардын көңүлүн  БШКга берилген протоколдордун көчүрмөлөрү тийиштүү түрдө таризделиши керектигине бурат. Тактап айтканда, саясий партиялар БШКга аларга участкалык шайлоо комиссиялары берген, алардын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколдордун көчүрмөлөрүн берет. Бул протоколдорго  өз кезегинде тийиштүү  участкалык шайлоо  комиссияларынын мүчөлөрүнүн  колтамгасы коюлушу жана бул шайлоо комиссияларынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.  Борбордук шайлоо комиссиясы,  протоколдордун көчүрмөлөрүнүн маалыматтарын “Шайлоо” МАС маалыматтары менен салыштыруу боюнча аракеттер  колдонуудагы мыйзамдарда каралган эместигин жана бул БШКнын демилгеси боюнча гана “Шайлоо” МАСга киргизилген маалыматтардын участкалык шайлоо комиссияларында саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилген маалыматтар менен шайкеш эместиги боюнча себептерин аныктоо  максатында бул маалыматтарды талдоо үчүн жүргүзүлөөрүн белгилейт.     Борбордук шайлоо  комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү жана добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар “Шайлоо” МАСга шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн киргизилээрин жана бул маалыматтардын юридикалык күчү жок экендигин эске салат.  2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун расмий натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бардык облустук шайлоо комиссияларынан (Бишкек, Ош шаарлары) алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору иштетүүдөн өткөндөн кийин гана аныкталат.     Протоколдордун көчүрмөлөрү коштоочу кат менен БШКнын имаратында 407-бөлмөдө саат 9. 00дөн тартып 20.00 го чейин кабыл алынат. Маалымат үчүн телефон: (312) 664862  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунун ачылышы болду.
10.10.2010

Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунун ачылышы болду.

БУУнун Өнүктүрүү Программасынын шайлоону колдоого алуу боюнча Долбоору КР БШКга маалыматтарды иштеп чыгуу Борбору үчүн 30 компьютер, 2 сервер, 3 принтер, 32 UPS (ток менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу булагы), ошондой эле тармактык жабдууларды берди.  Кыргызстанда шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүүнүн  тарыхында биринчи жолу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү Протоколдорду  факс аппараттары аркылуу тез арада берүү системасы колдонулду. Толтурулган протоколдор  боюнча маалыматтар чогултулат жана маалыматтарды иштеп чыгуу Борборунда иштелип чыгат, бул болсо  КР БШКга шайлоо аяктагандан кийин саналуу гана сааттарда анык маалыматтарды алууга мүмкүндүк түзөт жана орто жолдо аларды бурмалоону жокко чыгарат. Борбордун ачылышы 2010-жылдын 10-октябрында 21:00дө БШКнын имаратында БШКнын Төрагасы А.А.Сариевдин жана БУУнун Борбордук Азиядагы Атайын Өкүлү Мирослав Енчтин катышуусу менен өттү.  Жалпы суммасы жарым миллион АКШ доларынан ашуунду түзгөн  факс аппараттарын, маалыматтарды иштеп чыгуу Борбору үчүн жабдууларды жана шайлоону өткөрүү үчүн башка материалдарды өткөрүп берүү жөрөлгөсү 2010-жылдын 1-октябрында БШКда анын башчысы А.А.Сариевдин, БШК мүчөлөрүнүн, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, Евробирликтин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда  өткөрүлгөн. БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасында шайлоону колдоого алуу боюнча Долбоору Европа Союзу, Австрия Өкмөтү жана БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан финансыланат.  
Кененирээк билүү >>
Завершилось голосование по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики
10.10.2010

Завершилось голосование по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики

В 20.00 часов 10 октября 2010 года на всех 2289 избирательных участках по всей территории Кыргызской Республики завершилось голосование избирателей по выборам депутатов Жогорку Кенеша. Голосование проходит и на 44 избирательных участках, образованных за пределами страны. В выборной гонке за 120 депутатских мандатов участвовали 29 партий, списки кандидатов которых зарегистрированы в Центральной избирательной комиссии. Всего на момент открытия участков для голосования по Кыргызской Республике в список избирателей вошли 2 852 751 избирателей, за пределами страны – 76557. По состоянию на 17.00 часов по данным ГАС «Шайлоо», проголосовали 1 миллион 212 334 избирателей, что составляет 42,5 процента от числа избирателей, включенных в список. Окончательные данные по системе ГАС «Шайлоо» о количестве проголосовавших граждан будут объявлены в 21.00 часов. За ходом выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики наблюдали 850 международных наблюдателей, которые представляют 32 организации и 52 страны мира и несколько тысяч наблюдателей от некоммерческих организаций и политических партий. Независимые наблюдатели из Кыргызстана осуществляют наблюдение и за пределами страны – в России и Казахстане. В освещении хода выборов участвуют сотни отечественных и десятки иностранных журналистов.
Кененирээк билүү >>
1 479 481

Акыркы жаңылыктар

22.09.2026 КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору 22.09.2026 Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда 21.09.2026 КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү 21.09.2026 КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты 20.09.2026 КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда