Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө …

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди

25-Авг, 2011

Бүгүн, 25-августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) кезектеги жыйынында Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алынды. Атап айтканда, 6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталды: “шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат”; 20-пункт - “шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”; 31-пункт - “тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын”; 33-пункт - “протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”.

 Шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,   Кыргыз Республикасынын 17 шаарларында мэрлерди шайлоону 2011-жылынын 27-августуна дайындалды. 

Мэрлердин шайлоосу төмөнкү шаарларда өткөрүлөт:

облустук маанидеги : Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок; райондук маанидеги: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак.

Бүгүнкү жыйында, Кыргыз Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Торобай Кулубаевдин, Марат Иманкуловдун, Гайша Ибрагимованын, Эркин Булекбаевдин, Уланбек Сооданбековдун, Токтайым Уметалиеванын, Алмазбек Каримовдун, Роман оморовдун, Нариман Тюлеевдин, Акылбек Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.

 Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мүчөлөрүнүн жазган арыздарынын негизинде, Талас облусунун Талас шаардык аймактык комиссиясынын, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал–Абад облусунун Базар–Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди.

Мындан тышкары, бүгүнкү жыйында, рефрендум өткөрүү боюнча демилгелүү топ өз арызын чакыртып алгандыгы жөнүндө кабарланды. Маалымат катары эскертебиз, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 11 – беренесинин 4 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 1, 2 – пункттарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы  Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча демилгелүү топту каттаган.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>