Башкы Жаңылыктар 2011-жылдын 9-октябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын …

2011-жылдын 9-октябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР жаңы Мыйзамына ылайык өткөрүлөт

15-Авг, 2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депуттаттарын шайлоо жөнүндө” 2011-жылдын 9-октябрындагы Жарлыгына ылайык шайлоо Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештеринде, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештеринде, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Бает, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештеринде, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринде, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинде, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинде, Ош шаардык кеңешинде өткөрүлөт.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Президенти 2011-жылдын 14-июлунда кол койгон “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жогоруда аталган жергиликтүү кеңештердин ыйгарымдарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык Ош шаарынын шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 9-сентябрынан башталат.

Айылдык аймактык жергиликтүү кеңештеринин депутапттыгына талапкерлердин (Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештери, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештеринин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Бает, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештеринин, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештеринин) шайлоо алдындагы үгүтү 2011-жылдын 19-сентябрында башталат.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып м.а. 10-августан күчүнө кирген.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ЖМКлары шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен (ушул жылдын 20-августуна чейин) эфирдик убакыттын, басылма аянтынын  өлчөмү жана акы төлөөнүн башка шарттары жөнүндө маалыматты жарыялайт жана Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

 Эскертүү: Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган Бишкек шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ЖМКлары жарыяланган маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-кызматына бере алышат. Аймактарда жайгашкан Кыргыз Республикасынын ЖМКлары жарыяланган маалыматты тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясындагы КР БШКнын атайын өкүлүнө бериши зарыл.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>