Башкы Жаңылыктар БШКнын төрагасы Т.Абдраимов аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен …

БШКнын төрагасы Т.Абдраимов аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен президенттик шайлоого даярдыктын жүрүшүн видеоконференцияда талкуулады

22-Авг, 2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы)  төрагасы Туйгуналы Абдраимов 2011–жылдын 20–августунда Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) төрагалары менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын жүрүшүн видеоконференцияда талкуулады.

Видеоконференцияда Ош, Нарын, Талас, Жалал- Абад облустарынын жана Ош шаарынын аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары аткарылган иш туурасында жана жакынкы келечектеги милдеттер туурасында айтып беришти жана токтоосуз чечүүнү талап кылган маселелерди ортого салышты. Алардын маалыматтары боюнча бүгүнкү күнгө участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү толук аяктаган.

Конференциянын жүрүшүндө ошондой эле 2011–жылдын 27–августуна белгиленген шаар мэрлерин жана ушул эле жылдын 9–октябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоону өткөрүү маселелери козголду.

Аталган видеоконференция Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечилбеген маселелерди аныктоо жана аларды ыкчам чечүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов президенттик шайлоону шайлоо мыйзамдарын реформалоонун алкагында өткөрүү боюнча бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына чоң милдет жүктөлгөнүн баса белгиледи жана видеоконференциянын катышуучуларын шайлоону мыйзамдарга ылайык, тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды. 

Т. Абдраимов аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары зарыл болгон бардык нерселер – транспорт, байланыш, оргтехника, интернет байланышы, тармак ичиндеги акысыз уюлдук байланыш менен камсыз болоорун билдирди. Бүгүнкү күнгө бардык аймактык шайлоо комиссиялары жумушчу бөлмөлөр менен камсыздалган. Жакынкы күндөрдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына басылып даярдалган укуктук –нормативдик актылар жана башка документтер жеткирилет.

Төрага катышуучулардын көңүлүн Республикалык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу жана материалдык - техникалык маселелерди чечүүгө аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүнүн  иш планына бурду.

Аталган комиссияны Кыргыз Республикасынын биринчи вице–премьер -министри Өмүрбек Бабанов жетектейт. Төрага Т. Абдраимов аталган планды мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары менен чогуу реализациялоо зарылдыгын жана аткарылган иш туурасында бир жума ичинде отчет берип туруу жагын баса белгиледи.

Алдыда турган шайлоону өткөрүүдө Т. Абдраимов эң татаал милдеттердин бири катары шайлоочулардын тизмеси менен иш алып барууну атады жана аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларына жана атайын өкүлдөргө шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Төрага шайлоо мыйзамдарына ылайык бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоочулардын тизмесин тактоодо жана түзүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экендиктерин эске салды. Т. Абдраимов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн үй башын кыдыруу уюштурулаарын белгиледи. Ошондой эле төрага Президентти шайлоо маалына карата республика боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен төмөн турган шайлоо комиссияларынын ортосунда видеобайланыш системасын киргизүү маселеси чечилип жатканын кабарлады. Бүгүнкү видеоконференция болсо «Демократия жана жарандык коому үчүн Коалициясы» коомдук уюмунун көмөгү менен уюштурулган.      

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов сентябрь айынын башталышында аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуп үйрөтүүчү тренингдер уюштурулаарын маалымдады. Кийинчерээк  ушундай эле тренингдер системдик администраторлор жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн уюштурулмакчы.

Кошумча маалымат: республика боюнча жалпысынан 58 аймактык, жана 2289 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. КМШ Миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө КР БШКнын өкүлдөрү да Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участкаларында катышууда. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.    
Кененирээк билүү >>