Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна …

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө 83 талапкер арыз беришти, алардын 67си – өзүн-өзү көрсөткөндөр

16-Авг, 2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011 жылдын 15 августунун саат 00.00 аяктады.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна 83 талапкер арыз менен кайрылышты, анын 16ы саясий партиялардан, 67и өзүн- өзү көрсөткөндөр. 

Өзүн өзү көрсөткөндөр:

Сариев Акылбек, 1962 ж.т., убактылуу иштебейт; Мергенов Марат, 1965 ж.т., жеке адвокат; Кудабаев Зарылбек, 1953 ж.т., экономика илимдеринин доктору, Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин профессору; Парманов Алмаз, 1973 ж.т., убактылуу иштебейт; Абылов Мамбетжунус, 1954 ж.т., экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу иштебейт; Байболов Кубатбек, 1952 ж.т., убактылуу иштебейт; Алымкулов Нурлан, 1959 ж.т., убактылуу иштебейт; Керимбеков Бакыт 1961 ж.т., “Элдик демилге борбору” коомдук бирикмесинин Президенти; Карабаева Айсалкын, 1966 ж.т., Ош шаарынын жеке адвокаты;  Токтогазиев Таалайбек,  1974 ж.т., убактылуу иштебейт; Осоев Арстанбек, 1947-ж.т., пенсионер; Садыков Айбек, 1966-ж.т., убактылуу иштебейт;  Калыбек Арабаев, 1942-ж.т., “Чолок-Туума” дыйкан чарбасы жана Асыл-тукум кой өстүрүү чарбасынын жетекчиси; Төлөнбай Калбаев, 1955-ж.т., Ош шаардык «Көрктөндүрүү» КУнун президенти, «Республика» саясий партиясынын мүчөсү; Жамбылбек Камчиев, 1954-ж.т., аймактардагы таланттарды колдоо үчүн «Куудул-Аралаш» коомдук фондунун президенти, «Асаба» саясий партиясынын мүчөсү; Кубанычбек Апасов, 1950-ж.т., А.Н.Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Илимий борборунун РАМН (Москва ш.) жетектөөчү илимий кызматкери, «Эл Журт» саясий партиясынын төрагасы; Куттубек Асылбеков, 1957-ж.т., «Манас Дүйнөсү» газетасынын редактору; Борончу Кудайбергенов 1966-ж.т., «Азия Рекордс»  башкы директору; Төлөн Дыйканбаев, 1950-ж.т., «Пенитенциарный» КФдун негиздөөчүсү; Нишанбай Сулайманкулов, 1947-ж.т., отставкадагы полковник; Игорь Трофимов, 1975-ж.т., «Правозащитный центр им.Сергия Радонежского и Манаса Великодушного» ЖЧКнын башкы директору; Гайша Ибрагимова, 1951-ж.т., «Илим» билим берүү комплексинин директору, “Билим берүү мекемелеринин Союзунун” Президенти; Аскарбек Абышев, 1964 - ж.т, “Кыргызспецэкспорт” ЖЧКнын башкы директору; Уланбек Сооданбеков 1973-ж.т, убактылуу иштебейт; Мурат Боромбаев, 1958-ж.т., орус тили жана адабияты мугалими; Марат Султанов, 1960-ж.т., КР Жогорку Кеңешинин депутаты; Роман Оморов, 1950-ж.т., техника илимдердин доктору, КР Улуттук Академиясынын Техпаркынын директору, КР Улуттук илимдер Академиясынын “Башкаруу системасынын синергетика жана сызыксыз динамика” лабораториясынын башчысы, Баласагын атындагы КМУнун “Инноватика жана инновациялык иштер” кафедрасынын профессору; Бийназар Бердикеев, 1956-ж.т., “Энергоспецмонтажстройиндустрия” ЖЧК президенти; Кубанычбек Исабеков, 1957-ж.т., “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору; Мадияр Кулуев, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги; Жумабек Токтогазиев,  1958-ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору; Полотбек Кенжекулов,  1951-ж.т., убактылуу иштебейт; Сейтек Байгуттиев, 1965-ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү; Жусупжан Пиримбаев, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты; Марат Иманкулов, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору; Калмамат Мактымбаев, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери; Төрөбай Колубаев, 1969-ж.т, убактылуу иштебейт; Алманбет Матубраимов, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы; Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү; Жумабек Исаев, 1962-ж.т., убактылуу иштебейт; Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Назарбек Нышанов, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж.т., “KGinform. com” маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясий партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955–ж.т., жумушсуз; Акбаралы Айтикеев, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясий партиясынын төрагасы; Алмазбек Каримов, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору; Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясий партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: 

Нариман Тулеев, 1963-ж.т. (“7-апрель Жаштар кыймылы” саясий партиясы),  Шамшыбек Медетбеков, 1963-ж.т. (“Эл бийлиги” партиясы); Салморбек Дыйканов, 1953-ж.т., («Асаба»); Токтайым Уметалиева, 1962-ж.т., (“Жашасын Кыргызстан”),  Алмазбек Атамбаев, 1956-ж.т., (“Кыргызстан социал-демократтар партиясы”); Жанторо Сатыбалдиев, 1956-ж.т., («Бакубат Кыргызстан» саясий партиясы); Анарбек Калматов, 1963-ж.т., (“Ар-Намыс” саясий партиясы); Темирбек Асанбеков,  1966-ж.т., (“Мекен ынтымагы” саясий партиясы); Арсланбек Малиев, 1957-ж.т. (“Аалам-партияда жоктордун партиясы”); Өмүрбек Текебаев, 1958–ж.т., (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–ж.т., (“Эркин Кыргызстан”), Замирбек Парманкулов, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы”),  Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”).

Кошумча маалымат: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга ылайык, Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындоо күндөн кийинки күнү башталды. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2011 жылдын 30 октябрына дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому 2011 жылдын 30 июнунда кабыл алынган. Президенттин кызматына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт (“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 49 беренесинин 4 пункту) а.а. 15 августта.

Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендер катталыш үчүн шайлоо мыйзамынын талаптарын аткаруулары керек. Атап айтсак, шайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн жеке шайлоо фондуларын түзүүлөрү керек (талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн эмес (50 млн. сом), Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү (100 000 сом) шайлоо күрөөсүн төгөт, өзүнүн колдоосуна 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колтамгасын чогултушу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

Президенттин кызматына талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөө Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо процедурасы мамлекеттик телеберүү боюнча түз ободо көрсөтүлөт.

Талапкерлерди каттоо 2011–жылдын 25-сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011–жылдын 29 –октябрында аяктайт.

КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган. 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 


Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>