Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Шайлоо алдындагы …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу” токтом кабыл алышты

08-Фев, 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында анын мүчөлөрү тарабынан Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу” токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомго ылайык, ММКлар 2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына  берүү шартында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катыша алат.

            Төмөндө кабыл алынган токтомду толугу менен келтиребиз.

Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 Жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 4-мартына дайындалган.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнүн талаптарына ылайык массалык маалымдоо каражаттары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысынын жана басылма аянттарынын төлөөнүн өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырышы керек.

Бирок, айрым телерадиоберүү уюмдары, басылмалардын редакциялары  жана алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамынын талаптары аткарылбаган, м.а. 2012-жылдын 3-январь мөөнөтүнө чейин алар массалык маалымдоо каражаттарында обо убактысынын, басылма аянттарынын жана башка шарттарды төлөө өлчөмүн жарыялашпаган, ошону менен шайлоолорду маалыматтык камсыздоо боюнча жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун жана саясий партиялардын шайлоо укуктарын бузушкан.

Жарандардын ыктыярдуу эркине жана шайлоолордун айкындуулугуна көмөк берүүчү, жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 8-бөлүктөрүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
1,2,21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына  берүү шартында Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга массалык маалымдоо каражаттарына уруксат берилсин.
  2. 2012-жылдын 2-февралындагы КР БШКнын  № 1 чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
  3. Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
  4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
  5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 8-февралы

№ 31

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>