Аймактык шайлоо комиссияларынын бухгалтерлерин окутуу болуп өттү

10 февраля 2012

2012-жылдын 7-февралынан 8-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) бухгалтерлерин окутуу болуп өттү.

Окутуунун жүрүшүндө аталган тренингдин катышуучулары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларын каржылоого, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүү мөөнөтүнө жана булактарына, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө участкалык шайлоо комиссияларынын чыгымдардын сметаларын өз убагында тапшырууга байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты.

АШК бухгалтерлерин окутууну Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо технологиялары Борбору (ШТБ) Кыргыз Республикасында шайлоолорду колдоого алуу боюнча ПРООНдун (Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы) жана ОБСЕнин (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм) көмөктөшүүсү менен уюштурду.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында машыктыруучулар үчүн тренингдер өткөрүлүүдө, алар болсо кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардагы жаңылыктар боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутушат.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы