Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү

16-Фев, 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү (мындан ары- ШЭБС).

Тегерек столдун ишине Борбордук шайлоо комиссиясыныны төрагасы Т.Абдраимов, төраганын орун басарлары Г.Джурабаева, А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү И.Кадырбеков, Г.Баатырова, А.Асаналиев, Кыргыз Республикаснын финансы министри А.Жапаров, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Т.Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Э.Алиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаев, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы А.Осмоналиев, ЖӨБУАнын (НАМСУ) статс-катчысы У.Нарусбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын начальнигинин милдетин аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасынын биринчи орун басары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүмдөрүнүн начальниктери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун ишин КР БШК төрагасы Т.Абдраимов ачты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ШЭБС боюнча жумушчу тобунун жетекчиси И.Кадырбеков жана ШЭБС боюнча иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси Ушаков Сергей чыгып сүйлөштү. И.Кадырбеков “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасын” түзүү жана колдонуу маселелерине көбүрөөк токтолсо, С.Ушаков, ШЭБСги  мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумундагы байланышынын техникалык маселелерине катышуучулардын көңүлдөрүн бурду.

Ушул иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасынын”  өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын анализдеп талкууга алышты. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ШЭБСти өркүндөтүүгө байланышкан рекомендациялар жана сунуштар даярдалды.

Тегерек стол Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен, Европалык Союздун, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин жана Австриянын Өкмөтүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду.

Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы”  Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумдарга катышуу, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын  тизмелерин түзүүдө, шайлоо округдарды, шайлоо участкаларды түзүүдө, референдумдарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу башка иштерди аткаруудагы укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо максатында түзүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>