Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди

16 февраля 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин,“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан  2012-жылдын 25-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди.

Ошондой эле, жыйналышта 2012-жылдын 25-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди. КР БШК мүчөлөрү “Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алышты.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы