Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү
Бүгүн, 2012-жылдын 19-сентябрында саат 10.00 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда 10 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү. Атап айтканда, талапкерлерди тандоо Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Токмок, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялардын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиянын, Баткен облусунун Сүлүктү, Лейлек аймактык шайлоо комиссиялардын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өткөрүлдү.
Чучукулак өткөрүүнүн жол жобосуна аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.
Эскерте кетсек, “Шайлоо комиссиялардын резервдерин түзүү жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резерви Кыргыз республикасныны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө курамында 11 мүчөдөн кем эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү
2012-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлдү. Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна УШК курамдарына өз талапкерлерин көрсөткөн 17 саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Жогоруда аталган Мыйзамга ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны тийиштүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын санына карай Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй аныкталат:
1) 0дөн 500 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын жетиден кем эмес мүчөсү;
2) 501ден 1200 шайлоочуга чейин – участкалык шайлоо комиссиясынын тогуздан кем эмес мүчөсү;
3) 1201ден көп шайлоочуга – участкалык шайлоо комиссиясынын он бирден кем эмес мүчөсү.
Ошондуктан, шайлоо участкасында шайлоочулардын санына байланыштуу, ар бир шайлоо участкасы боюнча керектүү номерлерди алып чыккан саясий партиялар (бул - 1ден 4кө чейин, 1ден 5ке чейин же 1ден 6чы номерлерге чейин) участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына кирет, ал эми башка партиялар саясий партиялардан көрсөтүлгөн шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда бош орунду толтуруу үчүн резерв түзүшөт.
Чучукулактын натыйжалары боюнча Бишкек шаарынын УШК курамдарындагы көпчүлүк өкүлчүлүктү “Каганат” саясий партиясы алды. Ушул партиядан Бишкек шаарынын УШКнын курамдарына 96 өкүл кирет. Экинчи орунда 80 өкүл менен “Азаттык” саясий партиясы. “Ата-Журт” жана “Мекенчил патриоттор” саясий партиялардын өкүлчүлүгү 79 өкүл менен көрсөтүлөт.
Жалпысынан, Бишкек шаарындагы УШК курамдарындагы саясий партиялардын өкүлчүлүгү төмөнкүдөй:
к/н
№
Саясий партиянын аталышы
Биринчи май району
Ленин району
Октябрь району
Свердлов району
Жалпы-сы
1
«Замандаш- Современник»
10
12
11
18
51
2
«Азаттык»
15
26
25
14
80
3
«Кыргызстан үй куруучулардын партиясы
9
25
14
16
64
4
«Айкөл эл»
10
22
24
9
65
5
«Эгемен Кыргызстан»
15
19
18
14
64
6
«Туран»
16
20
18
13
67
7
КСДП
15
16
24
19
74
8
«Республика»
17
17
14
15
63
9
«Ата Мекен»
17
20
18
14
69
10
«Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы
16
19
22
23
69
11
«Каганат»
21
26
28
21
96
12
«Ата-Журт»
20
17
20
22
79
13
«Келечек-Эл»
17
17
16
23
73
14
«Мурас»
17
17
11
20
65
15
«Ак-Шумкар»
6
3
7
5
21
16
«Мекенчил патриоттор»
20
13
15
31
79
17
«Ар-Намыс»
19
15
14
15
63
Бардыгы
1142
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарга маалымат үчүн
2012-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Бишкек шаарынын 204 участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрүлөт.
Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылат.
Чучукулак өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашыруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү дагы чакырылат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Бир участкалык шайлоо комиссиясынын курамына ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек АШК караштуу коомдук комиссия өзүнүн биринчи жыйналышын өткөрдү
2012-жылдын 25-августунда Бишкек АШК караштуу аймактык шайлоо комиссияларга шайлоочулардын тизмесин түзүү сапатын жакшыртуу, айкыдыгын камсыздоо үчүн көмөк көрсөтүү боюнча Коомдук комиссия (Коомдук комиссия) түзүлгөндөн кийинки өзүнүн биринчи жыйналышын өткөрдү.
Жыйналыштын жүрүшүндө Коомдук комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаары боюнча шайлоочулардын тизмелеринин сапатын жакшыртуу боюнча Бишкек АШКга көмөк көрсөтүү боюнча мындан аркы иш планын талкуулашты жана Бишкек шаарынын райондорун Коомдук комиссиянын ар бир мүчөсүнө бекитишти.
Бишкек АШК Коомдук комиссиясынын курамы төмөндө.
№
Коомдук комиссиясынын мүчөсүнүн ФАА
Партиялардын, коомдук эмес уюмдардын аталышы
Бишкек ш. району боюнча жооптуу
1.
Токоев Ермек
Ниязалиевич
Акшумкар
Свердлов
2.
Усупбекова Айнура Максатбековна
Таза Шайлоо
Свердлов
3.
Ульянова Наталия Михайловна
Айымдардын талкулоо клубу
Свердлов
4.
Базакечов Бектур Элуубаевич
Кыргызстан үй куруучулардын партиясы
Ленин
5.
Аскарали
кызы Канбубу
Азаттык
Ленин
6.
Аалиев Шералы
Айкөл Эл
Ленин
7.
Кулмирзаев Медетбек Раимбекович
Эгемен Кыргызстан
Биринчи май
8.
Эшимканов Азамат Жолдубаевич
Мурас
Биринчи май
9.
Боронбаева Жайкал Осконбаевна
Ата Мекен
Биринчи май
10
Алымбаев Алайбек Анаркулович
Республика
Октябрь
11.
Сыдыгалиев Тимур Омурбекович
Ата-Журт
Октябрь
12.
Ли Альберт Анатольевич
Ар-Намыс
Октябрь
13.
Башкеева Лира Тураровна
Туран
14.
Нуралиев Дастан Ормонбекович
КСДП
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы администрациялык мамлекттик бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт
Аппараттын ишин оптимдештирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы администрациялык мамлекттик бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт:
(дареги: 720040, Бишкек ш., Раззаков көч. №59 )
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты
Аппарат жетекчиси (1 бирд.)
Аппарат жетекчисинин орун басары (1 бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими - жогорку (магистр даражасы);
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы:
Башкармалыктын начальниги (1бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими - жогорку (магистр даражасы);
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Уюштуруу бөлүмү:
Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчыс (1бирд.)
Эксперттер (4 бирд.)
Аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр (55 бирд.)
Программалык-техникалык камсыздоо жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү:
Бөлүм башчысы (1бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими - жогорку ;
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
БШКнын системдик администраторлору (3 бирд.)
Аймактык шайлоо комиссияларындагы системдик администраторлор (64 бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими - жогорку ;
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 1 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 3 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана жеке компьютерде иштей билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.
Маалыматтык саясат жана документтик камсыздоо башкармалыгы
Башкармалыктын начальниги (1бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими - жогорку (магистр даражасы);
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык бөлүмү:
Бөлүм башчы – пресс-катчы (1бирд.)
Бөлүм башчынын орун басары – протокол башчысы (1 бирд.)
Эксперттер (2 бирд.)
Документтик камсыздоо жана котормо бөлүмү
Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчы (1бирд.)
Бөлүм башчынын орун басары (1 бирд.)
Эксперттер (2 бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими - жогорку ;
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Укуктук камсыздоо, окутуу жана кадрлар башкармалыгы
Башкармалыктын начальниги (1 бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими – жогорку-юридикалык (магистр даражасы);
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Укуктук камсыздоо бөлүмү
Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчы (1бирд.)
Эксперттер (3 бирд.)
Окутуу борбору
Директор (1 бирд.)
Эксперттер (2 бирд.)
Кадралар менен иштөө боюнча сектор
Сектор башчысы (1 бирд.)
Эксперт (1 бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими – жогорку-юридикалык;
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес;
-.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Финансалык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы
Башкармалыктын начальниги (1бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими – жогорку-экономикалык (магистр даражасы);
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 5 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 7 жылдан кем эмес;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, жетекчилик кызматтагы тажрыйба, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Эсеп жана отчеттуулук бөлүмү
Башкармалыктын начальнигинин орун басары – бөлүм башчы (1бирд.)
Эксперттер (3 бирд.)
Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү
Бөлүм башчы (1бирд.)
Эксперттер (3 бирд.)
Талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы, жашы 21 жаштан төмөн эмес;
- билими – жогорку-экономикалык;
- мамлекеттик кызматтын башкы кызматтарындагы стажысы 3 жылдан кем эмес же адистиги боюнча иш стажысы 5 жылдан кем эмес;
-.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, аналитикалык жөндөмдүүлүк, компьютердик жөндөмдүүлүк жана мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер:
-жеке арыз, кадрлардын эсеби боюнча барак, фото 3*4 – 2 даана, 4*6 – 2 даана;
- паспорттун көчүрмөсү;
-билимин, иш стажысын жана квалификациясын тастыктаган документтер(дипломдун, эмгек книжканын көчүрмөлөрү).
Документтер Боршайлоокомдун имаратынада дареги: Бишкек шаары, Раззаков көч, №59, каб. № 203
2012-жылдын 1-сентябрынан 16-сентябры боюнча кабыл алынат.
Маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (0312) 66-02-76, (0312) 66-01-12.
Кененирээк билүү >>
БШК административдик имаратынын чатырын конструкциялоо жана БШК административдик имаратына кошумча эшик куруу боюнча тендердин жеңүүчүлөрү аныкталды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БШКнын административдик имаратынын чатырын конструкциялоо жана БШКнын административдик имаратына кошумча эшик куруу; БШКнын административдик имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү боюнча тендер өткөрдү.КР БШКнын мүчөлөрүнөн жана аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссияга 4 жоопкерчилиги чектелген коом (ЖЧК): «ПСК Строй ПГС», «КБ Калыс», «СтройВек плюс» жана «Инженеринг сервис»тендердик табыштамаларын сунуштады.
Тендердик комиссиянын натыйжалары боюнча БШКнын административдик имаратынын чатырын конструкциялоого тендердин жеңүүчүсү болуп маңызы боюнча тендердик документациянын талаптарына жооп берген жана эң аз чыгымды көрсөткөн ЖЧК ПСК «Строй ПГС» таанылды.
БШКнын административдик имаратына кошумча эшик курууга, БШКнын административдик имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүү БШКнын административдик имаратынын айланасындагы аймакты көрктөндүрүүгө тендерди ошондой эле маңызы боюнча тендердик документациянын талаптарына жооп берген жана жогорудагы тейлөлөрдү көорсөтүүдө эң аз чыгымдар каралган ЖЧК СПФ КБ «Калыс» утуп алды.
Тендер боюнча кабарлоо Кыргыз республикаснын Борбордук шайлоо комиссиясн атарбынан “Эркин Тоо” газетасында 2012-жылдын 22-июнунда жана «Вечерний Бишкек» газетасында 2012-жылдын 25-июнунда жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти
Бүгүн, 2012-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Анда КР БШКнын мүчөлөрү Баткен жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти.
Ошондой эле, КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6,7-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 8-иблунда № 8 токтом менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды
2012-жылдын 9-августунда эки айылдык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын –айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Айыл өкмөт башчыларын шайлоо “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренсинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасныын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын–айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун алдын ала натыйжалары- бул жерде
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту
2012-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Ушул Меморандумга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагагсы Т. Абдраимов менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Турганкулов кол коюшту.
Меморандумда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен өз ара кызматташуусу тең укуктуулуктун жана кызыкчылыктарын сыйлоонун, эки мамлекеттин тең шайлоо мыйзамдарын сактоонун негизинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленген.
Меморандумдун алкагында кызматташтык төмөнкү багыттар боюнча өнүгүүсү каралган: шайлоо жана референдумдарды өткөрүүнү жана даярдоону уюштурууну камсыз кылган органдардын иштерин координацияларын тажрыйбалары менен алмашуу; шайлоо жана референдум жөнүндө улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү; жарандардын конституциялык шайлоо мыйзамдарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу; шайлоо процессине талапкерлердин жана саясий партиялардын катышуусун укуктук жагынан жөнгө салуу; шайлоо жана референдумдардын финансылык жана материалдык-техникалык жактан өркүндөтүү; шайлоо жана референдумдарды өткөрүү мезгилинде заманбап маалыматтык технологияларын жана шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу, жалпыга маалымдоо каражаттарды пайдалануу менен шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилеринин укуктарын камсыз кылуу; референдум жана шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо жана рефрендумдарды уюштуруучулардын даярдыктарын өркүндөтүү.
Өз ара түшүнүү жөнүндө Меморандумдун тексти бул жерде.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Азиз Канатбек адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешмеге катышышты
2012-жылдын 12, 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов жана КР БШК мүчөсү Азиз Канатбек “Демократиялык шайлоолор жана шайлоолорго байкоо жүргүзүү” темадагы Вена шаарында өткөн (Австрия) адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешмеге катышышты. Аталган иш чара Ирландиянын Төрагачылыгы жана ОБСЕнин демократиялык институттары жана адамдын укуктары боюнча Бюросу тарабынан уюштурулган.
Адамдык ченем боюнча Кошумча кеңешменин максаты - демократиялык шайлоо боюнча ОБСЕнин милдеттемелерин аткаруудагы ийгиликтүү тажрыйба менен алмашуу, ошондой эле шайлоодогу байкоонун ачкыч маселелерин жана стратегияларын талкулоо болду.
Кеңешмеге ОБСЕге катышуучу-мамлекеттердин шайлоо органдарынын, ОБСЕнин институттарынын, эл аралык өкмөт уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдун башка субъектилердин өкүлдөрү катышышты.
Россия Федерациясынын БШК төрагасы В.Е. Чуровдун 2012-жылдын 12, 13-июлунда Вена шаарында өткөн ОБСЕнин Кошумча кеңешмесинде сүйлөгөн сөздөрүнүн материалдары менен бул жерден таанышсаңыздар болот.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 100дөн ашуун кызматкерлери маалыматтык-компьютердик окуудан өтүштү
Бишкек, Кыргызстан (2012 -жылдын 16-июлу) – 12-июндан 17-июлга чейин КР Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери үчүн Маалыматтык технологиялар улуттук борборунун жана ЛингоКомптун негизинде тренингдер болуп өттү. БШКнын мүчөлөрү, аппаратынын кызматкерлери жана өлкөнүн бардык региондордун системдик администраторлору категорияларга бөлүнүп, төмөнкү тиешелүү темалар: маалыматтык жана желелик технологиялардын негиздери, Linux/Unix, Windows Сервер операциондук тутумдун негиздери жана локалдык жана корпоративдик желелерди уюштуруу боюнча тренингдерде окушту.
Тренингдер БШКнын суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП (ПРООН) Долбоору менен Европалык Биримдигинин, Австриянын жана Япониянын Өлкөлөрүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду. Окутууну өткөрүү үчүн көрсөтүлгөн кызматкерлердин категорияларынын маалыматтык-компьютердик технологияларды билүү денгээли анализденип, алардын муктаждыктары кенен иликтенген. Берилген баалардын натыйжаларынын негизинде атайын ишке тартылган эксперт атайын окуу курсун иштеп чыккан.
“Биз, ушул тренингдер БШК кызматкерлерине, айрыкча, жерлерде шайлоочулардын тизмеси боюнча ишти аткара турган системдик администраторлорго шайлоо процессти эффективдүү уюштуруусуна жардам беретко деген ишеничтебиз.”-деп, Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП Долбоорунун координатору Медер Дастанбеков белгилеп айтты.
Заманбап маалыматтык-компьютердик технологиялар шайлоону уюштуруу процессин абдан жеңилдетет, ушул менен бирге алар процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылат. Бирок, технологиялар – бул инструмент гана, анын ишинин эффективдүүлүгү аларды пайдаланган адамдарга көз каранды. Ошондуктан, шайлоолор максималдуу таза жана айкын өтүшү үчүн КР БШК кызматкерлеринин ушул чөйрөдөгү потенциалын жогорулатуу абдан зарыл.
БШК төрагасынын орун басары Гульнара Джурабаева айткандай: “КР БШК аппаратынын ар бир кызматкери таза, ачык-айкын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө өз салымын кошкондуктан, БШК алардын профессионалдык жактан өсүүшүнө жана потенциалын жогорулашына абдан чоң көңүл бурат”.
Системдик администраторлор, БШКнын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери үчүн тренингдер 2012-жылдын 30-июнунда аяктады, ал эми шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү үчүн тренингдер 16-июлга чейин уланат.
Кыргыз Республикасында шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча БУУӨП (ПРООН) Долбоору 2012-жылдын май айынан тартып, Европалык Биримдигинин, Австриянын, Германиянын, Япониянын Өкмөттөрүнүн, Улуу Британия Эл аралык Өнүктүрүү Министрлигинин Өкүлчүлүгүнүн (DFID), Сорос Фондусунун жана БУУӨПтүн финансылык жардамы аркылуу ишке ашырылып келүүдө.
Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) коомдун бардык денгээлдеги адамдар менен тыгыз байланышта иштейт, каатчылыкка каршы турууга жөндөмдүү улуттарды түзүүгө, ошондой эле ар бир адамдын жашоо сапатын жакшырта турган экономиканын өсүү денгээлин кармап турууга жана башкарууга жардам берет. 177 өлкөлөрдүн жана аймактардын жерлеринде бар болуп, жашоого жөндөмдүү улуттарды түзүүгө жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга жардам берүү үчүн, биз ааламдык перспективаны жана жергиликтүү өзгөчөлүктүн терең түшүнүгүн сунуштай алабыз. Кошумча маалымат менен www.undp.kg веб-баракчасынан таанышсаңыздар болот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК тарабынан ШЭБСтин экинчи фазасы боюнча техтапшырма жактырылды жана эки айылдык аймак боюнча айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
2012-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы” маалыматтык тутумун өнүктүрүү боюнча техникалык тапшырманы бекитүү жөнүндө маселе көптөгөн талкулоорду жаратты. Анын жыйынтыгы боюнча ШЭБСтин экинчи фазасы боюнча сунушталаган техникалык тапшырманы жактыруу боюнча айрым толуктоолорду киргизүү менен чечим кабыл алынды. ШЭБСти иштеп чыгуу боюнча биринчи фазасы 2011-жылдын 30-октябрында өткөн КР Президентин шайлоо алдында аткарылган. БШКнын мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган ушул чечимдин алкагында ШЭБС программасынын баштапкы коддорун (системанын баштапкы тексттерин) кабыл алуу боюнча комиссия түзүлдү.
Ошондой эле, КР БШК жыйналышында Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык аймагынын, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыя айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2012-жылдын 9-августуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Көрсөтүлгөн шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык уюштуруу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын жүрүшүндө Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом бекитилди. Бул токтом аталган комиссиялардын мүчөлөрү тарабынан комиссиялардын курамынан же резервинен өз каалоолору боюнча чыгаруу жөнүндө берген өтүнүч арыздарынын негизинде кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү
2012-жылдын 11-июлунда КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул иш чарага саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган, себеби Жобого ылайык, Коомдук комиссиялар саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден, илимпоздордон, адистерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
Ошондой эле, Жумушчу кеңешмеге БШК төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, БШК аппаратынын жетекчиси М. Султанов, БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Турумбеков жана Бишкек АШК мүчөлөрү катышышты.
Иш чараныны жүрүшүндө Г. Джурабаева 2001-2012-жылдары шайлоочулардын тизмелери кандай түзүлүп келгендиги тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле, ал өз сөзүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жооптуулар бийликтин аткаруучу органдары болуп, шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер шайлоону дайындоо жөнүндө жарыя чыккандан кийин гана башталып жүргөндүгүнө жана Шайлоо жөнүндө кодексте шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн бирдиктүү тартибин регламенттеген ченемдер жок болгондугуна байланыштуу, бийликтин жергиликтүү органдары шайлоочулардын тизмелерин тактоо ыкмаларын өзүлөр аныктагандыгына ж.б. токтоду.
Төраганын орун басары, АШКга караштуу Коомдук комиссияларды түзүүнүн максаты бул - каттоо кызмат органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиялардын өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү, ошондой эле шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу болгондугун белгиледи.
Аталаган иш чаранын катышуучулары шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелери, Бишкек АШКна караштуу Коомдук комиссиясынын курамы боюнча талкулоо жүргүзүп, өз пикирлери менен алмашышты. Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө, Коомдук комиссиясынын курамына кирүүгө каалаган саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүүгө тийиш экендиги тууралуу чечим кабыл алынды. Эгер талапкерлердин саны Коомдук комиссиясынын мүчөлүгүнүн бекитилген санынан ашса, анда чучукулакөткөрүлөт.
Маалымат үчүн: Жобого ылайык, Коомдук комиссия өз ишин акысыз жана ыктыярдуу негизде ишке ашыруучу кеңешүүчү, консультативдүү орган болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, окумуштуулардын, адистердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын (ЖӨБ) жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Коомдук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес жана 13 адамдан ашпаган санда болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Аламүдүн районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУС
Урматтуу жарандар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Бүгүн, эч качан болбогондой, шайлоо тутумун реформалоо алкагында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын алдыдагы шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процессине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу.
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөө, адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү иштей билүүнү талап кылат. Аймактык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө, анын резерви болсо беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамын толуктоо зарлылчылыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервин түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун жана алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин эске алуу зарыл.
Көрсөтүү субъектилер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында жашаш керек экендигин эске алуулары зарыл.
Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден көрсөтүү жөнүндө протоколдор чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелиши тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди крстъъ алардын уставына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. БШКга саясий партиянын жетекчисинин(же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
- аймактык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспортунун көчүрмөсү.
- иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси) ;
- байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.
Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Аламүдүн райондук кеңешинде 2012-жылдын 20-июлунун саат 18.00го чейин кабыл алынат.
Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2012-жылдын 20-июлунун саат 18.00го чейин кабыл алынат.
Шайлоо комиссиянын курамына талапкерлерди көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу кененирээк Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтында жайгаштырылган “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жободон билсеңер болот.
Сурап-билүү телефону: 62 08 29
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти
Бүгүн, 2012-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти.
Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү “Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомду кабыл алышты, токтомго ылайык, аталган аймактын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 16-июлуна дайындалды.
Жыйналышта, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервидерине жана курамдарына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
2012-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервидерине жана курмдарына саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Бишкек шаардык кеңешинен талапкерлерди көрсөтүү аяктады.
Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2012-жылдын 25-июнуна, саат 18-00гө чейин кабыл алынган. Ушул эле мөөнөттө жергиликтүү кеңештерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду кабыл алуу аяктаган.
Участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарына талапкерлерди тандап алуу үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак, Юстиция министрлигинен өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялар жөнүндө маалымат келгенден кийин өткөрүлөт. Чучукулак өткөрүүнүн жол-жобосуна Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине талапкерлерди көрсөткөн 17 саясий партиянын өкүлдөрү катышышат. Чучукулак өткөрүүнүн убактысы жана жайы жөнүндө маалымат кошумча берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
07.11.2026
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07.11.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07.11.2026
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07.11.2026
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
06.11.2026
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
04.11.2026
Акай Кыдыров Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды