Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
16.10.2012

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады   2012-жылдын 15-октябрында шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календарлык күн мурда аяктайт. Документтер кабыл алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келе тургандыгын текшерет. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда аяктайт. Эске сала кетебиз: айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөттөрү да шайлоо дайындалган күндөн тартып баштала,. бирок шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн мурда, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-октябрында саат 24-00гө чейин аяктайт. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо, тиешелүү түрдө, 10 календарлык күндөн кийин аяктайт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси
16.10.2012

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси

Шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмеси «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-сентябрынан тартып башталды жана 15-октябрында аяктады. Төмөндө шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын тизмесин келтиребиз:  № Шаардын аталышы Мандаттардын саны Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар Бардыгы Партиянын аталышы   Бишкек шаары 1 Бишкек ш. 45 23 1. «Ата-Мекен» 2. «Республика»  3. «Мекен Ынтымагы» 4. «Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясы» 5. «Столица» демократиялык партиясы 6. «Ата-Журт» 7. «Ак-Шумкар» 8. «Партия Зеленых Кыргызстана» 9. «За жизнь без барьеров» 10.   «Замандаш-Современник» 11.   «Партия транспортников Кыргызской Республики» 12.   «Эгемен Кыргызстан» 13.   «Единство и развитие» 14.  «Союз. Свобода. Справедливость. Родина» (СССР) 15.  «Ар-Намыс» 16.   «Адилеттүү Кыргызстан» 17.   «Бүтүн Кыргызстан» 18.  «Партия возрождения «Эркин Эл»» 19.  «КСДП» 20.  «Кыргызстан патриоттору» 21.  «Кайран эл» 22.   «Кыргызстан республикалык элдик партиясы  » 23.  «Ак Санат» элдик өзүн өзү башкаруу партиясы» Чүй облусу 1 Орловка ш. 21 6 1. «Республика» 2.  «КСДП» 3. «Ак-Шумкар» 4. «Замандаш-Современник » 5. «Ар-Намыс» 6. «Ата-Мекен» 2 г.Кант 31 8 1. «Ата-Мекен» 2. «Республика» 3. «Калк Ынтымагы» 4. «КСДП» 5. «Ак-Шумкар» 6. «СССР» 7. «Замандаш-Современник » 8. «Ар-Намыс» 3 Шопоков ш. 21 4 «КСДП» «Республика» «Ата-Мекен» «Ак-Шумкар» 4 Кара-Балта ш. 31 7 «КСДП» «Ар-Намыс» «Ата-Мекен» «Ак-Шумкар» «Замандаш-Современник» «Республика» 7.  «Эл-Аман» 5 Кайынды ш. 21 5 1. «КСДП» 2. «Республика» 3. «Замандаш-Современник» 4.  «Ата-Мекен» 5. «Столица» Ысык-Көл облусу 1 Чолпон-Ата ш. 21 7 “Республика” “Улуу Кыргызстан” “Ата-Мекен” “Ар-Намыс” “ Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” “Мекен Ынтымагы” “Заманадаш-Современник” Талас  облусу 1 Талас ш. 31 7 «Ата-Мекен» «Республика»  «Ак-Шумкар» “Замандаш-Современник” “Авангард” “ Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” “Мекен Ынтымагы” Нарын облусу 1 Нарын ш. 31 8 «Республика» «Мекен ынтымагы» «Ата-Мекен» «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» «Улуу Кыргызстан» «Ак-Шумкар» «Замандаш-Современник» «Адилеттүү Кыргызстан» Баткен облусу 1 Баткен ш. 31 7 «Ата-Мекен» «Республика»  «Ата-Журт» «Жаңы Кыргызстан» «Замандаш-Современник» «Бүтүн Кыргызстан» «КСДП» 2 Сүлүктү ш. 31     5 1.   «Ата-Мекен» 2.   «Бүтүн Кыргызстан» 3.   «Республика»  4.   «КСДП» 5.   «Замандаш-Современник» 3 Кызыл-Кыя ш. 31             6 1   «Конгресс народов Кыргызстана» 2.  «Ата-Журт» 3.  «Замандаш-Современник» 4.   «Ата-Мекен» 5.   «КСДП» 6.   «Республика» 4 Айдаркен ш.   21 6 1.   «КСДП» 2.   «Замандаш-Современник» 3.   «Ата-Мекен» 4.   «Бүтүн Кыргызстан» 5.   «Ата-Журт» 6.   «Республика» 5         Кадамжай ш. 21 6 1.   «КСДП» 2.   «Замандаш-Современник» 3.   «Ата-Мекен» 4.   «Бүтүн Кыргызстан» 5.    «Ата-Журт» 6.    «Республика» 6 Исфана ш. 31 6 1.    «Замандаш-Современник» 2.    «Бүтүн Кыргызстан» 3.    «Республика» 4.   «Ата-Мекен» 5.   «Ата-Журт» 6.   «КСДП» Ош облусу 1 Ноокат ш. 21 4 1. «Республика» 2.  «КСДП» 3.  «Замандаш» 4. «Ата-Мекен» 2 Кара-Суу ш. 31 5 1. «Ата-Мекен» 2. «Республика» 3. «КСДП» 4. «Замандаш» 5. «Өнүгүү партиясы» 3 Өзгөн ш. 31 8 1. «КСДП» 2. «Республика» 3. «Ата-Мекен» 4. «Ак-Шумкар» 5. «Замандаш-Современник» 6. «Өнүгүү партиясы-Партия Возрождения” 7. «Ар-Намыс» 8. «Ата-Журт» Жалал – Абад   облусу 1 Жалал- Абад ш. 31 10 «Ата –Журт» «КСДП» «Өнүгүү» «Республика» «Бүтүн  Кыргызскан» «Ата – Мекен» «Замандаш – Современник» «Эгемен  Кыргызстан» «Ак – Шумкар» «ККП» 2 Майлуу –Суу ш. 31 5 «Ата – Мекен» «Ата –Журт» «Республика» «Замандаш – Современник» «КСДП» 3 Кара –Көл ш. 31 8 «КСДП» «Ата – Мекен» «Ата –Журт» «Республика» «Замандаш – Современник» «Мекен  Ынтымагы» «ККП» «Партия  Прогресс» 4 Таш –Көмүр ш. 31 9 «Партия  Прогресс» «КСДП» «Ата – Мекен» «Ата –Журт» «Республика» «Замандаш – Современник» «Мекен  Ынтымагы» «ККП» «Бүтүн  Кыргызстан» 5 Кербен ш. 31 8 «Замандаш – Современник» «Өнүгүү» «Ата – Мекен» «Ата –Журт» «Эгемен  Кыргызстан» «Республика» «Бүтүн  Кыргызстан» «КСДП» 6 Кочкор –Ата ш. 21 9 «КСДП» «Ата – Мекен» «Ата –Журт» «Республика» «Замандаш – Современник» «Эгемен  Кыргызстан» «Бүтүн  Кыргызстан» «Жаңы  Кыргызстан» «Өнүгүү» 7 Көк –Жангак ш. 21 4 «КСДП» «Партия  Прогресс» «Кыргызстан коммунисттер партиясы» «Ата –Журт» Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат
15.10.2012

Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат

Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулар гана добуш бере алат  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо 2012-жылдын 25-сентябрында, башкача айтканда, 2012-жылдын 25-ноябрына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин башталган. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2012-жылдын 16-октябрынан тартып бардык 2028 участкалык шайлоо комиссиясында тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулар таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмелери илинет. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере ала тургандыгын эске салабыз.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси
10.10.2012

Депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси

Депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси  2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга уруксаат алган жалпыга маалымдоо каражаттардын тизмеси –бул жерде
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын жана чек араларын бекитишти
10.10.2012

КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын жана чек араларын бекитишти

Бүгүн 2012-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. Анда КР БШКнын мүчөлөрү Жети-Өгүз, Ак-Талаа. Ала-Бука, Тогуз-Торо, Кара-Көл, Токтогул, Москва, Панфилов, Жайыл, Талас, Лейлек жана Араван аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизишти. Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемаларын, чек араларын жана шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу кабарлоо формасын бекитишти. Жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү жана шайлоочуларды маалымдоо боюнча шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында жана жарандардын эрк-ниетин, шайлоонун ачык-айкындыгын  камсыздоо үчүн  КР БШК мүчөлөрү жалпыга маалымдоо каражаттардын шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу тууралуу токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткарган жалпыга маалымдоо каражаттар 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катыша алышат. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен байланыштуу “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүн шайлоочуларга маалымдоо маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” жана “Арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө”  Жоболорду бекитүү тууралуу токтомдорду кабыл алды. Ушул жумушчу топтордун жетекчилери болуп КР БШК мүчөлөрү Н.Ашимов жана Р.Бекбасаров дайындалды. Мындан тышкары жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси болуп КР БШК мүчөсү Н. Асаналиев дайындалды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына караштуу контролдук-текшерүү топту КР БШКнын мүчөсү Ж. Акматов жетектеди. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды
05.10.2012

КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды

КР Борбордук шайлоо комиссиясы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине жана аспиранттарына карата чечим кабыл алды  Азыркы учурда Бишкек шаарында иш жүзүндө жашаган жери боюнча жатаканаларда күндүзгү окутуу формасындагы студенттерге, аспиранттарга жана убактылуу катталган жарандарга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууга укук берүү аракеттери жасалып жаткандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине паспортунда (ID картта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгилери бар жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы талап кылгандай, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды гана киргизүү чечимин кабыл алды. Төмөндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин толугу менен келтиребиз. № 9 чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн, азыркы учурда Бишкек шаарында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо окутуунун күндүзгү формасындагы студенттерге, аспиранттарга жатаканалардагы иш жүзүндө жашаган жерлери жана убактылуу катталган жарандарга шайлоо укугун берүү далалаты жүрүп жаткандыгына карата кайрылуусун карап чыгып. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3 жана 46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧТИ: 1. Бардык аймактык шайлоо комиссиялардагы системдик администраторлорго жана атайын өкүлдөргө “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так сактоо жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине паспортунда (ID карта) туруктуу каттоо жөнүндө каттоо белгиси бар жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелген адамдарды кана киргизүү көрсөтүлсүн.   Тийиштүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттары, мындайча айтканда окуу жайына өткөнгө чейин шайлоолор өткөрүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашабаган, бирок жатаканалар турган жер боюнча паспортунда каттоо белгиси барлар, ошондой эле убактылуу катталган жарандар шайлоочулардын тизмесине киргизилбейт жана добуш берүүгө катышууга укуксуз. 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы бул чечимди системдик администраторлорго, атайын өкүлдөргө, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жеткирсин. 3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К. Джурабаевага жүктөлсүн.   ТӨРАГА                                                                              Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2012-жылдын 4-октябры  
Кененирээк билүү >>
Участкалык шайлоо комиссиялары үчүн журнал
04.10.2012

Участкалык шайлоо комиссиялары үчүн журнал

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен участкалык шайлоо комиссиялары үчүн журнал - бул жерде 
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссиялары үчүн журнал
04.10.2012

Аймактык шайлоо комиссиялары үчүн журнал

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен аймактык шайлоо комиссиялары үчүн журнал - бул жерде
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитишти
04.10.2012

КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек араларын жана схемаларын бекитишти

Бүгүн, 2012-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү 6 маселени карап чыгышты. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан Бишкек, Аксы, Ала-Бука, Ысык-Ата, Москва, Жумгал, Араван, Чоң-Алай  аймактык шайлоо комиссияларынын жана Талас шаардык  шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Чүй облусунун Аламүдүн районун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты жана 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине Коомдук кабылдама уюштурушту. Кабыл алынган токтомго ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2012-жылдын 23-октябрына дайындалды. Мындан тышкары жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын чек аралары жана схемалары ошондой эле аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналдар бекитилди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарларды өткөрдү
29.09.2012

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарларды өткөрдү

2012-жылдын 26-сентябрда Ош областтык мамлекеттик администрациянын имаратында жана 28-сентябрда Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын имаратында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарлар өттү. Семинарларга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын өкүлдөрү, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышышты. Семинарлардын катышуучулары шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоого, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн мыйзамдык аспекттилерине тиешелүү маселелерди, ошондой эле шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди талкуулашты. Семинарларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы демократияны өнүктүрүү мониторингинин, КМШ ПАА мамлекет-катышуучуларынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышы жана парламентаризм Эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын көмөктөшүүсү менен уюштурган.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК Төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкулова жана КР БШК мүчөлөрү И.Д. Кадырбеков, А.Ж. Баялинов Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21-конференциясына катышышты
27.09.2012

КР БШК Төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкулова жана КР БШК мүчөлөрү И.Д. Кадырбеков, А.Ж. Баялинов Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорду уюштуруу Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21-конференциясына катышышты

2012-жылдын 13-сентябрынан 15-сентябрына чейин КР БШК Төрагасынын орун басары Шайымкулова Айнура Токтогуловна жана КР БШК мүчөлөрү Кадырбеков Ишенбай Дюшембиевич, Баялинов Абдысамат Жылтырович Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өткөн “Шайлоо процессине аялуу топторунун катышуусу: улуттук азчылык жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” Европа өлкөлөрүнүн шайлоолорун уюштуруучуларынын Ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү 21- конференциясына катышып келишти. Аталган конференциянын негизги максаты калктын аялуу топторунун катышуусунун маанилүүлүгүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу жана шайлоо процессине мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана улуттук азчылыктын катышусуна мүмкүндүк ачуу жаатында тажрыйба алмашуу болгон. Конференциянын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары шайлоо процессине улуттук азчылыкты жана аялуу топторду кошуу боюнча тажрыйба алмашышты.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын  КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
27.09.2012

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 102  токтому менен бекитилген   2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ     Шайлоо күнү – жекшемби 2012-жылдын 25-ноябры. №   Иш чаралардын мазмуну Аткаруу мөөнөтү Аткарууга жооптуулар Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү 1.  Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү 2012-жылдын 6-октябрына чейин   Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-бер. 1, 3, 4, 5-б.б.) 2.  ЖМКга шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 11-октябрына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 10-бер. 6-б) 3.  Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү  2012-жылдын 11-октябрына чейин Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча (Мыйзам 11-бер. 2, 3-б) 4.  ЖМКга шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 16-октябрына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 11-бер -б) 5.  Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн окутуу тренингдерди өткөрүү Өзгөчө план жана график боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо технологияларынын борбору, аймактык шайлоо комиссиялары. (Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам 7-бер. 1-бөл. 29-п)  6.  Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуу тренингдерди өткөрүү Өзгөчө план жана график боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо технологияларынын борбору, аймактык шайлоо комиссиялары. (Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзам 7-бер. 1-бөл. 29-п)  Шайлоочулардын тизмелереи менен иштөө 7.  катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо   Шайлоолор дайындалган күндөн тартып     Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам 12-бер)  8.  Тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөсү болбогон адамдарды шайлоочулардын тизмесинен чыгаруу Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 3-бер.7,8-б. 12-бер.3,7-б) 9.  Кагазга чыгаруу (2 нускада) жана шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмесинин бирден экземплярын берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссиялардын төрагаларынын колтамгалары коюлат жана мөөрү басылат)   Добуш берүү күнүнө 40 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 16-октябрына чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 12-бер. 4-б) 10.  Шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин илүү    Добуш берүү күнүнө 40 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 16-октябрына чейин)     Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-бер. 1-б) 11.  Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен   ( 2012-жылдын 26-октябрына чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-бер. 2-б) 12.  Шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү жана номери коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен ырасталган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен   ( 2012-жылдын 22-ноябрына чейин)   Аймактык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам 13-бер. 5-б) Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   13.  Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү   Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күн калганда аяктайт    (2012-жылдын 15-октябрынын саат 24.00нө чейин) Саясий партиялар   (Мыйзам. 49-берене 1-б., 2-б 1-п.) 14.  Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 15-октябрынын саат 24.00нө чейин) Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү   (Мыйзам 53-берене 1-б.) 15.  Талапкерлердин тимелерин көрсөтүү тартибин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келишин текшерүү Документтерди кабыл алуу күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 53-берене 4-б.) 16.  Талапкерлердин тизмесин каттоо Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт   (2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 53-берене 6-б..) 17.  саясий партиялардан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелерине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин ошондой эле саясий партиялардын аталаштарын, көрсөтүү менен талапкерлердин тизмелери катталгандыгы тууралуу маалыматты басма сөзгө жарыялоо   Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам 53-берене 11-б.) 18.  талапкерлерге катталган датасы көрсөтүлгөн   талапкердин тиешелүү күбөлүгүн берүү   Талапкерлердин тимесин каттоо күнүнөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы  (Мыйзам 53-берене 12-б.) 19.  Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртын алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу     Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 21-ноябрынын саат 24.00нө чейин) Талапкер, саясий партия (Мыйзам 54-берене 1,2-б.) 20.  саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 21-берене 3-б) 21.  саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу Саясий партиянын көрсөтүүнүн жана  жарандын ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде талапкерлерди каттоодон кийин Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 18-бер. 2-б.) Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   22.  Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт   (2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин) Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болгон шайлоочулардын тобу жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөткөн жарандар (Мыйзам. 49-берене1-б, 2-б. 2-п,) 23.  Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2012-жылдын 25-октябрынын саат 24.00нө чейин) Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам. 60-берене 1-б) 24.  Талапкерлерди көрсөтүү тартибин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келишин текшерүү Документтерди кабыл алуу күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 60-берене 3-б.) 25.  Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерди каттоо Добуш берүү күнүнө 20 календарлык күнгө чейин   (2012-жылдын 4-ноябрынын саат 24.00нө чейин)    Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам. 60-берене 7-б..) 26.  Айылдык кеңештеринин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү Талапкерлерди каттоодон кийин 2 күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 60-берене 9-б.) 27.  аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен  айылдык кеңештердин депуттатыгына катталган талапкерлер жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо   Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып  5 календардык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 60-берене 8-б) 28.  Айылдык кеңештин депутаттыгына шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртын алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу     Добуш берүү күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 21-ноябрынын саат 24.00нө чейин)   талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу (Мыйзам 54-берене 1,2-б.) 29.  Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу   Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймакытык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 21-берене 3-б.) 30.  Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөлүү баш тартуу   Талапкерлер катталгандан кийин талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун сунушунун жана жарандын өзүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арызынын негизинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 18-берене 2-б.) Шайлоо алдындагы үгүт 31.  Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларды маалымдоо,  шайлоо алдындагы үгүт     Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-б.1,2-б.)   32.  Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу  (Мыйзам 23-берене 1-б.) 33.  жарандар менен чогулуштарды, жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин   Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте  (Мыйзам. 26-берене 1-б.) 34.  Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма  үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  (Мыйзам 27-берене 3-б.) Шайлоолорду каржылоо 35.  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү Шайлоо дайындалгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 36.  шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмсин көрсөткөн  саясий партиясы тарабынан шайлоо фондун түзүү. Эсеп: № 1290522382820060 (4402012100000945) «РСК Банк» ААК Бишкектеги филиалы БИК 129052 . Алуучу: Биринчи май РОК / Кыргыз республикасныны Боршайком  ИНН 01704199610123 Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде Саясий партия, шайлоочулар тобу  (Мыйзам 15-бер 1-б. , 55-бер) 37.  Айылдык кеңештин депуьтаттыгына талапкерлер ге шайлоо фондун  түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү  Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам 15-бер.1-б., 61-бер) 38.  Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып /Тиешелүү шайлоо комиссиялары (Мыйзам  16-бер.1-б.) 39.  Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контроль   Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу   (Мыйзам 16-бер.2-б.) 40.  Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү   Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 6-декабрына чеийн)   Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу  (Мыйзам 15-бер.19-б.) Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби 41.  шайлоо бюллетенинин текстин, формасын бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен  (2012-жылдын 5-ноябрына чеийн) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 30-бер. 3-б.) 42.  ЖМК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн кечиктирбестен (бүткүл мезгил ичинде) (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн)      Участкалык шайлоо комиссиялар (Мыйзам 31-бер. 1-б) 43.  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн кечиктирбестен. (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн)    Борбордук шайлоо комиссиясы   (Мыйзам.30-бер.8-б) 44.  Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда   добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда  (2012-жылдын 15-ноябрына чеийн)  Борбордук шайлоо комиссиясы (Мыйзам 30-бер. 13-б.) 45.  Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 30-бер. 13-б.) Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо 46.  Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн мурда  (2012 –жылдын 16-24-ноябрына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 32-бер.1-б.) 47.  Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу шайлоочулардан жазуу жүзүндөгү арыздарды жана оозеки кайрылууларды кабыл алуу       Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруучу комиссиянын мүчөлөрүн аныктоо боюнча чучукулак өткөрүү     Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү   Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 22-ноябрына чейин) Добуш берүү күнүнө чейин 2  календардык күн мурда (2012-жылдын 23-ноябрына чейин) Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн мурда (2012-жылдын 24-ноябрына чейин)       Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 33-бер.2-б.)       (Мыйзам 33-бер.4-б.)     (Мыйзам 33-бер.2-б.)     48.  Шайлоо күнү добуш берүүнү өткөрүү  2012-жылдын 25-ноябры  саат  8.00дөн 19.00 чейин Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 31-бер) 49.  Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүү. Келип түшкөн даттанууларды (арыздар) кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт) Участкалык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 36-бер.)  50.  Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү. Добуштарды эсетөөгө катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдордун мөөр менен күбөлүндүрүлгөн көчүрмөсүн (ксерокөчүрмөсүн) берүү Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 36-бер. 20-б.)  51.  Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам.37-бер.1-б.) 52.  Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын, жыйынды таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү  Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2012-жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен)   Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам 37,38-бер. 1,4-б) 53.  Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер  (Мыйзам.51-бер.1-б.) 54.  Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде   Борбордук шайлоо  комиссия (Мыйзам 40-бер.4-б.) 55.  Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы   (Мыйзам.51-бер.2-б.)
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти
25.09.2012

Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти

2012-жылдын 24-сентябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышы өттү. Бишкек АШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,4-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,5,6,7,8,9-бөлүктөрүнө, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө”  Жобого, Бишкек АШК 2012-жылдын 6-сентябрындагы “Бишкек УШК курамдарын түзүү жөнүндө” № 8 чечимине ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, жогору турган шайлоо комиссиясынын төрагасы тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык, Бишкек АШК түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларды биринчи жыйналышка чакырат. Участкалык шайлоо комиссиялардын жыйналыштары Бишкек шаарынын райондук мамлекеттик администрацияларынын акт залдарында өткөрүлөт. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 26-сентябрында саат 9.00дө,  Октябрь жана Свердлов райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 27-сентябрында саат 9.00дө. Төмөндө Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдары берилет: Ленинский район – здесь Октябрьский район - здесь Первомайский район – здесь Свердловский район - здесь     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттардын көңүлүнө
25.09.2012

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттардын көңүлүнө

Кыргыз Республикаснын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө” №204 Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасында 2012-жылдын 25-сентябрында жарыяланды.   Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду өткөрүүнү даярдоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссия) республикалык жалпыга маалымдоо каржаттарын аккредитациялоонун башталышы жөнүндө жарыялайт. “Жергиликтүү кеңештердин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары (2012-жылдын 5-октябрында) тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.   Кыргыз Республикасынын ЖМК аккредитациялоо үчүн 2012-жылдын 5-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө кат жүзүндөгү билдирүү, анда ЖМК жетекчисинин Ф.А.А., ЖМК координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлүшү зарыл; - нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ЖМК уставынын көчүрмөсү; - төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана шарттары жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү. Толук маалымат үчүн 0312-62-62-87 телефон аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз.   Төмөндө Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каржаттарынын акредитациялоо үчүн кат жүзүндөгү билдирүүнүн үлгүсү берилет    Үлгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  Юстиция министрлигинде расмий катталган (катталган датасы) жана Кыргыз Республикасынын аймагында обого чыккан (датасы) телерадиокомпания (ЖМКнын аталышы) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарын шайлоолордо шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр.          Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ТРК  (аталышы) шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу үчүн аккредитациялоону суранабыз. Тийиштүү документтер тиркелет.                Урматто менен,              ЖМКнын жетекчисинин Ф.А.А.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Боршайком) аукцион жарыялайт
24.09.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (Боршайком) аукцион жарыялайт

КР Боршайкому төмөнкү автоунааларды сатуу боюнча аукцион жарыялайт:             - ГАЗ-31105-120, 2004-жылы чыгарылган, баалоо наркы  105 750 сом;             - ГАЗ-31105-120, 2004 –жылы чыгарылган, баалоо наркы  109 125 сом;             - Ниссан-Патфайндер, 2000-жылы чыгарылган, баалоо наркы  187 500 сом;             - Мерседес-Бенц, 1996-жылы чыгарылган, баалоо наркы  112 500 сом;             - ГАЗ-3110, 1998-жылы чыгарылган, баалоо наркы  46 500 сом. Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылыңыздар: Бищкек ш.  Раззаков көчөсү 59, 201-кабинет. Байланыш тел: (312) 66-52-69   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти
21.09.2012

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти

Бүгүн, 2012-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Токтомго ылайык шайлоо 2012-жылдын 10-октябрына дайындалды. Ошондой эле, жыйналышта КР БШК мүчөлөрү Чүй облусунун Аламүдүн, Токмок, Ысык-Ата, Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын, Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын, Ош облусунун Ноокат, Алай, Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын, Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизишти.     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 465 467 … 487