БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти
15 августа 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Анда КР БШКнын мүчөлөрү Баткен жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын айыл өкмөт башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти.
Ошондой эле, КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6,7-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 8-иблунда № 8 токтом менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
