КР БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти

02 июля 2012

Бүгүн, 2012-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти.

Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү “Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомду кабыл алышты, токтомго ылайык, аталган аймактын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 16-июлуна дайындалды.

Жыйналышта, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы