Башкы Жаңылыктар КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, …

КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү” аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү

13-Июл, 2012

2012-жылдын 11-июлунда КР БШКда “Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссияларды түзүү”  аттуу темада жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул иш чарага саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган, себеби Жобого ылайык, Коомдук комиссиялар саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден, илимпоздордон, адистерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Ошондой эле, Жумушчу кеңешмеге БШК төрагасынын орун басарлары Г. Джурабаева жана А. Шайымкулова, БШК аппаратынын жетекчиси М. Султанов, БШКнын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Турумбеков жана Бишкек АШК мүчөлөрү катышышты.

Иш чараныны жүрүшүндө Г. Джурабаева 2001-2012-жылдары шайлоочулардын тизмелери кандай түзүлүп келгендиги тууралуу кыскача маалымат берди. Ошондой эле, ал өз сөзүндө шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө жооптуулар бийликтин аткаруучу органдары болуп, шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер шайлоону дайындоо жөнүндө жарыя чыккандан кийин  гана башталып жүргөндүгүнө жана Шайлоо жөнүндө кодексте шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн бирдиктүү тартибин регламенттеген ченемдер жок болгондугуна байланыштуу, бийликтин жергиликтүү органдары шайлоочулардын тизмелерин тактоо ыкмаларын өзүлөр аныктагандыгына ж.б. токтоду.

Төраганын орун басары, АШКга караштуу Коомдук комиссияларды түзүүнүн максаты бул - каттоо кызмат органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиялардын өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү, ошондой эле шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу болгондугун белгиледи.

Аталаган иш чаранын катышуучулары шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселелери, Бишкек АШКна караштуу Коомдук комиссиясынын курамы  боюнча талкулоо жүргүзүп, өз пикирлери менен алмашышты. Жумушчу кеңешменин жүрүшүндө, Коомдук комиссиясынын курамына кирүүгө каалаган саясий партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына кат  жөнөтүүгө тийиш экендиги тууралуу чечим кабыл алынды. Эгер талапкерлердин саны Коомдук комиссиясынын мүчөлүгүнүн бекитилген санынан ашса, анда чучукулакөткөрүлөт.

Маалымат үчүн: Жобого ылайык, Коомдук комиссия өз ишин акысыз жана ыктыярдуу негизде ишке ашыруучу кеңешүүчү, консультативдүү орган болуп эсептелинет жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин, окумуштуулардын, адистердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын (ЖӨБ) жана укук коргоо органдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Коомдук комиссиянын курамы 7 адамдан кем эмес жана 13 адамдан ашпаган санда болууга тийиш. 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>