Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчисинен ыраазычылык кат алды.
Ыраазычылык катта төмөнкүлөр белгиленет:
“Урматтуу Туйгуналы Дүйшөналиевич,
“Россия Федерациясынын Президентин шайлоо жөнүндө” Федералдык мыйзамга ылайык жана “Россия Федерациясынын Президентин шайлоо жөнүндө” Россия Федерациясынын Федералдык Жыйналышынын Федерация Кеңешинин токтому менен жана Кыргыз Республикасынын бийлиги менен макулдашуу боюнча 2012-жылдын 19-февралынан 4-мартына чейинки мезгилде республиканын аймагында Кыргыз Республикасында турган россиялык жарандардын арасында Россия Федерациясынын Президентин шайлоо өткөрүлгөндүгүн Сизге урматтоо менен билдирем.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана жеке Сизге Россия Федерациясынын жарандарынын турмушундагы эң маанилүү иш чараны уюштурууда жана өткөрүүдө биздин өтүнүч боюнча практикалык көмөк көрсөткөндүгүңүзгө ыраазычылык билдирип кетким келет.
Урматтуу Туйгуналы Дүйшөналиевич, Сиздин дайыма көңүл буруп турганыңызга биздин терең ыраазычылыгыбызды, урматтообузду кабыл алыңыз.”
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Календарный план основных организационно - практических мероприятий по подготовке и проведению выборов депутатов местных кенешей Ошской и Нарынской областей Кыргызской Республики, назначенных на 6 мая 2012 года
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 13-мартындагы
№ 41 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү – жекшемби,
2012-жылдын 6-майы
№
Иш-чаралардын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү
1.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 17-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-беренесинин 4,5-бөлүктөрү)
2.
ММКларда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларынын жарыялоо
Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 10-беренесинин 6-бөлүгү)
3.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 22-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча
(Мыйзам 11-беренесинин 2,3-бөлүктөрү)
4.
ММКларда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо
Аларды бекиткен күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 26-мартына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 11-беренесинин 3-бөлүгү)
5.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн семинарларды өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары
6.
Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн үчүн семинарларды өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө
7.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо
Шайлоо дайындалган күндөн тартып
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам 12-берене)
8.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгаруу
Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 12-беренесинин 3, 7-бөлүктөрү)
9.
Шайлоочулардын тизмелерин кагазга чыгаруу (2 нускада) жана бирден нускасын шайлоо участкаларына берүү (Тизмеге төрагалар кол коет жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрү менен тастыкталат)
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 27-мартына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 12-беренесинин 4-бөлүгү)
10.
Шайлоочулар таанышып чыгышы үчүн тизмени илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 27-мартына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 13-беренесинин 1-бөлүгү)
11.
Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 6-апрелине чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 13-беренесинин 2-бөлүгү)
12.
Шайлоочулардын биротоло такталган тизмелерин түзүү жана номер коюлуп, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү коюлган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү
(шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз атайын кагазга чыгаруу)
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 3-майына чейин)
Аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 13-беренесинин 5-бөлүгү)
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
13.
Балыкчы шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 5-апрелинин саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын тобу
(Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү)
14.
Талапкердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 5-апрелинин саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 53-беренесинин 1-бөлүгү)
15.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүнүн тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү
Документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 4-бөлүгү)
16.
Талапкерлердин тизмесин каттоо
Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 20 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 15-апрелинин саат 24.00гө чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 6-бөлүгү)
17.
Саясий партиялардын аталышын, шайлоочулардын топторун, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялоо
Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 11-бөлүгү)
18.
Катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берүү
Талапкерлердин тизмесин каттаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 12-бөлүгү)
19.
Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу
Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 2-майынын саат 24.00гө чейин)
Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу
(Мыйзам 54-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү)
20.
Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо аларга күбөлүк тапшырууже каттоону жүйөөлүү четке кагуу
Керектүү документтер түшкөн күндөн 2 календардык күн ичинде.
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгү)
21.
Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ишенимдүү адамдарына күбөлүктөрдү тапшыруу же каттоодон жүйөлүү баш тартуу
Талапкердин, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун жана жарандын ишенимдүү адамга макулдугу жөнүндө кат жүзүндө арызынын негизинде талапкерди каттоодон кийин
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгү)
22
Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларга маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-беренесинин 1,2-бөлүктөрү)
23
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат
Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 23-беренесинин 1-бөлүгү)
24
Чогулуштарды, жарандар менен жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин
Аймактык шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте
(Мыйзам 26-беренесинин 1-бөлүгү)
25
Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо
Шайлоо дайындалгандан кийин 10 календардык күндүн ичинде
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам 27-беренесинин 3-бөлүгү)
Шайлоолорду каржылоо
26
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү
Шайлоо дайындалгандан кийин
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
27
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан шайлоо фондун түзүү
Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 5 календардык күндүн ичинде
Саясий партия, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)
28
Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер тарабынан банкта атайын эсеп түзүү
Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин
Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)
29
Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо
Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу
(Мыйзам 16-беренесинин 1-бөлүгү)
30
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контрол
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу
(Мыйзам 16-беренесинин 2-бөлүгү)
31
Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү
Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 17-майына чейин)
Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 15-беренесинин 19-бөлүгү)
Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби
32
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, коргоо даражасын жана даярдоонун тартибин бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 16-апрелине чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 1-бөлүгү)
33
Шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 16-апрелине чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 30-беренесинин 3-бөлүгү)
34
ММК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо
Добуш берүү күнүнө чейин 10 күндөн кечиктербестен
(бүткүл мезгил ичинде)
(2012-жылдын 26-апрелине чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 31-беренесинин 1-бөлүгү)
35
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо
Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда.
(2012-жылдын 26-апрелине чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 8-бөлүгү)
36
Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 10 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда
(2012-жылдын 26-апрелине чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)
37
Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу
Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда
Тиешелүү шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)
Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо
38
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү
Добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календардык күн мурда
(2012-жылдын 27-апрелинен 5-майына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 32-беренесинин 1-бөлүгү)
39
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү
Добуш берүү күнүнө чейин бир гана календардык күн мурда
(шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 33-беренесинин 2-бөлүгү)
40
Добуш берүүнү өткөрүү
2012-жылдын 6-майында саат 8.00дөн 19.00гө чейин
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 31-берене)
41
Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду түзүү
Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 36-берене)
42
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү
Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз
Участкалык шайлоо комиссиялары
43
Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү
Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 37-беренесинин 1-бөлүгү)
44
Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынтык таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 27-майына чейин)
Аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 37,38-беренелер, 1,4-бөлүктөрү)
45
Шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо
Шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 40-беренесинин 4-бөлүгү)
46
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө
Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер
(Мыйзам 51-беренесинин 1-бөлүгү)
47
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү
Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 51-беренесинин 2-бөлүгү)
Кененирээк билүү >>
“Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө” Токтом
“Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө”
Токтом
2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ №29 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Каракол шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субьектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 3138, 3150 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуштардын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады.
Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-24-26-пункттарын, 2-бөлүгүнүн 5-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүн, 38-беренесинин 5-6-бөлүктөрүн, 40-беренесинин 4-бөлүгүн, 56-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Каракол шаарынын №№ 3138, 3150 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.
Каракол шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын.
3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 10-мартындагы протоколу бекитилсин.
4. Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер Каракол шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет).
Аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтом Каракол шаарынын №№ 3138, 3150 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2012-жылдын 13-марты
№40
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланды
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (Бишкек АШК) биринчи жыйналышы 2012-жылдын 28-февралында болуп өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык КР БШК төрагасы Т. Абдраимов бул комиссиянын биринчи жыйналышын чакырган.
Жыйналышта Бишкек АШКнын мүчөлөрү толук курамда “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгүн аткарышып, комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө маселени карашты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен Маматов Кайрат Адамкалиевич Бишкек АШКнын төрагалыгына шайланды. О.Шербинанын комиссиянын катчылыгына талапкерлиги да бир добуштан колдоого алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө" Токтом
"Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө"
Токтом
2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 29 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ош шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субъектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларында шайлоочулардын эрк ниетин билдирүүсүнө таасир тийгизген, добуш берүүнүн жыйынтыктарынын аныктыгын тактоого мүмкүндүк бербеген бузууларды аныктады.
Участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколунун жана жыйынды таблицасынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24,26-пункттарына, 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 38-беренесинин 5,6-бөлүктөрүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын.
2. Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылсын.
Ош шаарынын башка баардык шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык деп табылсын.
3. Ушул токтом менен жараксыз деп таанылган шайлоо участкаларын эсепке албаганда, 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 8-мартындагы Протоколу бекитилсин.
4. Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөндөгү талапкерлер III чакырылыштагы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп эсептелсин (тизме тиркелет).
Аларга бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Ушул токтом, добуш берүүнүн жыйынтыктары, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынды таблицасы жана шайлоонун натыйжалары (тиркелет) “Эркин Тоо” газетасында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтом Ош шаарынын №№ 5273, 5283, 5288 шайлоо участкалары боюнча бузууларга жол берген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 13-марты
№39
Кененирээк билүү >>
Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары бекитилди
Бүгүн 2012-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү бир нече маселелерди карашты.
Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн Ош жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алышты. Токтомду кабыл алууда КР БШК мүчөлөрү Ош шаардык кеңешине добуш берүүдө №№5273, 5283, 5288 шайлоо участкаларындагы, ал эми Каракол шаардык кеңешине добуш берүүдө №№3138, 3150 шайлоо участкаларындагы жыйынтыктарды жокко чыгарышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгы менен дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Ош жана Нарын облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын Календарлык планын жана чыгымдардын сметасын бекитишти.
Жыйналышта ошондой эле БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө, 41-беренесинин 16 бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Дыйканов Салморбек Карбозовичке шайлоо күрөөсүн кайтаруудан баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алышты.
КР БШК мүчөлөрү “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомуна, “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизишти. Ошондой эле Чүй, Аксы жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Список зарегистрированных кандидатов в депутаты Балыкчинского городского кенеша
Список зарегистрированных кандидатов в депутаты Балыкчинского городского кенеша - здесь
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 4-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн маалыматы
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 24-февралынан 3-мартка чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өткөрүлөт.
Мыйзамдуулукка ылайык, өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.
2012-жылдын 1-мартына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:
№
к/н
Райондордун, шаарлардын аталышы
Добуш бергендердин саны
1.
Лейлек
-
2.
Тогуз - Торо
2
3.
Ак – Талаа
-
4.
Жумгал
7
5.
Каракол ш.
26
6.
Токмок ш.
1
7.
Ош ш.
2
8.
Бардыгы
38
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
К сведению журналистов и средств массовой информации!
К сведению журналистов и средств массовой информации!
В воскресенье, 4 марта в 11.00 в пресс-центре Центральной избирательной комиссии КР состоится пресс-конференция на тему: «О ходе проведения выборов депутатов местных кенешей 4 марта 2012 года»
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өкүлдөрү кире турган партиялар аныкталды
Бүгүн, 2012-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма-сөз борборунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чучукулак өткөрүлдү. Чучукулак өткөрүү жол жобосуна Бишкек АШКга өз талапкерлерин көрсөткөн 25 саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат. Ошондуктан биринчиден алтынчыга чейинки номерди көтөрүп чыккан саясий партиялар Бишкек АШК курамына киришет, калган партиялар саясий партиядан шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда бош орунду ээлеш үчүн резервди түзүшөт.
Чучукулактын натыйжасы боюнча өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын курамына кире турган саясий партиялардын тизмеси аныкталды. Чучукулактын натыйжасы төмөндөгүдөй:
“Столица” саясий партиясы №1
Республиканская партия справедливости №2
“Республика” саясий партиясы №3
КЭДП партиясы №4
“Акшумкар” саясий партиясы №5
“Адилет Кыргызстан” партиясы №6
Партия экономического возрождения №7
“Каганат” партиясы №8
“Ишеним” партиясы №9
“Эрк” партиясы №10
“Ак-бата” партиясы №11
Партия застройщиков Кыргызстана №12
“Замандаш-Современник” партиясы №13
ДДК партиясы №14
“Кыргызстандын коммунисттери” партиясы №15
КСДП саясий партиясы №16
“Билим, илим ордосу” саясий партиясы №17
“Мекенчилпатриоттор” партиясы №18
“Ар-Намыс” саясий партиясы №19
“Мекен ынтымагы” №20
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти
Бүгүн, 2012-жылдын 27-февралында кезектеги жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,6,7-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,4,6,7,8,13-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө” Жобого, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө” 2012-жылдын 25-январындагы № 18 токтомуна ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 27-февралындагы чучукулактын протоколунун негизинде, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитишти. Анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан 6 талапкер, саясий партиядан 6 талапкер киргизилди. Баардыгы Бишкек АШК курамына 12 мүчө бекитилди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына саясий партиядан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору 2012-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынды. Баардыгы саясий партиялардан 25, ал эми ЖӨБтөн 106 көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү.
Ушул эле жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын–айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Бул токтомго ылайык, шайлоо 2012-жылдын 23-24-мартында өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттардын көңүлүнө
2012-жылдын 27-февралында саат 9:30 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын пресс-борборунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чучукулак өткөрүлөт.
Чучукулак өткөрүү жол-жобосуна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.
Чучукулак өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашыруу үчүн массалык маалымат каражаттардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК алдыдагы 2012-жылдын 4-мартында шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого Ош шаарынын даярдыгын баалады
2012-жылдын 18-февралынан 21-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын даярдыгынын деңгээли тууралуу так маалымат алуу үчүн Ош шаарында болушту.
КР БШК төрагасы Т.Абдраимов, төраганын орун басары А.Шайымкулова, БШК аппаратынын кызматкерлери Ош аймактык шайлоо комиссиясын жана бир катар участкалык шайлоо комиссияларын кыдырып чыгышты. Жолгушуулардын жүрүшүндө участкаларды материалдык-техникалык жабдуу жана шайлоочулардын тизмесин тактоо жол-жоболоруна тиешелүү проблемалар талкууланды. Өзгөчө көңүл шайлоо комиссияларынын иштеринин айкындуулугуна, алардын добуш берүүнүн жыйынтыгына дегеле жалпы шайлоо институтуна шайлоочулардын ишенимин камсыз кылуудагы жоопкерчилигине бурулду.
БШК башчысы Т.Абдраимов ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңылыктары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн өткөрүлгөн тренингдерде болуп, БШК тандаган машыктыруучулардын даярдык деңгээлин жана окутуу моделдеринин мазмунун канагаттандырарлык деп тапты.
Сапардын рамкасында БШК төрагасынын орун басары А.Шаймкулова менен укук коргоо органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда добуш берүү күнүндө жана шайлоодон кийинки мезгилде күч органдарынын коомдук тартипти камсыздоодогу даярдыгы жөнүндө маалымат угулду. Жарандык коомдун жана ЖМК өкүлдөрүнөн көз карандысыз байкоочулардын жана журналисттердин укуктарын камсыз кылуу боюнча сунуштамалары угулду.
Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча БШК өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Ош шаарынын шайлоо комиссияларынын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди
Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин,“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан 2012-жылдын 25-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди.
Ошондой эле, жыйналышта 2012-жылдын 25-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди. КР БШК мүчөлөрү “Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү
Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү (мындан ары- ШЭБС).
Тегерек столдун ишине Борбордук шайлоо комиссиясыныны төрагасы Т.Абдраимов, төраганын орун басарлары Г.Джурабаева, А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү И.Кадырбеков, Г.Баатырова, А.Асаналиев, Кыргыз Республикаснын финансы министри А.Жапаров, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Т.Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Э.Алиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаев, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы А.Осмоналиев, ЖӨБУАнын (НАМСУ) статс-катчысы У.Нарусбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын начальнигинин милдетин аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасынын биринчи орун басары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүмдөрүнүн начальниктери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун ишин КР БШК төрагасы Т.Абдраимов ачты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ШЭБС боюнча жумушчу тобунун жетекчиси И.Кадырбеков жана ШЭБС боюнча иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси Ушаков Сергей чыгып сүйлөштү. И.Кадырбеков “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасын” түзүү жана колдонуу маселелерине көбүрөөк токтолсо, С.Ушаков, ШЭБСги мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумундагы байланышынын техникалык маселелерине катышуучулардын көңүлдөрүн бурду.
Ушул иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасынын” өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын анализдеп талкууга алышты. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ШЭБСти өркүндөтүүгө байланышкан рекомендациялар жана сунуштар даярдалды.
Тегерек стол Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен, Европалык Союздун, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин жана Австриянын Өкмөтүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду.
Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумдарга катышуу, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүүдө, шайлоо округдарды, шайлоо участкаларды түзүүдө, референдумдарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу башка иштерди аткаруудагы укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо максатында түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Список средств массовой информации Кыргызской Республики, имеющих право участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года
Средствам массовой информации, опубликовавшим и представившим в Центральную избирательную комиссию Кыргызской Республики сведения о размере и других условиях оплаты эфирного времени, печатной площади до 15 февраля 2012 года в соответствии с постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики «Об условиях участия средств массовой информации в предвыборной агитации» от 8 февраля 2012 года № 31 разрешено участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года.
Список СМИ имеющих право участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года – здесь.
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
22.09.2026
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү боюнча талапкерлердин документтери каралууда
21.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21.09.2026
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда