Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында 2012-жылдын 9-ноябрынан тартып түз байланыш өз ишин баштады

09 ноября 2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында 2012-жылдын 9-ноябрынна тартып түз байланыш иштеп баштады. Шайлоочулар өзлөрүн шайлоочулардын тизмелеринен 0-312-62-09-09 телефон аркылуу тактап алууга мүмкүнчүлүгү бар. Маалымат алуу үчүн шайлоочу фамилиясын, атын, атасынын атын айтууга милдеттүү.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочу тмөнкүлөргө укуктууе:

- шайлоочулардын тизмеси менен шайлооучасткасында таанышууга;

- шайлоочулардын тизмесинде жеке маалыматтардын жок болушу тууралуу участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга;

- шайлоочулардын тизмесиндеги жеке маалыматтарындагы кандай бобосун ката же так эместик жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө кайрылууга.

2012-жылдын 15-ноябрында участкалык шайлоокомиссиялар арыздарды кабыл алууну токтотот

Шайлоо күнү шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу. Кошумча тизме түзүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы