Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
2012-жылдын 4-мартында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн маалыматы
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2012-жылдын 24-февралынан 3-мартка чейин мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өткөрүлөт.
Мыйзамдуулукка ылайык, өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген, шайлоо участкасына шайлоо күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу.
2012-жылдын 1-мартына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:
№
к/н
Райондордун, шаарлардын аталышы
Добуш бергендердин саны
1.
Лейлек
-
2.
Тогуз - Торо
2
3.
Ак – Талаа
-
4.
Жумгал
7
5.
Каракол ш.
26
6.
Токмок ш.
1
7.
Ош ш.
2
8.
Бардыгы
38
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
К сведению журналистов и средств массовой информации!
К сведению журналистов и средств массовой информации!
В воскресенье, 4 марта в 11.00 в пресс-центре Центральной избирательной комиссии КР состоится пресс-конференция на тему: «О ходе проведения выборов депутатов местных кенешей 4 марта 2012 года»
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өкүлдөрү кире турган партиялар аныкталды
Бүгүн, 2012-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма-сөз борборунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чучукулак өткөрүлдү. Чучукулак өткөрүү жол жобосуна Бишкек АШКга өз талапкерлерин көрсөткөн 25 саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары эки жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында шайланат. Ошондуктан биринчиден алтынчыга чейинки номерди көтөрүп чыккан саясий партиялар Бишкек АШК курамына киришет, калган партиялар саясий партиядан шайлоо комиссиясынын мүчөсү мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда бош орунду ээлеш үчүн резервди түзүшөт.
Чучукулактын натыйжасы боюнча өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын курамына кире турган саясий партиялардын тизмеси аныкталды. Чучукулактын натыйжасы төмөндөгүдөй:
“Столица” саясий партиясы №1
Республиканская партия справедливости №2
“Республика” саясий партиясы №3
КЭДП партиясы №4
“Акшумкар” саясий партиясы №5
“Адилет Кыргызстан” партиясы №6
Партия экономического возрождения №7
“Каганат” партиясы №8
“Ишеним” партиясы №9
“Эрк” партиясы №10
“Ак-бата” партиясы №11
Партия застройщиков Кыргызстана №12
“Замандаш-Современник” партиясы №13
ДДК партиясы №14
“Кыргызстандын коммунисттери” партиясы №15
КСДП саясий партиясы №16
“Билим, илим ордосу” саясий партиясы №17
“Мекенчилпатриоттор” партиясы №18
“Ар-Намыс” саясий партиясы №19
“Мекен ынтымагы” №20
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти
Бүгүн, 2012-жылдын 27-февралында кезектеги жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,6,7-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,4,6,7,8,13-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө” Жобого, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө” 2012-жылдын 25-январындагы № 18 токтомуна ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 27-февралындагы чучукулактын протоколунун негизинде, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитишти. Анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан 6 талапкер, саясий партиядан 6 талапкер киргизилди. Баардыгы Бишкек АШК курамына 12 мүчө бекитилди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына саясий партиядан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору 2012-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынды. Баардыгы саясий партиялардан 25, ал эми ЖӨБтөн 106 көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү.
Ушул эле жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын–айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Бул токтомго ылайык, шайлоо 2012-жылдын 23-24-мартында өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жана массалык маалымат каражаттардын көңүлүнө
2012-жылдын 27-февралында саат 9:30 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын пресс-борборунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чучукулак өткөрүлөт.
Чучукулак өткөрүү жол-жобосуна Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышат.
Чучукулак өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашыруу үчүн массалык маалымат каражаттардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы эки жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК алдыдагы 2012-жылдын 4-мартында шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого Ош шаарынын даярдыгын баалады
2012-жылдын 18-февралынан 21-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын даярдыгынын деңгээли тууралуу так маалымат алуу үчүн Ош шаарында болушту.
КР БШК төрагасы Т.Абдраимов, төраганын орун басары А.Шайымкулова, БШК аппаратынын кызматкерлери Ош аймактык шайлоо комиссиясын жана бир катар участкалык шайлоо комиссияларын кыдырып чыгышты. Жолгушуулардын жүрүшүндө участкаларды материалдык-техникалык жабдуу жана шайлоочулардын тизмесин тактоо жол-жоболоруна тиешелүү проблемалар талкууланды. Өзгөчө көңүл шайлоо комиссияларынын иштеринин айкындуулугуна, алардын добуш берүүнүн жыйынтыгына дегеле жалпы шайлоо институтуна шайлоочулардын ишенимин камсыз кылуудагы жоопкерчилигине бурулду.
БШК башчысы Т.Абдраимов ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын жаңылыктары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн өткөрүлгөн тренингдерде болуп, БШК тандаган машыктыруучулардын даярдык деңгээлин жана окутуу моделдеринин мазмунун канагаттандырарлык деп тапты.
Сапардын рамкасында БШК төрагасынын орун басары А.Шаймкулова менен укук коргоо органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү менен жолугушуулар уюштурулду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда добуш берүү күнүндө жана шайлоодон кийинки мезгилде күч органдарынын коомдук тартипти камсыздоодогу даярдыгы жөнүндө маалымат угулду. Жарандык коомдун жана ЖМК өкүлдөрүнөн көз карандысыз байкоочулардын жана журналисттердин укуктарын камсыз кылуу боюнча сунуштамалары угулду.
Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча БШК өкүлдөрү шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Ош шаарынын шайлоо комиссияларынын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилди
Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин,“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан 2012-жылдын 25-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди.
Ошондой эле, жыйналышта 2012-жылдын 25-мартына дайындалган, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди. КР БШК мүчөлөрү “Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү
Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” деген темада тегерек стол өттү (мындан ары- ШЭБС).
Тегерек столдун ишине Борбордук шайлоо комиссиясыныны төрагасы Т.Абдраимов, төраганын орун басарлары Г.Джурабаева, А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү И.Кадырбеков, Г.Баатырова, А.Асаналиев, Кыргыз Республикаснын финансы министри А.Жапаров, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Т.Омуралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Э.Алиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаев, Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы А.Осмоналиев, ЖӨБУАнын (НАМСУ) статс-катчысы У.Нарусбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын начальнигинин милдетин аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасынын биринчи орун басары, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун бөлүмдөрүнүн начальниктери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столдун ишин КР БШК төрагасы Т.Абдраимов ачты. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, ШЭБС боюнча жумушчу тобунун жетекчиси И.Кадырбеков жана ШЭБС боюнча иштеп чыгуучулар тобунун жетекчиси Ушаков Сергей чыгып сүйлөштү. И.Кадырбеков “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасын” түзүү жана колдонуу маселелерине көбүрөөк токтолсо, С.Ушаков, ШЭБСги мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумундагы байланышынын техникалык маселелерине катышуучулардын көңүлдөрүн бурду.
Ушул иш-чаранын жүрүшүндө тегерек столдун катышуучулары “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасынын” өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын анализдеп талкууга алышты. Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча ШЭБСти өркүндөтүүгө байланышкан рекомендациялар жана сунуштар даярдалды.
Тегерек стол Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго көмөк көрсөтүү боюнча Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын жардамы менен, Европалык Союздун, Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча Агенттигинин жана Австриянын Өкмөтүнүн финансылык жардамы аркылуу уюштурулду.
Эскерте кетсек, “Кыргыз Республикасынын шайлоочуларын эсепке алуунун бирдиктүү системасы” Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумдарга катышуу, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын тизмелерин түзүүдө, шайлоо округдарды, шайлоо участкаларды түзүүдө, референдумдарды жана Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу башка иштерди аткаруудагы укуктарынын кепилдиктерин камсыздоо максатында түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Список средств массовой информации Кыргызской Республики, имеющих право участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года
Средствам массовой информации, опубликовавшим и представившим в Центральную избирательную комиссию Кыргызской Республики сведения о размере и других условиях оплаты эфирного времени, печатной площади до 15 февраля 2012 года в соответствии с постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики «Об условиях участия средств массовой информации в предвыборной агитации» от 8 февраля 2012 года № 31 разрешено участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года.
Список СМИ имеющих право участвовать в предвыборной агитации на выборах депутатов местных кенешей Кыргызской Республики назначенных на 4 марта 2012 года – здесь.
Пресс-служба Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу –практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 10-февралындагы
№ 32 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу –практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоолор күнү – жекшемби,
2012-жылдын 25-марты
№
к/н
Иш-чаралардын мазмуну
Аткаруу мөөнөтү
Аткарууга жооптуулар
Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү
1.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 37 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 17-февралына чейин)
(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгү)
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
(«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы (мындан ары-Мыйзам) 10-беренесинин 4,5-бөлүктөрү)
2.
ММКларда шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларынын жарыялоо
Аларды бекиткен күндөн тартып 4 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-февралына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 10-беренесинин 6-бөлүгү)
3.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү
Добуш берүү күнүнө чейин 33 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-февралына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунуштары боюнча
(Мыйзам 11-беренесинин 2,3-бөлүктөрү)
4.
ММКларда шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын жарыялоо
Аларды бекиткен күндөн тартып 4 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 25-февралына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 11-беренесинин 3-бөлүгү)
5.
Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн семинарларды өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары
6.
Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн үчүн семинарларды өткөрүү
Өзүнчө план жана график боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары
Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө
7.
Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо
Шайлоо дайындалган күндөн тартып
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам 12-берене)
8.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгаруу
Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 12-беренесинин 3, 7-бөлүктөрү)
9.
Шайлоочулардын тизмелерин кагазга чыгаруу (2 нускада) жана бирден нускасын шайлоо участкаларына берүү (Тизмеге төрагалар кол коет жана аймактык шайлоо комиссияларынын мөөрү менен тастыкталат)
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 24-февралына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 12-беренесинин 4-бөлүгү)
10.
Шайлоочулар таанышып чыгышы үчүн тизмени илүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 24-февралына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 13-беренесинин 1-бөлүгү)
11.
Шайлоочулардын тизмесинде турган шайлоочуга анын тизмеде бар экендиги жөнүндө билдирүү жиберүү
Добуш берүү күнүнө чейин 22 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 3-мартына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 13-беренесинин 2-бөлүгү)
12.
Шайлоочулардын биротоло такталган тизмелерин түзүү жана номер коюлуп, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү коюлган шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү
(шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз атайын кагазга чыгаруу)
Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 22-мартына чейин)
Аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 13-беренесинин 5-бөлүгү)
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
13.
Балыкчы шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 23-февралынын саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын тобу
(Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү)
14.
Талапкердин тизмесин каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 23-февралынын саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 53-беренесинин 1-бөлүгү)
15.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүүнүн тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү
Документтерди кабыл алган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 4-бөлүгү)
16.
Талапкерлердин тизмесин каттоо
Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 22 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 2-мартынын саат 24.00гө чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 6-бөлүгү)
17.
Саясий партиялардын аталышын, шайлоочулардын топторун, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялоо
Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 4 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 11-бөлүгү)
18.
Катталган күнүн көрсөтүү менен талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берүү
Талапкерлердин тизмесин каттаган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 53-беренесинин 12-бөлүгү)
19.
Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу
Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-мартынын саат 24.00гө чейин)
Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу
(Мыйзам 54-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү)
20.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү
Шайлоо дайындалган күндөн тартып шайлоого чейин 22 календардык күн калганда аяктайт
(2012-жылдын 2-мартынын саат 24.00гө чейин)
Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналаган шайлоочулар тобу жана өзүн-өзү көрсөткөн жарандар
(Мыйзам 49-беренесинин 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 3-пункту)
21.
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн керектүү шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 22 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 2-мартынын саат 24.00гө чейин)
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 60-беренесинин 1-бөлүгү)
22.
Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына шайкеш келишин текшерүү
Документтерди кабыл алуу күнүнөн тартып 7 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 60-беренесинин 3-бөлүгү)
23.
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо
Шайлоо күнүнө чейин 15 календардык күн мурда
(2012-жылдын 9-мартынын саат 24.00гө чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 60-беренесинин 7-бөлүгү)
24.
Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү
Талапкерлер катталгандан кийин 2 күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 60-беренесинин 9-бөлүгү)
25.
Айылдык кеңештеринин депутаттыгына талапкерликке катталган талапкерлердин аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен алар жөнүндө маалыматты басма сөзгө жарыялоо
Каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 4 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 60-беренесинин 8-бөлүгү)
26.
Шайлоолорго катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесинен чакыртып алуу жана айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу
Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 21-мартынын саат 24.00гө чейин)
Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 54-беренесинин 1,2-бөлүктөрү)
27.
Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон себебин көрсөтүү менен баш тартуу
Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 21-беренесинин 3-бөлүгү)
28.
Талапкердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же болбосо каттоодон жүйөөлүү себебин көрсөтүү менен баш тартуу
Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде талапкерлерди каттагандан кийин
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 18-беренесинин 2-бөлүгү)
Шайлоо алдындагы үгүт
29.
Маалыматтык камсыздоо, шайлоочуларга маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт
Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык (Мыйзам 22-беренесинин 1,2-бөлүктөрү)
30.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат
Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 23-беренесинин 1-бөлүгү)
31.
Чогулуштарды, жарандар менен жолугушууларды, жалпынын алдында дискуссияларды жана дебаттарды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо
Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин
Аймактык шайлоо комиссиялары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте
(Мыйзам 26-беренесинин 1-бөлүгү)
32.
Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жайларды бөлүү жана жасалгалоо
Шайлоо дайындалгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
(Мыйзам 27-беренесинин 3-бөлүгү)
Шайлоолорду каржылоо
33.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын кароо жана бекитүү
Шайлоо дайындалгандан кийин
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
34.
Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулар тобу тарабынан шайлоо фондун түзүү
Финансылык маселелер боюнча саясий партиянын, шайлоочулар тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүн шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 4 календардык күндүн ичинде
Саясий партия, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)
35.
Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер тарабынан банкта атайын эсеп түзүү
Талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтерди бергенге чейин
Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
(Мыйзам 15-беренесинин 1-бөлүгү)
36.
Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан каражаттарды түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо
Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу
(Мыйзам 16-беренесинин 1-бөлүгү)
37.
Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоого контроль
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан ашпаган санда контролдук-текшерүү тобу
(Мыйзам 16-беренесинин 2-бөлүгү)
38.
Шайлоо фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына отчетторду берүү
Шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 5-апрелине чейин)
Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу
(Мыйзам 15-беренесинин 19-бөлүгү)
Шайлоо бюллетендерин даярдоонун жана участкалык шайлоо комиссияларына берүүнүн тартиби
39.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, коргоо даражасын жана даярдоонун тартибин бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 10-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 1-бөлүгү)
40.
Шайлоо бюллетенинин текстин жана формасын бекитүү
Добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 10-мартына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 30-беренесинин 3-бөлүгү)
41.
ММК же башка ыкма аркылуу добуш берүүнүн убактысы жана жайы тууралуу шайлоочуларга кабарлоо
Добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктербестен
(бүткүл мезгил ичинде)
(2012-жылдын 18-мартына чейин)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 31-беренесинин 1-бөлүгү)
42.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо
Добуш берүү күнүнө чейин 7 күн мурда.
(2012-жылдын 18-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 8-бөлүгү)
43.
Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына берүү
Добуш берүү күнүнө чейин 7 күн мурда, ал эми кайталап добуш берген учурда добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн мурда
(2012-жылдын 18-мартына чейин)
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)
44.
Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу
Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календардык күн мурда
Тиешелүү шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 30-беренесинин 13-бөлүгү)
Добуш берүү жана натыйжаларын аныктоо
45.
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү
Добуш берүү күнүнө чейин 7-1 календардык күн мурда
(2012-жылдын 18 - 24-мартына чейин)
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 32-беренесинин 1-бөлүгү)
46.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү
Добуш берүү күнүнө чейин бир гана календардык күн мурда
(шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 33-беренесинин 2-бөлүгү)
47.
Добуш берүүнү өткөрүү
2012-жылдын 25-мартында саат 8.00дөн 19.00гө чейин
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 31-берене)
48.
Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду түзүү
Добуш берүү бүткөндөн кийин дароо башталат (жыйынтыгы аныкталганга чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт)
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 36-берене)
49.
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясына факс аркылуу берүү
Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз
Участкалык шайлоо комиссиялары
50.
Тиешелүү шайлоо документтери менен добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жиберүү
Протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз
Участкалык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 37-беренесинин 1-бөлүгү)
51.
Округдун аймагында добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынтык таблицасынын биринчи нускасы менен чогуу Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүү
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин токтоосуз жана добуш берүү күнүнөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен
(2012-жылдын 14-апрелине чейин)
Аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 37,38-беренелер, 1,4-бөлүктөрү)
52.
Шайлоонун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий түрдө жарыялоо
Шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде
Борбордук шайлоо комиссиясы
(Мыйзам 40-беренесинин 4-бөлүгү)
53.
Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү
Шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө
Жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган талапкер
(Мыйзам 51-беренесинин 1-бөлүгү)
54.
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү
Шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыздарын алгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары
(Мыйзам 51-беренесинин 2-бөлүгү)
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларынын бухгалтерлерин окутуу болуп өттү
2012-жылдын 7-февралынан 8-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) бухгалтерлерин окутуу болуп өттү.
Окутуунун жүрүшүндө аталган тренингдин катышуучулары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларын каржылоого, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуларын түзүү мөөнөтүнө жана булактарына, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө участкалык шайлоо комиссияларынын чыгымдардын сметаларын өз убагында тапшырууга байланышкан маселелерди кеңири талкуулашты.
АШК бухгалтерлерин окутууну Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо технологиялары Борбору (ШТБ) Кыргыз Республикасында шайлоолорду колдоого алуу боюнча ПРООНдун (Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы) жана ОБСЕнин (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм) көмөктөшүүсү менен уюштурду.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында машыктыруучулар үчүн тренингдер өткөрүлүүдө, алар болсо кийин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардагы жаңылыктар боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутушат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календарлык планы” бекитилди
Бүгүн 2012-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2012-жылдын 8-февралындагы №35 Жарлыгы чыккандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону уюштуруу максатында КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, “2012-жылдын 25-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чаралардын календарлык планын” бекитишти.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону 2012-жылдын 25-мартына дайындоо мамлекет башчысынын “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө” Жарлыгы менен байланышкан.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешинде жана Балыкчы шаардык кеңешинде, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешинде, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешинде жана Кемин районунун шаардык типтеги Кемин поселкасынын поселкалык кеңешинде өтөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын массалык маалымдоо каражаттарына кайрылуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2012-жылдын 25-мартына Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык аймагынын айылдык кеңешинин жана Балыкчы шаардык кеңешинин, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык аймагынын айылдык кеңешинин, Кемин районунун шаардык типтеги Кемин поселкасынын поселкалык кеңешинин депутаттарын шайлоо дайындалган.
Шайлоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештердин таркатылгандыгына байланыштуу өтөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү Балыкчы шаарында 2012-жылдын 3-мартынан, айылдык кеңештерде 10-марттан башталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасында расмий жарыяланган күндөн, м.а. 2012-жылдын 9-февралында күчүнө кирген. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын ММКлары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысын, басылма аянттарын жана башка шарттарды төлөө өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, акредитация жөнүндө маселени карап чыгуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылуулары керек.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу” токтом кабыл алышты
Бүгүн, 2012-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында анын мүчөлөрү тарабынан Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу” токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомго ылайык, ММКлар 2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү шартында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катыша алат.
Төмөндө кабыл алынган токтомду толугу менен келтиребиз.
Шайлоо алдындагы үгүткө массалык маалымат каражаттарынын катышуусунун шарттары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 Жарлыгы менен Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 4-мартына дайындалган.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнүн талаптарына ылайык массалык маалымдоо каражаттары шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан 10 календарлык күндөн кечиктирбестен обо убактысынын жана басылма аянттарынын төлөөнүн өлчөмү тууралуу маалыматтарды жарыялап, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырышы керек.
Бирок, айрым телерадиоберүү уюмдары, басылмалардын редакциялары жана алардын түзүмдүк бөлүкчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамынын талаптары аткарылбаган, м.а. 2012-жылдын 3-январь мөөнөтүнө чейин алар массалык маалымдоо каражаттарында обо убактысынын, басылма аянттарынын жана башка шарттарды төлөө өлчөмүн жарыялашпаган, ошону менен шайлоолорду маалыматтык камсыздоо боюнча жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун жана саясий партиялардын шайлоо укуктарын бузушкан.
Жарандардын ыктыярдуу эркине жана шайлоолордун айкындуулугуна көмөк берүүчү, жарандардын, талапкерлердин, шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесин, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1, 8-бөлүктөрүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктун, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2,21-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2012-жылдын 15-февралына чейин обо убактысын, басылма аянтын жана башка шарттарды төөлөнүн өлчөмү жөнүндө жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берүү шартында Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүнө катышууга массалык маалымдоо каражаттарына уруксат берилсин.
2012-жылдын 2-февралындагы КР БШКнын № 1 чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
Бул токтомдун көчүрмөсү тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 8-февралы
№ 31
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу иш-чаралары календардык планга ылайык жүрүүдө
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдары андан соң участкалары түзүлүп, алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемалары ММКларда жарыяланды. Бардыгы жалпы таанышып чыгуу жана кошумча тактоо үчүн шайлоочулардын тизмеси шайлоо участкаларына берилди. Учурда, участкалак шайлоо комиссия мүчөлөрү үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервде турган адамдарды окутуу үчүн семинарлар февраль айынын ичинде өткөзүлөт.
Ош, Каракол, Токмок шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүү иши аяктады. Ош шаарынан 8 саясий партиядан («Замандаш», «Адилеттуу Кыргызстан», «Партия Коммунистов Кыргызстана», «Ата- Мекен», «Республика», «Улуттар Биримдиги», «СДПК», «НДПК») 696 талапкер катталса, Караколдон 6 саясий партия («Мекен ынтымагы», «Республика», «Замандаш-Современник», «СДПК», «Ата-Мекен», «Ак-Шумкар») жана 14 шайлоочулардын тобунан («Единство-Биримдик», «Новые лица», «Табылга жаштар Кенеши», «Патриот», «Келечек багыты», «Кыргызстан жаштар кенеши», «Келечек», «Биримдик», «Аракет», «Алга Каракол жаштары», «Калматай-Ата», «Мугалим», «Мы за будущее города Каракол», «Союз») 983 талапкер катталды. Токмок шаардык кенешине 6 саясий партиядан («Ата -Мекен», «Ар-Намыс», «Республика», «Замандаш», «Ак шумкар», «СДПК») жана 10 шайлоочулардын тобунан («Чындыкка багыт», «Жилкомсоюз», «Дом дружбы», «Союз предпринимателей», «Кубат», «Новое поколение», «Токмок», «Биримдик», «За наш город», «Ынтымак») 810 талапкер катталып шайлоого аттанышты.
Ошондой эле, Ак-Талаа районуда төрт (Жерге – Тал, Көнөрчөк, Терек, Баетов,) Тогуз-Тородо эки (Атай, Көк-Ирим,) Жумгалда беш (Куйручук, Таш – Дөбө, Түгөл – Сай, Чаек, Кызыл – Жылдыз), Лейлекте эки (Маргун, Бешкент) жалпысынан 13 айылдык кеңештерде депутаттарын шайлоо өтөт. 2012-жылдын 3-февралына карата айылдык кеңештин депутаттыгына 565 талапкерлер көрсөтүлдү. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо шайлоо белгиленген күнгө 20 календардык күн калганда аяктайт.
Шайлоо алдындагы үгүт шаардык кеңешке 2012-жылдын 3-февралында башталды жана добуш берүү башталган убакытка чейин 24 саат калганда токтотулат. Ал эми жергиликтүү кеңешке үгүт иши 13-февралда башталат.
БШКнын басма-сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формалары жана коргоо даражасы бекитилди
Бүгүн, 2012-жылдын 7-февралында Кыргыз республикасынын Шайлоо жан референдум өткөрү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында БШКнын мүчөлөрү “2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алышты. Кабыл алынган токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетени эки бөлүктөн (шайлоо комиссиясында кала турган номер коюлган дүмүрчөк жана шайлоочуга берилүүчү айрылуучу бөлүк) жана 3 формадан (№1, №2, №3) турат.
№ 1 формасы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоолорду өткөрүү үчүн бекитилген (райондук, шаардык кеңештер), шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун аталыштары көрсөтүлөт, № 2 формасы шайлолорду мажоритардык система боюнча (айылдык кеңештер) өткөрүү үчүн бекитилген, шайлоо бюллетенинде талапкерлердин фамилиясы, аты, аты-жөнү гана көрсөтүлөт, № 3 формасы шайлоолорду пропорционалдык система боюнча (райондук, шаардык кеңештер) өткөрүү үчүн бекитилген, анда саясий партиялардын аталыштары гана көрсөтүлөт.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 2, 4-бөлүктөрүнө 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 7-пунктуна жана 2011-жылдын 8-июлундагы ”Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 7 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, аларды комиссиялардын курамдарынан өз ыктыярлары менен чыгаруу боюнча арыздарынын негизинде, КР БШК мүчөлөрү Нарын облусунун Жумгал, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Ошондой эле, “Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын ишмердиги жөнүндө” БШКнын 2012-жылдын 2-февралындагы № 27 токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6, 15-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 4,5-бөлүктөрүнө ылайык, КР БШК мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын түзүштү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти