Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) добуш берүүнүн жыйынтыктары бар протоколдорду өткөрүп берүү үчүн сейф-пакеттерди берди
03 ноября 2012
2012-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Туруктуу Өкүлү Ояма Такаюки мырза Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктары бар протоколдорду өткөрүп берүү үчүн сейф-пакеттерди, ошондой эле добуш берүү жана документацияны өткөрүп берүү үчүн коргоочу пломбаларды берди, алар 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо колдонулат.
Сейф-пакеттерди жана пломбаларды өткөрүп берүү иш-чарасына КР БШКнын төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, БШКнын Шайлоо технологиялары борборунун директору Г.Алымбекова жана БШКнын аппаратынын жетекчиси М.Султанов катышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.Джурабаева добуш берүүнүн жыйынтыктары бар протоколдорду өткөрүп берүү үчүн сейф-пакеттерди берүүдөгү Кыргыз Республикасындагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) бир нече жолку жардамы үчүн Т.Ояма мырзага ыраазычылык билдирди.
Өткөрүп берилген сейф-пакеттердин жалпы саны 4360 даананы түздү.
Эске сала кетсек, КР БШК 2010-жылы референдумду жана парламенттик шайлоону, ошондой эле 2011-жылы президенттик шайлоону өткөрүү учурунда жогору турган шайлоо комиссияларына жеткирүүдө, өткөрүп берүүдө жана кабыл алууда шайлоо документтерине (протоколдорго, бюллетендерге) уруксатсыз жеткиликтүүлүктөн коргоо үчүн сейф-пакеттерди жана коргоочу пломбаларды пайдаланууну ишке киргизген.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
