Борбордук шайлоо комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак өткөрдү
01 ноября 2012
Бүгүн, 2012-жылдын 2-ноябрында, саат 18:00дө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасында чүчүкулак болуп өттү.
Чүчүкулак өткөрүү жол-жобосуна Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышты.
Эске сала кетсек, «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жана саясий партиялар көрсөткөн өкүлдөрдүн ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
