Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялар менен жолугушуу өткөрдү
19.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялар менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 19-ноябрында, "Park Hotel" отелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялар менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов, КР БШКнын төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, КР БШКнын мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын катышуучулары 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун алдында мындай жолугушуулар өз ара маалымат алмашуу, иштиктүү чечимдерди издөө үчүн маанилүү жана өз учурундагы кадам болуп саналат. «Мындай жолугушуулар шайлоо алда канча ачык, чыныгы адилеттүү жана атаандаштык ыңгайында болушуна, ал эми эң башкысы, шайлоочуларыбыздын реалдуу жана эркин эрк билдирүүсүн чагылдырууга түрткү болот деп эсептейм», - деп белгиледи өз сөзүндө КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мындай жолугушуулар шайлоо процессинин чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет деген үмүт-тилегин билдирди. Катышуучулар ошондой эле биргелешкен иш шайлоочуларга багытталууг
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жөнүндө маалымат
17.11.2012

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жөнүндө маалымат

  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүү күнүндө өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участогуна келүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу башка жакка кетип жаткандыгына байланыштуу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин же өлкөнүн аймагында болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди көрсөткөндө (иш сапарына ырастаманы, авиабилетти, темир жол билетти, паспорттогу визаны) добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календарлык күн калганда тиешелүү шайлоо комиссиясынын аймагындагы жайда шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу .  2012-жылдын 16-ноябрына карата мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй: АШКдын аталышы 16.11.2012  Бишкек шаары   1 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 10 Баткен облусу   2 Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясы - 3 Баткен аймактык шайлоо комиссиясы - 4 Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы - 5 Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясы - 6 Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы - 7 Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясы -   Бардыгы - Жалал-Абад облусу   8 Аксы аймактык шайлоо комиссиясы - 9 Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы - 10 Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы - 11 Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы - 12 Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы - 13 Сузак аймактык шайлоо комиссиясы - 14 Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы 11 15 Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясы - 16 Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы - 17 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы - 18 Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы - 19 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы -   Бардыгы - Ысык-Көл облусу   20 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы - 21 Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы - 22 Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы - 23 Тоң аймактык шайлоо комиссиясы - 24 Түп аймактык шайлоо комиссиясы -   Бардыгы - Нарын облусу   25 Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы   - 26 Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы - 27 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы - 28 Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы - 29 Нарын аймактык шайлоо комиссиясы - 30 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы   -   Бардыгы - Ош облусу   31 Алай аймактык шайлоо комиссиясы - 32 Араван аймактык шайлоо комиссиясы - 33 Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы - 34 Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы - 35 Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы - 36 Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы - 37 Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы -   Бардыгы - Талас облусу   38 Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы - 39 Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы - 40 Манас аймактык шайлоо комиссиясы - 41 Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы - 42 Талас аймактык шайлоо комиссиясы    -   Бардыгы - Чүй облусу   43 Кемин аймактык шайлоо комиссиясы - 44 Чүй аймактык шайлоо комиссиясы - 45 Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы - 46 Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы - 47 Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы - 48 Москва аймактык шайлоо комиссиясы - 49 Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы - 50 Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы -   Бардыгы  21 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүнө
16.11.2012

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүнө

Бүгүн 2012-жылдын 16-ноябрында саат 17:00дө шайлоо бюллетендерин бракка чыгаруу өткөрүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык бракка чыгаруу Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Бракка чыгарылган жана ашык бюллетендер жокко чыгарылат, бул боюнча акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгы кол койот.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
“Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын мүчөлөрүнүн айткандары чындыкка дал келбейт
16.11.2012

“Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын мүчөлөрүнүн айткандары чындыкка дал келбейт

2012-жылдын 15-ноябрында «24 kg» маалыматтык агенттигинде өткөрүлгөн  пресс-конференциянын жүрүшүндө “Жолтоосуз жашоо үчүн” партиясынын төрагасы Мирбек Асангариев, ушул партиянын мүчөсү маалыматтык кампанияга 168 миллион сом бөлүнгөнүн, 30 пайыздан ашык эмес чыгымдалганын ал эми БШК шайлоолорду өткөрүүгө бөлүнгөндөрдү жашырып жаткандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) 168 миллион сом жалаң кана маалыматтык кампанияны өткөрүүгө бөлүнгөн эместигин, буга 2012-жылдын 25-ноябрдагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого бөлүнгөндүгү да кире тургандыгын түшүндүрөт. БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого чыгымдарды эч убакта жашырбайт. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө” БШКнын 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 103 токтому кабыл алынгандан кийин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүдөгү бюджеттик каражаттар боюнча 2012-жылга карата чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө” токтом жана тиркеме “Эркин Тоо” газетасынын 2012-жылдын 28-сентябрындагы №85 жарыяланган жана БШКнын сайтынын “Токтомдор” бөлүмүнө жайгаштырылган. Жогоруда көрсөтүлгөн партиянын мүчөлөрүнүн БШКнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдарынын так эмес маалымдоолорун жайылткандыктарына байланыштуу БШК дагы бир жолу маалыматтарды окурмандардын көңүлүнө жеткирет (сом менен): - эмгек акы – 31 031 400; - Соцфондго чегерүү – 5 485 200; - кызматтык сапарлар – 2 952 900; - коммуналдык кызматтар – 3 668 000; - транспорттук каражаттардын ижарасы – 4 545 000; - транспорттук кызматтар – 6 086 200; - Башкалар (бюллетендерди даярдоо, маркирлөө каражаттарын, картриджерди сатып алуу) – 114 852 600. Бардыгы, чыгымдар сметасы 168 621 300 сомду түзөт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн, 2012-жылдын 16-ноябрында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталат
16.11.2012

Бүгүн, 2012-жылдын 16-ноябрында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталат

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 2012-жылдын 16-ноябрынан тартып 24-ноябрына чейин өтөт. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоо участкасына добуш берүү күнү келүү мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында же кетип жаткандыгына байланыштуу өлкөдө болбой тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде, ошондой эле тиешелүү документтерди (иш сапар күбөлүгүнүн көчүрмөсү, авиабилет, темир жол билети, паспорттогу виза) көрсөткөн учурда добуш берүү күнүнө чейин 9-1 календарлык күн калганда тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын жайында шайлоо бюллетенин толтуруу аркылуу мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо маркирлөө колдонулат
15.11.2012

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо маркирлөө колдонулат

2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо көрүнүүчү атайын состав менен маркирлөө колдонулат. Маркирлөө сол колдун бармагынын тырмагынын ичине кутикула зонасын каптоо менен жүргүзүлөт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык добуш берүү үчүн жайга кире бериште чүчүкулак менен белгиленген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуда маркирлөөнүн жок экендигин текшерет. Маркирлөөсү жок шайлоочу добуш берүүгө өткөрүлөт. Эгерде маркирлөө бар болгону билинсе шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК азиз шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн маалыматтык барактарды жана трафареттерди даярдады
15.11.2012

КР БШК азиз шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн маалыматтык барактарды жана трафареттерди даярдады

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо системаларынын Эл аралык фондунун (IFES) колдоосу менен Брайл шрифти менен добуш берүү үчүн маалыматтык барактарды жана трафареттерди иштеп чыкты жана даярдады Кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган добуш берүү үчүн маалыматтык барактар жана трафареттер 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо азиз шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Баткен шаарларында колдонулат. Көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген, добуш берүүнү каалаган шайлоочуларга бюллетенде тийиштүү белги менен төп келген белги коюулуучу жылчыктарга белги койо турган атайын трафарет жана Брайл шрифти менен саясий партиялардын аталыштары, ошондой эле добуш берүү үчүн бюллетендеги кезекке коюлган “Бардык талапкерлерге каршы” позициясы коюлган маалыматтык барак  сунушталат. Маалыматтык барактар жана трафареттер шайлоо участкаларына добуш берүү үчүн бюллетендер менен бирге жиберилген.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын көңүлүнө!
14.11.2012

Саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын көңүлүнө!

Эртең, 2012-жылдын 15-ноябрында саат 9:00дө “Учкун” ААКда жана «Континент» ЖЧКда шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына берүү өткөрүлөт. Талапкерлердин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин берүүгө катышууга укуктуу.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендерин басууну аяктады
14.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендерин басууну аяктады

Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин даярдоону аяктады. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу менен берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин берүүгө катышууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясы берген бюллетендердин саны шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынан 0, 1 пайыздан ашпаш керек.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
13.11.2012

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлердин "РСК БАНК" ААКда ачылган шайлоо эсептери боюнча 2012-жылдын 1-октябрынан тартып 8-ноябрына чейинки мезгилдеги маалыматтар-бул жерде
Кененирээк билүү >>
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
13.11.2012

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет

Саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде болгон акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар (2012-жылдын 9-ноябрына карата, Бишкек шаардык кеңеши)   №               С/П Келип түшкөн каражаттын суммасы Чыгымдардын суммасы Эскертүү 1 КСДП 14 150 000,00 13 297 122,00   2 Ар Намыс 5 195 357,25 4 755 079,73   3 Замандаш -Современник 7 063 000,00 6 636 043,00   4 Ата-Мекен 8 050 800,00 7 305 708,35   5 Асман Ала-Тоо 1 382 000,00 282 700,00   6 Кайран Эл 50 000,00 50 000,00   7 Союз Свобода, Справедливость,Родина  1 122 580,00 930 910,00   8 Адилеттүү Кыргызстан 819 850,00 665 203,00   9 Столица Демократиялык Партиясы 1 187 299,00 1 036 889,33   10 Ак-Санат 50 000,00 50 000,00   11 Республика 7 229 000,00 7 165 221,72   12 Ак Шумкар 1 300 000,00 1 237 144,00   13 Партия зеленых Кыргызстана 300 000,00 297 150,00   14 Эркин Эл 120 000,00 93 638,23   15 Кыргызстан патриоттору 76 150,00 76 000,00   16 Жолтоосуз жашоо үчүн 1 269 245,00 774 651,68   17 Бүтүн Кыргызстан 260 000,00 166 687,00   18 Мекен Ынтымагы 690 000,00 689 717,53   19 НДПК 95100 80400   20 Ата-Журт 230 000 197 880   21 Партия транспортников 200 000 188 500   22 Биримдик жана өнүгүү 145 500 110500   23 Эгемен Кыргызстан 203000 97231  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда түз байланыш иштеп жатат
13.11.2012

Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: КР БШКда түз байланыш иштеп жатат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында түз байланыш иштеп жатат. Шайлоочулар 0-312-62-09-09 телефонуна чалып шайлоочулардын тизмесинде өзү бар же жогун текшере алат. Маалымат алуу үчүн фамилиясын, аты-жөнүн атоо зарыл. Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алат. Кошумча тизме болбойт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
12.11.2012

КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

Бүгүн, 2012-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болду. КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Жайыл, Панфилов, Ак-Талаа жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочу катары аккредитациялады. Атап айтканда, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын экиден өкүлү, Улуттук демократиялык институттан жана Эл аралык республикалык институттан бирден өкүл эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды. Бишкек шаарынын прокурору Т.Кожоновдун жана Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.Мамыровдун тиешелүү түрдө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Тулобаевди жана Куршаб көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Каримовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштарын карап чыгуу жөнүндө маселени КР БШКнын мүчөлөрү четке какты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алышат
11.11.2012

Добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алышат

Урматтуу шайлоочулар! “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир шайлоочу 30 календардык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен өзү шайлоочулардын тизмесинде болбогондугу жөнүндө, кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин10 календардык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиз, урматтуу шайлоочу өзүңүздүн шайлоочулардын тизмесинде болбогондугуңуз жана кандай гана болбосун андагы ката же так эместик жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө 2012-жылдын 15-ноябрына чейин билдире ала тургандыгыңыз тууралуу эсиңиздерге салат. Бул үчүн Сизге арыздардын № 1 же № 3 формаларын (шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана шайлоочунун жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздар) толтуруу зарыл. Арыздардын бланкаларын Сиз тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынан алсаңыз болот. Толтурулган формага каттоо белгиси бар паспортуңуздун көчүрмөсү милдеттүү түрдө тиркелиши керек, андан кийин Сиз шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз. Эсиңиздерге сала кетсек жарандардан арыздарды кабыл алуу 2012-жылын 14-ноябрында саат 24:00 аяктайт.   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт
11.11.2012

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт

Добуш берүүчү жадан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда гана б.а. 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт. Бул үчүн 2012-жылдын 22-ноябрына чейин участкалык шайлоо комиссияга добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүктү берүү жөнүндө жазуу түрүндөгү арызды же оозеки карылууну (башка адамдар аркылуу берилгенди эсепке алганда) берүүгө тийиш Эскерте кетсек, шайлоочулардын тимелерине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, шайлоо өткөрүлө турган администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлерде, малды жайытка алып чыккан участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоого күнөлүү же айыпталуучу катарында камакта кармалган жайлардагы шайлоочулар алар шайлоо өткөрүлө турган тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын убактылуу жүргөн жери ошол эле  администрациялык-аймактык бирдиктин аймагына кирген шартында, жүргөн жери боюнча добуш бере алышат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү «Континент» ЖЧКда даярдалып жаткан шайлоо бюллетендери тууралуу чечим кабыл алышты
10.11.2012

КР БШКнын мүчөлөрү «Континент» ЖЧКда даярдалып жаткан шайлоо бюллетендери тууралуу чечим кабыл алышты

2012-жылдын 9-ноябрында “Континент” ЖЧК басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери жана атайын күзөттүн күлдөрү менен саны 1936 даананы түзгөн ашыкча шайлоо бюллетендери табылган. Ушул шайлоо бюллетендер, 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Бишкек шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо пайдаланууга жол бербөө үчүн  “Континент” ЖЧК басмаканасынын сейфине мөөрлөнүп чапталган. Бул маселе боюнча КР БШК мүчөлөрү тарабынан чечим кабыл алынган, Чечимдин толук тексти  - бул жерде. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 462 464 … 487