БШК: Бүгүн Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болот
10 апреля 2013
Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болот. КР БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мурда шайлоо 2013-жылдын 14-мартына дайындалган, бирок шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер жок болгондугуна байланыштуу шайлоо өткөн эмес. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
