Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөн жок табылды.
11 апреля 2013
Ушул жылдын 10 апрелине белгиленген Ош областынын Кара- Суу районундагы Кара-Суу шаарынын башчысын шайлоо бул кызматка талапкер болуп катталган Уран Буркановдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндөгү арызынын негизинде өткөн жок деп табылды. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 26 токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 14-мартына дайындалган, бирок шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер жоктугуна байланыштуу шайлоо болбой калган.
Борбордук шайлоо комисиясынын басма сөз кызматы
