БШК: 2013-жылдын 15-апрель күнү республиканын 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

15 апреля 2013

Бүгүн 15- апрелде, республиканын 12 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо,

Жайыл районундагы Сары-Булак

Чүй районундагы Искра,

Жумгал районундагы Жаңы-Арык,

 Лейлек районундагы Жаңы-Жер,

Кадамжай районундагы Чаувай, Ак-Турпак,

Алай районундагы Гүлчө,

Чоң-Алай районундагы Жекенди,

Ноокат районундагы Кара-Таш,Кеңеш,

 Өзгөн районунудагы Дон-Булак,

Чаткал районунудагы Терек- Сай айылдык аймактарында өткөрүлөт.

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

                                     Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы