БШКнын мүчөсү И.Кадырбеков: БШК С.Жапаровдун, К.Ташиевдин жана Т.Мамытовдун мандаттары боюнча чечимди шаардык апелляциялык соттун чечиминен кийин гана кабыл алат
01 апреля 2013
|
01-04-2013 БШК «Ата-Журт» фракциясынын мүчөлөрү Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун депутаттык мандаттары жагынан чечимди шаардык апелляциялык соттун чечиминен кийин гана кабыл алат. Бул жөнүндө 1-апрелде АКИpress агенттигине КР БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамда кандай учурда депутат өз мандатынан ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган. Эгерде апелляциялык сот парламентарийлерди түрмөгө камоого өкүм чыгарса, БШК депутаттык мандаттардан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат», - деп айтты ал. КР Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: 1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; 2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда; 3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда; 4) шайлоолор жараксыз деп табылганда; 5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан иштөөгө жөндөмсүз деп таанылганда; 6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде.
|
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
