Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

04 июля 2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. Шайлоо ушул жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештин депутатттарынын көпчүлүк добушун алышкан талапкер Мелисбек  Акматов Манас районундагы Үч-Коргон    айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер Өмүралиев Жыргалбек  Нарын районундагы Миң-Булак  айыл өкмөтүнүн башчысы жана талапкер Эрлан Жыргалов Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы  деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды.

          Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы