Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

09 июля 2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл облусунун           Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору каралды. Анын жыйынтыгында  2013-жылдын 28-июнундагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  62-62-86