Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы 10-апрелге которулду
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2013-жылдын 10-апрелине которулду. Буга чейин шайлоо шаардын мэри кызматына талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу өтпөй калган.
Кара-суу аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык даярдоо жана өткөрүү милдети тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Чет-Нура жана Тогуз-Торо а/ө башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды
2013-жылдын 28-март. Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында кабыл алынды
Тактап кетсек, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына, ал эми Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын – 12-февралына дайындалган. Бирок, жогоруда аталган айылдык кеңештеринин депутаттары тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбай калгандыктан, ал жерлерде шайлоо болбой калган.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасында 15 айыл округдардын башчыларын шайлоо 15-, 16 – апрелде өтөт
28-март. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 15-, 16 – апрелинде өтөт.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында кабыл алынды, ошондой эле шайлоону өткөрүү графиги бекитилди.
Шайлоо өлкөнүн 15 айылдык аймагында өтөт.
Чүй облусу
№ к/н
Айыл өкмөттүн аталышы
Шайлоо өткөрүү датасы
Жайыл району
Сары-Булак
15.04.2013 -ж.
Чүй району
Искра
15.04.2013 -ж.
Нарын облусу
Жумгал району
Түгөл –Сай
15.04.2013 -ж.
Жаңы-Арык
15.04.2013 -ж.
Баткен облусу
Лейлек району
Жаңы-Жер
15.04.2013 -ж.
Кадамжай району
Чаувай
15.04.2013 -ж.
Ак-Турпак
15.04.2013 -ж.
Ош облусу
Алай району
Гүлчө
15.04.2013 -ж.
Чоң-Алайу району
Жекенди
15.04.2013 -ж.
Ноокат району
Кара-Таш
15.04.2013 -ж.
Көк-Жар
16.04.2013 -ж.
Кеңеш
15.04.2013 -ж.
Он Эки-Бел
16.04.2013 -ж.
Өзгөн району
Дон-Булак
15.04.2013 -ж.
Жалал-Абад облусу
Чаткал району
Терек-Сай
15.04.2013 -ж.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 11 айылдык округдардын шайланган башчыларын бекитти (фамилиялар)
27-03-2013 12:47
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2013-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында “2013-жылдын 14-, 19-, 20-мартында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө” токтомду кабыл алып, өткөн шайлоолорду болуп өттү деп тапты.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары болуп төмөнкү талапкерлер шайланды:
Катар №
Аткаруу органынын аталышы
Шайланган башчынын Ф.А.Ж.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көл району
1.
Өрүктү
Токтосопиев Каныбек Молдокматович
Жети-Өгүз району
2.
Оргочор
Супатаев Канатбек Аалиевич
3.
Светлая поляна
Мамытканов Джылкычий Кукуневич
Талас облусу
Талас району
4.
Көк-Ой
Узгенов Самарбек Торобекович
Бакай-Ата району
5.
Бакай-Ата
Бердалиев Кубандык Кыдыкович
6.
Шадыкан
Ызабеков Медеркул Сагынбекович
Нарын облусу
Ак-Талаа району
7.
Коңорчок
Сатындиев Курманбай Мамбетжусупович
Нарын району
8.
Ак-Кудук
Касымов Самат Шайлоевич
Чүй облусу
Аламүдүн району
9.
Лебединовка
Солтонов Алкан Шайлообекович
Сокулук району
10.
Сокулук
Майгулаков Маратбек Эмильбекович
Ош облусу
Кара-Суу району
11.
Кашкар-Кыштак
Насирдинов Мухидин Салайдинович
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК: Сот Ысык-Көл районунун шайлоо участкасынын катчысын жана мүчөсүн шайлоо документтерин массалык бурмалоону жасагандыгы үчүн күнөлүү деп тапты
Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен Ысык-Көл районунун Кара-Ой округу боюнча № 3026 шайлоо участкасынын катчысы жана мүчөсү Джумахан Абабакирова менен Ирина Кожонова шайлоо документтерин массалык бурмалоону жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылды.
Добуш берүү күнү 2012-жылдын 25-ноябрында № 3026 шайлоо участкасында Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү башталаар алдында шайлоо бюллетендерин эки жолу кайра эсептегенде бюллетендердин кем экендиги айкын болгон. Көрсөтүлгөн участкада добуш берүүнүн жүрүшүндө башка адамдар үчүн добуш берүү, шайлоочулардын тизмесине киргизилбеген адамдарга шайлоо бюллетендерин берүү фактылары орун алган, бул УШКнын мүчөлөрүнүн түшүнүк каттары менен ырасталат.
Жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулардын негизинде Ысык-Көл АШК 2012-жылдын 28-ноябрындагы протоколу менен Кара-Ой шайлоо округунун № 3026 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан жана материалдар Башкы прокуратурага берилген.
Ысык-Көл райондук соту ишти өзгөчө тартипте карап чыккан жана Джумахан Абабакирова менен Ирина Кожонова мурда жазык жоопкерчилигине тартылбагандыгын, күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын эске алып, аларга шарттуу түрдө 3 жана 2 жылга эркинден ажыратууга жазаны дайындаган. Бул өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Нооруз майрамы менен куттуктоосу!
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын. Куттуу Нооруз майрамы жаңылануунун жана өзгөрүүнүн башаты болуп, өлкөбүзгө бакубат жашоону, тынчтык жана токчулук алып келсин деген аруу тилегимди билдирем! Кылымдарды карыткан бул майрамды элибиз табигаттын жаңырышы, кыштын ызгаарынан кийин жаңы тиричиликтин бүчүр түптөлүшү катары кабыл алып, жакшы маанай менен тосушат. Кыргызстан калкы бул күндү чын ниетинен айкөлдүктүн жана ынтымактын майрамы деп белгилешет. Анткени Нооруз майрамы – бардык элдерди достукка, ишенимге жана биримдикке чакырып, ар бир үйгө, ар бир үй бүлөгө жакшы тилек менен кирип келген күн- түн теңелген жаз майрамы.
Бул майрам Кыргыз мамлекетинин өсүп өнүгүүсү социалдык маселелердин чечеилиши берекелүү турмуш тынчтык менен биримдиктин бекемделиши сыяктуу жакшылыктын жышаанынын башаты болсун. Анткени учурда келечектеги чоң ийгиликтерге жетиш үчүн экономиканын бекем пайдубалын түзүп жатабыз. Сиздерге тынчтык менен бейкутчулук, үй бүлөңөргө сак саламаттык менен бакыт таалай каалаймын. Теңирим өзү колдоп, бардык инсандарга ыйман берсин! Үй-бүлөдө ден-соолук, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикаынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
Кененирээк билүү >>
Бүгүн эки айылдык аймакта жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо болот
20-мартта Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын жана Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо болот.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өтүп жатат
Бүгүн, 19-мартта Кыргызстандын бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өтүп жатат. Тактап айтканда, бүгүн төмөнкү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо болуп жатат:
- Ысык-Көл районунун Өрүктү айылдык аймагынын;
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Орточор, светлая Поляна айылдык аймактарынын;
- Талас облусунун Талас районунун Көк–Ойрок айылдык аймагынын, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык аймагынын;
- Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Коңорчок айылдык аймагынын, Нарын районунун Ак-Кудук айылдык аймагынын;
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык аймагынын, Сокулук районунун Сокулук айылдык аймагынын;
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын кайра бүгүн шайлоо болот
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 18-мартында болот.
2013-жылдын 16-февралына дайындалган Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо айыл тургундарынын агрессивдүү маанайдагы бөлүгү тарабынан Бостери айылдык кеңешинин депутаттарына кысым көрсөтүүдөн, мазактоо коркунучунан жана коркутуп-үркүтүүдөн, ошондой эле аларга коопсуз иш шарттарын камсыз кылбагандыктан улам өтпөй калган.
Ысык-Көл районунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Мамбет Койчуев Кара-Көл шаарынын мэри болуп шайланды
Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы талапкер Койчуев Мамбет Дуйшалиевич Кара-Көл шаарынын шайланган мэри деп эсептелсин деген токтом чыгарды.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна ылайык төмөнкүлөр шайланды:
Мурзаев Насирдин – Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев айыл округунун башчылыгына;
Сыдыков Замирбек Бейшенович – Талас облусунун Талас районундагы Айдаралиев айыл округунун башчылыгына;
Бектуров Бакыт Мелисбекович – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата айыл округунун башчылыгына;
Исираилов Женишбек Жаркынбаевич – Ош облусунун Алай районундагы Ленин айыл округунун башчылыгына.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
19-20-мартта Кыргызстанда 12 айылдык округдун башчыларын шайлоо өтөт
Белгиленип жаткандай, айылдык аймактардын башчыларын шайлоо төмөнкүлөрдө өтөт:
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрүктү айылдык аймагында, Жети-Өгүз районундагы Оргочор, Светлая Поляна айылдык аймактарында;
- Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Шадыкан, Бакай-Ата айылдык аймактарында Талас районундагы Көк-Ой айылдык аймагында;
- Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Кудук, Чет-Нура айылдык аймактарында, Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылдык аймагында;
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылдык аймагында, Сокулук районундагы Сокулук айылдык аймагында;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылдык аймагында.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Кара-Суу шаарында жана Кашкар-Кыштак айылдык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо өтөт
14-мартта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарында жана Кашкар-Кыштак айылдык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо өтөт.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын бардык талаптарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 18-мартка которулду
Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 18-мартка которулду
2013-жылдын 16-февралына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 18-мартка которулду. Ысык-Көл районунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын шайлоо системасын өркүндөтүү жөнүндө буйрукка кол койду
2013-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев буйрукка кол койду, анда төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу менен шайлоо процессинин көйгөйлөрүн, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтерин талдоону жана аларды өркүндөтүү боюнча алдын ала сунуштарды даярдоо.
2013-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин кезектеги жыйналышынын күн тартибине Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын андан ары өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларына зарыл өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топторду түзүү маселелерин киргизүү.»
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кызматтык автотранспортту мыйзамсыз сатып алуу жөнүндө маалыматты төгүндөйт
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кызматтык автотранспортту мыйзамсыз сатып алуу жөнүндө маалыматты төгүндөйт жана автотранспорт Борбордук шайлоо комиссиясына автотранспортту сатып алууга каралган каражаттардын эсебинен алынганын билдирет.
Кызматтык зарылчылыкка, чет мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды уюштурууга, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн республиканын региондоруна кызматтык иш сапарларына байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы бюджеттин каражаттарына «Тойота Ленд Крузер» маркасындагы кызматтык автомашинаны жана кызматтык микроавтобусту сатып алган, булар пландаштырылган чыгымдардын сметасында каралган. Автотранспортту сатып алуу белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен макулдашылган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын автопаркы 12 жылдан бери жаңыланбаганын жана азыркы учурда белгиленген лимиттин чектеринде дагы бир нече кызматтык автомашина сатып алууга кошумча муктаждык бар экенин белгилей кетүү керек.
Кызматтык автотранспортту сатып алуунун жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгилерди жана күбөлүктөрдү берүү менен эч бир байланышы жоктугун көрсөтө кетүү зарыл. Депутаттык төш белгилер менен күбөлүктөрдү жасоодон жана өткөрүүдөн алынган каражаттар республиканын бюджетине багытталган жана мыйзамга жат болуп саналбайт, анткени «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жергиликтүү кеңештердин депутаттары төш белгилерди жана күбөлүктөрдү акысыз алууга тийиш деп айтылган эмес.
Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы кызматтык автотранспортту сатып алышы жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына төш белгилер менен күбөлүктөрдү бериши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана жүргүзүлүп жатканын билдиребиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти
Бүгүн, 2013-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү 2013-жылдын 28-январынан 3-февралына чейинки мезгилде болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.
Ошондой эле КР БШКнын мүчөлөрү 2013-жылдын 20-февралында Нуржан айыл өкмөтүнүн (Талас району) башчысын кайталап шайлоону дайындады жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын айрым башчыларын шайлоо датасын которду.
Мындан тышкары, КР БШКнын мүчөлөрү Ысык-Ата жана Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти