Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

21-Июн, 2013

                    Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) «Бишкек шаарынын аймактык райондук шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» 2011-жылдын 25-июлундагы № 49 жана № 50 токтомдору менен 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренсинин 1-бөлүгүнө ылайык эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын (буга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кирбейт) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү  2013-жылдын 25-июлунда аяктайт.

Мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. аймактык шайлоо комиссиясынын резервин БШК 5 жылдык мөөнөткө түзөт.

Азыркы учурда көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн зарыл болгон саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын зарыл сандагы өкүлдөрү жок.

Буга байланыштуу БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу, ал  адамдар менен так, калыс жана ак ниеттүү иштей билүүнү талап кылат. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле алардын шайлоо комиссияларындагы ишке даярдыгынын даражасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин орто  кесиптик же жогорку кесиптик билими болууга жана, эреже катары, тиешелүү  калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алышы керек.

аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жерин көрсөтүлгөн жана алардын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн алардын тизмесин тиркелүүгө тийиш.

Саясий партиялардан көрсөтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясий партиянын (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн документке төмөнкүлөр тиркелет:

- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкерлердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

- паспорттун көчүрмөсү;

- иштеген, окуган, билим алган жерин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жекече баракча же резюме);

-байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери..

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейинкабыл алынат жана тиешелүү шаардык, айылдык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан БШКга юерилет.

Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейин БШКда кабыл алынат.

аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү шарттары тууралуу “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболордон билүүгө болот, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясысынынwww.shailoo.gov.kgрасмий сайтында жайгаштырылган.

Маалымат алуу телефону: 620829

                     Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

 

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>