Нооруз – табият менен адам баласынын ажырагыс символу, улуу тилектер менен үмүттөрдүн майрамы. Күн менен түн теңелип, теребел көктөмгө бөлөнгөн күнү адамдар бири-бирине жылуу сөз, жаркын маанай тартуулашат, дасторкон берекеге толот.
Улуу Нооруз баарыбызга мээримин чачып, күч-кубат берсин! Бекем ден соолук, жакшылыктарды жана бакыбатчылыкты каалайбыз!
