Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Шаардык кеңешке талапкерлердин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады
2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоонун календардык планга ылайык 2017-жылдын 6-майга карата шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады
Жалал-Абад облусундагы Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Ата-Журт,Өнүгүү-Прогресс, Бүтүн Кыргызстан, КСДП, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан жана Республика саясий партиялары каттоодон өттү.
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Таш-Комур жаштары, Кыргызстан, Республика, Ата-Журт, Мекеним Кыргызстан, КСДП жана Өнүгүү-Прогресс саясий партиялары каттоодон өттү.
Баткен облусундагы Кадамжай шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында КСДП, Кыргызстан, Бутун-Кыргызстан, Республика, Өнүгүү-Прогресс, Мекеним Кыргызстан жана Ата Журт-Мекенчи саясий партиялары каттоодон өттү.
Баткен облусундагы Айдаркен шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Республика, Өнүгүү-Прогресс, Мекеним Кыргызстан, КСДП, Ата Журт-Мекенчил, Бир-Бол, Бүтүн-Кыргызстан жана Жаңы-Доор саясий партиялары каттоодон өттү.
Чүй облусундагы Кемин шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Баба-Дыйкан, Патриот ынтымагы, Өнүгүү-Прогресс, Кыргызстан, КСДП жана Республика саясий партиялары каттоодон өттү.
Чүй облусундагы Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Мекеним Кыргызстан, Содружество народов Кыргызстана, СДПК, Жакшылык-Добро, Өнугуу-Прогресс, Республика, Акшумкар, ЭлАман, Кыргызстан, Элдик-Народная жана Партия труда саясий партиялары каттоодон өттү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен согуш ардагерлерин куттуктады
БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жана Бишкек шаардык АИКтин төрагасы К. Маматов Жеңиш күнү алдында Биринчи май райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркел Ибраев менен жолугушуп, Биринчи май районунун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктап, БШКнын жамаатынын атынан материалдык жардам тапшырылды.
Биринчи май райондук ардагерлер кенешинин төрагасы Маркел Ибраев менен жолугушуу учурунда БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова Бишкек шаарынын Биринчи май районунун согуш ардагерлерин БШКнын жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктоосун билдирип, аларга чың ден соолук, бакубат турмуш жана узакка жашоо каалады.
Кененирээк билүү >>
БШКнын жарандарга жана саясий партияларга үгүт белгилери бар маалыматтык материалдарын алдыр ала жайылтууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө Кайрылуусу
2017-жылдагы мамлекет башчысын кезектеги шайлоонун алдында, бир катар саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттарында өздөрүнүн өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер катары көрсөтүшкөндүгүн жарыялашты. Мында айрымдары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкер катары аттана тургандыктары жөнүндө материалдарды жигердүү тарата баштады, ошондой эле талапкерлерге ат салышкандар өздөрүнүн электрондук жана басылма маалымат каражаттарындагы интервьюларында жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө алдын ала үгүттөө белгилери камтылган.
Мыйзамдарга ылайык, талапкерлерди, саясий партияларды, аларды таанытууга мүмкүндүк берген (тиешелүүлүгүн аныктаган) эмблемаларды, төш белгилерди, логотиптерди жана анын мүнөздүү бөлүктөрүн, тууларды, ураандарды, слогандарды жана/же башка атрибуттарды (символикалар) аталышын пайдалануу менен (толук, кыскартылган же абрревиатурасы) шайлоочуларга маалымдоолор, талапкерлер, саясий партиялар же алардын өкүлдөрү тарабынан үгүт жүргүзүү болуп саналат.
Мында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү түздөн түз каралган, же “шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт”.
Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну пландаштырган жарандардын жана саясий партиялардын үгүт белгилери бар маалыматтык жана башка материалдарды мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда таратуусуна жол берилбейт.
Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышууну көздөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана
саясий партияларга кайрылат жана үгүт белгилери бар материалдарды алдын ала таратуудан токтоло турууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Бишкек ш, 2017-жылдын 4-майы № 14
Кененирээк билүү >>
2017-жылы 9-майда Корея Республикасында Кореянын 19-президентин шайлоо өтмөкчү
Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрү Джурабаева Г.Г. жана Джилкичиева Е.Дж. 2017-жылдын 4-10-майында Корея Республикасынын президентин шайлоого эл аралык байкоочу катары катышат. Корея Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-майда өтөт.
Ошондой эле байкоочулардын программасында төмөндөгү иш чаралар каралган:
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо учурунда добуш берүү участкаларында болуу, добуш берүү күнү Корея Республикасынын шайлоо тутуму менен таанышуу, Сеулдагы эл аралык форумдагы 2017-жылкы шайлап көрүү ишине катышуу каралган.
КР БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргызстандагы айрым шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жумушчу кеңешме өткөрдү
2017-жылдын 28-майында өтүүчү айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жана ага камылга көрүү иштерин текшерүү максатында жана шайлоо комиссияларына методикалык жактан жардам берүү боюнча БШК 27-30-апрелде региондогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жумушчу жыйын Токтогул, Таш-Көмүр, Аксы, Жергетал, Жалал-Абад, Сузак, Көк-Жангак, Кара-Суу, Ноокат, Кадамжай, Айдаркен, Ак-Талаа, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Беловодск, Кайыңдыда өттү.
Жумушчу жыйындын жүрүшүндө Борборшайлоокомдун төрагасы Н.Шайлдабекова жыйындын катышуучуларын «Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш-чаралары», анын алкагында шайлоочулардын тизмеси менен иштөө жумушун жана аларды идентификациялоо ишин жакшыртуу боюнча кабыл алынган бир нече нормативдик-укуктук актылар тууралуу баяндап берди
БШКнын төрагасы жаңычылдык тууралу айтып берди, эгерде шайлоочунун манжасы идентификацияланбай калган учурда шайлоочунун бетинин (жүзүн) биометрикалык параметри боюнча идентификациялоо өтөөрү менен тааныштырды.
Мындан тышкары жыйындын катышуучулары Автоматтык маалымат тутуму менен таанышты, «Справочник УИК», ага ылайык шайлоочу СМС аркылуу шайлоо участкасынын дареги, номери шайлоочу өзү кирген тизме менен тааныша алат, ошондой эле 119 номерине чала алат, бул кызматтар акысыз сунушталат.
Жумушчу жыйындын жүрүшүндө комиссиянын мүчөлөрү тарабынан комиссиянын ишин уюштуруу боюнча бир нече сунуштар берилди.
Айталык, Таш-Көмүрдөгү жолугушууда жыйындын катышуучулары бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында чакыруу баракчаларын даярдоо жана таркатуудан баш тартып, заманбап маалымат технологиясын колдонуп, шайлоочуларды добуш берүү күнү жана орду тууралуу кабардар кылуу сунушу айтылды.
Ал эми Аксы районундагы Кербен шаарындагы жолугушууда, жыйындын катышуучулары шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн профессионалдык деңгээлин көтөрүүгө шарт түзүү максатында аймактык жана участкалык комиссиялардын тутумун эки жылдан беш жылга чейин узартуу сунушун кароону айтышты.
Ноокат жана Айдаркендеги жолугушууда турмушка чыгып, аталган райондо жашаган келиндердин шайлоого катышуусун камсыз кылуу айтылды. Алар мурункудай эле ата энесинин үйүндө каттоодо турушат. Мындай категориядагы жарандар тууралуу өзүнчү иш алып баруу чечилди.
Жыйындын катышуучуларына 2-майдан баштап республиканын бардык калкты тейлөө борборлорунда, паспорт-виза каттоо бөлүмдөрүндө – жаңы биометрикалык паспортторду акысыз берүү иштери башталаары маалымдалды.
Ноокат районундагы жолугушуунун жыйынтыгында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүсүнө жардам берүү үчүн БШКнын жумушчу тобун жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын башчыларынын жергиликтүү кеңештерге шайланбай калышынан улам, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтө турган Жергетал, Жалал-Абад жана Айдаркенде, комиссия мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталды, Анда жергилктүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо аларга болгон критерийлерди күчтүү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун башчысын шайлоону үзүлтүккө учураткандыгы үчүн депутаттардын персоналдык жоопкерчилигин кароо маселеси камтылды.
Ошондой эле БШК Жалал-Абад АИКнин жаңы тутуму менен жолугуп, АИКтин мүчөлөрүн алдыдагы депутаттарды шайлоодо мыйзамдуу, таза жана ачык шайлоону өткөрүүгө чакырды.
Бардык жолугушууларда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо учурунда шайлоочунун манжалары боюнча идентификация өтпөгөн учурда, анын бетинин биометрикалык идентификациясы боюнча өтөөрү тууралуу маалымат берилди.
БШКнын төрагасы Кыргызстандын региондорундагы өткөн жолугушууда бардык катышуучуларга кайрылып, комиссиянын тутумуна өткөн шайлоолорду жакшы уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айткандарына караганда, шайлоо процессин уюштуруп өткөрүүдө аймактык шайлоо комиссияларына оор, жооптуу иш тагылаарын жана алар бир гана шайлоочулар менен иштебестен, саясий партиялардын талапкерлери менен да тыгыз иштөөнү тапшырды, алар талапкерлерди каттоодон процессинен тартып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин иштешет.
Бул процесстеги эң башкы талап-шайлоонун бардык катышуучуларына тегиз жана нейтралдуу мамиле кылуу керек.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ар бир шайлоо участкасында ден соолугу чектелген адамдарга талап кылынган картасын түзүү зарыл
2017-жылдын 28-майында өтүүчү айрым жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктын алкагында жана ага камылга көрүү иштерин текшерүү максатында, шайлоо комиссияларына методикалык жактан жардам берүү боюнча БШК 27-30-апрелде региондогу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары, катчылары жана мүчөлөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Жумушчу жыйында анын катышуучуларынын көңүлү ден соолугу жактан чектелген жарандардын шайлоо укуктарын практика жүзүндө турмушка ашыруунун маанилүүлүгүнө бурулду.
Жумушчу кыдыруунун жүрүшүндө БШКнын төрагасы Н К Шайлдабекова дагы ден соолугу чектелген жарандардын шайлоо укугун камсыз кылып турмушка ашыруу боюнча маанилүү маселелерди Ош,Жалал-Абад,Баткен облустары координаторлор, майыптардын “Сезим” коомдук фондусунун директору Камилжан Майнаев менен талкуулады.
Аталган маселени талкуулоонун жыйынтыгында Борборшайлоокомдун башчысы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары шайлоо комиссиялары менен биргеликте ден соолугу чектелген жарандардын талап кылуу картасын түзүү, анын натыйжасында ар бир шайлоо участкасында алардын шайлоо укугун камсыз кылуу, анын жыйынтыгында алар добуш берүүгө толук кандуу катышып, мамлекет башчысын шайлоого бардык жарандар сыяктуу эле шайлоо участкаларына барып добуш берүүсүн камсыз кылууга чакырды.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен куттуктоосу
Урматтуу Кыргызстандын жарандары!
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын атынан жана өз атыман сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктоого уруксаат этиңиздер.
1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду ойноду, мамлекеттүүлүктүн башкы принцибин бекемдеди, эң жогорку баалуулук- адам укуктарын жана эркиндигин жарыялады.
Негизги мыйзам-заманбап шайлоо тутумунун негизин түздү жана бекемдеди, Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы жана өзүнүн бийлигин шайлоо жана референдум, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын тутуму аркылуу Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы өз ой пикирин эркин чагылдырганга мүмкүндүк берүүсү, бул демократиялык жетишкендигинин эң башкыларынын бири, ал эми шайлоолорго катышуу, бул биздин жарандык жетилгендигибизди жана өз алдынча саясий позициябызды билдирип турат.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Конституциясы-биздин укуктук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөө күнү менен куттуктаймын!
Сиздерге бакыт-таалай, чың ден соолук, бардык башталган иште ийгиликтерди, тынчтык жана тилектештик, кубаныч, ар бир үйдө ынтымакты каалайм!
Сиздерди урматтоо менен,
КР БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
Календардык планга ылайык 2017-жылдын 27-апрелине карата шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү иши аяктады
Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында КСДП, Коммунисттер Партиясы жана Өнүгүү-Прогресс саясий партиясы каттоодон өттү.
Ал эми Ош облусунун Ноокат шаардык кеңешине талапкерлерди көрсөтүүнүн жыйынтыгында Замандаш, КСДП, Өнүгүү-Прогресс, Элдик партия, Республика саясий партиясы каттоодон өттү.
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдоосу тууралуу отчету
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын көзөмөлдөө-текшерүү тобу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын 2017-жылдын 2-майына карата чыгымдоосу тууралуу маалыматын жарыялайт
Ноокат
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Республика
21 000
20 020
980
2
Замандаш
20 400
20 150
250
3
КСДП
30 000
20 000
10 000
4
Народная партия
25 000
20 000
5 000
5
Өнүгүү-Прогресс
20 500
20 300
200
Көк Жангак
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
КСДПК
20 050
20 025
25
2
Кыргызстан Коммунисттер партиясы
20 050
20 025
25
3
Өнүгүү-Прогресс
22 000
20 025
1 975
Жалал-Абад ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Кыргызстан
20 150
20 020
130
2
Өнүгүү-Прогресс
20 500
20 150
350
3
Республика
25 000
20 020
4 980
4
Ата-Журт
100 000
20 020
79 980
5
Мекеним Кыргызстан
20 150
20 150
0
6
КСДП
20 000
20 000
0
7
Бутун Кыргызстан
25 000
20 150
4 850
Кара-Балта ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Өнугүү-Прогресс
21 100
20 150
950
2
Акшумкар
20 250
20 150
100
3
Элдик-Народная
35 100
20 150
14 950
4
Кыргызстан
20 150
20 020
130
5
Содружество народов Кыргызстана
20 250
20 150
100
6
Мекеним Кыргызстан
23 000
20 020
2 980
7
Партия труда
100 000
35 170
64 830
8
Жакшылык-Добро
121 700
20 150
101 550
9
КСДП
24 000
23 120
880
10
Эламан
25 000
20 020
4 980
11
Республика
20 200
20 150
50
Кемин ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
КСДП
52 000
21 530
30 470
2
Республика
25 160
25 160
0
3
Өнугүү-Прогресс
20 020
20 020
0
4
Патриот ынтымагы
20 150
20 150
0
5
Кыргызстан
20 020
20 020
0
6
Баба Дыйкан
20 020
20 020
0
Кадамжай ш
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
КСДП
20 100
20 020
80
2
Бутун Кыргызстан
20 100
20 020
80
3
Ата-Журт-Мекенчил
20 400
20 020
380
4
Кыргызстан
20 150
20 020
130
5
Республика
20 020
20 020
0
6
Мекеним Кыргызстан
20 100
20 020
80
7
Өнугүү-Прогресс
20 150
20 150
0
Айдаркен ш
1
Бир Бол
20 100
20 020
80
2
Бүтүн Кыргызстан
21 000
20 150
850
3
КСДП
20 150
20 150
0
4
Ата-Журт-Мекенчил
20 150
20 020
130
5
Мекеним Кыргызстан
20 150
20 150
0
6
Республика
20 040
20 020
20
7
Жаны-Доор
20 100
20 020
80
8
Өнугүү-Прогресс
20 100
20 020
80
Таш-Көмүр ш
1
Молодеж Таш-Кумыра
20 250
20 150
100
2
КСДП
50 000
20 150
29 850
3
Кыргызстан
20 250
20 150
100
4
Ата-Журт
20 250
20 150
100
5
Мекеним Кыргызстан
20 150
20 020
130
6
Республика
20 250
20 150
100
7
Өнугүү-Прогресс
20 300
20 150
150
Айылдык кеңеш
Талапкер
Айылдык кенеш
Түштү
Чыгымдалды
Калганы
1
Калдыкеев. М.Ж.
Новопавловка
5 000
0
5 000
2
Эсенаманов Б.А.
Новопавловка
2 000
0
2 000
3
Шапаков О.М.
Новопавловка
2 000
0
2 000
4
Табалдиев С.Б.
Новопавловка
1 500
0
1 500
5
Автандил у. Ж.
Новопавловка
1 500
0
1 500
6
Глинкин С.А.
Новопавловка
500
0
500
7
Гусеинов И.С.
Новопавловка
500
0
500
8
Сурабалдиева А.К.
Новопавловка
500
0
500
9
Сайпидинов К.Ж.
Новопавловка
1 000
0
1 000
10
П/П Республика
Новопавловка
1 000
0
1 000
11
Усупов И.К.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
12
Турдуев А.Р.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
13
Давлетбаков К.У.
Кызыл-Суу
3 000
0
3 000
14
Акматов К.Т.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
15
Шамырканов М.Т.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
16
Байтоков А.К.
Кызыл-Суу
10 000
0
10 000
17
Токтомушев М.Б.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
18
Ниязов П.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
19
Орозон у. С.
Кызыл-Суу
3 000
0
3 000
20
Бекбоев Н.С.
Кызыл-Суу
2 000
0
2 000
21
Абдраев А.Н.
Кызыл-Суу
2 000
0
2 000
22
Алыбаев Ж.Ж.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
23
Сулаймбеков Т.Ш.
Кызыл-Суу
1 000
0
1 000
24
Оторбаев М.К.
Көк-Ойрок
5 000
0
5 000
25
Алимов Н.С.
С. Юсупов
2 000
0
2 000
26
Нурматов Ф.К.
С. Юсупов
2 000
0
2 000
27
Энназаров Т.К.
Кызыл-Туу
1 000
0
1 000
28
Казыбаев Э.К.
Александровка
500
0
500
29
П/П Республика
Александровка
0
0
0
30
Молдобаев Т.Т.
Таш-Мойнок
3 000
0
3 000
КР БШКнын мүчөсү,
КР БШКнын КТТнын жетекчиси Баатырова Г.М.
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда каза болгондордун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат
2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгон.
БШК Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу селосунда каза болгондордун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун агасы, профессор Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып жана чын жүрөктөн көңүл айтат
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун агасы, Жалал-Абад Экономика жана ишкерлик Университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Кантөрө Токтомаматовдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айат.
Биз жоготуу кайгысын тең бөлүшүп, профессор Кантөрө Токтомаматовдун үй-бүлөсүнө, туугундарына жана жакындарына оорду толгус жоготуусун тең бөлүшүп, чын жүрөктөн чыккан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жамааты
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бош мамлекеттик административдик кызмат орундарды ээлөөгө конкурс жарыялайт
Тиркелет
Кененирээк билүү >>
«Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча БШКнын иш чаралар планын» жүзөгө ашыруунун алкагында шайлоочулардын тизмеси жана идентификациялоону жакшыртууга байланышкан бир катар ченемдик-укуктук актылар бекитилди.
Бүгүн 2017-жылдын 26-апрелинде БШКнын жыйынында–шайлоо процессин өркүндөтүү, КР БШКсы жана МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-февралындагы №35- токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара кызматташуусунун тартиби жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.
Киргизилген толуктоолорго ылайык, “шайлоочунун №3-формадагы арызын кабыл алууда УШК мүчөсү туура толтурулганын жана паспортундагы маалыматтарга дал келерин текшергенден кийин, шайлоочуга №3-формадагы арыздын төмөн жагында жайгашкан, арыздын иштелип чыгуу статусун тактап алуу боюнча маалыматтар камтылган, УШКнын номери көрсөтүлүп, өзүнүн фамилиясы, койгон колу жана УШК мөөрү басылган, айырма талонду тапшырат”.
Ошондой эле көрсөтүлгөн Жобонун 4-пунктундагы “Шайлоочуларды идентификацияга даярдоо жана өткөрүү тартибине” өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, ага ылайык “эгерде манжаларынын тактары боюнча идентификациядан өтпөй калган учурларда, шайлоочу бетинин биометриялык параметри боюнча идентификациядан өтөт. Мында шайлоочунун бети тийиштүү шайлоо участогунун базасындагы биометриялык маалыматтардагы сүрөтү менен салыштырылат. Бетинен идентификациялоонун саны -1. Бети боюнча идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурларда – шайлоочунун идентификациядан өткөндүгү жөнүндө автоматтык түрдө чек басылып чыгат”.
Мындан тышкары жаңы тейлөө киргизилүүдө, ага ылайык шайлоочу өзү тизмеге кирген шайлоо участогунун дареги жана номери көрсөтүлгөн маалыматтарды ала алат. Ошондой эле 119-номерине бекер чалып билсе болот. Добуш берүү күнүндө шайлоочу жөнүндө маалыматтарды тактоо үчүн, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык “шайлоо участоктору “УШК сурап-билүүсү” автоматтык маалыматтык системасы коюлган компьютерлер менен жабдылат (мындан ары-АМС “УШК сурап-билүүсү”). АМС “УШК сурап-билүүсү” бул УШКнын тизмесине кирбеген шайлоочуларга көмөк көрсөтүү үчүн белгиленген. АМС “УШК сурап-билүүсүнө” шайлоочу жөнүндө суроо-талап жөнөтүү, шайлоочунун ID–картындагы ПИНинин негизинде жүргүзүлөт. Жооп шайлоочу тизмеге кирген шайлоо участогунун дарегин, номерин көрсөтүү түрүндө түзүлөт. АМС “УШК сурап-билүүсүнүн” иштешине атайын даярдалган, тийиштүү жетүү формасы бар оператор жооп берет. АМС “УШК сурап-билүүсүнө” өзүнчө логин жана парол менен кирет.
Ошондой эле КР БШКнын жыйынында, шайлоочулардын, референдумга катышуучулардын эсебин алуу жана түзүү, КР БШКсы бекиткен шайлоо участкаларынын схемалары жана чектеринин негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү автоматташтыруу максатында “ Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун Маалыматтык системасын түзүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди.
Кыргыз Республикасында шайлоо системасынын айкындыгын камсыз кылуу жана жарандардын мамлекеттик органдардын карамагында турган маалыматтарга жетүү укуктарын жүзөгө ашыруу, жарандардын шайлоочулардын тизмеси жана шайлоо системасы жөнүндө маалыматтарды эркин жана тоскоолдуктарсыз алуу укуктарын жүзөгө ашыруу, ошондой эле шайлоочуларга, референдумдун катышуучуларына анын тизмеде бардыгын текшерип алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында,”Мамлекеттик “Шайлоо” Порталы” жөнүндө” Жобо каралды жана бекитилди.
Көрсөтүлгөн Жобо, ошондой эле “КР БШКсы жана МККнын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун өзгөртүү КР БШКсынын 2017-жылдын 29-мартындагы №77 токтому менен бекитилген “Шайлоо процесстерин өркүндөтүү боюнча иш чаралар Планын” аткаруунун алкагында кабыл алынды.
КР БШКсынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) вице-президенти Чой Сун Го:
24-апрелде БШКнын төрагасынын Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) вице-президенти Чой Сун Го менен жумушчу жолугушуусу болду.
БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова шайлоо тутумун реформалоодо көрсөткөн жардамы жана техникалык колдоосу үчүн Корея эл аралык кызматташтык агенттигине ыраазычылык билдирди.
Төрага эркин, демократиялык, таза жана акыйкат шайлоолорду өткөрүүдө автоматтык саноо урнасынын иши калктын ишенимин арттырганын, ошондой эле, эл аралык байкоочулар Кыргызстанда акыйкат жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып жатышканын баса белгиледи.
Өз кезегинде вице-президент, өткөн парламенттик шайлоо жана референдум 2017-жылы Кыргыз Республикасында Президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө өбөлгө боло тургандыгына жана жаңы шайлоо модели ийгиликтүү ишке ашаарына үмүттөнгөндүгүн билдирди.
Чой Сун Го мырза Кыргызстандгы шайлоо реформасын жүргүзүүнүн алкагында KOICA БШКнын техникалык адистери үчүн тренинг семинарларды өткөрүүдө тийиштүү колдоосун уланта тургандыгын кошумчалады.
БШК басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
ЕБнин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан: "ЕБ Кыргызстандагы шайлоо реформасын колдоого кызыкдар".
25-апрелде БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова Европа Союзунун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Петер Буриан менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, БШКнын төрагасы элчиге Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумундагы реформалар тууралуу айтып берди. Ошондой эле шайлоо тутумун өркүндөтүү багытында жүргүзүлгөн иштер менен тааныштырды. Алдыда боло турган КРнын Президентин шайлоого карата даярдык, шайлоо процессине арналган коомдук эксперттик аянтчанын түзүлүшү тууралуу баяндады.
Петер Буриан мындай деди: "ЕБ Кыргызстанга зор үмүт менен карап турат. Шайлоо тутумуна реформалар жүргүзүлүп, коомчулуктун ага болгон ишеними жогорулап жатканына күбө болдук. Алдыда боло турган президенттик шайлоодо азыркы шайлоо тутуму өтө ишенимдүү иштейт деп ишенгибиз келет. Бул өлкөгө туруктуулук жана калкка зор ишеним алып келет”.
БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова шайлоо реформасынын биринчи этабы өткөрүлдү жана ал шайлоо моделинин процедуралык модели бардык деңгээлде–жергиликтүү, парламенттик шайлоого референдумга киргизилгенин айтты. -Биз биринчи жолу аны президенттик шайлоодо байкайбыз. Азыркы учурда шайлоонуну бардык түрлөрүнө моделди унификациялоо жүрүүдө. Биз шайлоо процессине болгон комплекстүү мамилени өркүндөтүү ишин улантмакчыбыз-деп кошумчалады төрага.
Борбор Азия боюнча Атайын өкүл шайлоо системасын колдоо боюнча өз максаттарына жетүү үчүн, максималдуу түрдө акыйкат жана бардык тараптардын ачык-айкын ишинин зарылдыгын белгиледи.
БШКнын төрагасы эркин демократиялык шайлоолорду камсыз кылууга багытталган Кыргызстандын шайлоо тутумун колдоосу үчүн элчи Петер Бурианга ыраазычылык билдирди.
Жолугушууга БШКнын төрагасынын орун басары А. Aбдрахматова, БШКнын мүчөлөрү Г. Журабаева жана Б. Кадыров катышты.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү иши илимий жактан бекемделген экспертизанын негизинде жүргүзүлүшү керек"-деп билдирет БШК.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү иши илимий жактан бекемделген экспертизанын негизинде жүргүзүлүшү керек"-деп билдирет БШК.
Ушул максатта БШК өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз иштешүүгө ниеттенүүдө. Бул этапта, БШК Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен кызматташтык келишимине кол койду. Ошондой эле, өлкөнүн бардык аймактарындагы жогорку окуу жайлары менен биргеликте иш алып барууну пландаштырып жатат.
Келишимдин алкагында шайлоо мыйзамы тууралуу окутуу боюнча өз ара аракеттенүү жана шайлоо процессинде каралган, шайлоо мыйзамы боюнча окуу куралдарын биргелешип даярдап жарыялоо, шайлоо процессинин катышуучулары үчүн семинарлар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча биргелешкен илимий-практикалык жыйын жана демократиялык коомдун институттарын өнүктүрүү боюнча илимий макалаларды жарыялоо иштери жүрмөкчү.
БШК ошондой эле адеп-ахлак, билим берүү жана маданият жылынын алкагында, конкреттүү, биргелешкен бир катар иш пландарын, ошондой эле шайлоонун жол-жоболорунун укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча БШКнын планын сунуштамакчы.
Ошону менен катар эле БШК жаштардын шайлоо жана референдумдарга катышуу боюнча активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн активдүү иш жүргүзүүгө ниеттенет. Бул үчүн жакын арада жаштар арасында атайын жолугушууларды жана лекцияларды өткөрүп, алардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөөдө.
Лекцияларга БШКнын жетекчилиги жана мүчөлөрү, эксперттер катышмакчы. Алар студенттер арасында Кыргызстандын саясий системасынын негиздери, шайлоо моделин жана шайлоочулардын добуштарын автоматтык негизде эсептөөнүн тартиби тууралуу айтып беришет. Сабактын жүрүшүндө шайлоонун ар кандай аспектилери боюнча автоматтык саноо урнасынын жардамы менен добуш берүү өткөрүлөт.
БШКнын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти
25.09.2026
КР БШКсы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитти